Алмазбек Атамбаев:
"23-июлга жетемби-жетпеймби, билбейм"
Бириккен оппозициянын президенттикке талапкери Алмазбек Атамбаев Ош жергесинин шайлоочулары менен жолугушуусун улантууда. Ал СДПКдан Жогорку Кеңешке депутат болгон Руслан Шаботоевдин эбак өлтүрүлгөндүгүн, партиялашы - парламенттин мүчөсү Жусупжан Жээнбековду эмне үчүн уюмдан кетүүгө мажбурлагандыгын ачыктады.

Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш депутаты Руслан Шабатоев эбак криминалдашкан бийликтин курмандыгына чалынгандыгын, ошондой эле партиянын парламенттеги өкүлү Жусупжан Жээнбековдун уулу өтүп кеткендиги атасына оор болгондугун айтып, бирок партиялашы эки жээкте чарпылгандыгы, принципсиздиги жана туруксуздугу үчүн мандатынан ажырай тургандыгын маалымдады.
- Жусуке, - дедим, эми сен ары же бери болуп чечпейсиңби депчи. Баласы өтүп кетти, азыр Бишкекте өздөрү чечип атат. Бирок адам деген бир тарапта болуш керек дайыма. Эки жак менен ойнобош керек. Мен атайын оперативдүү иликтөө жасатып билгемин, мисалы Шабатоев Руслан капкачан өлтүрүлгөн. Ким өлтүргөнүн да билебиз, жөн гана бийлик жаап атат.
"Азаттык" үналгысы, 24.06.2009





"Руслан капкачан өлтүрүлгөн"
Түштүк жергесин түрө кыдырып, үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратпаган талапкер Алмазбек Атамбаев "Азаттык" үналгысынын кабарчысы Алишер Токсонбаев менен болгон маегинде, төбө чачты тик тургузган маалыматтарды угузду.

Алмазбек Шаршеновичтин айтымында, былтыркы жылдан бери табылбай жаткан СДПК фракциясынын депутаты Руслан Шабатоев эбак эле киши колдуу болуп өлтүрүлгөн экен. "Мен атайын оперативдүү иликтөө жасатып билгенмин, мисалы Шабатоев Руслан капкачан өлтүрүлгөн. Ким өлтүргөнүн да билебиз, жөн гана бийлик жаап жатат"-дейт, ажолукка аттанган БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев. Талапкердин мындай билдирүүсүнө депутат Руслан Шабатоевди "издемиш" болуп жаткан ички иштер министрлиги жооп кайтарбагандан кийин, ал маалыматты азырынча ачык калтыралы. Укук коргоо огандары унчукпаса да, Русландын бир тууган карындашы Сымбат бул боюнча өз оюн айтып койсо болмок. Дегинкиси, депутаттын киши колдуу болгону тууралуу ушактарды мурун эле угуп жүргөнбүз. Алмаз Шаршенович бул маалымат менен гана токтолбостон, жакында мандатынан баш тарткан Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтиярды да "өтүп кетти" деп билдирген. Демек, былтыркы жылдын күзүндө удаасы менен жоголгон депутат Руслан Шабатоев менен депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтиярдын бар экендиктеринен түңүлө берсек болчудай.
"Ачык саясат", 26.06.2009




А. Атамбаев:
"Руслан Шабатоев эчак өлтүрүлгөн"
Мындай билдирүүнү президенттикке талапкер А. Атамбаев Ош аймагында шайлоочулар менен болгон жолугушуусунда билдирген. Андан сырткары, өзүнүн өмүрү да коркунучта экендигин айтып өткөн. Анын мындай билдирүүлөрүн "Азаттык" үналгысы жана маалыматтык сайты таратты.

"Азыркы кезде менин өмүрүмө да чоң коркунуч жаралууда. Үй-бүлөмдү чет өлкөгө жөнөтүп жибергем. Шайлоо күнүнө жетемби же жокпу, аны бир гана Кудай билет.
Р. Шабатоев криминалдашып кеткен бийликтин курмандыгы болуп калган. Мен аны атайын оперативдүү иликтөө жасатып билгенмин. Ал капкачан өлтүрүлгөн",- деп билдирген А. Атамбаев "Азаттыкка".
"Супер-инфо", 26.06.2009.





Кыргыз Республикасынын президенти К.Бакиевге
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Тагаевге
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Э.Сатыбалдиеге
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри К.Конгантиевге
Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Т. Акунга

Кайрылуу
Урматтуу мырзалар!
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шабатоевдин дайынсыз жоголгонуна 9 айдын жүзү болду. Ушул күнгө чейин Издөө салынып, далилдүү фактылар, мотивдер табылбай, кабарсыз келген.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер А. Атамбаев Ош облусунун шайлоочулары менен жолугушуу учурунда "Азаттык" радиосунун Ош облусу боюнча кабарчысы А. Токсонбаевге: "Р. Шабатоев криминалдашып кеткен бийликтин курмандыгы болуп калган" деп билдирип, "Азаттык" радиосунан уктурулганына, интернет сайты аркылуу бул суук кабар дүйнө коомчулугуна маалым болду.
Ал аз келгенсип 26-июнда "Руслан Шабатоев эчак өлтүрүлгөн" деген темада "Супер инфо" гезитинин № 347-санына жана "Руслан капкачан өлтүрүлгөн" деген аталышта "ачык саясат" гезитинин № 48 (84) санына жарыяланып коомчулукка жайылтылган. Бул маалымат жалпы кыргыз элине таркап, биздин үй-бүлөгө тааныш-тамырларыбыз "Руслан өлтүрүлгөн турбайбы" деп көңүл айтып, айлабызды курутуп, аза кайгыбызды бөлүшө баштады. Биз болсо бул суук кабардын чын-төгүнүн билбей, азапка түшкөн убагыбыз.
Алмазбек Атамбаев "Азаттыкта" радиосунда айткандай, "Супер-инфо," "Ачык саясат" гезиттери жазгандай "мен атайын оперативдүү иликтөө жасатып билгенмин. Мисалы, Шабатоев Руслан капкачан өлтүрүлгөн. Ким өлтүргөнүн да билебиз. Жөн гана бийлик жаап жашырып жатат" деп айтканын мыйзам чегинде териштирип, тактап берүүңүздөрдү суранабыз. Эгер А. Атамбаев чындап эл тагдырын чечкен президент болом десе, чындап элге күйгөн Социал-демократ партиясынын жетекчиси болсо, акыйкат инсан, эр жигит болсо, күңкүлдөгөн катын ушак сыяктантпай, Русландын криминал бийликтин курмандыгы болгондугун ачык айтып, киши өлтүргүчтөрдүн аттарын атабайбы.
Биз ушул убакка чейин үмүт үзбөй, тирүү деген ниетте жол карап жүрөбүз. Руслан А. Атамбаеге ини катары, жолдош катары, партиялаш катары алыс адам эмес эле. Карыган чоң энесинин, жол караган үй-бүлөсүнүн акыркы үмүтүн ташка чаап, "Руслан тирүү эмес" деген суук сөздү эч далили жок айтууга кантип дити барды? Президенттик шайлоого үгүт жүрүп жатканда талапкер атаандашы, учурдагы президент Курманбек Бакиевге "криминалдашып кеткен бийликтин курмандыгы болуп калган" деп кыйыр түрдө кара пиар уюштуруп жаткандыгын кандай түшүнсө болот? Бул сөздүн чын төгүнүн далилдөө үчүн эмнеге тергөө жүргүзүлбөй жатат же А. Атамбаевдин айтканы чындыкпы?
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер А. Атамбаев кыргыз элинин, мамлекеттин бүтүндүгүнө "гарант" болом деген аруу үмүттү аркалап жатып, ойлонбой туруп кылмышкерлерди жашырууда. Эгер чындап билсе эмне үчүн тогуз айдан бери үн катпай, ушул учурда жар салууда. Же Русландын жоголоуп кеткендиги анын чырагына май тамызып жатабы?
Эмне үчүн жоготуу азасын биз менен тең тартып жаткан кыргыз элинин жүрөгүнүн үшүн алган "ал тирүү эмес" деген суук сөздү өз кызыкчылыгына пайдаланып жогоруда айтылгандай "криминалдык бийлик өлтүргөн" деген мааниде официалдуу билдирүү таркатууда.
"Келечектен көптү үмүттөндүргөн чыгаан жигит Русланды Шаботоевди А. Атамбаев өзү эле жок кылдырып коюшу мүмкүн" деген ойлор да коомчулукта айтылууда. Андай бүтүмдү "Апта" гезитинин кабарчысы өз көз карашы катары да жазган.
Биз Русландын, апасы Дамет, эжеси Сымбат Шабатоевалар, Русландын өмүрлүк жары Айдай Осмоналиева кара кийип, кан жутуп, аза күтүп, кайгы тартарыбызды же Руслан тирүү деп көңүл соороторубузду билбей жүрөгүбүз сыздоодо. Сиздерге кайрылганыбыздын себеби, буга чейин Русландын кабарын иликтөөгө далилдүү илинчек табылбай келген.
Алмазбек Атамбаев Руслан Шабатоевди ким өлтүргөнүн билет экен, мыйзамдын негизинде аны далилдеп берүүгө милдеттүү. Мамлекеттик тийиштүү органдар бул маселени териштирип, чын-төгүнүн аныктап берүүсүн суранабыз.
Руслан Шабатоевдин дайынсыз жоголгонуна президенттикке талапкер Курманбек Бакиев күнөөлүү деп ачык айтпай, "криминал бийлик" деп тергелип, бийлик башында турган президентке көө жабылып жаткандан кийин бул маселе акырына чейин териштирилип тактала турган жагдай болууда.
Руслан бийлик жок кылгыдай өз Мекенинин чыккынчысы болгон эмес, тескерисинче, 2005-жылы 24-марттагы элдик революцияда азыркы бийлик өкүлдөрү менен бирге элдин алдыңкы сабында жүргөн потрот жигиттердин бири болгон.
Урматтуу мырзалар!
Сиздерден суранарыбыз, А. Атамбаевдин бул билдирүүсүн мыйзам чегинде кылдат териштирип, акыйкат карап, жыйынтыгын чыгарып берүүңүздөрдү суранабыз.
Сиздерди урматтап,
Руслан Шабатоевдин
апасы Дамет Шабатоева,
жубайы Айдай Осмоналиева,
эжеси Сымбат Шабатоева
01.07.2009