окурмандардын суроолору боюнча

Эх, Атамбаев... Аракка тоюп алып эл алдына чыкканча, арык чапкан дыйкандын катарында тынч жүрө берсең туура болмок...
Ушинтип айтпаска арга жок экен. Президенттикке оппозициядан жалгыз талапкер аталган (Муну Азимбек Бекназаров эл алдында айтты. Мындан соң Темир Сариевдин оппозиция тараптан президенттикке кандидат болгондугунан шек санабай койбойт экенсиң) Алмазбек Атамбаевдин өзүнүн үгүт иштерин жүргүзүү үчүн Жалалабаддын Базар-Коргон районуна баргандагы жоругу жолдо эле калсын. Он кишинин жок эле дегенде төртү жан тартат деген бул талапкердин эл алдына теңселип мас абалында чыккандыгын көрүп алып, Алмаз мырза эмес бери жактагы ишенген адамдары уялганынан жерге кирип кетерге тешик таппай калгандыгын көрүп, элдин арасында ушунчалык бае, ушунчалык жөнөкөй, ушунчалык ишенчээк адамдардын бар экендиги таң калтырды. Анан кантсин, Алмазбек мырзанын "апакай" экендигин көргөзүп, мактап-жактап, БЭКтин курамындагы бедели тоодой адамдардын баары чапкылап жүрсө, элдин дагы жүрөгү таш эмес го, бара көрөлү десе керек. БЭКтин мүчөлөрү да анын мындай кылыгын көтөрбөскө аргасы барбы. Ансыз да араларынан аздап жарака кете баштаганда, аз келгенсип алдыдагы президенттик шайлоо улам жакындап, тогуз толгоо бир келип, тооруп турганда, кандай айла кыла алышат. Ушундайда "Сиз эле биздин каранаар-карманаарыбызсыз" деген БЭКчилердин үмүтүн тепселеп, темселеп турган Атамбаевге да баракелде. Көзүн кылгыртып, тээ Кокон хандыгынан бери сөз кайрымыш болгону менен Шералынын келишин эки кайталап, аз келгенсип, "Мен Текебаевди өзүң эле кандидатураңды кой дегем" деген сөздөрүнүн артынан дагы бир тобун айтып, айтор, оппозициянын анча-мынча сырын ачыкка чыгарып кое жаздады.
Жарыктык десе, ушундан соң кантип эл башкарам деп айта алат. Азимбек мырза жымсалдаганына карабай анын артына туруп алып ак бет аарчы менен мурдун улам жышып, эл алдында бөтөлкөнүн оозунан суу жуткандыгы башкага билбейм, бизге жаман эле көрүндү. Соосунда чыкыйып, чычканга кебек алдырбачудай сезилген Алмазбек мырзанын кызып калганда кыйшактаганын көрүп туруп "Э, кыргыз, тагдырыңды ишенип берем деген адам ушулбу?" деп каңырыгыбыз катуу түтөдү. "Биз дайыма бийликти башкаларга берип келгенбиз" деген сөздү бир нече кайталаган Атамбаевдин айтайын деген оюунун маңызы кайда барып такалаарын ким билсин, бирок, өзүндөй болуп, элдин, мамлекеттин жоопкерчилигин моюнга алам деп турганда кудай уруп, кулкунуна кирген "жинди суу" жинди кылып, эл алдында абийирин айрандай төгүп салганда Алмазбек мырза эртең кантип актанат биле албайт экенбиз.
Айтмакчы, ошол жерде чынын айтам деп Алмаз мырза мастыгы менен сырын да айтып салбадыбы. Кадимки эле борборубуз Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтындагы фонтандын ачылышына карата коюлган "Манас" эпосундагы каармандардын эстеликтерин да эске салып, Бишкек шаарынын мэриясы фонтандын ачылышынан кийин ал эстеликтердин колу, бутун сындырып кеткендерди таппай жүрсө, көрсө оппозициянын балдары талкалап кеткендигин балп эттирип айтып бербедиби. Ким билсин, балким эртеңки күнү мен мастыгым менен айтып салыптырмын деп актанып да коер.
Бирок, Алмаз мырзанын оозунан чыккан сөздөрдү сөзмө-сөз бере турган болсок төмөндөгүдөй: "Бүгүнкү бийлик Манасты өлтүргөн Нескара менен Көбөштөрдүн айкелин борборубуздун чок ортосуна койдурду. Ал эстеликтердин колу, бутун биздин балдар сындырып кетишти эле оңдоо үчүн кайрадан алып кетишти" деди. Ушундай. Балким, талкалабай, сындырбай эле бүтүн нерсени тарых катары башка жерге коюну суранып, ордуна башкалардын айкелин койдуруп коюуну суранса деле чечилмектир, баланын ишин жасагандай болбой. Айтор, уйпаланган чачтын алдындагы мас мээ менен мас көздүн турушу ошол жерге оппозициядан үмүт кылып чогулган элдин далайынын шаабайын суутуп койгонсуду. Эки жансакчынын эки тарабынан жөлөп-таяганына болбой кыйшактаган Социал-демократтардын лидери бул турушу менен өзүнүн партиясындагы канча деген аты таанымал адамдардын баарына башынан ылдый ылай куйганына эле барабар болду. Балким, анын ушундай кылыктарынан улам партиясындагы айрым бир мүчөлөрү, тагыраагы, парламенттеги СДПК фракциясынын мүчөлөрү биринен сала бири кетип жаткандыр? Эмнеси болсо да улам барган сайын Атамбаевдин айтылбай жүргөн сырлары атайылап изилденбесе да капысынан эле калкып чыга кала баштады.
Бир учурларда премьер-министр боло калганда "Мени ууландырышты" деп бир чуу көтөрдү эле, балким, ошондо да аябай мас болуп калып, айласы кеткенде ушундай шылтоону ойлоп таап, айыбын жашыргандыгынан деле шек санабай койсок болот. Балким, жогоруда биз айткан Базар-Коргондогу жоругун да "ууландырышты" деп айтып чыгышы мүмкүндүр. Антип чыкса да байкуш эл ишенип, Алмаз мырзанын азыноолак берген акчасына алданып калышы ыктымал. Бирок, акыры келип, кудай алдында жооп бере турган күн да бар эмеспи. Өзүнө ишенген адамдарды минтип шайлана албай жатып сындырып жатса, бүтүндөй мамлекеттин тагдырын кантип ишенүүгө болот? Бул мас адамга балаңды ишенип жетелетип койгонго барабар эле нерсе эмеспи. Бардык эле учурларда Алмазбек мырзанын мастыгын Азимбек Бекназаров же БЭКтин башка бир мүчөсү жаап-жашырып жүрө албаса керек. Билген кишиге бул сөздүн аркасында айтыла турган көп сөз бар экендиги туюлат. Азырынча ушул.
Эх, Атамбаев... Аракка тоюп алып эл алдына чыкканча, арык чапкан дыйкандын катарында тынч жүрө бергениң туура болмок...
Акбар Асантегин