кабарлар

Саясат аптасы
Б.Жээнбеков кимдин курмандыгы болду?
Гезит майданында, тактап айтканда "Ачык саясат" гезитинде да бүдөмүк саясат башталды окшойт. Баш жолунда аталган гезит Ташболот Балтабаевдин баласы Нурлан Балтабаевдин гезити болгон. Саясаттын ысык-суугунда калган Бабырбек Жээнбеков гезит ээси менен 3 жылга ич ара келишим түзүп, гезиттин төрт жагындагы башын бошотуп алган экен. Айтор, шайлоодогу позициялардан улам гезит ээлери жана дагы ортодогу билермандар Жээнбековду редакторлуктан буйруктун негизинде алып, анын ордуна Жээнбековдун орун басары Момбековду дайындашкан. Эми бу да ич ара макулдашуулардан болуп олтурат да. "Келишим боюнча гезит ээси аталган гезитке 3 жылга чейин кийлигишпеш керек, менин редакторлуктан алынышым мыйзамсыз" деп Бабырбек мырза район аралык сотко кайрылып олтурат. Ал эми Б.Жээнбековдун ордуна редактор болгон. Р.Момбековду раймилиция камакка алыптыр.
Эми Балтабаев Баткенде Атамбаев деп иштеп жатса, Бабырбек Жээнбеков Сариевди колдоо маанайдагы позициясын билдирсе, оппозицияда чагылган түшүп кетсе керек. Ал эми түн катып компьютерден жоголгон материалдардын артында кимдер турганын жакын арада орган кызматкерлери казып чыгышат го. Ичтен чыккан ийри жылан болду го. Сыягы "Ачык саясаттагы" ачык согуш...

Шайлоодо элдин көп добушун эки талапкер алышы мүмкүн
Саясат тануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде алдыда боло турган президенттик шайлоодо элдин көпчүлүгү К. Бакиев менен А. Атамбаевге добуш бериши мүмкүн. Анткени, бул эки талапкердин Россиядан окуп билим алгандыгында жана мурда-кийин бирге иштешип, туруктуу позициясы бар экендигинде. "Ошондой болсо да Камбар-Ата долбоору жана Орусиядан алынган акча менен Бакиевдин аброю элдин жакынкы эс тутумунда түзүк эле отурукташып калды", - дейт Токтогул Какчекеев.

"Асаба" экиге бөлүндү
"Асаба" партиясынын лидери Советбек Жамалдиновду жактаган партиянын Ордо кеңеши кечээ жыйын өткөрүп, анда президенттик шайлоодо Темир Сариевдин талапкерлигин жактоо тууралуу чечим кабыл алышты. Ал эми экинчи тарабы ага удаа эле Курултай чакырып, анда Советбек Жамалдиновду "аракетсиздиги үчүн" партия төрагалыгынан алып, анын ордуна Салмоорбек Дыйкановду партиянын башчылыгына шайлашты. Ошондой эле Курултайда "Асабанын" мурдагы төрагасы Азимбек Бекназаровго "партиянын ардактуу мүчөсү" деген наам берүү тууралуу токтом кабыл алынды. Ал эми партиянын Ордо кеңеши Курултайды тааныбай тургандыгын билдирүүдө.

Ак-Жар конушунда жарык, суу сурагандар көчөгө чыгышты
Аламүдүн районунун акиминин орун басары Марат Кутановдун тараткан маалыматтарына караганда Бишкек шаарындагы "Дордой" базарына жакын жайгашкан Ак-Жар конушу учурда ишкер Арсланбек Малиевке таандык. А. Малиев аталган конуш орун алган 128 гектар жерди өздөштүрүп, 1999-жылы менчикке өткөргөн.
2005-жылы бул жерди базарда иштеген адамдар басып алуу жолу менен ээлеп алышкан. 2008-жылы Аламүдүн райондук акимчилиги сотко кайрылып, Арсланбек Малиевден Ак-Жар конушу турган жерди кайтарып алуу аракетин көрүшкөн. Район аралык сот былтыр бул ишти карап, Малиевдин пайдасына чечип берген. Учурда Аламүдүн райондук акимчилиги менчикке өтүп кеткен жерди кайтарып алуу үчүн Жогорку Сотко аппеляциялык арыз менен кайрылганы жатат.
17-июнь күнү Ак-Жар конушунун 100дөн ашуун тургуну Ташкент-Алматы кан жолун тосуу аракетин көрүшкөн. Алардын талабы жаңы конушту электр жарыгы, суу менен камсыздап, турак үйлөрдү каттоо иштерин иретке келтирүү болгон.

"Камбар-Ата - 2 ГЭСи" ачык акционердик коому түзүлгөнү жатат
Мындай маалыматты 17-июнь күнү "Ак жол" фракциясынын отурумунда Отун, энергетика, өнөр жай ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев билдирди. Бул чечимди кыргыз өкмөтү Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун аяктоо үчүн инвестиция тартуу максатында кабыл алды. Ишкананы түзүүчүлөр катары Кыргыз өкмөтү, "Электр станциялар" ишканасы саналат, мындан тышкары ишкананын үлүшү аныкталат. Ишкананын уставдык капиталы 3 млрд. 285 сом болуп, анын 2 млрд. 950 млн. сому республикалык бюджеттен, калганы курулушка чегерилген дивиденттердин мамлекеттик үлүшүнүн эсебинен берилет. Фракция бүгүн жаңы түзүлүп аткан ишкананы түзүүчүлөрдүн уставдык капиталга киргизген акылары жөнүндөгү токтом долбоорун талкуулады.

Москвада кыргыздар соода борборун ачышты
14-июн күнү Москвда кыргыздардын бизнесине шарт түзгөн Обосканов Сардарбек деген мырзанын демилгеси менен "Кыргызстан" аттуу соода борбору ачылды. Аталган борбордун ачылышына Кыргызстандан вице-премьер министри Өмүрбек Бабанов, эконикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров, ЖКнын депутаты Ибрагим Жунусов жана ишкер Райхан Алканов ошондой эле Бишкек шаарынын экс-мэри Барис Силаевдер катышышты. Президент Курманбек Бакиев кыргыздар тарабынан жасалып жаткан иш-аракеттерге ыраазы болуп, кыргыз жана орус бизнесмендерине саат белек кылгандыгын атайын барган өкүлдөр билдиришти.
Аталган салтанатка Москвада жашаган 7 миңден ашык кыргыз келди. Боз үй тигилип, боорсок жасалып, эркин күрөш болуп, кыргыздын салт-санаасы көрсөтүлдү. Аталган соода борбору бир эле соода менен чектелбестен, Москвадагы кыргыздарга ар тараптуу жардамдар көрсөтөөрү дагы айтылды. Алсак, ошол эле күнү "Дарыгер" деген медициналык борбор ачылды. Ошондой эле Москвадагы эмгек мигранттары туугандарына акча жөнөткөндө кыйналбасын деп "Юнистрим" деген банк ачылып, сом Кыргызстандагы курс боюнча иштелип жатат. Ошондой эле эмгек мигранттарынын жумушка орношушуна да кам көрүлүп, Кыргызстан-Москва каттамындагы билеттин баасы дагы Кыргызстандыктар үчүн арзан болмокчу.

Мотуев соттошмокчу
Шайлоонун саясий оюндары жаңыдан ысый баштаган жай аптасындай башталды. Шыбамай башталганда калем курчуп, Нурлан мырзанын куйругун баскан "Аалам", "Пресс kg" гезиттериндеги материалдарды муздатпай сотко бериптир. Аламчыларды 5 млн. сомго, прессчилерди 2 млнго сомго бериптир.

Жумгал районун соту 5 жылга соттолду
УКМКнын билдирүүсүнө таянсак, А. Аскалиев 2008-жылдын 17-сентябрында Чаек айылынын тургунуНуриса Айтбаевадан 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Соттук териштирүүлөрдөн соң Нарын шаардык соту аны 5 жылга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөөгө чечим чыгарды.

"Спартактагы" окуяны эми АФК талкууга алат
10-14-июнда Бишкектин "Спартак" стадионунда болгон футболдук оюндар учурундагы инцидентке байланыштуу Азия футбол конфедерациясы 25-июнь күнү атайын жыйналыш чакырганы турат.
Футболдук матчтын комиссарынын отчетуна таянсак, 10-июнь күнү "Дордой-Динамо" футболдук командасынын эки күйөрманы коопсуздук кызматынын аракетсиздигинен улам желек көтөрүп, тыюу салынган ортого чыга калышкан. Ошондой эле 12-июндагы камбоджийлик "Пномпень Краун" менен жергиликтүү "Дордой-Динамонун" беттеши учурунда футболдук талаага көрүүчүлөр тарабынан эки бутылка ыргытылган.
Бул инциденттер Дициплинардык Комитет тарабынан кылдаттык менен караалары айтылууда. Анткени, ал учурда оюнчулар жабыркашы мүмкүн болгон.
Не дейли кино, концерттерде тынч олтура албаган кыргыз күйөрмандары футбол учурунда таптакыр эле өздөрүн кармана алышпагандыгы өкүндүрөт.

Саясат аптасы
Социалчы саясий лидер Бакыт Бешимов кечээ жакында Консотко президент Курманбек Бакиев партиялык ишмердүүлүгүн уланта алабы, жокпу деген маселе боюнча кайрылышы турасында коомчулукта ачакей пикирлер жаралууда. Буга чейин аталган партиянын лидери президент жалпы Баш мыйзам боюнча элдин ынтымагынын символу болуп жазылып турса да, бир эле партиянын кызыкчылыгы үчүн иш жүргүзүп жатат деп Башкы прокуратурага кайрылышкан. Прокуратура тийиштүү жооп бербегенден экинчи ирет Консотко кайрылышты.
Ал эми "Ак жол" партиясынын төрага орун басары Т.Орозалиев Курманбек Бакиев партиянын төрагасы милдетин 2007-жылы декбрда төрага болуп шайланары менен эле кайра токтотуп,милдетин орун басарын өткөрүп берген деп билдирди. Мындан тышкары "Баш мыйзамга ылайык ал төрага катары милдетин түздөн түз аткарбайт. Ошол эле мезгилде партиянын лидери катары кала берет" деген пикирди да айтты.
Президентикке талапкерлер арасында теңчиликти камсыз кылуу үчүн шайлоо убагында президент ыйгарым укуктарын убактылуу өткөрүп бериш керек деген талап менен Бешимов жана укук коргоочу айым Азиза Абдырасулова Консонко арыз жолдошкон. Аталган арызды Консот жакын арада өндүрүшкө алар албасы билинет.Депутат З.Курмановдун пикиринде Президентик милдетти өткөрбөй туруп кайра шайлоого катышуу эл аралык нормага кирген деп белгиледи. Айтор, өөн издегендер да, өөн издебегендер да бар.