Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Нике шакек

2005-жыл биздин жеке турмушубузга төңкөрүш алып келди
Кадимки аты таанымал төкмө акындарыбыз Ашыраалы, Эстебес, Тууганбайдын тарбиясын алып, алардын жолун жолдогон жаш төкмө акындарыбыздын бири Аалы Туткучев жакында эле Президенттин байгеси үчүн уюштурулган "Айтыш- 2009" сынагында баш байгеге ээ болуп, 200 миң сом утуп алды. Бул анын ушул жылдагы экинчи жакшылыгы. Минтип айтып жатканыбыздын себеби, сынактын алдында Аалы колуна нике шакек тагынып, "Азаттык" радиосунун журналисти, жаш акын кыз Жазгүл Жамангулованын өмүрлүк жолдошу болду. Кош кубанычка бөлөнүп турушкан эки жашты сөзгө тарттык.


- Аалы, Жазгүл, куш бооңор бек болсун! Төкмө акын менен акын кыз кыргыздын салты менен үйлөндү деп уктук. Той кандай болду?
- Салтка ылайык, сөйко салуу, кайын журттун алдына жыгылып баруу өңдүү жөрөлгөлөрдү жасап, 20- август күнү Таласка барып түлөө гана өткөрүп келдик. Баардыгы мен ойлогондой өттү. Ал эми чоң тоюбуз орозодон кийин Бишкекте өтөт.
- Төкмөнү кайын журту кандай кабыл алды?
- Кайын журтуман мен өзүм аябай сүрдөндүм. Бирок алар жөнөкөй адамдар экен, баарысы жакшы кабыл алышты.

- Жазгүл, Таласка келин болдуң? Талас менен Нарындын салтында айырмачылык бар бекен?
- Ар бир дубандын эли өзүндөгү ырым- жырымдын формасы жагынан гана айырмаланып турат. Бирок жалпысынан окшош. Ал эми мен өзүм андай деле айырмачылыкты байкаган жокмун.
- Ал эми журналист, акын кызды кайын журту кандай кабыл алды болду экен?
- Кудайга шүгүр. Кайын журтума менин кандай журналист же акын экеним эмес, кандай келин, кандай булө экеним маанилүү да. Ал эми менин ата- энемен мурун Нарындыктар Аалынын күйөө бала болгонуна кубанып жатышканын уктум.

- Аалы, үйдүн кичүү уулусуң да. Кичүүсү айылда калыш керек деген үй-бүлөдөгү мыйзам кандай чечилди?
- Апам айылда калып койлорго ырдаганча, шаардан тойлордо ырда деп жөнөттү. Анын үстүнө апамдын жанында кала турган менден улуу байкем бар. Ал азыр үйлөнүп жайланып калган. Жазгүл экөөбүздүн тең ишибиз шаарда, бул маселе үйлөнгөнгө чейин эле чечилген болчу.

- Жазгүл, келиндин келгендегиси эстен кетпейт деп коюшат го, өзүңө кайсы көз ирмем эсте калды?
- Апамдын (кайын эне) сөзү, акыл-кеңеши эсимде калды. "Элүүгө чыксаң деле эне үчүн баласың" дейт го, анын сыңары турмушка чыккандан кийин атам менен апамдын, жакын туугандарымдын баркы баштагыдан да артык болуп сезилип, аларды сагындым. Алгачкы күндөрү капаска түшүп калгандай болуп кыйналдым. Бирок, кудайга шүгүр, мүнөзү да, пейили да, мээрими да өзүмдүн апама окшош апага келин болдум.

- Экөөңөрдүн тең үйдүн кичүү балдары экенсиңер, кичүүлөр эрке келишет эмеспи...
Аалы:
- Үйдүн кичүүсү эле эрке боло берет дегенге кошулбайм. Башка курбуларыма караганда тезирээк токтолгом. Ал эми Жазгүл чынында үйдүн эрке кызы, эми ал эки эсе эркелечү киши табылды.
- Көпкө сүйлөшүп жүрдүңөр ээ?
Аалы:
- Сүйүү көрүп сүйгөнүмдүн көзүнөн,
Адашпастан ашыктыктын көчүнөн.
Төрт жыл бою кол кармашып,
сүйлөштүк...
Эми Алладан бир карууну өтүнөм.

- Кайдан табышып алып жүрөсүңөр?
Жазгүл:
- 2005-жылдагы март окуясын "ыңкылаппы" же "төңкөрүшпү" деп баштары ооруп жүрбөйбү саясатчылардын? Башкасын билбейм, бирок ошол жыл биздин жеке жашообузга төңкөрүш алып келген. Бизди узун жолдор тааныштырып, табыштырган. Күз мезгилинин октябрь айынын 18и эле. Ошол табышкан күнгө арнап ыр да жазган элем. "Узун жолдор" деп аталат.

Узун жолдор тоолордун бетиндеги,
Уңгу кептин эртеңи сезилбеди.
Уйпаланган уйкусуз түндө калган,
Убадасыз бир маек эсиңдеби?..

Менде жашайт маектин кесим деми,
Мемиреген тынчтык ай кечиндеги.
Мелмил кылган мезгилдин кадыр түнүн,
Мейиз даамдуу эриндер эсиңдеби?..

Сапарлаштар санынан өзгөрүлө,
Санаа тартып сааттардын өткөнүнө.
Сен өзүңдү бактылуу сезген күндөн,
Сүрөт тартып алыпмын көздөрүмө.

- Аалы, суроо берген адамга көпчүлүгү ыр менен жооп берээриңди жакшы билебиз. Үйдөн да төкмөлүгүңдү карматып ийип жатсаң керек, жазма акын жоопту кандай берип атат?
- Төкмөлүк- өнөрдүн төрөсү делет го кыргызда. Төкмөлөр менен айтышкан менен баары бир жазма акындарга баш байге берилбейт экен, тамаша. Чынында экөөбүз төрт жыл ыр менен таарынышып, ыр менен табышып жүрдүк. Эми болсо башыбыз бир чатырдын ичинде, багытыбыз, максатыбыз бир. Ал эми басаар жолу бир жолоочулар айтышып олтуруп алса, жол арбыбай калбайбы?..

- "Экөөбүздүн окшош жактарыбыз көп" деп айтып калчу элеңер...
Аалы:
- Экөөбүздүн окшош жактарыбыз чынында көп, көп маселеге келгенде көз караштарыбыз дал келет. Жөнөкөй жашоого каниет кылып, чоңго жулунбайбыз. Айырмачылыгыбыз болсо, Жазгүл эрке болгонгобу өтө ачык, бетке айткан мүнөзү бар. А мен баардык нерсени сабырдуулук кылып жумшактык менен жайгарып турам.

- Кайсы жерге чогуу барганды жакшы көрөсүңөр?
Жазгүл:
- Биз үчүн бир жерге баруудан мурун чогуу болуу маанилүү. Сүйгөн адамдар үчүн кайсыл жерге барбасын, кандай окуя болбосун баары кызык. Мурун бири- бирибизди тиктешип коюп жүрө берчүбүз, эми экөөбүз тең бир багытты тиктеп калбадыкпы. Мүмкүн бала бакчага балдарыбызды чогуу алып барып, алып келүү кызыктуу болуп калаар.

- Бири-бириңердеги баалаган сапатыңар жана кемчилигиңер?
Аалы:
- Биз чогуу болгон бул аралыкта мен Жазгүлдүн жөнөкөй мүнөзүн жактыргам. Баарын ачык айтат, ушактан алыс. Кемчилиги болсо... эми өзүм жолго салып алам да.
Жазгүл:
- Аалы, сахнада кандай болсо чыныгы турмушунда так ошондой. Ал жасалмасыз жашоо образы менен жанындагыларга ар дайым үлгү, ал эми мага таяныч, коргоочу. Кыргыздын жоокер мүнөздүү жигиттерин курч, акылы тунук, эр жүрөк, мекенчил деп сыпаттап келишкен. Аалы да кыргыз элинин бычакка сап уулдарынын катарында экенин эл билет. Ал эми кемчили азырынча күрүнө элек.

Жеке турмушта, чыгармачылыкта алдыга койгон пландар кандай?
Аалы:
- Пландарымды бирөөгө айтсам ишке ашпай калат, андыктан сыр боюнча турсун.






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
17-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТАКЫР МЫЙЗАМ ЖАЗБАГАН ТОГУЗ ДЕПУТАТЫБЫЗ БАР
2-бет
Кандайсың? Эмне жаңылык?
- Жаңылык деле жок...

3-бет
Ишенбай Абдразаков, коомдук ишмер: "Акылдуу оппозиция өлкөнүн бактысы"
4-бет
"Говорить" Кыргызстан
5-бет
Азыркы парламент "легендарлуу" боло алабы?
6-бет
Бакиевдин командасына
кимдер келсе... кимдер кетсе... кимдер калса...

7-бет
Аскар Акаев:
"Бул үйдө өмүрүмдүн калганы өтсө дегенмин"

8-9-бет
Ооз ачканда
10-бет
2005-жыл биздин жеке турмушубузга төңкөрүш алып келди
11-бет
Студент кино тартканда
12-бет
Лариса Асанбекова, академик, эниоинженер, парапсихолог:
"Биз тазаланышыбыз керек"

13-бет
Эфирден эмчекке
Азис Шаршенбаев:
"Журналистикага да, медицинага да билимим жок эле келдим"

14-бет
Түстөр сиз үчүн...
15-бет
Келиндин келгендегиси...
16-бет
Cалат жаптыңбы?










??.??