Мына сага!

Чотоновдун үйүнө чок түштү...
Кыргызстандагы президенттик шайлоого эки күн калганда, 20-июлдан 21ине караган түнү "Ата Мекенчи" Дүйшөн Чотоновдун үйүн белгисиз адамдар өрттөп кеткендиги жөнүндөгү маалымат тарады. Албетте, ар ким өзү менен өзү болуп жаткан учурда ага эч ким деле көңүл бурган жок. Дагы жакшы ошол учурда Д.Чотоновдун бала-чакасы үйдө болгондуктан, тилсиз жоону өчүрүп калышыптыр.

Мындай учурда ар бир жабырлануучу адам укук коргоо органдарына кайрылып, кылмышкерлерди таап берүүсүн талап кылат эмеспи. Тилекке каршы, Дүйшөн мырза жок дегенде участкалык милиция бөлүмүнө кайрылып койгон эмес. Анткен менен бул окуяны белгилүү оппозиционер Дүйшөн Чотонов шайлоого байланыштуу шайтан оюндардын бири катары баалады. БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаевдин штабында иштеген парламенттин бир кездеги депутатынын үйүнүн өрттөнгөндүгү туурасында тараткан маалыматы кээ бирөөлөрдү мыйыгынан жылмайышына шарт түздү. "Атың чыкпаса жер өрттө" дегендей, бир кезде депутаттык мандат колдо туруп, беш жыл бою парламентте саясаттын даамын татып калган Дүйшөн мырза ушинтип да болсо атын чыгарып алайын деген окшойт деп боолгологондор да четтен табылат.
Макул, анын үйүнө белгисиз бирөөлөр өрт койду дейли. Эгер окуя ушундай болсо, өрт деген тилсиз жоо, күтүп отурбай заматта күйүп кетмек беле. Анын үстүнө азыр май куюлган бөтөлкөнү түтөтүп туруп Д.Чотоновдун үйүнүн төбөсүнө ыргытып жибергидей ким эле кылаарга иш таппай отуруптур. Эгер ал бул бийликтин гана колунан келди деп шектенсе да, бийликке азыркы учурда тынчтык, бейпилдик көздүн карегиндей керек.
Ошондуктан бул окуяны кай жагынан алып карабайлы жасалмалуулукка, популизмдикке, өлкөбүздөгү эң маанилүү саясий өнөктүк - президенттик шайлоонун алдында кандай гана айла-амалдарды колдонуп болсо да шайлоочулардын көңүлүн бурууга барып такалат.
Атамекенчилдин Бишкектин чет жакасындагы Орто-Сай айылындагы үйүнүн төбөсүнө суюктук куюлган бөтөлкөнү ыргытышкан адамдар оппозиционердин кайсыл иштери үчүн тиш кайрашкандыгын деле түшүнө албай турабыз. Айтмакчы, 22-июль күнү КР президенттигине талапкер болгондордун бири Нурлан Мотуев штабынан билдирүү келип түшкөндүгүн, анда мындай деп айтылгандыгын ММКлар аркылуу кабарлаган. "Учурда Бириккен элдик кыймылдын бирдиктүү талапкери катары президенттик кызматка ат салышып жаткан А.Атамбаевдин штабында иштеп жаткан "Ата Мекен" партиясынын төрага орунбасары Дүйшөн Чотоновдун үйүнө белгисиз бирөөлөр тарабынан өрт коюлушун биз учурдагы бийликти жаманатты кылуу үчүн БЭК тарабынан ойлоп табылган кара пиар деп эсептейбиз. Анткени кандай гана болбосун шайлоонун тынч өтүшүн каалап, ага карата баардык шарттарды көрүп жаткан бийлик өкүлдөрү эч качан мындай кадамга барбайт. Бирок ошол эле учурда шайлоочулардын көңүлүн буруш үчүн жана бийлик өкүлдөрүн жаманатты кылуу үчүн Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрү өздөрү ушундай айла-амалдарды ойлоп табышы мүмкүн. Өзүнүн "шефи" Ө.Текебаев саясий аброюн кандай жоготсо, анын көлөкөсүндө келаткан Д.Чотонов деле ошондой аты-жыты белгисиз адамдардын бири болуп саналат. БЭКтин мүчөлөрү же атамбаевчилер гана ушундай көнгөн адаты боюнча коомчулук менен эл аралык байкоочулардын көңүлүн буруу амалын ойлоп табышы мүмкүн. Мындай тыянак чыгаруунун дагы бир себеби - Д.Чотоновдун үйү ошончолук ызы-чуу салгыдай толук деле күйүп кеткен эмес. Түтөп барып өчүп калган. Андыктан алардын шайлоо алдындагы "саясий шоусу" да Д.Чотоновдун үйүнө окшоп быкшып барып от албай калды. Жасалма оюн дайыма эч кимдин кызыгуусун жаратпайт" - деп айтылат билдирүүдө.
Чотоновдун үйүнө түшкөн чоктун кайсыл тараптан "учуп" келгендигин Чотонов же анын тарапташтары албетте, бийлик тарапка оодарышканы менен андай бир жактуу чечимди атайын териштирүүчү органдар гана чыгарат эмеспи.
Марат Карбозов




Кайсыл эл аралык уюмдарга мүчө болуу Кыргызстан үчүн маанилүү жана эмне үчүн?
"Акшумкар" партиясы
- Кыргыз Республикасы үчүн БУУ, КМШ, ШКУ, ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишим уюму) жана башка ушул сыяктуу эл аралык уюмдарга мүчө болуу өзгөчө маанилүү, Кыргыз Республикасы бул уюмдардын алкагында бир катар милдеттемелерди алган жана аларды аткарууга милдеттүү. Биз мамлекет аралык деңгээлде ар кандай маселелер боюнча маанилүү чечимди кабыл алууда таасир тийгизүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар жана эл аралык мамилелерде өзүбүздүн ролубузду күчөтүүбүз керек. Ушул сыяктуу уюмдарга катышуу экономика, социалдык чөйрө, өлкөнүн ичиндеги жана бүткүл дүйнөдөгү коопсуздук боюнча өзгөчө маанилүү маселелерди чечүүгө түрткү берет.

"Аалам" партиясы
- ШКУнун коопсуздук көйгөйлөрүнөн соода-экономикалык өнүгүү маселелерине акырындык менен өтүүсү, энергетикалык жана унаа долбоорлорун жаратуусун эске алуу менен, бул уюмда мүчө болуу зарыл жана акталган болот.

Кыргызстан коммунисттер партиясы
БУУга.
"Ата Мекен" партиясы
БУУ, ОБСЕ, ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ.

"Жаңы Кыргызстан"
- ШОС, ОДКБ;
- Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык аренада коргоого мүмкүнчүлүк болот.
- Эл аралык терроризм менен эффективдүү күрөш жүргүзүү жана суверенитетти жана аймактык бүтүндүктү биргелешип коргоо үчүн.
Кыргызстан Жашылдар партиясы
БУУ, КМШ, Европа, Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгы, ЖККК, ШКУ, ОБСЕ.

Кыргызстан Коммунисттик партиясы
- Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), Биргелешкен Коопсуздукту камсыз кылуу келишим уюму (ОДКБ), ЕврАзЭс, Шанхай кыхматташтык уюму (ШОС), БУУ, Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюму (ОБСЕ), Евробиримдик, Европарламентке.

"ЗАМАНДАШ" ПАРТИЯСЫ БУУГА.

"Кыргызстан аялдары" партиясы
- Элде мындай бир макал бар "Алыскы туугандан жакынкы коңшу", ошондуктан борбордук азиялык мамлекеттер кирген ШКУга мүчө болуу Кыргызстан үчүн мааанилүү деп эсептейбиз.

Кыргызстан Социал-Демократиялык партиясы
- Эгерде эл аралык уюмдарга катышуунун натыйжасында башка өлкөлөр менен партнердук мамилелер күчөсө, регионалдык коопсуздук жана Кыргызстандын эл аралык таанысун бекемдөөдө улуттук кызыкчылыктар алдыга жылса, анда аларга катышуу жакшы болот. Ошол себептен, БУУ, ОБСЕ сыяктуу уюмдар менен кызматташуу маанилүү. Евробиримдик менен болгон кызматташтык өлкө үчүн маанилүү болгон демократиялык жана экономикалык кайра куруу маселелерин чечет. Регионалдык интеграциялык өнүгүү үчүн ОДКБ, ЕврАзЭс жана ШОС уюмдарына катышуу маанилүү.

"Эл Ынтымагы" партиясы
Бириккен улуттар уюмунун структуралары менен

"Эркиндик" партиясы
- Дүйнөлүк соода уюмуна - КРнын экономикасынын өнүгүшүнө керек.
-

-
-
-
-