Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

сыйкырдуу кыял дарагы
Кайрымдуулук эмне экенин башкалардан башкачараак түшүнгөн Жылдыз айым майрам күнү гана эмес, балдардын тилегин дайыма аткарып бергенге аракет кылып келет. Коомдук ишмер катары "Кыргызстан эч качан эгемендүүлүгүн жоготпосо, ата-бабалар өмүрүн берип сактап келген жерин тонотпосо, эне-тилин сыйласа, кыргыздар намыскөйлүгүнөн, меймандостугунан, көк жалдыгынан, тырышчаактыгынан кайтпаса" деп тилесе, эне катары "Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жаңырып, неберелер жаркын маанай тартуулап турса" дейт. Ал эми аял катары эч кандай деле кыялы жок. Анткени кыялындагы мырзага эбак эле жолугуп, азыр очор-бачарлуу. Аял катары абдан бактылуу.


Депутат айым Айнура Кенжебаева ошол 1-июнь күнү "SOS"-балдар айылында тарбияланып жаткан Нургазы менен Жаркындын каалоосун аткарганын сыймыктануу менен айтты. Жаркын кыялданган Барби куурчак жана сумкалуу болсо, Нургазы ойногусу келген тоголок тобун алган. Ал эми айымдын кыялы деле балдарга байланыштуу экен. Эч качан жетим балдар болбосо, энелер балдарын таштабай, терең ойлонушса, балдарыбыздын тагдыры талкаланбаса дейт. Ошондой эле эл ичинде үй-бүлөсү менен аман-эсен болушун өзүнө жана ар бир адамга каалайт.

1-июнь балдар күнүндө балдар асфальтка сүрөт тартышып, сүрөттөрүнүн астына каалоо-кыялдарын жазып чыгышты. Республиканын булуң-бурчунда өткөрүлгөн бул майрамда кичинекейлердин каалоосун чоң адамдар аткарганга аракет кылышты. Кичинекейлердин каалоосун канааттандырган чоңдорубуздун өздөрүнүн кандай каалоо-кыялдары бар болду экен?

Шайыр Касымалиева "мечтать" эткенге дагы убактысы жоктугун айтты. Кыялданганды билбеген кандай аял десең?

Коммунист депутатыбыз Исхак Масалиевден эмне жөнүндө кыялданаарын сураганыбызда, анын кыялына ошол замат көл жээгинде отуруп, чоң балык кармап алганы элестеп кеткенин жашырган жок. А негизги каалоосу жана кыялы, элибиз эртерээк этектен алган кризистен чыгып кетсе дейт.


Бакен Кыдыкееванын образын бакыйта ачкан актриса эжебиз Назира Мамбетова өзү иштеген Жаштар театрынын ремонту тезирээк бүтүп, элге эрмек болуп, спектаклдерди тартууласак деп ак эткенден так этип жаткан кези.


Укук коргоочу Төлөйкан эже "Балдарды майрамда гана эстебей, аларга дайыма жоопкерчиликтүү мамиле кылып турсак кана" дейт. Өзүнүн кыялы: "Жолдошум Асылбектин кол жазма кылып калтырып кеткен чыгармаларын китеп кылып чыгарып, пьесаларын театрларга койдурсам, Асылбегимдин арбагы ыраазы болуп, өзүм да жеңилдейт элем" дейт.


Оппозициячыл айым Роза Нурматованын тилегени эле бакубат турмуш. "Балдарыбыз бизден бактылуураак, акылдуураак болуп, ар бир бала ата-энеси жетпей калган тилектерине жеткенге аракет кылып, ырыс-кешиктүү болушса" дейт. Өзүнүн кыялын сурасак саясатты айтып туруп алганынан жазбай эле коелу дедик.

Чемпион депутат Орзубек Назаров дагы балдар күнүндө кайрымдуулук акциянын алып баруучусу болгонун кубанып айтты. "Балдар эч качан өздөрүн жалгыз сезбей, жанында дайым жакыны болсо"-дейт. Өзү "Бирөө мени жетелеп барып, тоонун, жаратылыштын арасына таштап койсо, телефонумду өчүрүп, асманды карап кыялданып, чалкалап жатсам, жанымда эч ким жок болсо" деп көптөн бери тынчтыкты эңсеп кыялданып жатканын божурады.






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2009-ж.:
1-бет
ЭРНИС МЫРЗА ЭМИ КИМДИН ЫРЫН ЫРДАЙТ?
2-бет
Чоң жана кичи кабарлар
3-бет
БШК бышыктайт
4-бет
Оппозиция ордосунда
БЭК прокуратурага кайрылат

5-бет
Оппозициянын өңү Атамбаевдин өңүндөй эмес
6-бет
Уланбек Карыпов, "Ак Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Бүгүнкү оппозицияны пенсияга кетириш керек!"

7-бет
Кубанычбек ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары:
"мен көп нерселерди Ийне-жибинен бери билем..."

8-бет
ТВга келет... кетет...
9-бет
сыйкырдуу кыял дарагы
10-бет
Алмазбек Исманкулов,
"Көз микрохирургиясы" илим изилдөө борборунун директору:
"Саясатчы болуш үчүн аморалдык сапаттарга ээ болуш керек экен"

11-бет
Улан Мелисбек, Кыргызпатенттин директору:
"Биз интернет-пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргойбуз"

12-бет
Эгиздер
13-бет
Радиожылдыз
14-бет
Байлыкты эмес, айлыкты эмес, шайлоону эмес, өзүңдү ойло!
15-бет
Формачан Айым
16-бет
Айнура Салахидинова










??.??