102:

Крим-кырдаал
Кылмыштуу топтун бир эле мүчөсү кармалды
Кыргызстанда укук коргоо органдары көптөн бери кытайлык ишкерлерден күч колдонуп акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топту колго түшүрүштү. Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынын берген маалыматына караганда 15-июнь күнү ИИМдин башкы тергөө жана аймактар аралык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан Ош областындагы Кара-Суу базарындагы кытай ишкерлеринен күч менен акча алып жаткан фактынын бетин ачышкан. Укук коргоо кызматкерлеринин айтымына караганда бул кылмыштуу топ 2008-жылы күздөн баштап 2009-жылдын март айына чейин кытайлык фирмалар менен компаниялардын жетекчилерине телефон чалып, жолугушууга чакырып алган соң, Кытайдан келип жаткан ар бир жүк ташуучу унаалар үчүн 100 доллардан талап кылышкан.
Милиция кызматкерлери бул кылмыштуу топтун бир мүчөсүн кармашты, калгандарын издөө улантылып жатат.

М. Садыркулов боюнча соттук ишти кароо аягына чыга элек
Чүй областтык соту Аламүдүн райондук сотунун "13-марттагы жол кырсыгы" боюнча ишке карата чыгарган чечимин кайра карап чыга турган болду. Бул туурасында жабыр тарткан тараптын, тактап айтканда президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси маркум Медет Садыркуловдун жесиринин адвокаты Леонид Лужанский билдирди. Анын айткандарына караганда ишти кайра карап чыгууга жол кырсыгы боюнча тергөө иштери толук бүткөрүлбөгөндүгү себеп болгон. Эске сала кетсек 2009-жылы 13-мартта Бишкектен алыс эмес жолдон өрттөнүп кеткен "Ауди" жана "Лексус" машиналары табылган. Текшере келгенде "Лексустун" ичинен Медет Садыркулов, Сергей Слепченко жана Кубат Сулаймановдун күйүп кеткен сөөктөрү табылган. Тергөө коюп жаткан версия боюнча өрттүн чыгышына жана адамдардын набыт болушуна 24 жаштагы Өмүрбек Осмонов айдап келе жаткан "Ауди" машинасынын келип урунушу себеп болгон.
5-июнь күнү Аламүдүн райондук соту Ө. Осмоновду 12 жылга эркинен ажыратып, отурукташкан колонияда жазасын өтөөсү боюнча чечим чыгарган.

Кыргызстанда интернет көзөмөлгө алына баштайт
Кыргызстанда интернет-провайдерлердин деңгээлинде оперативдүү издөө иш чараларынын системасы орнотулуп жатат. Мындай маалыматты Прима-Новости агентствосу экстремалдык журналистика борборуна шилтеме кылып жарыялады. Мындай системадагы жабдыктарды Россияда "Новые технологии" ишканасы чыгарат жана ал баардык интернет трафикти көчүрүп алып, атайын жабдыкта сактайт. Мындан улам андагы маалыматтарды атайын кызматтар эч кандай сот, прокуратуранын көзөмөлү жок эле пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Белгилүү болгондой Кыргызстанда мына ушундай жабдык сатылып алынды, Россияда болсо бул жабдууну коопсуздук федералдык кызматы колдонуп жүрөт.

Баткендиктер да пара алганды билишет
Баткен областты боюнча финансы полиция кызматынын кызматкерлери Баткен мамлекеттик университетинин кызматкери мыйзамсыз акча талап кылып жаткан фактынын бетин ачышты. Бул туурасында аталган ведомствонун басма-сөз кызматы маалымдады. Аларга Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы гуманитардык-педагогикалык институтунун 5-курсунун студенти университеттин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Ж. У. 20 миң сом талап кылып жатканы боюнча арыз жазып кайрылган. Студенттин арызы боюнча кадрлар бөлүмүнүн башчысы мамлекеттик экзамендерге уруксат берүү жана бүтүрүүгө көмөктөшөм деп, акысына ушунча акча сураган.
Оперативдүү издөө иш чараларынын жүрүшүндө өзүнүн кабинетинде 12 миң сом пара алып жаткан жеринен Ж. У. колго түшүрүлдү. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Аз жерден "обменканы" карактап кете жаздашты
14-июнь күнү эртең менен Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан жеке менчик акча алмаштыруучу жайларлардын биринде бир нече жолу ок атылган. Укук коргоо ведомствосунан маалымдагандай акча алмаштыруучу жайга анын кожоюндары "Фольксваген" автомашинасы менен келип токтогондо "Макаров" тапанчасы менен куралданган белгисиз эки адам келип, акча талап кылышкан. Кол салууга каршылык көрсөтүү максатында машинада отургандар жел менен атылчу тапанчадан эскертүү ирээтинде асманга ок чыгарышкан. Мындайды күтпөгөн кылмышкерлер машинанын артын көздөй ок чыгарып качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Окуя болгон жерге Бишкек шаардык ички иштер баркармалыгынан жана Свердловск райондук милиция бөлүмүнөн тергөө топтору келип, атылган октун гильзасын, машинанын жүк салуучу бөлүгүнөн окко окшош сары металл табышкан. Акча алмаштыруучу жайдын кожоюну карактоо максатында кол салуу фактысы боюнча арыз жазуудан баш тартты. Анын айтуусу боюнча ага эч кандай материалдык чыгым тарткан жок жана эч кимге доосун артпайт.

Бишкекте жылына
13 миң адам жол кырсыгына кабылбайт
Кыргызстандын Ички Иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы жылына жол кырсыгынын кесепетинен 13 миң адам жабыр тартты деген маалыматты четке какты. Эске сала кетсек 2009-жылы 9-июнда доктор-травматолог Сабырбек Жумабеков жылына Бишкек шаарында 13 миң адам ар кандай жол кырсыгынан жабыр тартып жатат деп билдирген. Ал эми башкармалыктын берген маалыматтары боюнча 13 миң деген көрсөткүч он эсеге көп айтылган. Ошондой эле башкармалыктын кызматкерлери Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөр ичинен адам башына автоууналарды туура келиши боюнча биринчи орунда турат деген маалыматтын да кайдан алынганына таң калышууда.
Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыгы берген маалыматтарга караганда 2008-жылы Бишкекте 1039 жол кырсыгы катталып, андан 104 адам курман болсо, 1100 адам ар кандай жаракат алышкан. Ал эми 2009-жылдын акыркы беш айында 393 жол кырсыгы катталып, кесепетинде 34 адам набыт болуп, 427 адам жаракат алышкан.

Кыргызстанда адам өлтүргөндүгү үчүн Россияда кармалды
Россиянын Челябинск областынын Тракторозаводск районунун "гаишниктери" кыргызстандык, Ош шаарынын тургунун кармашкан. Текшере келгенде кыргыз жараны 2007-жылы август айында Кыргызстанда адам өлтүрүү кылмышы үчүн изделип жатканы аныкталган. Россия Федерациясынын кылмыш кодекси боюнча прокурор, эгерде соттун тиешелүү чечимдери болсо, кылмыш жасаганы үчүн башка мамлекет издеп жаткан адамды камакка алууга укуктуу. Учурда убактылуу камакта отурган Кыргызстандын жаранын өз өлкөсүнө өткөрүп берүү маселелерин Россиянын башкы прокуратурасы чечип жатат.

Москвада кыргыздарды такыр баштар тажатты
Москванын түндүк-чыгыш округунда Кыргызстандан келген жаранга кол салганы үчүн эки такыр баш (скинхед) кармалды. Мындай кабарды 14-июнда россиялык массалык маалымат каражаттары таратты. Окуя Рижск өткөөлүндө болгон. Орус улутундагы жаш адамдар улуттук мүнөздөгү чакырыктар менен кыйкырып келип, ошол жерде транспорттук фирмада иштеген 24 жаштагы жүк түшүргүчтү бир нече жолу бычак сайышкан. Алынган жараттардан улам кыргыз жараны ооруканага жаткырылды.
Укук коргоо кызматкерлери кол салган балдарды тез эле табышты. Алар 20 жаштагы студент жана 11-кластын окуучусу болуп чыкты. Алар жасаган кылмышын мойюндарына алышып, кылмышка улуттук жек көрүү түрткү болсо да, "бейбаштык" беренеси менен аларга карата кылмыш иши козголду.