Оюндан кийинки ой

Назгүл Насиева, продюсер:
"Түрмөнүн продюсери" атыгып калганымды өзүм да билбейм"
- Назгүл, жакында болуп өткөн "Жылдыздар манежде" теледолбоорунун эң улуу катышуучусу сиз болдуңуз. Эң көп жаракатты да сиз алыпсыз. Бул долбоор эми эсиңизден чыккыс болот болсо керек.
- Мен мындай долбоор болуп жатканын курбуларым Назми менен Назирадан угуп, мен деле катышам деп аларды ээрчип циркке келип алдым. Ар кимдин жөндөмүн ар кандай көнүгүүлөрдү жасатып текшерип жатыптыр. Менин дене-түзүлүшүмдү көрүшүп эле кастингден өттүң дешти. Бирок менин жашым 36 экенин билишкен эмес. Машыгууларга келип жүргөн күндөрдүн биринде менин жашымды билишип, албайбыз деген талаш-тартыш башталды. Көрсө циркте 40 жашында эле пенцияга чыгышат экен. Бирок цирке өз чөнтөгүнөн 100 миң сом акчасын баш-байгеге сайган, белгилүү артист Кадырбек Тажиевдин жубайы Клара эже "Назгүлдүн жашы өтүп калса дагы, башкаларга караганда тырышчаак экен. Тынбай келип машыгып жатат" деп алып калды. Башында кандайдыр бир жаракат алсак өзүнөн башка эч ким жооп бербейт деген келишимге кол койуп бердик.
Биринчи турда мага обруч менен тегеренип, бийлеген номер келип калды. Мен натурамда такыр бийге жокмун. Башка эле номер бергилечи деп сурансам болбой коюшту. Айла жок эми деп машыгып, аренага чыгаарга эки күн калганда колум күйүп кетсе болобу. Анан эки күндүн ичинде иллюзия жанрын үйрөнүп, көрүүчүлөргө тартууладым. Экинчи турда мен ат менен чыгам десем да "Боюң кичине, трюктарды жасаганда колуң жерге тийбей калат" дешти эле, көк беттенип жатып, болбой ат менен чыктым. Үчүнчү турга даярданып жүргөндө бир тууган таякемдин кызынын көзү өтүп кетип, бир жумача боз үйдө отуруп, көңүлүм чөгүп келгем.
Машыгуучу залга келгенде өзүмдү жаман сезип тургам, "смертельный трюк" деп койот, ошону жасайм деп 5-жолкусунда асмандан ылдый учуп түштүм. Жерге "күп" деп түшкөндө анча эч бир жерим ооругандай болгон эмес. Бирок, турайын десем кыймылдай албайм. Носилкага салып көтөрүп, ооруканага алып барышты. Көрсө белдеги эттер жанчылып кетиптир. "Ден-соолугуңду кара, чыкпай эле кой" дегендери толтура болду, бирок мен ушунча келип, кеп-сөзгө калбайын, эмне болсо дагы аягына чейин чыгайын деп тырыштым. Анткени "Карыганда чыгып алып, колунан эмне келмек эле" деп айткан аттуу-баштуу ырчыларыбыз да болгон. Анан финал күнү сахнага чыгаарга аз калганда дагы учуп түштүм… Дагы чыгарбайбыз дешти. Анда да болбой, ыйлап жатып чыктым. Ошентип, цирктеги беш ай беш күндөй өтүп кетти.
- Жеңүүчүлөргө орундар туура эмес бөлүнүп калды деп азыркыга чейин нааразы болуп айтып жүргөн көрүүчүлөр бар. Катышуучу катары сиз эмне дейсиз?
- Мен өзүм жөнүндө айтпай эле койсом. Анткени калыстар тобунан аз болобу көп болобу татыктуу бааны алдым. Бирок мага балл көтөрүп жатышканда да нааразы болуп кыйкырып жибергендер болду. Менин циркте катышкан күндөрүм өзүмө, үй-бүлөмө, балдарыма белек болуп өмүр бою эстен кеткис жагымдуу эстелик болуп калат. Ал эми башкалар жөнүндө айтсам…
Мен өзүм да кимдин мүмкүнчүлү кандай экенин байкап жүрдүм. Экинчи турда Аскатка (Жоробек) келип "Буюрса гран-прини сен аласың" деп айткам. Өзү дагы "Эгерде гран-прини алсам анда сизди көтөрүп алып айлантам" деп калган. Аскатка төмөн бааларды көтөрүп жатканда көрүүчүлөр гана эмес, бери жакта турган катышуучулар дагы кыйкырып жибердик. Мамасы ыйлап алган. Аскат менен Назик катышат деп айтканда башында биз катышуучулар чырдап чыкканбыз. Бири спорт менен машыкса, бири дайыма бийлеп жүрсө, дапдаяр кандидаттар деп. Көнбөй, алышкандан кийин "Сен ансыз деле бийчисиң, сен каскадер-спортсменсиң" дебей эмгегин татыктуу баалаш керек болчу. А бирок элден өткөн сынчы жок экен. Мен ал жерден дагы Аскатка "Сени эң башкысы эл баалады" деп айттым.
Дагы бир айта кетчү жагдай бул долбоор кыргыз мамлекеттик циркинин деңгээлин көтөрүү үчүн уюшулгандан кийин Маданият министри дагы тийиштүү колдоосун көрсөтүш керек эле. Тилекке каршы, министр көпчүлүк демөөрчүлөр бизге белек тапшыргандай эле, алардан айырмаланбай гран-прини алган Анжеликаны таажыны кийгизип койуп кетип калды. Ошол жерден бизге эртең мененки 8 ден баштап түнгө чейин калып машыктырган машыктыруучуларга Ардак грамотасын, "Маданияттын отличниги" деген сыйлыктардан деле тапшырып, каалоо тилек айтып койсо болмок. Бул долбоор Тажиевдердин үй-бүлөсүнө, Мелис Эшимкановго, Эльмира Тезекбаева эле керектей мамиле жасап коюшту. Алар бул долбоорду өткөрүп пайда табышкан жок, тескерисинче банкрот болушту. Ар кандай ушак сөздөрдөн улам катышуучулар бири-бирибиз менен таарынган күндөрүбүз болду, анын баарын баланска салып, ынтымакка келтирип, бизге канча нервдери кетти. "Ак Жол" партиясынан биринчи орунга 50 миң, экинчиге 30 миң, үчүнчүсүнө 20 миң сом акчалай сыйлык берет дешкен. Алардан да дайын жок болду .
- Анжелика 100 миң сом утуп алсам, ар бир катышуучуга 10 миң сомдон бөлүп берем деди эле, ал сөзүнө турдубу?
- Анжелика баарыбызды кафеге чакырып, дасторконун жазып, "100 миң сомдун 25%ын салыкка деп алышты. Айчүрөк Иманалиева мени тарбиялап өстүргөн эжем болгондон кийин, ал дагы өзүнүн үлүшүн алды. Ошондо 100 миң сомдон 30 миң сом калып, ар бир катышуучуга 2 миң сомдон айланат экен. Мен карылар үйүнө же балдар үйүнө бесемби дегем. Кандай дейсиңер?" деп сурады. Биз деле ал акчаны албай, карылар жана балдар үйүнө кайрымдуулук концерт менен баралы деп чечтик.
- Теледеги "Темир тордогу үмүт" көрсөтүүңүз дагы ушул долбоордон улам токтоп калды окшойт?…
- Ооба, эми кайрадан күч топтоп алып, ал көрсөтүүнү жаңы дем менен даярдап баштайын деп жатам. Баса, Жаза аткаруу башкармалыгы келип мага Ардак грамота, музыкалык борбор тапшырышып кетишти. Андан тышкары "Ала-Тоо Сервис" ЖЧКдан Сооронбаева Гулира эже Эрмек экөөбүзгө Кытайга саякатка билет тапшырышты.
- "Темир тордогу үмүт" долбоорун кимдин идеясы менен ишке ашырдыңыз?
- Мен телевидениеге жаңы келгенде "Ден-соолукту сактай билели", "Түркүн кеңештер" көрсөтүүсү менен чыгып жүрчүмүн. Бир тууган байкем Оштогу түрмөдөн каза тапкандан кийин булардын турмушуна кызыга баштадым. Алардын тагдырын, арыз-муңун, көз-жашын, арман-кайгысын эркиндикте жүргөн адамдарга жеткиргим келди. Ары-бери чуркап, жаза аткаруу башкармалыгынан уруксат алып, алгачкы жолу Райхан Абдувалиеванын группасы менен концерт коюп, аялдар колониясына бардык. Жети күн катар концерт уюштуруп жүрүп, алар менен катарлаш адамдардай эле тил табышып кеттим. Андан бери билинбей 9 жыл убакыт өтүптүр. Кол күрөш, футбол, сулуулар конкурсу, КВН сыяктуу спорттук, концерттик программаларды алардын арасында уюштуруп жүрүп кантип "түрмөнүн продюсери" атыгып калганымды билбейм.
Менин негизи ушундай өткүр мүнөзүм бар, эч нерседен тайманбайм. Бул мүнөзүм мага Динара Акуловадан жукту десем болот. Анткени Искусство институтунун "менеджер-уюштуруучу" факультетин аяктаар замат, 1998-1999-жылдары Динара эженин группасында концерттин уюштуруучусу болуп ишке кирдим. Бирок ал жактан мени Динара эже ырчы да, куудул да кылып жиберди. Эженин аркасынан барбаган жерим, кыдырбаган көчөм калган жок. Телеге болсо Динара Акулованын мектебинен өтүп анан келгем. Циркте катышып жүргөндө жанагы айтып өткөн кырдаалдарды айтсам жолдошум дагы "Сен баштаган ишиңдин дайым аягына чыгасың. Мунун да аягына чыгышың керек" деп жатпайбы.
- Башкалар жакшы эле демөөрчүлүк кылышыптыр, а жолдошуңуздан кандай белек алдыңыз?
- Жолдошум бир гана моралдык жактан колдоп турду. Бир күнү машыктыруучу залга ээрчитип барсам, "Ушинтип машыгасыңарбы" деп жүрөгү түшүп калды. Катуу жыгылганда да колуна көтөрүп жүрдү.
- Ал чыгармачыл чөйрөдөнбү?
- Ооба. Кесиби классик-музыкант. Улуттук Консерваторияда педогог болуп иштейт. Опера-балет театрынын оркестинде гобой музыкалык аспабында ойнойт. Экөөбүз 19 жашыбызда таанышып, баш кошконбуз. Улан аттуу 15 жашта уулубуз, 3 жаштагы Айкен аттуу кызыбыз бар. Кайын сиңдим Жылдызайды дагы 2, 5 жашында багып алганбыз. Азыр жашы 18де. Мени мама дейт. Ошондо биздин үч балабыз бар десем болот.
- Продюсердик ишиңизди дагы улантасызбы? Аида Кулуева менен болгон нааразычылыктан кийин ырчылардан көңүлүңүз калган жокпу дегеним?
- Мен 5 ай Циркте машыгып жүрүп, Аида Кулуева менен байланышымды үзүп алдым. Анын айтуусунда ал мага жөн гана эркелеп, кеңешпестен менин уруксатымсыз башка ырчылар менен чогуу ыр жаздыртып алган имиш. Мен Аиданын талантын таптап, ал үчүн эмнени гана кылбадым. Продюсерлер клибин тарттырып, фото сессиясын уюштуруп, концертин уюштуруп, формасын тиктирип баарын кылабыз. А ырчылар мындайча айтканда ырдагандан башка эч нерсе кылышпайт (продюсери бар ырчылар). Анан даяр нанды жеп жүрүп, ошону да кесир кылып кеткендей болду. Эми үзүрүн көрөм деп жатканда, эмгекти баалабай койсо жаман эле болосуң да. Чынын айтсам, жалкып калдым. Бирок, менин продюсерлик ишим бир гана Аида Кулуева менен чектелип калбайт. Эрмек деген ырчы бала башында менде жүрүп жашоо-шартына байланыштуу Кытайга кетип калган. Эми кайрадан бирге иштешели деп жатабыз. Мага продюсер болуп бериңиз деп 4-5 айлап күтүп жүргөндөр канча.
Эльмира Мадиева