парапсихологдун бурчу

Лариса Асанбекова, академик, профессор, эниоинженер
"Өзүмдү тапкан жол" китебинен
Кара магия. Кайгылуу окуя. Бумеранг.
Мен Уренгойго келээрим менен Алла мага телефон чалып, жолугушууга убакыт белгиледик. Эшикти ачып, көргөн көзүмө ишене албай турдум. Мен көргөндө Алланын арыктатуучу сеанстан кийинки салмагы 75 киллограмм болчу. Азыр 58 киллограмм болуп калыптыр. Жакын адамын жоготуу кандай оор экенин айтпаса да белгилүү болуп турду. Алла күйөөсүн кандай болуп өлгөнүн, үйүнө келип далай жакшылыгын көрүп жүргөн эле тааныш аялдын күйөөсү өлтүргөнүн ыйлап-сыктап айтып берип жатып, бир нерсе эсине түшкөндөй мени карап калды да, "Сен биринчи жолу Новый-Уренгойго келгенде Советский кичирайонунда кабыл алчу белең?"- деп сурап калды. Ооба деп жооп берээрим менен "Мен сенин кабыл алууңда болгом, ошондо төрт курбу кыздарды ээрчип сага кызыкчылык үчүн эле баргам. Курбуларымдын баарына туура айтып, мага келгенде "үйүңөр таза эмес, дагы бир балалуу болосуң, үйүңөрдү кара энергиядан тазалатышыңар керек экен, болбосо күйөөң менен келечегиң жок" деп айткансың. Ал кезде жаңы үйлөнүп, уруш-талаш жок, ажырашууга эч кандай түрткү да, ой да жок, эң бактылуу учурубуз болчу. Анын үстүнө "үйүңөр таза эмес" деген сөздү үйдү кир кармаган аял сыяктуу өзүмө кабыл алып, сени ошондо аябай жаман көргөм.
1-Майда биздин үйгө келип, үйдүн энергиясы жөнүндө дагы айтсаң да кулагымдын сыртынан кетиргем. Көп жыл өткөндүктөн мен деле сени тааныбай калыптырмын, а сен болсо мага окшогондор күндө толтура келсе, бир көргөн мени кайдан таанымак элең деп арманын айтып, Алла ыйлап, күйөөсүн өлтүргөн адамдын аялы менен кандайча таанышканын айтып кирди. Ошондо "үйүңөр таза эмес" деген сенин сөзүңө аябай жиним келип, газетадагы кулактандыруу боюнча дагы бир аялга бардым. Чындыгында ал аялды көргөндө эле жактырган жокмун, үйү ирээтсиз чачылган, өзү кир, айрык халат кийген аялдын түрүн көргөндө эле кеткиче шашып, айткандары кулагымдын сыртынан кетип, кетүүгө камынып бөлмөдөн чыгып баратсам, артымдан ээрчип кошо чыкты. "Токто, күйөөңдү өлүм күтүп турат"-деп айткан сөзү башка чапкандай эле кылды. Эмнеге анткенимди азыркыга чейин түшүнбөйм, кайра артка кайрылып келдим да, "Андай болсо сен жардам бересиң" дедим. Ал аял бир аз тайсалдай түшүп, "Менин колуман келбей калышы мүмкүн" деди. "Өлөөрүн сен көрүп жатасыңбы, эми өлүмдөн да сен сактайсың, сен кандайча жардам бере албайсың?" деп жаалданганымды көрүп, мени ар кандай сөздөр менен жооткотуп кирди. Кандайча кайра бөлмөсүнө кирип, кандайча кетээрде кучакташып коштошуп калдым ушул убакка чейин түшүнбөйм. Көрсө, кийин күйөөмдүн жанын ала турган жан алгычтарды ошондо өзүм үйгө алып келиптирмин деп Алла ыйлап да, сүйлөп да жатты. Алланын сөзүн угуп жатып, көз алдыман Зульфиянын элеси кетпей койгондуктан, "Ал аялдын аты Зульфия эмеспи?-деп сурадым. "Ооба, Зульфия, сен аны тааныйсыңбы?" деди таң калган Алла көз жашын сүртүп. "Тааныйм, тилекке каршы, ал менин окуучум болчу" дедим. Алла оор үшкүрүнүп сөзүн кайра улады. Мен аны үйдү кара энергиядан тазалап бер деп өзүм үйгө чакырып келдим.
Ошол күндөн баштап ал менин үйүмдөн чыкпай калды. Ар кайсы шылтоону айтып келе берчү болду. Николайдын колу ачык, меймандос, анан менин каалоомо эч качан каршы болбогон, мүнөзү токтоо адам экенин өзүңөр деле көрбөдүңөрбү, ошондуктан Зульфиянын көп келгени жөнүндө унчукчу эмес. Зульфиянын ач көздүгүн, ичи тар көрө албастыгын, акча үчүн барды ишке даяр экенин байкагандан баштап кантип кутулаар айламды билбей жүрдүм. Бир күнү кеч болуп калган кезде телефон чалып, айтпастан күйөөсүн ээрчитип биздин үйгө кирип келишти. Күйөөм вахтадан келатат, коноор жерибиз жок, бир күн түнөп, эртең Башкирияга кетебиз дегенинен айла жок макул болдук. Зульфиянын күйөөсүн ошондо Николай экөөбүз тең биринчи көрүп, тааныштык.
Август айында Николай экөөбүз тең отпускага чыгып, менин туулган шаарым Краснодарга эс алууга кетмекпиз. Николайдын шаарда дагы үч күндүк иши болгондуктан мен балдарга (балдар каникулга чыгаары менен жөнөткөнбүз) бара берейин деп учуп кете бердим. Николай иштер бүтөөрү менен артымдан келмек болуп калып калды. Мен кетээрим менен каргашадай болуп Башкириядан Зульфия телефон чалып, вахтадан күйөөсү келээрин айтып бир күн силердикинде түнөгөнгө улуксаат бергиле деп сураныптыр. Николай "жок" дей албай макул болгон экен. Ал күнү Николай айлыгын алганы барганда тиги жан алгыч кошо барганын тергөөчүлөр банктын видео тасмасынан далилдеп чыгышты. Видео тасмадан тигинин акчаны ачкөздүк менен карап, Николайдын жанында турганы даана көрүнүп турат. Андан кийин супермаркетке киришип, тамак аш, бир бөтөлкө арак алгандары да видиотасмада бар экен. Мен эмнегедир көңүлүм чыдабай телефон чалсам үйдүн да, Николайдын соткасы да жооп бербегендиктен, курбума телефон чалып, үйгө барып келүүсүн өтүндүм. Курбума бир ачкычты атайын биз жокто гүлдөрдү сугарып туруш үчүн таштаганбыз. Курбум эртең менен саат тогуздарда үйгө келип, ачкыч менен ачайын десе эшик ачык экен дейт. Кире бериштеги кийимдерди илчү кичине бөлмөдөн Николайдын өлүгүн көрүп, коркуп кеткен курбум дароо милиция чакырыптыр (Бычак менен сайып өлтүргөн).
Столдун үстүндө тамак-аштар кандай коюлса ошол бойдон турганын, ачылган аракты экөө 50 граммдан бир гана жолу ичишкенин, үйдүн ичи эч кандай чачылбаганын көргөн тергөөчүлөр бул мастык менен болгон иш эмес дешти. Николай банктан алган акчадан башка үйдө да акча бар болчу, себеби гараж сатып алып, тең акчасын берелек болчубуз. Гараждын ээси башка шаардан атайын калган акчага келаткандыктан Николай ошол үчүн менден калып калган эле. Үйдөгү гана акча эмес, Николайдын чөнтөгүндө жада калса майда тыйын да жок болуп чыкты. Мен угаарым менен Краснодардан учуп келдим. Зульфиянын күйөөсүн Башкириядан кармап келишти. Себеби, Николай Зульфиянын күйөөсүнөн башка бир да адам менен жолуккан эмес. Зульфия мага телефон чалып, кечирим сурагандын оордуна үй салып жатканын айтып, "Күйөөмдү каматып койсоң ким мага жардам берет, арызыңды ал" десе болобу. Үч бала менен Николайдан айрылып, күйүттөн өлө албай турсам, "арызыңды ал, бары бир эч нерсе кыла албайсың, мен эмне кылсам да күйөөмдү чыгарып алам" деп, Зульфия жанымды кашайтты.
Ошондон баштап түшүнүксүз иштер болду, башынан тергеп жаткан тергөөчү авария болуп, иш башка тергөөчүгө өттү. Менин адвокатым эч нерсе түшүндүрбөстөн иштен баш тартты. Тергөөчүлөр ар кандай окуялардан кийин тез-тез алмашылып жатты. Мен Москвадан атактуу адвокат жалдаганыма карабай "Өлтүрдү деген далил жоктугунан, бошотулду" деп, Зульфиянын күйөөсүн бошотуп жиберишти. Кирбеген эшигим, барбаган адамым калган жок. Зульфия айткандай эч нерсе кылалбай койдум. Соттон айла болбогондон кийин айла жок акча төлөп, киллер жалдап болсо да Николайды өлтүргөн адамдан өч алгым келди. Бирок андай адам чыкпай койду -деп Алла мөлтүлдөп куюлган жашын сүртүп, катуу үшкүрүп, бир азга унчукпай кайра сөзүн улады. Ошондон бери ден соолугум начарлап кетти. Жүрөгүм ооруйт, уйкум жок, тамакка табитим, жашоого кызыкчылык жок. Үч баланы багыш үчүн айла жок жумушка барам. Күнү-түнү "Николайдын өчүн кантип алсам" деген ой мээмден чыкпайт. Врачтар жүрөгүң таза эле, кардиограммаң жакшы эле дейт. Жүрөгүм сайгылашып күндө ооруйт, балдар жок болсо өлгөнгө деле макул элем. Балдардын менден башка эч кимиси жок. Менин да ата-энем, Николайдын да ата-энеси эрте эле өлгөн. Балдар үчүн жашаш керек болуп жатат, мага жардам бер, сенин келишиңди аябай күттүм - деп Алла мага өтүнүчтүү карап калды.
Мен Аллага албетте, жардам бердим, бул үчүн биринчиден Алланы арбактын (күйөөсүнүн) таасиринен (некротический связь) бошотуш керек эле. Эгерде тирүү адам кайгыга батып, күнү-түнү арбак жөнүндө ойлонуп, күйүткө бата берсе арбак тирүү калган жакындарын кыялбай, тирүү адамдарга байланып, өз дүйнөсүнө кеталбай калат. Арбак өзүнө энергияны кайсы адамга байланса, ошол тирүү адамдан алгандыктан, тирүү адамдын энергиясы арбакка кете баштайт да, тирүү адамдын энергиясы азая баштайт. Энергия азайганда адамда ар кандай оорулар пайда болот, же болбосо адамга жашоо кызыксыз болуп, өлүмдөн башканы ойлобой калат. Бул арбакка да жаман болот. Себеби, арбак да өз дүйнөсүндө ар бир денеден жан энергиясын бошотуп, тазаланып, жогору көтөрүлүшү керек болсо, тирүү адамга байланган арбак анте албаганыктан жан энергиясы кыйналат. Экинчиден Алланы "кандай жол менен болсо да өч алуу" жөнүндөгү жаман ойдон арылтуу эле. Себеби, адам канчалык терс ойлорду ойлой берсе андан бешбетер ден-соолугу да, тагдыры да бузула баштайт. Терс ойлор, таарынычтар, ого бетер кара энергияны өзүнө чогултуп, адамдын денесиндеги (энергоденедеги) кара магиянын программасынын жакшы иштешине ого бетер жакшы шарт түзүп берет. Аллага ушуларды түшүндүрүп, Зульфияны да, күйөөсүн да кудайдын сотуна кое беришин сурандым. Себеби, жогорку күчтөр күнөөлүү адамды өздөрү таап, күнөөсүнө жараша жазалайт. Кудайдын жазасынан бир да адам эч качан кутулуп кете албайт. Бир нече сеанстан кийин Алла кадимкидей жакшы болуп кетти.
Ушул окуянын бары бир заматта көз алдыма тартылып, эми бышактап ыйлап да, сүйлөп да жаткан Зульфиянын сөзүнө көңүл бурдум.
"Лариса, кечир мени, устатым катары сенин сөзүңдү укпай, кара магияны колдонгонумдун акыры келип өзүмдүн түбүмө жетти. Мен акчага кызыктым, себеби кара магия адамга тез таасирин тийгизип, бирөөлөрдү башын айлантып же жазалаганда тез жыйынтыгын бергендиктен жана мага адамдар көп акча төлөгөндүктөн ошого кызыктым. Эки балам менен үйүм жок кыйналып жүргөндө күйөөм менен поездден таанышып калып, көп акча таап иштерин билгенде башын айлантып, үй-бүлөөсүнөн ажыраштырдым. Кара магиянын жардамы менен күйөөмдү мага өйдө карагыс, айтканымды эки кылбай аткара турган адам кылып алдым. Мага элдердин менден коркуп турганы жакчу. Башкирияга эки кабат үй салып жакында бүткөнбүз. Бирок, ал үй бизге буйрубады. Бардыгы менин кесепетимен болду. Мен азыр колум менен жасаганды мойнум менен тартып жатам. Мен гана күнөөлүүмүн барына, бирок күнөөмдү кеч түшүндүм. Мен күйөөмдөн да, эки баламдан да, үйүмдөн да айрылдым. Менин да ичээр суум түгөнүп баратат. Кечир мени, кечир кудай, кечир" деп Зульфия көз жашын төктү. Зульфия, сен менден эмес кудайдан, анан Алладан, Алланын балдарынан кечирим сура. А сенин үй-бүлөөң эмне болду?- дедим, Зульфияга суроолуу карап. Магиянын күчү менен күйөөм менин айтканымды жасаган адам болчу. Кандай жол менен болсо да акча таап келесиң деп күйөөмө программа коюп койгом. Алланын күйөөсүн өлтүргөнүн мага айткан жок, бирок чоң суммадагы акча алып келип, менин колума карматты.
Бир жумага жетпей милиция күйөөмдү кармап кетти. Мен акчаны көргөндө азгырылдым. Үйүбүз толук бүткөнгө жете турган акча экен. Кара магия менен тергөөчү, адвокаттардын башын айланттым эле, "жэтишээрлик далил жок" деп күйөөмдү бошотуп жиберишти. Үч-төрт ай мурун үйүбүз бүтүп, жашап жатканбыз. Газ жарылып, үйүбүз, эки балам менен күйөөм өртөнүп кетишти. Менин жасаган жаман иштерим үчүн кудай ушинтип жазалады. Күйүттөнбү же кудайдын жазасыбы, ошондон кийин врачтар мага рак деген диагноз коюшкан. Үч айдын ичинде киши тааныгыс болуп өзгөрдүм, жанымдын ооруп, кыйналганын сөз менен айтып жеткире албайм.
Мен Башкириядан туугандардан жолго акча сурап сенден, Алладан кечирим сураганы атайын келдим. Поездде келатып, кечирим сураганга жеткиче жашоо берегөр, күч берегөр деп кудайга жалынып келдим.
Мен магазинге кеткенде үй өрттөнүптүр, өрт өчүргүч келгенче эле баары күйүп кетти (Башкирияда үйлөр жыгачтан салынат). Өрт болуп жатканда жалындын ичинен Алла экөөңөрдүн элесиңерди көрүп, күнөөмдү дароо түшүндүм. (Зульфиянын үйү, мен Аллага сеанс өткөрүп жүргөн убакта өрттөнүптүр). Кечир мени, мага кечирим жок экенин түшүнөм, ошондой болсо да кечир деп Зульфия олтурган жеринен тура калып менин маңдайыма келип, тизелеп кечирим сурап, жалдырай тиктеди. Зульфия, күнөөңдү кеч болсо да түшүнгөнүң жакшы, кудай кечирсин, мен албетте кечирем, Алланы чакырайын, ошондон кечирим сура дедим. Аллага Зульфиянын келгенин айтпастан келип кетишин сурандым. Алланын иштеген иши мага жакын болгондуктан тез эле келип калды. Эшиктен кирип келип Зульфияны карап тааныган жок. Зульфия эми Алланын бутуна жыгылып кечирим сурады. Биринчи түшүнбөй барып, иштин чоо жайын, ким экенин түшүнгөн Алла жалдырап Зульфиядан көзүн албай бир саамга карап турду да, анан Зульфияны төшкө түртүп жиберип, кетенчиктей түшүп каткырып күлө баштады. Кудай, менин өчүмдү алып бергениңе ыраазымын, мени күйгүзгөндөр өздөрү күйүп өлүптүр, ыраазымын, кудай, миң ырахмат!- деп Алла сүйлөп да, күлүп да жатты. Бири кудайдан кечирим сурап, бири ырахматын айтып жаткан Алла менен Зульфияны эптеп эстерине келтирдим. Алла, Зульфияны табалагандын кереги жок, кудайдын соту адамдын сотунан күчтүү, ар бир адамдын күнөөсү жазасыз калбайт, "алдыңа келсе атаңдын кунун кеч" деген, азыр кечире албасаң да шылдыңдаба, кудай өзү таразаласын деп айтсам, Алла эсине келе калып, жараткан мени кечирегөр, сага ыраазымын. Лариса, сага да ыраазымын, үстүмөн чоң жүк кулап түшкөндөй жеңилдеп калдым. А сени кудай кечирсин, Зульфия, жакшы эле жазаланыптырсың, кеч болсо да өз күнөөңдү сезгениңе ырахмат, башка айтаар сөзүм жок деп Алла чыгып кетти. Зульфия кеткенден кийин, жогорку күчтөргө миң мертебе ыраазычылык билдирип, ибадат кылдым.
Ошондон эки жума өтпөй Зульфиянын каза болгонун капысынан тааныштардан угуп калдым (капыстык эч качан болбойт). Жаткан жериң жайлуу болсун дегенден башка айтаар сөзүм жок. Ушуларды ойлоп олтуруп, Бишкекте да бир-эки окуучум диплом алгандан кийин мурунку адаттарына түшүп кара күчтөргө "жетеленип" кеткендиктерин угуп калып жүргөнүмдү эстедим. Адамдын өзүнүн ички энергиясы таза болбосо, бирөөнүн акылы бирөөгө акыл болбойт окшойт. Жараткан менден кеткен күнөө болсо кечир мени, балким аларга кара энергиянын кесепетин жеткиликтүү түшүндүрө албай калгандырмын... Кандай болсо да жараткан өзүң таразала, жан дүйнөлөрүнө жарык нуруң чачып, азгырыктардан арачала. Жаратканга, жогорку космостук күчтөргө мени жамандыктан коргоп, жакшылыкта колдоп турганыңар үчүн чексиз ыраазымын! Жердеги устаттарыма, жана мага жардам берип турган, космостук коргоочу улуу күчтөргө жана мага адилетсиз жамандык жасаган адамдарды жазалоочу күчтөргө чексиз ыраазычылык бидирем!
Космостун бумеранг мыйзамы так иштээрине дагы бир ирээт күбө болуп, ар бир адамды кара күчтөрдөн, азгырыктан сакта деп сурангандан башка айла жок. Себеби, ар бир адам өз тагдырын өз колу менен жасайт.