Жылдыздар салам айтып…
Кой жылдызы
Кой жылдызын бул жумада ойлогон ойу ишке ашат. Кесиптешиңиз же жакшы санаалашыңыз тараптанбы, кандайдыр бир колдоого ээ болосуз. Финансылык абалыңыз эгерде акчаңызды үнөмдөп жана мурунку кылган жаңылыштыгыңызды кайталабасаңыз жакшырат. Бул жума сот иштери, документтерди толтуруу сыяктуу кагаз иштери менен алектенсеңиз, убара болбой бат бүтөт. Мындай иштериңиз жакшы жагына чечилгени менен жан-дүйнөңүз жабыркаган бир кырдаалга туш болушуңуз мүмкүн. Ошондуктан ашыкча жинденгенге жол бербей, өзүңүздү контролдоп туруңуз. Мындай маанайды сизге жакын эле адамыңыз тартуулап коюшунан сак болуңуз. Андан көрө өзүңүздү алаксытып суу процедураларына (сауна, мончо, бассейн) барууңуз абзел. Суу ашыкча эмоцияны кетирээрин унутпаңыз.

Букачар жылдызы
Букачарлардын ой-жүгүртүүсү күчтүү болгондуктан дагы бир жаңы, кызыктуу идеяны ойлоп таап, аны реалдуу ишке ашырганга да жетишет. Жумушун кынтыксыз, так аткаргандыктан кызматынан дагы бир тепкичке көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок, финансылык абалы бир аз кыйыныраак болот. Жылдыздар букачарларга бош убактысын үй-тиричилигине эмес, өзүнүн жактырган бир хоббиси менен алектенгенге кеңеш берет. Автосүйүүчүлөр жолдо жүрүүнүн эрежесин бузбай, абайлоосу керек. Ал эми үй-бүлө жаатында: жакын жана алыскы туугандар арасында мамиле жакшы жагына көбүрөөк ыктап, алардын арасында абройу көтөрүлөт.

Эгиздер жылдызы
Эгиздер жылдызын карама-каршы жума күтүп турат. Бир эгиздерде бардыгы жакшы болуп, жаңы долбоорлордун ишке ашышы, жаңы кызматка көтөрүлүшү, акча маселесинин оң жагына чечилиши күтүлсө, бир эгиздерди тескерисинче бардык түзүп койгон пландардын талкаланышы, жакындар менен талаш-тартыш күтүлөт. Гороскоп на день от Mail.Ru Эгиздер жфылдызыны Ийгиликтүү иш жумалыгы эркек эгиздерде көбүрөөк кезигет. Ал эми аял эгиздерге бул жумада кызыктуу деле эч нерсе кезикпейт. Эгиздер ден-соолугуна сак болбосо, эски дарттар кайра козголушу мүмкүн. Ошондуктан жылдыздар аларга жылуу суу процедурасынан өтүп койушун ашыкча эмес дешет.

Бөйөн жылдызы
Жылдыздар бөйөндөргө бул жума кызыктуу жана ийгиликтүү болоорун убада беришет. Кандай гана проблема чыкпасын бөйөндөр интиуциясы, уюштургуч сапаты менен жеңип кетишет. Ошентсе да кызматыңыздан айрым адамдар сиздин проблеманын оң жагына чечилишин каалабай, бут тосушу мүмкүн. Бул жума кызматтагы проблемадан тышкары жеке турмушуңузда да анча-мынча тоскоолдуктар пайда болушу мүмкүн. Ошентсе да жылдыздар үй-бүлөгө болгон сыйды кетирбей кармап калышын эскертет. Ал эми бойдок аял бөйөндөр жаңы таанышууга кабылып, аягы жакшы мамилеге өтөт. Бөйөндөргө бул жума эс алуу үчүн берилген эмес. Тескерисинче чыгармачыл адамдар чыгармачылык, окумуштуулар илим менен алектенишсе, иш жакшы жыйынтыгын берет.

Арстан жылдызы
Арстан жылдызына бул жума түйшүктүү иштерин берип сынайт. Жасаган ишиңизди башкалар унутта калтырбаш үчүн эң башкысы кызматтык мамилени күчтөнтүп алууңуз кажет. Романтикалык жолугушуу, достук мамилеге бул жума өтө төп келбейт. Жалгыз бой арстандарга жаңы таанышууну ошондой эле буга өтө олуттуу көз карашта мамиле кылууну сунуштайт.

Бийкеч жылдызы
Бул жума бийкечтерге көптөгөн өзгөрүүлөрдү киргизиши күтүлөт. Кокустан болгон таанышуу турмушуңузга жаңылык алып келип, ал сиздин жан шеригиңиз болуп калышы толук ыктымал. Ошондой эле көптөн бери көрө элек эски таанышыңызга жолугуп, акыбал сурашасыз. Кызматтагы ийгиликке бийкечтерди күчтүү интуициясы бул жумада да жеткирет. Эмоциясын башкара билбеген бийкечтерге өзүн бир калыпта алып жүргөнгө аракет кылышына кеңеш берет. Болбосо ашыкча нервденүүнүн айынан ден-соолугуңузга зыян алып келип алышыңыз мүмкүн.

Тараза жылдызы
Тараза жылдызына бул жумада жетекчилик менен акырын мамиледе болуусун эскертет. Жетекчилик ишиңизге байланыштуу бир кемчилигиңизди айтса, амбицияңызды ичке катып, тилиңизди тиштеңиз. Муздап калган мамилени жылытыш оңой эмес экенин эске алыңыз. Жуманын аягында кимдир бирөөдөн белек аласыз. Жеке жашооңузда эч нерсе деле өзгөрбөйт, түгөйүңүз экөөңүздүн жылуу мамилеңиз мурункудай эле боло бермекчи. Ден- соолугуңузду жакшылап карабасаңыз, жайында да сасык тумоо менен ооруп калышыңыз мүмкүн.

Чаян жылдызы
Чаяндардын көп нерсени ичине катып жаап-жашыруусу, жанындагы адамдар менен болгон мамилесин муздатып коюшу ыктымал. Бул жума аларга айлана-чөйрө менен болгон пикир келишпестикти, жалгыздыкты тартуулайт. Ошондон улам чаяндар чыйралып, жаңы идея, пландар менен иштей баштайт. Карьераны алга жылдырыш үчүн да чаяндар көп ойлонушат. Ишине пайдасы тийе турган адамдар менен таанышып, өздөрүнө керектүү бир топ маалыматтарды топтой алышат. Акчасынын кайда кетип жатканын контролдобосо, жума аягына чейин бир тыйынсыз отуруп калышы мүмкүн.

Жаачы жылдызы
Жаачылар үчүн бул жума абдан кирешени алып келет. Кызматында да жогорулоо болуп, көңүлү көтөрүлөт. Башында позитивдүү маанай менен иш баштаса аягына чейин ошондой болот. Жалгыз бой жаачыларга жаңы таанышуу болоорун айтат, бирок жаңы таанышка алгач таанышканда эле сырын айткандан алыс болуусуна кеңеш берет. Андан көрө эски досуна татыктуу мамиле кылып, аны өзүнө имерүү кажет. Ден- соолукту да унутпай, эртең мененкисин күнгө, кечкурун таза абага дем алганга чыгыңыз.

Текечер жылдыз
Бул жума текечерлерге жылдыздар ойлогон пландарын ишке ашырууга шанс берет. Андыктан кыялданып жата бербей, иш пландарыңыз иш жүзүнө ашышына аракет кылыңыз. Кимдир бирөөлөр менен да биргеликте иш алып барам десеңиз, андан жакшы. Бирок, коммерциялык негиздеги иштер болсо абайлаңыз. Ичиңизден бук болуп, кимдир бирөөлөргө абдан жиниңиз келет. Бирок күнөөнү бирөөдөн издебей өзүңүздөн издегениңиз оң. Тамакты тандап жебесеңиз, ууланууга кабылып калышыңыз мүмкүн.

Суупери жылдызы
Суупери жылдызы үчүн бул жума жеңил болбойт. Сиздин жакшы жактарыңызды көрө албагандар пайда болот. Ошондуктан бирөөгө жакшылык кылып жатсаңыз да эки жагыңызды байкаңыз. Ал эми жумуш маселесине келсек: эки тарапка тең пайда алып келе турган адамдар менен иштешүүңүз күтүлөт. Бирок бул иш өзүңүздүн тааныштардан пайда чыкпаган соң, башкалардын тааныштары аркылуу бүтүрө турган иш. Күтүлбөгөн жаңылык же сүйгөнүңүз жөнүндө кабар сизди бир аз капа кылышы мүмкүн. Ден-соолугуңузга зыян алып келе турган тамак-аштан алыс болуңуз, өзгөчө ачуудан.

Балык жылдызы
Балыктарга бардык жагынан ийгиликтүү жума. Бекем позицияңыздын аркасынан кызматыңыздан көтөрүлөсүз. Финансылык абалыңыз жакшырып, каалаган нерсеңизди сатып алганга мүмкүнчүлүк бар. Кызмат өнөктөштөрүңүз сизге анча тааныщ эмес болсо, алар менен келишим түзүп жатканда катуу ойлонуңуз, сизди алдап кетиши ыктымал. Ал эми жеке жашооңузда сүйгөнүңүз менен келишпестиктер пайда болот. Ошондон улам чарчаган жаныңыз, адамдар менен сүйлөшкөндөн качып каласыз, бирок бул жума аягына чейин гана.