Эл пикири

Кимге ишеним артабыз?
Президенттик шайлоо жакындаган сайын ким кимге добуш берет? Кимдин мүмкүнчүлүгү, программасы жогору? Кимдин программасы элди ээрчите алат? Кайсы талапкер кризистен чыгарат деген ой ар кимибиздин оюбузда эмеспи. Биз бул сапар мына ушундай суроолор менен окурмандардын ой-пикирин уктук. Анткени, үгүт ишинин башталганына үч жума болуп калды. Бир топ окурмандардын пикири өзгөрдү. Шайлоого 15 күн калды. Бирок, өз ишенимин кимге берээрин чечкен атуулдарыбыздын пикирин окурман журтуна салып олтурабыз.

Аменгелди Бекиш кызы, Кант шаары, 2-кичирайон, 12 үй, кв 35.:
- Биз ага-туугандар менен бирдикте Өмүрбек Чиркешович шайлоого катышса колдойлу деген пикирде болчубуз. Тилекке каршы, президенттик шайлоого Өмүрбек Текебаев катышпай калды. Бул шайлоодо программасынын реалдуулугу менен башка талапкерлерден Курманбек Бакиев гана айырмаланат экен. Ошондуктан, Курманбек Салиевичке эле өз добушумду берем.

Алмаз Кылычбаев, Бишкек шаарынын тургуну:
- Президенттикке ат салышып жаткандарга көз жүгүртсөм, алты талапкердин ичинен президенттикке Бакиевден башка татыктуу деле адам жок экен деген пикирге келесиң. Программасынын элге жакындыгы, алысты көрө билгени үчүн Курманбек Бакиевге эле добушумду берем го. Буга чейин деле экономика, курулуш тармагында жакшы иштерди жасабадыбы. Эми Камбар-Ата ГЭСи боюнча баштаган иштеринин аягына чыгуусу үчүн колдоо көрсөтүшүбүз керек.

Өмүркан Эргешбек уулу, Бишкек шаарынын туругуну:
- Мен Урмат Барктабасов президенттик шайлоого катышса, ошол кишиге өз добушумду бермекмин. Мен ишеним арткан инсан президенттик таймашка чыкпагандан кийин өз талапкерлигин көрсөтүп жатышкандардын ичинен Курманбек Бакиевге эле добушумду берем. Чынын айтыш керек, башка талапкерлерден турган турпаты, сүйлөгөн сөзү менен Курманбек Бакиев эле айырмаланат экен. Калгандарынын сөздөрү баягыл эле биз угуп бүткөн сөздөр. Ошондуктан биздин мамлекетти гүлдөтөт деген ишеним менен Бакиевге добушумду берем. Анткени, ал татыктуу президент боло алат.

Назгүл САРИЕВА, мугалим:
- Президенттик таймашка чыккандардын арасынан реалдуу президенттикке татыктуусу Курманбек Бакиев. Бул кишинин прогроммалары да элге жакын, жүрөктөн чыккан экен. Анын үстүнө пенсионер, мугалимдерге болгон колдоосу жакшы болуп жатат. Андыктан мен Курманбек Бакиевди колдойм жана өлкөнүн экономикасынын алдыга жылышына, келечекте гүлдөп-өскөн мамлекет болоорубузга салымын кошот деп ал кишиге ишеним артам.

Шарипа Умарбек кызы, Бишкек шаарынын тургуну:
- Шайлоо алдында бизге кандай президент керек? Кандай адам президенттик такка татыктуу деп ой жүгүртөт экенсиң. Чынын айтыш керек, президенттик такка таймашып жаткандардын ичинен Курманбек Бакиевдин программасы мага жакты. Башка талапкерлердин программаларын окуп алып, анча деле ичим жылыган эмес. Ошондуктан Курманбек Салиевич Бакиевге добушумду берем деп турам. Курманбек Бакиев Кыргызстанды жондон баскан кризистен чыгарып кетет деп ишенем.

Бегимай Чокоева, студент:
- Президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин шайлоо алдында жарыялаган программалары менен массалык маалымат каражаттары аркылуу таанышып чыктым. 6 талапкердин ичинен учурдагы президентибиз Курманбек Салиевичтин программасы жеке менин купулума толду. Мыкты программаны түзө алган адам татыктуу башкаруучу да боло алат деп ойлойм. Бакиев өзүнүн 4 жылдык президенттик кызматында өлкө үчүн бир топ эле жакшы иштерди жасады. Көп кызматтарда такшалып калган адам катары көп адамдардын жакшы маанайдагы пикирлерин да укканмын. Ошондуктан мен өз добушумду К.Бакиевке берем.

Айзат Досоева, студент:
- 23-июлда боло турган президенттик шайлоого сөзсүз барам. Мен добушумду азыркы президентибиз Курманбек Салиевичке эле берем. Себеби, ал президенттик орун үчүн күрөшүп жаткан башка талапкерлерге караганда бир топ эле тажрыйбалуу. Иштин көзүн билет. Биз өлкө башчысын тандап жатканда терең ойлонуп, жаңылбай, татыктуусун тандап алышыбыз керек. К. Бакиевден ашкан, чыгаан талапкерди деле байкай алган жокмун.

Майрамкан Маткеримова, ишкер:
- Мен президент болом деп президенттикке кандидатурасын койгон алты талапкердин ичинен татыктуусу деп азыркы президентибизди эле ойлойм. Эми ар ким көңүлүнө туура келген талапкерге өз добушун берет да. Биз үй-бүлөбүз менен өз добуштарыбызды К. Бакиевге эле беребиз деп турабыз.

Жазгүл Ырысбекова, тигүүчү:
- Алдыда боло турган президенттик шайлоодо биз татыктуу талапкерди тандап алышыбыз керек. Себеби, президент мыкты болсо мамлекет да күчтүү болот. Учурдагы президенттик такка таймашып жаткан талапкерлердин программаларын атайын окуп чыктым. Кыргыз мамлекетин келечекте өнүктүрүүгө көзү жеткен программаны Курманбек Салиевич сунуш кылыптыр. Ошондуктан мен 23- июлдагы шайлоодо өз добушумду К. Бакиевге берем. Ал кишинин өлкөнү оңдоп кетерине толук ишенем.

Илгиз Рысманбетов, фермер:
- Президенттикке талапкерлердин ичинен идеология, маданият, экономика, социалдык, саясий маселелер боюнча Бакиевдин гана программасы купулга толоорлук экен. Түшүнүктүү, жатык тилде жазылган. Башкысы, элди бириктире турган программа менен чыгып жатат. А эл бирикпесе миң аракет кылсаң дагы эл үчүн жасап жаткан ишиңден эч кандай майнап чыкпайт.

Канышай Нурсадык кызы, Бишкек шаарынын тургуну:
- Президенттик шайлоону айыл өкмөтүнүндөгү же дагы айылдык кеңештеги шайлоодой кабыл албай, татыктуу кишини шайлоо керек экенин эсибизден чыгарбашыбыз абзел. Мага президенттик таймашка аттанып жаткандардын ичинен Курманбек Салиевичтин программасы жагат. Беш жыл ичинде жасаган иштерин таразага салганда деле жакшы иштерди бүтүрө алды. Болгону ал кишиге алдамчы эмес, таза адамдардын колдоосу абдан керек болуп турат. Мен башка замандаштарымды дагы Бакиевдин кандидатурасын колдоп берүүгө чакырат элем. Биздин максат бир болсо биз ал максатка бирге жетебиз.

Самат Асанбеков, юрист:
- К. Бакиевди эле колдош керек го. Андан башка ким бар? Татыктуу эч ким жок. Анүстүнө Бакиев президент болгону жаман деле эч нерсени көргөн жокпуз. Бюджет былтыр 28 млнду түзчү эле, быйыл 53 млнго жетти. Чет мамлекеттен 12 млрд. акча каражатын Кыргызстанга алып келгенге үлгүрдү. Эң башкысы өлкөдө башаламандыка жол берилбей, тынчтык жолу менен көп маселелерди чечип кете алды. Демек иш билги адам катары колдоого татыктуу адам.