тагдыр

Формачан Айым
(Башы өткөн санда)

Таң эрте туруп, апам үйрөткөндөй шорпо жасап, бөбөктөрүмдү ээрчитип ооруканага бардым. Атам жаткан палатага кирип барсак, атам укол алып жатыптыр. Эшиктин сыртында бир аз күтүп калдык. Негедир көзүмө жаш толуп, тамагым муунуп, бир башкача болуп жаттым. Ак халатчан медайым чыгып кеткенден кийин, биз палатага кирдик. Атам бизди көрүп, кубанып баарыбыздын жүзүбүздөн сүйдү. Мен күнөөкөр адамдай атамды эч тике карай алган жокмун. Атам да эч унчукпады. Алып келген шорпону кесеге куюп, сундум эле:
- Тек кой, кардым ачкан жок. Анан өзүм ичип алам.
- Муздап калат го.
- Сен кабатыр алба. Бул жакта жылытып беришет экен. Үйгө жакшылап көз сал.
- Ата кам санабаңыз.
- Мейли, күн ысык үйгө эрте жетип алгыла.
Атам менен коштошуп, ооруканадан чыгып бара жатсак, өгөй энем бир аялды ээрчитип кирип бара жаткан экен:
- Көксөгөнүңө жеттиңби, энеңди жутканың аз келгенсип, эми атаңды жут. Желмаян кыз, каапыр тим эле.
- Атамды мен эмес, сиз жутмай болдуңуз. Эрдин башын жуткан ким экенин бүт айыл билет.
- Карачы уят деген бу кызда жок. Каяша айтканын уктуңарбы. Мен айтсам ишенбей жаттыңар эле. Берки аял унчуккан жок.
Теңелбей эле койбой деп өзүмдү зекип, чоң жолго түштүк.
Анар деген Араванда бир алысыраак таэжебиз бар эле, эшиктин алдында күтүп жатыптыр:
- Садагалар тынчылыкпы үйүңөр кулпуланган экен. Жаман ой кетпей койбойт экен.
- Качан келдиңиз?
- Бир сааттай болуп калды. Өйүзгө өлгөнгө келгем, ал жактан кайтып абалыңарды билейин деп кайрылып калдым. Атаңар жакшы элеби?
- Атам сыркоолоп ооруканада.
- Жакшы элеби?
- Түзүк.
- Ии, ай, жүрөгүм бир нерсени сезген. Көрсө атаң ооруп жаткан тура. Мен бүгүн калып, тамак киргизип коёюн.
Таэжемдин келгени мага жакшы болду. Сөрүдө кир болгон төшөктөрдү каптап, бир сыйра жаңыртты. Атама барса балдарга көз болуп туруңуз дептир. Таэжемдин үйдө экенин уккан өгөй энем үйгө келген жок. Таэжеме болгон арызымды айтып, ыйлап алдым. Ал баарын кунт коюп угуп:
- Аруужан, айланайын ал катынга теңелсең, баарыңарга жаман болот. Сен окууга кеткенде бу кичкинтайларга эмне болот? Сенин тирешиң менен эч нерсени өзгөртө албайт. Апаңдын көзү өтүп кетти. Жашоо улана берет. Баарыңар чоңоюп кетесиңер. Үй-бүлө күтөсүңөр дегендей. Атаңар бу катын менен жалгыз калат. Атаңар бир чыны чайды жөн ичпей калат. Ошол жагын ойло. Сен акылдуу жансың, кечиримдүү бол. Мындай аялдын каргышы жаман болот. Апаңдын арбагын тынч жаткыза көр садагасы.
Таэжемдин сөздөрүн канчалык дитиме кабыл алайын дейм такыр болбойт. Үн каткан жокмун. Атам ооруканадан үйгө чыгып келет деген күнү үйгө өгөй энем келди. Таэжем менен учурашып:
- Сизде кебим бар эле.
- Ии.
- Угуп жатам.
- Кеп ачыгы мындай, алдагы кыз акылына келсин. Ыр-чырын токтотсун. Атасын гөргө сүйрөп жатат.
- А деп ооз ача электе беттен алганың болбойт. Саламдашып ал жай сурап, бир пиала чай сунган соң, кеп айтылат. Бу жагынан сабатың жок экени билинди. Экинчи жагы жатын айрып, бала төрөбөптүрсүң. Мына балага ымала боло албай жатканыңан, бардык балээнин баары келип чыгып жатат. Жакшы аял болсоң, мобу жетимдерди боорго тартып алмаксың.
Минтип олтурсаң бу эрден да ажырайсың. Булардын энеси барган жерге сен да, мен да барам. Ал жактын да сурагы чоң болот. Карыйсың, арыйсың мына ушул жетимдер сага акыркы сууңду куюп беришээр. "Бирөөнү кордобо, өзүң кор болосуң" деген кеп чынына кулак төшөп жүр. Мен сый адаммын. Эжемдин арбагы үчүн мынабу жетимдер жетилгиче келип турам. Катын болуп ушул короо-жайды алып кет.
Мына ирик-чириктерди артып тазартып койдум. Жездекем зыпыйган киши эле ач арбак кылып койдуң. Кой акылыңа кел. Мобу тырмактай кыздан кечирим сурап, өзүңө тарт.
- Мага акыл үйрөтпөгүлө, келсеңер, чайыңарды жөн ичип кеткиле. Бирөөнү сыйласаңар, сый көрөсүңөр. Мен богум менен тең келген кыздан кечирим сурабайм. Баарын жездекеңер чечет.
- Эй катын, алдагы оромоңдун ичинде чымчыктын мээңдей мээ жок тура. Айыл аксакалдарына алдагы жетимдерге күн көрсөтпөй жаткан кылыгыңды айтсам көчөгө баса албай калсың.
Бу сөздү укканда өгөй энем жоошуй түштү. Калп эле ыйлап:
- Катип ушуларга жамандык кылайын. Деги ушул кыздын тилин таба албай койдум. Келчи Аруужан, кечир мени. Атаңды беймаза кылбайлы, - деп мага кол сунду эле:
- Атам келгенде кечирим сураңыз. Бизди атам көрсүн.
- Мына айттым беле ушинтет.
- Тек кой, жездем келгенде кечирим сурап кой. Анын да жүрөгү ылдыйлап калсын-деп тайэжем кепке арлашты.
Атамды оорукандан тагам чыгарып келди. Таэжем башына суу айлантып чачты. Казандагы тамакты чыгарып досторконго коюп бата кылган соң таэжем кеп баштады:
- Жезде аман-эсен үйгө кайттыңыз. Ылайым оорубаңыз. Балдарыңыздын урмат-сыйын көрүңүз. Мен да үйгө кайтайын. Бир көңүл ооруткан окуя болуп жатат. Аруужандын айта турган сөзү бар экен, ачуу болсо да угуп кой.
Үнүм каргылданып, өзүмдү араң токтоттум:
- Мен айжаркын апамды эч унута албай койдум. Түшүмдө да, өңүмдө да жанымда. Апамды эч кимге алмаштыра албайм. Канчалык өзүмдү кыйнап көрдүм эч болбоду. Мунун баарын унутканга убакыт керектир. Мен силерден алыс болоюн деп чечтим. Бөбөктөрүмдөн, атамдан алыс болуш мага кыйын…

(Уландысы бар)
Жазып алган
Ж.Жумагулова