"Секретин" ачкысы келбеген Бураш
Белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын кызы, белгилүү эстрада ырчысы Максат Бегалиевдин балдызы Бураш шоу-бизнеске аттанды. Жакында ал өзүнүн сахналаш эже-агаларын, журналисттерди "Сүйүү бары" кафе-барына чакырып, "Там где ты, где любовь" аттуу орусча аталыштагы ырына тартылган клибинин бет-ачаар аземин өткөрдү. Клип келгендердин баарына жакты окшойт, бүткүчө алакан чаап отурушту. Клиптин мазмуну - баягы эле бүтпөгөн сүйүү темасы - күтүү, таарынуу, сагынуу… Ырдын музыкасын Азамат Такырбашев, сөзүн Медер Турсуналиев деген таланттуу балдар жазышкан. Бет ачаарга келген коноктор Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев, Айя Садырова, Азат Болотбек, Анжелика, Урмат Үсөнов, Бакыт Байсариев жаңыдан талпынып келаткан талант Бурашка чыгармачылыктагы кең келечекти каалашты.

- Бураш бул өзүңдүн ысымың эмес да?
- Мага бул суроо менен көбү кайрылышты. Бирок, сыр болсун деп эч кимге айтпай жатам.
- А жашың канчада?
- Аны дагы жашырып коюну туура көрүп жатам.
- Шоу-бизнеске өз күчүң менен кирдиңби же буга апаңдын, жездеңдин жардамына муктаж болдуңбу?
- Мен кичине кезимден эле музыкага абдан жакын болчумун. Үйдө ырдамайынча тура алчу эмесмин. Ата-энем менин шыгымды байкап гениалдуу музыкант Талгар Жакшылыковго алып барышкан. Азыр мен агайдан вокал боюнча сабак алып жаткан мезгилим. Мен шоу-бизнеске аралашыма жездемдин жардамы тийди. Ал кайсы жерде, кандай маселе болбосун мени колдоп жатат. Ал эми апам болсо Токтайым Үмөталиева катары эмес, эне катары жардамын аяган жок. Учурдан пайдаланып ата-энеме, жездеме рахмат айтып кетсем...
- Алдыда пландаган кандай иштериң бар?
- Буюрса, биринчи альбомумду чыгарып күйөрмандарыма тартуулап, ошондой эле жеке концертимди уюштурсамбы деп жатам.
- Репертуарыңда канча ыр бар? Жеке концертке али эрте эмеспи?
- Эки кыргызча, төрт орусча ырым бар. "Не доступная", "Если нет тебя", "Там где ты, где любовь", "Ак сүйүүм", "Не твое". "Болсоңчу мага табылга" аттуу ырымдын сөзүн Калбүбү таенем жазган. Мен ушул бет-ачаар аземди таэнемдин элесине арнайм десем да болот, ал быйыл 80 жаш курагында жарык дүйнөдөн кеткен. Таенем мага көп тарбиясын берди. Апам үйдө көп болбогондуктан, үйдө, жаныбызда дайыма таенем болоор эле.
- Үйдө канчанчы кызсың?
- Үч кыздын кичүүсү, эркесимин. Эң улуу эжем Миргүл ЖОЖдордун биринде окуйт. Андан кийинки Назгүл эжем Максат жездемдин жубайы. Ал бала менен үйдө. Андан кийин мен. Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип жатам. Анткени ойлогон максаттарымдын бири, экинчи ырыма клип тарттырдым. Бирок, бул клип жалгыз өзүмдүн күчүм менен бүттү десем болбойт. Мага жардамга келген, менин эркелигиме чыдаган оператор, режиссер, артисттерге чоң рахмат айтам.





Жылдыздар циркач болушуп…

Гран-прини ким алат?
Жанетабы, Аскатпы же Анжеликабы?
Кыргыз цирки менен КТРдин ортосунда жаралган "Жылдыздар манежде" теле долбоорунун бүгүнкү күндө 2 туру ийгиликтүү аяктап, жыйынтыктоочу туру 20-июнда цирк имаратында көрөрмандарга тартууланганы турат. "Аюуну деле, итти деле үйрөтсө болот экен, адамдарды неге болбосун" деп долбоордун авторлору Кадырбек Тажиев менен Эльмира Тезекбаева белгилүү адамдарга кастинг жарыялап бул дорбоорду баштап, мына бүгүн бул долбоор ишке ашып отурат. Кастингге алгачкы күнү 53 каалоочу келип, анын 36сы жалпы машыгуудан өтүшкөн. Алардын ичинен 9у суурулуп чыгып, финалга чейин жетип отурушат. Долбоордун авторлору, алып баруучусу жана алдыңкы орунда келаткан гран-приге талапкерлер Жанета жана Анжелика менен ой бөлүштүк.

Эльмира Тезекбаева:
- Долбоор бүгүнкү күндө элге позитивдүү көз карашты жаратып жатат. Көррөрмандар тарабынан абдан жакшы кабыл алынды десек болот. Бирок, элге көрсөтүүгө даярданганга чейин канча деген кыынчылыкты башыбыздан кечирдик. Демөөрчү издеп мен кыйын деген дегендердин баарына кат менен кайрылдык, тилекке каршы искусствону, маданиятты көтөрөлү деген жигиттерибиз калбай калыптыр. Эч бир жардамдарын көрө алган жокпуз. Ушул жерден бир гана Мелис Асаналиевич менен Цирктин жетекчилиги жана жамааты чуркап жүрдүк.
- Көрүнүктүү адамдарды чогултуп бул долбоорду ишке ашырдык деп жатасыңар. Бирок карап отурсак көбү искусство адамдары экен. А эмне үчүн коомдук ишмер, саясатчы, депутаттарды тарта алган жоксуңар?
- Ошо чоңдор шылдыңдашпадыбы. Текебаев, Мадумаров катышабыз деп агайга айтышыптыр, кана катышам десе жок демек белек. Биз долбоорду ошолор үчүн ачтык да. "Ала-Тоо" маалымат программасынын алып баруучу кыздарына канча айттым. "Катышып койгулачы" деп мындайча айтканда жалдырадым. Азыр болсо "Экинчи кастинг жарыялагыла катышабыз" деп калышыптыр. Жаңы башталганда тоскоолдуктар көп болду деп айтпадымбы, ишенбегендер болду, шылдыңдагандар болду. Ушуларды угуп отуруп бир чети намыстандык дагы катуу кириштик. Качан гана биз биринчи турду көрсөткөндөн кийин гана, ошо шылдыңдагандардын ооздору жап болду. Кээ бир жылдыздар келип, аттарын атабай эле койойун, "ушул талапкерлер бизге тең эмес" дегендей да мамиле кылышкан. Бирок, 9 талапкер колунан бир нерсе келээрин аларга далилдешти. Булар болбосо биздин долбоор ишке ашат беле жок беле ким билет? Эми болсо ошолор эле мени жазып коюңузчу деп чуркап жүрүшөт.
Клара Тажиева:
- Долбоордун дагы бир башкы максаты кыргыз циркинин беделин көтөрүү эле. Россияда "Цирк со звездами" долбооруна мамлекет миллиондогон акча каражатын бөлүп берген. Ал эми биз мындайча айтканда жоктон барды жараттык. Кээ бир номерлерибиз керек болсо орустардыкынан алда канча алдыда экенин байкадык. Негизи цирк артисттери сөзгө жок болот. Бирок, кылган иши менен ким экенин дайыма далилдеп келишет. Азыр искусство адамдарын машыктырып, даярдап, цирктин аренасына алып чыгып жаткан кадр артындагы машыктыруучулардын эмгегин дагы баса белгилеп кетким келет. Көрөрмандар "Телевизордон көрдүк" деп мактап чалгандар көп болуп жатат. Бирок телевизор менен цирктин өзүнө барып көрсөң асман жердей.
- Анжелика, эгер 100 миң сом гран-прини утуп алсаң, эмнеге жумшамак элең?
Анжелика:
- Эгерде мен 100 миң сомду утуп алган болсом ар бир катышуучуга, машыктыруучуларга, уюштуруучуларга бөлүп берип баарын ыраазы кылмакмын да ыраазы кылмакмын. Бирок, менин максатым баш байгени утуп алыш эмес. Искусство адамы болгондон кийин театрдан, кинодон, цирктен дагы өзүңдү сынап көрсөң ашыкча болбойт деп ойлойм. Мен кичинекей кезимде балерина же гимнастка болгум келчү. Азыр аз да болсо тилегим орундалып кыялымдагы кесибим менен алектенип жатам десем болот.
- Кандай кыйынчылыктарды башыңдан өткөрдүң?
- Кыйынчылыктар биринчи күндөн баштап эле болуп жатат. Чекемдеги "шрам" цирктен калган эстелик болот болуш керек (күлүп). Бирок, катышуучулардын баарында "ойносом" деген каалоо күчтүүлүк кылат экен. Эч кимибиздин жүзүбүздөн чарчоо байкалбайт. Жаңы келгенде кандай каалоо менен келсек, ошол каалоо азыр деле өчө элек.
Эльмира Тезекбаева:
- " КТРде реформа болсун, элге жакын болгула, элге жакын долбоорлорду алып чыккыла" деп жетекчилик айтып жатышкандан кийин, элге бир жакшынакай экзотика тартуулагыбыз келген. Анан кыялыбыз орундалып эң башкысы элге жакты.
- Жанета, жакында Италияга да жөнөгөн жатыптырсың. Эки балаң, цирк, конкурска даярдык… Кантип жетишип жатасың?
- Бир баламды окууга, бир баламды бакчага алып барыш керек. Циркте эртең мененкитсин 3 саат, кечкисин 3 саат даярданып, андан тышкары репитиция кылып болгон энергиямды чачып жатам. Адам жетишем десе, турмуш кыстаса айла жок жетишет экенсиң.
- Калыстар тобунун төрагасы Мелис Эшимканов Жанетага жан тартып турат деген сөздөрдү угуп калдык…
- Мындай сөздү мен өзүм дагы угуп калдым. "Калыстарды кайнатасы сатып алыптыр" деп чыгарып алышыптыр. Мындай ушакты көрө албагандар эле чыгарып жатышса керек. Кайнатам дагы угуп алып "Катышпай эле кой, андан көрө Италияга даярдан" деп канча айтканына карабай, өжөрлөнүп кайнатам менен, Денис менен урушуп жатып финалга жеттим.

Эльмира Тезекбаева:
- Мага да Юра байке келиптир "ушундай сөз болуп жатыптыр, Жанетаны алып кетем" деп. Мен "Эл эмне десе ошо дешсин. Алып кеткенде биринчиден, өзүңүз уят болосуз, экинчиден Жанета менен ойлоп жаткан пландарыбыздын баары өлөт" деп айттым. Буюрса, Жанета Италиядан келгенден кийин жеке концертин цирктин артисттери менен бирге уюштуралы деп жатабыз.
- Жанета, циркте номер аткарган жеңил бекен же сахнада ырдаганбы?
- ОРТнын долбоорлорун көрүп калганда "Бизде да ушундай кызыктуу шоу-программалар болсо сөзсүз катышам" деп ойлоп койчумун. Циркте машыккандын пайдасынан зыянын көргөн жокмун. (күлүп) 8 кг арыктадым, күч топтодум. А бирок ырдаганга салыштырмалуу циркте трюктарды көрсөткөн бир топ эле татаал экен.
- Бийиктиктен корккон жоксуңарбы?
- Мен негизи бийиктиктен аябай коркчумун. Бирок өжөрлөнүп жатып ошол коркунучту жеңип алдым. Номеримди ийгиликтүү көрсөтүп бүткөндөн кийин Денис күлүп "Асманга учканда жок дегенде балдарды биртке ойлондуңбу. Сен мага тирүү керексиң" деп жатпайбы.
- Гран-приге кимиси көбүрөөк упай топтоп жатат. Биздин билишибизче Аскат Эрбаев (Жоробек) көрөрмандардын смс аркылуу келген добуштарына абдан көп ээ болуп келатат…
- Ким алаары али белгисиз. Гран-при деген буйруктан. "Баракелде-е" көрсөтүүсүндө деле жети инструментте ойногон кыз утат деп ойлогонбуз. Бирок, аягында дудук кыздарга берилип калбадыбы. Муну эч ким күткөн эмес. Ошол сыяктуу эле балким бул алдыңкы орунда келаткан үч кандидат (Аскат, Жанета, Анжелика) тең байгеге илинбей калып, Назик же Назира алып кетет. Ким билет?
Клара Тажиева:
- 23-июнда Астанага жөнөгөн жатабыз. Ал жактан "Жылдыздар манежде" долбоорун казак жергесине тартуулаганды сүйлөшүп келебиз.
Эльмира Мадиева