Кытай ашканасы
Ашказан кытай ашканасына тартабы?
Барган сайын Бишкек шаарынын булуң-бурчунда кытай кафелери көбөйө баштады. Бул ашкананы жактырган гурмандар да көбөйдү окшойт. Тамактын көп түрдүүлүгү менен өзүнө тартууда. Анын үстүндө берилген тамак-аш шаардыктардын капчыгына ордук келтирбейт. 4-6 же 8 адамга ылайкталганы менен утууда. Эгер башка кафелерге кирсе 8 адамга бир топ акча кетет. Бирок алардын тамак-ашы биздин ден-соолукка кандай таасир берет деген маселе бар. Аталган ашкананын тамактарынын дээрлиги ачуу, майлуу, куурума. Боор, өт бөйрөк жана башка органдарга ачуу тамактар терс таасир тийгизет да.

Азимбек Бекназаров:
- Чыгыш ашканасына кызыкпайм. Мага кыргыздын эле ашканасы жагат. Беш бармак, кымыз, бозо дегендей. Кытай, жапон ашканасына барбайм. Ал жакка табит тартпайт.

Искендер Гаипкулов:
- Мен тамакты ылгабайм. Негизгиси даамдуу жасалса, сапаттуу болсо болду. Кытай ашканасынын да өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Алардын тамак жасоо маданияты жагат.

Айчүрөк Иманалиева:
- Кытай ашканасында ассортимент көп. Кытай ашканасы дүйнө жүзүндө жогору бааланат. Кайсы өлкөгө барба, конок сыйлоодо кытай ашканасын тандашат. Мунун өзү эле көп нерсени айтып турат. Бирок бир жагы кафелери кир, тазалыкка маани беришпейт, ошол жагы мени иренжитет.

Съездбек Искеналиев:
- Кытай ашканасы аябай жагат. Өзгөчө тамактарынын ачуулуугу. Жашылча-жемиштер өтө куурулбаганы менен өзүнө тартат.
Мүмкүнчүлүк, убакыт болгондо кытай ашканасына барып, даам сызып калам.

Замир Арыкбаев:
- Кытай ашканасы мага абдан жагат.Чыгыш ашканасы азыр Батышты да багындырып жатпайбы. Кыргыздар да аталган ашканага тартылып баратканы байкалууда.
Даярдаган
Жеңишкүл Шабданбекова

Фань и цай - деление пищи на основную и дополнительную, как бы харч и припавок.
Хуйго жоу - буквально "мясо из мусульманского котла" (пекинское блюдо)
Ланцы цзидин - куриные грудки с зеленым перцем и орехами
Дунсунь жоусы - говядина с луком и ростками бамбука.
Юйсян жоусы - букваольно "мясные нити с рыбным ароматом"- острое сычуаньское блюдо.
Цзюйхуа танцу юй - хризантемовый карп в кисло-сладком соусе
Хуншао гуй юй - рыба в соевом соусе с имбирем и луком
Танжу жоу - кисло сладкая свинина с ананасом
Лунхудоу - буквально "битва тигра с драконом" - кантонское блюдо из кобры кошки
Бэйзин каоя - пекинская утка
Сянсу цзи - подсуженная ароматная курица по-сычуаньски
Сяжень гоба - рисовая корка под соусом из креветок
Готье - жареные племени
Чжацай тан - остро-кислый суп.