Жарыя

Шашылгыла! Шашылгыла!
Парапсихолог Лариса Асанбекова Кыргызстанда сеансын баштады.
Эгер сиз сеанс алгыңыз, парапсихология боюнча окугуңуз келсе, алдын ала жазылууңуз керек. Анүчүн 933-622, 49-49-53 телефондоруна кайрылыңыз.
Жана сеанска ушул жарыяны гезиттен кыркып алып келесиз. Канчалык көп купон алып келсеңиз, сизге жеңилдиктер берилет.

Гүлсүн Кудаярова, Бишкектен:
- Лариса, сиз кудайга ишенесизби жана кудай барбы? Бар болсо жер жүзүндө 6 миллиард адам жашайт, кудай жалгыз деп айтып коюшат го, жалгыз өзү баарыбызды кантип жетишип, башкарып турат? Биздин жамандык жакшылыктарыбыздын баарын жалгыз болсо кантип көрүп, барыбызга кантип көз салып жетишет?
- Ооба, мен кудайга ишенем. Кудай бар. Кудай десе эле кандайдыр бир "алп жандык" көктөн тиктеп тургандай түшүнбөш керек. Куранда "кудай бул нур"деп жазылган. Башкача айтканда кудай - бул жогорку космостук энергия. Бүткүл аалам жана андагы бардык заттар энергиядан турат жана бардыгы кандайдыр бир жогорку күчкө же кандайдыр бир мыйзамга баш ийип, баары бири-бири менен тыгыз байланышта болот.
Сиз белгилеп кеткендей кудай жалгыз жана барыбызга тең, ар бир улуттун же ар бир мамлекеттин өз-өзүнчө кудайы болбойт. Кудай энергия болгондуктан, адам заттын ар бир кыймылына "көз" салып турат деген чындык. Себеби адам өзү энергиядан тургандыктан, ар бир адамдын жашоо образына, ойлогон оюна, жасаган ишине жараша энергиясы оң же терс болуп бөлүнүп, космостук энерго талаага жетип кайра ошол адамга материя түрүндө кайтып келет. Демек, бирөөгө жамандык кылган болсоңуз ал сөзсүз түрдө сизге жамандык болуп, же тескерисинче жасаган жакшылыгыңыз жакшылык болуп өзүңүзгө кайтат.
- Кудайдын кандай жана канча мыйзамы бар? Билсеңиз айтып берсеңиз?
- Мамлекеттин конститутциясындагы жазылган сансыз мыйзамдардан айрымаланып, кудайдын он эле мыйзамы бар. Ошол он эле мыйзамды бузбай жашаган адам, көп нерсеге жетишет жана бактылуу жашайт. Адам - кудайдын жердеги бөлүкчөсү. Бирок адам үчүн ошол он мыйзамды бузбай жашоо да оңойлукка турбайт. Ал мыйзамдар төмөндөгүдөй:
1) "Мен" - сенин кудайың! "Менден" башка сенин кудайың жок жана эч качан болбойт. Кудайдын жалгыз экенине ишенүү.
2) Кудайдан башканы жерде болобу, көктө болобу, сууда болобу кумир тутпа. Эч кимди, эч нерсени, эч качан кудайдан бийик көрбө!
3) Кудайдын атын ыгы жок нааразычылык менен колдонбо.
4) Жок дегенде жуманын бир күнүн кудай үчүн арноону унутпа.
5) Ата-энени сыйласаң, сени кудай сыйлап, бактылуу бакыбат өмүр сүрөсүң.
6) Адам өлтүрбө.
7) Арам ишке аралашпа, ойноштук кылба.
8) Ууру кылба.
9) Ушак айтпа, калп айтып күбөлүккө өтпө.
10) Бирөөгө көралбастык, ич күйдүлүк кылба. Сын тагып кемсинтпе.
Ошондой эле кудай бул - сүйүү деп коет. Кудайды чын пейилиң менен, жүрөгүң менен берилип сүй!
Өзүңдү кандай сүйсөң жакындарыңды, досторуңду ошондой сүй!
Ушул мыйзамдарды көкүрөгүңүздөрдө бек сактап, бузбай жашаган адам көп нерсеге жетет.

Айсалкын Жаманбаева, Бишкектен:
- Лариса эже, "Асман пресс" газетасынан "Өзүмдү тапкан жол" китебиңиздин "Жогорку күчтөр менен жолугушуу" деген үзүндүсүн окуп аябай кызыктым. Негизи эле сиздин макалаларыңызды үзбөй окуп келатам. Сизге суроо менен кайрылайын дедим эле. "Жогорку күчтөр" деген эмне?
- Биз жер планетасында же ааламдын алкагында жалгыз эмеспиз. Биздин көзгө көрүнбөгөн паралелль дуйнөдө көзгө көрүнбөгөн ар кандай энерго жандыктардан башка космостук жогорку күчтөр бар. Алар адамдын кабыл алуусуна, түшүнүгүнө жараша өз формаларын өзгөртө алышат жана биздин түшүнүгүбүзгө жараша биздин көзгө көрүнөт. Бул жөнүндө бир-эки сөз менен түшүндүрүш кыйын. Адам төрөлгөндө эле периштеси менен төрөлөт (ангел хранитель). Башкача айтканда жогорку энергиялуу жандооч периштеси болот. Ал периште адам менен кудайдын ортосун байланыштырып турат. Мындай периштелер бардык адамда болот. Андан тышкары колдоочу периштелер болот. Алар бардык эле адамдарда боло бербейт. Колдоочу периштелердин милдети адамдын жерде аткара турган миссиясына жол көрсөтүп, коштоп жүрөт. Эгерде адам аткара турган миссиясын унутуп башка жолго кете турган болсо, колдоочу периштелер тоскоолдуктарды жаратып, ал жолдон кайрыганга аракет жасашат. Себеби, өз милдетин аткарыш керек. Бирок периштелердин алсыз же күчтүү болушу сизге гана байланычтуу. Эгерде адамдын жашоо образы терс энергияны көп жараткан болсо периштелер алыстап, сизге жардам бергенге алсыз боло баштайт. Периштелер көбүнчө түш аркылуу же сезим аркылуу адамга информация берип турат. Кыргыздар аны "түшү оңолгондун иши оңолот" деген макал менен таамай айтып келатышат. Жогорку күчтөрдүн түрлөрү өтө көп жана аткарган кызматтары да ар кандай. Ошондой эле адам төрөлгөндө кошо пайда болгон периштелерден башка да жогорку күчтөр көп болгондуктан, ар бир адам өз каалоосу менен жогорку күчтөрдү жанына чогулта алат. Албетте, ал үчүн ааламдын сырын, энергиянын мыйзамдарын жакшы билиш керек жана космостун мыйзамын бузбай гармонияда жашаш керек.
- "Өзүмдү тапкан жол" китебиңизди кайдан алсак болот?
- Бул китеп "Путь к себе" деген ат менен менин россиялык окуучуларыма ылайыкталып чыккан эле. Азыр ошол китепти биздин менталитетке ылайыкташтырып кыргызча которуп жазып жатам. Ошондуктан "Асман пресс" газетасынын ар бир санына жарыяланып жатат. Кызыккандар "Асман пресс" газетасынан окуй аласыздар, которулуп бүтөөрү менен, буюрса, китеп болуп жарыкка чыгат.

Арстанбек Кожогелдиев, Ысык-Көл обласынан:
- Лариса эже, мен сизди "ЭлТР" каналынан түз эфирден көрүп, сиздин айткандарыңызга аябай кызыктым. Мен парапсихологияга өтө кызыгам, бирок кайдан окуурумду билбей жүргөм. Кээ бир көзү ачык дегендерге барып көңүлүмө туура келбеди. Сизден окусам болобу? Сиз окуучуларым көп дедиңиз, мени да окуучу кылып албайсызбы?
- Ооба, окуучуларым буйруса көп, алар Россиянын шаарларында гана эмес чет өлкөлөрдө да бар. Мен да бир кезде илимдин артынан Россияга кеткен элем, эми ошол илимди, билимимди өз элиме үйрөтүүгө, окутууга даярмын. Кыргызстанда да окуучуларымдын саны көбөйүп келатат. "Окуучу даяр болсо, окутуучу өзү келет"- деген сөз бар. Сени да окуутууга даярмын. Бирок ишим Россияда болгондуктан Кыргызстанга келген учурда окутууга макулмун.

Жазира Жапарова, Талас шаарынан:
- Лариса эже, мен сиздин "Асман пресс" газетасына жарыяланган "Бай болуунун формуласы" аттуу макалаңызды издеп жүрүп окудум жана көп нерсеге үйрөндүм. Мен дагы сизден билим алсам дейм. Кыргызстанга келип борбор ачайын деген оюңуз барбы? Болсо качан келип сизден билим алсак болот? Сиздин жетишкен ийгиликтериңизди радиодон угуп, мен да ошондой ийгиликтерге жетсем дейм. Кандай окууларды окугансыз, кандай сыйлыктарды алгансыз, кандай наамдарга жана кандай дипломдорго ээ болдуңуз эле? Газета аркылуу жооп берип коесузбу?
- Рахмат Жазира, билим алгысы келген адамдардын өтө көп болушу Кыргызстанда борбор ачууга мени милдеттендирип жатат. Он жылдан ашык ушул илимдин аркасынан келатам. Космоэнергет, Парапсихология мектептеринин көбүн окудум. Россиядагы Эниоинженерлер Академиясынан академик, профессор, илимдин жана практиканын мэтри наамдарына ээ болгом жана ар кандай дипломдор, төш белгилер менен сыйлангам.

Канатбек Бектурганов, Бишкек шаары:
- Лариса айым, сиздин телефонуңузду араң таптым. Мен тааныштарымдан сиз жөнүндө уктум эле. Сиз аварияга туш болуп, комага түшүп калган баланы комадан чыгарып, айыктырган деп уктум эле, ошол чынбы? Кандай ооруларды айыктыра аласыз? Дегеле сиз оорулууларды көрөсүзбү?
- Ооба, чын. Ал баланын азыр ден соолугу чың, буюрса. Биринчиден кудайга, космостук улуу күчтөргө рахмат, экинчиден абалга туура түшүнүп, ооруканага мени киргизген врачтарга рахмат. "Айыкпаган илдет болбойт, айыкпаган адам болот" деп коет, демек айыккысы келген адамдарга сөзсүз жардам берсе болот. Ал эми мен Бишкекке кыска убакытка келгениме байланыштуу жана атайын кабыл алып иштей турган жер болбогондуктан, бардык каалоочуларды кабыл алганга жетише албай жатам. Ал үчүн окурмандардан кечирим сурайм. Менин негизги максатым, өз элимди оорудан эле айыктыруу эмес, оорубаганга үйрөтүү. Буга бардык адамды үйрөтсө болот. Мисалы, менин апам көп жылдар бою ооруп келген, азыр мен үйрөткөн космостук канал менен өзүн тазалап тургандыктан, сексенге чыгып калса да, кадимкидей өзүн жакшы сезип жүрөт.

Абдували Мамадалиев, Ош шаарынан:
- Лариса, сиздин динге көз карашыңыз кандай? Куран китебин окугансызбы? Дегеле кудайга ишенем дедиңиз, кайсы динге баш иесиз?
- Динге көз карашым жакшы эле. Мен кыргыз болуп төрөлгөндөн кийин автоматтык түрдө мусулман болуп төрөлдүм да, ошондуктан албетте өзүмдү мусулманмын деп эсептейм. Куранды орусча жана кыргызча басылмаларын толугу менен окуп чыккам. Куран - бул илим. Азыркы так илим куранда жазылгандарды эми гана далилдегенге жетишип жатат десем жаңылышпайм. Куранда илимдин бардык түрү камтылган. Мен өзүм жазган ырларды жатка окуй албайм. Курандын көп сүрөөлөрүн, ошонун ичинде Ясин сүрөөсүн жатка билем (түш аркылуу келген). Ошондой болсо да мен өзүмдү динчил адаммын деп айталбайм. Мен үчүн бардык дин бирдей. Россиянын патриархынан жана ислам дин өкүлүнөн бата алгам. Биринен бирин өйдө же ылдый койбойм. Библияны жана башка дин китептерин деле окуп чыккам. Негизи баары жан дүйнөнүн тазалыгын үйрөтөт.