Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Сумкаңызды карап, мүнөзүңүздү аныктаңыз
Ар бир аял үчүн сумка көтөрүү бүгүнкү күндө күнүмдүк эле көрүнүштөрдүн бири. Бирок, ошол биз анча деле маани бербей, ичине керектүү майда-чүйдөлөрдү салып алып көтөрүп жүргөн сумка дагы адамдын мүнөзүнүн кандай экендигин айтып турат экен. Мисалы, испан психологдорунун аныктоосунда аял кандай сумканы тандаса жана аны кандай көтөрүп жүрсө ага карап туруп айымдардын психологиялык портретин түзсө болот.

Эмесе, көңүл буруңуз.
Чоң сумкаларды сүйүүчүлөр энергияга бай, тың, максаттуу, ошол эле учурда чыдамсыз айымдар болушат. Бирок, мындай аялдар абдан жакшы аял, күйүмдүү эне болуу менен өзүнө көңүл бурулбай калганды жаман көрүшөт. Ал эми сүйүүдө, иште, окууда ар дайым ийгиликтер коштоп жүрөт. Чоң сумкалуу айымдар бардык жагынан, комфорт жана жөнөкөйлүктү тандоодо эч качан турмуштук кырдаалдарды татаалдаштырышпайт.

Кадимки эле көп кездешкен кара сумкалардын ээси
болгон айымдар сак жана камбыл болушат. Мындай айымдарды сүйлөөк деп айтуу кыйыныраак. Тааныштардын жана достордун арасында алар эң жакын адамдар менен гана сүйлөшө алышат. Негизи эле булар досту жана өмүрлүк жолдошту көптө табышат. Анткени алар адамдын кулк-мүнөзүн шашпай изилдеп, тандоосунун туура экендигине көзү жетмейинче өзүн ал

адамдардан өтө оолак алып жүрө алышат.
Ачык, жагымдуу түстөгү сумка көтөргөн аялдар романтик болушат. Алар өтө сүйкүмдүү жана кичипейил болгондуктан алардын өтүнүчүн жакшы тааныш түгүл бир көргөн эле адам аткарбай кое албайт. Бирок, мындай аялдардын өзүнүн намысынан да башкалардын сезимин жогору коюп койгон учурлары көп болот.

Өзгөчөлөнгөн дизайындагы сумкаларды негизинен тартынбаган, демилгечил, өзгөчөлөнүп турган айымдар тандап алышат. Алар өздөрүнө бирөөлөрдүн үстөмдүк кылуусун каалашпайт. Биринчи кезекте адамдардын ички дүйнөсүнүн бай болуусун жана тамашаны түшүнө билүүсүн абдан баалашат. Сырт келбети анча сулуу болбосо да жагымдуу келишет. Бирок, ички дүйнөсүндө бардык нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алган адамдар. Сынды көтөрө алышпайт. Ал эми уруштарды дагы абдан оор кабыл алышат.

Ал эми кадимки эле төрт бурчтуу формадагы сумкаларды ишмер аялдар көп көтөрүшөт. Мындай адамдар классикалык жана элеганттуу кийимдерди көп кийишет. Мындай сумканы көтөргөн айымдар өзүнүн баркын билет. Ошондой эле өзү туурасында мактоолорду анча деле жактыра беришпейт.


Ачык, контрастуу түстөгү сумкаларды кыймылдуу, оңой менен бирөөлөргө баш ийбеген айымдар көтөрүп жүрүшөт. Алардын девизи: "Жашоодо колдон келишинче жашаш керек". Бирок, ашыкча эмоционалдык аларды уруш-талаштарга, айрым учурларда депрессияга алып келет.

Кичине сумка көтөргөн аялдар өтө акылдуулугу менен айырмаланышат. Алар жашоодон эмнени каалап жатышкандыгын ар дайым жакшы билишет. Өзүнүн тыш келбетин жакшы алып жүрүү жана болуп көрбөгөндөй кыялгечтиги чакан сумкалуу аялды эркектер үчүн жылдыздуу кылып көрсөтөт.

Даярдаган Мунара ШОПОКОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
30-июль, 2009-ж.:
1-бет
АТАМБАЕВ ЫРЧЫ ЮЛЯ РУЦКАЯНЫ МАШИНАСЫНА САЛЫП, КАЙДА АЛПАРЫП ЖҮРӨТ?
2-бет
Шайлоодон кийинки сенсация ким жөнүндө болду?
3-бет
президенттик шайлоонун жыйынтыгы
4-бет
Саммит алдында
5-бет
Чотоновдун үйүнө чок түштү...
6-7-бет
спрут-3
8-бет
СИЛИКОН Эгерде…
9-бет
О, жаңы клип!
10-бет
Ыргал Кадыралиева,
Санжар Кадыралиевдин бир тууган карындашы:
"Санжар жөнөкөй жашачу"

11-бет
Кайрылуу
12-бет
"Ал менин жашоом болсо, анан кантмек элем"
13-бет
Эркинбек Маматов,
"Камэк" көп тармактуу клиникасынын жетекчиси:
"Жүрөккө да суук тийет"

14-бет
Жарыя Шашылгыла! Шашылгыла!
15-бет
Жоокердин өлүмү
16-бет
Сумкаңызды карап, мүнөзүңүздү аныктаңыз










??.??