Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  ТВга келет... кетет...

Айланган тоонун бүркүтү
же "адашкан" уулдун КТРге кайтып келиши
- Эрнис, биринчи суроо мени эле эмес, жалпы кыргыз журтун кызыктырып турса керек, кайда жоголуп кеттиң?
- Эми-ии,.. эфирден жоголо түшкөнүм эле болбосо, Кыргызстандан жоголуп кете элекмин. Кыргыз телесинде Башкы директордун орун басары болуп иштеп турганда Эрнис Кыязов элем, орун басар болбой калганда деле Эрнис Кыязов болуп жүрөм. Экрандан көрүнбөгөнүм менен коммерциялык ишканалар, эл аралык уюмдар менен кызматташып иштеп жүрдүм. "Кантсе да теледе иштеп жүргөнсүң, момундай фильм тартып берчи?..." деген сунуштар болуп айрым бир проекттерде иштедим. Кыскасы, жоголсом да жөн жоголгон жокмун деген кеп.
- Ортодогу тыныгуу дейбизби, өргүү дейбизби иши кылса чыгармачыл дүйнөгө кайтып келишин "Заманада" башталганын кандай түшүнсөк болот? Же бетке айтып, так сурасак, бул кадамыңды карьера тепкичиндеги төмөн кулагандык катары кабыл алган жоксуңбу?
- Муну мен мындай түшүндүрөт элем да. Улуттук каналдын баш директорунун орун басары болуп турганда "тигиндей реформа кылабыз, минтип реформа кылабыз" деп дүңгүрөп жүрбөдүк беле. Ал демилгенин көбү ишке ашты, ишке ашпаганы бар, алдыда дагы ашырабыз деген пландар бар дегендей... Мага болсо "Замана" студиясын жетектөө ишеними тапшырылды. "Жасасам замдеректир болуп гана реформа жасайт элем" деген сокур амбиция менде жок. "Замана" студиясынын Башкы редактору болуп деле телеканалдын өсүшүнө салым кошоюн дебатам. Таңкы көрсөтүүнүн концепциясын өзгөртөлү, жаңырталы деген ойлорум, пландарым бар. Жаңы идеяларды коллектив менен кеңешип, сырттан кадрларды тартып, айтор ушул сыяктуу бир топ аракеттер болубатат. Телекөрүүчүлөрдүн купулуна толоорлук рубрикаларды, жаңы теле-сүртүмдөрдү жаратабыз деген ниет бар, буюрса.
- Танкы программада баягы эле рубрикалар, баягы эле эски жүрүштөр болобу же өзүңдүн жетекчилик жеке рецептиң барбы?
- Жаңы ачылыш жасап жиберем деп айта албайм. Телевиденин эл аралык практикасында теле-ачылыштардын көбү эбак ачылган, болгону көрсөтүүлөрүбүздүн багытын бир аз башкачараак нукка буруп, эртең менен туруп телевизор көргөн адамдын маанайын көтөргүдөй жолдорун караштырабыз. Дагы бир баса белгилеп койчу нерсе, буга чейин "Замана" студиясындагы таңкы көрсөтүүлөр бир күнү кыргызча, бир күнү орусча эки тилде чыгып келген болсо, эми өңчөй 3 саат бою кыргыз тилинде гана эфирге чыгабыз. УТРКнын жетекчилиги менен кеңешип кесип, ушундай кадамга бара турган болдук. Муну эми орус тилин кемсинтүү деп түшүнбөш керек, ансыз деле Улуттук биринчи каналда орус тилиндеги көрсөтүүлөр жетишээрлик эле болуп жатканын телекөрүүчүлөр байкап жатышса керек.
- "Чондук" кызматтарда иштегенден бери өзүңдүн сүйгөн стилиң телерепортаждан четтеп кеттин, сагынган жоксунбу?, "Багыт" деген көрсөтүүң бар эле, анын өмүрү токтодубу?,.. эгер токтосо неге токтоду, ким токтотту деген суроо?
- Эч ким деле токтоткон жок, теленин азыркы жетекчилери деле "Замананы" да жетекте, "Багытыңды" да кошо сүйрөй бер дешти. Бирок өзүм ойлонуп көрүп, оболу бир иштин өтөсүнө чыгып, азыркы баштаган жаңы ишими жолго коеюн деп чечтим. Же ал ишти жарытпай, же бул ишти жарытпай ортозаар болуп жүргөндү дээримден жактыра бербейм.
Сурооңдун төркүнүн түшүнүп турам… "Багытта" көбүнесе өлкөдөгү саясатты, элиталык чөйрөнүн өйдө төмөндөрүн, оппозиция менен бийликтин өз ара мамилесин, кыргыз деген улуттун өзүнө тиешелүү улуттук өзөктүү маселелерди өзүмдүн теле-стилиме салып, чымчый турган жерден чымчып, бурай турган жерден бурай сүйлөп, анекдот, аския айтып ийип телекөрүүчүнүн акылына бирдеме жеткирүүгө аракет кылчумун. Ошонум бирөөлөргө жакса, бирөөлөргө жакпастыгын да түшүнчүмүн.
Эми кудай "ушундай жөндөмүн менен нан таап же" деп журналисттик кесипти бергенден кийин, болгонго жараша жакшы журналист болууга аракет кылчумун да. А жакшы журналист деген сөз - канча ачуу сын айтсаң, ошончо душманың болот деген эле кеп. Душмандар менен кошо, мени, менин көрсөтүүмдү жакшы көргөндөр деле бар да, ошо жакшы көргөндөргө кулак кагыш - кудай буюрса, "Багыт" сыяктуу көрсөтүүлөрдүн планы, схемасы мээмде топтолуп, жыйналып эле келатат, бир күнү эфирде кайрадан такылдап баштайбыз. Анүстүнө "Апта", "Багыт" сыяктуу көрсөтүүлөрдү алпарып келаткан жылдарды эстесем, дээрлик 10 жыл эфирге чыгыпмын эй! Ташыркаган аттай болуп телевидениедеги көрсөтүү деле кээде кыбырагансып басыгы жайлап калат, ошону өз убагында туюп, өз маалында сезип жаңы жайыт караштырыш керек болот. Антпесең он жылдап чогулткан чыгармачылык аброюңду жоготуп алыш бат эле. Азыр саясий жагынан карасам да, башка жагынан карасам да "Багытты" баягыдай бакылдатчу мезгил эмес, ар нерсенин өзүнүн мезгили келет, мен ошо ылайыктуу мезгилди күтүп жатам.
Ал эми мендеги кудай берген жөндөм, кудай берген талант мен тирүү турганда эч кайда качып кетпейт, учуп кетпейт, ал мени менен кошо жашап жүрө берет да. Мезгилди мээлжеп туралычы азырынча, анан көрөөрбүз…
- Эми журналист болгондон кийин каалайсыңбы жокпу, өлкөдөгү саясатка, саясий окуяларга баа бергенге туура келет. Сенин оюңча, кыргыз оппозициясы өзүнүн актуалдуулугун жоготту дегенге кошуласыңбы?
- Мындай көз сыдырып карасаң, 2005-жылдан берки оппозициянын саясий жолу кыйла эле өйдө ылдый болуп өзгөрбөдүбү. Ошонку оппозициячылдардын бири бийликте, бири оппозицияда, бири бизнесте болуп... азыр кимди кандай оппозиция деп айтышты деле билбей турам. Негизинен жалпы жонунан өлкөдө оппозиция бар, бирок ал чачкын. Акаев кезинде күн санап, жыл санап саясий оор кырдаалдарга бышкан оппозиция, менимче, сөздүн оң маанисинде картайды окшойт. Оппозиция өзүнүн катмарын, стилин, багытын кескин жаңылаш керек болуп турат. Баягыдай кыйкырыктардын, баягыдай жүрүштөрдүн мезгили өттү, кетти.
Өзү чын-чынына келгенде мамлекетти ким башкарса да, ал кандай заман болсо да элдин бийликке болгон нааразычылыгы - ушунун өзү оппозиция. Ал нааразычылык эмне себептен келип чыгууда, ага мамлекет кандай реакция кылып атат, кайсы жагынан аксап жатат,... оппозиция болом деген катмар ушул жагдайларды өтө кылдат иликтеп ошого жараша тактикасын, стратегиясын иштеп чыгыш керек да. А бизде болсо оппозициянын муундан-муунга өтүүчү классикалык эрежелери, бузулбас стандарты калыптанбай эле койду Кыскача айткада кыргыз оппозициясынын жүзүн оңдоп, канын алмаштырып, жашарта турган убакыт келип жетти.
- Кыргызстан башынан далай шайлоолорду өткөрүп эл тажагандай эле болду, шайлоолорго болгон коз карашың?
- Эми, буга так кесе эле жооп бергим келет: эл кандай болсо төбөлдөрү да ошондой. Шайлоого эл кандай мамиле кылса бийликке так ошондой деңгээлдеги эл башкаруучулар келет. Мыйзамдык кылтың-мылтыңдар байкалса "менин укугумду кордоп жатасың, мобу жерде адамдын укугу момунтип бузулубатат" деп коом ар убак чапчан, тирикарак болушу керек да.
Биздин элдин мактай турган жактары да көп дечи, бирок кайдыгерлигин айтсаң - бул сапат элдин накта шору да! Европаны, Батышты айтып көп наалыганыбыз менен, ал жактын элинин бир сапаты мага жагат, "мыйзам, мыйзам, жана мыйзам!!" деп турушат алар. Чиновниктер тарабынан кандайдыр мыйзам бузуулар, элди көзүнө илбеген жагдайлар болсо тикесинен тик туруп нааразычылык акциясына чыгып өз укуктарын коргой алышат. Өзүн өзү сыйлаган, өзүн барктаган эл гана өзүнүн жакшы жашоосу үчүн күрөшөт, менимче бул нормалдуу эле процесс. Кыргыздар байыртадан эле демократиялуу эл дегенибиз менен демократиянын Кыргызстанга ылайыкташкан моделин таппай издеп эле келе жатабыз, эртерээк таап бүтс-к жакшы болот эле... Анан да сөз эркиндиги деген өтө оор оокат бар, ал оокат менен негизинен сендей мендей журналисттер шугулданышат эмеспи. Журналисттер сөздүн эркин айтылышын камсыздай албаса, коомдун ойгонушу да кыйын, а коом ойгонбосо, кайдыгер кыргыз калпагын кыйшайта кийип "маа десең асманың түшүп кетсин.." деп үргүлөп отура бермейи бар.
- Убагында сени президенттин басма сөз катчысы болот экен, анан эле ЭлТРдин директору болот экен деген ушак-айыңдар журналисттер арасында айтылды, ошолордун канчасы чындык, канчасы калп? Дегеле өзүң жөнүндөгү ушактарды кандай кабыл аласың?
- Турмуш ийлеп-ийлеп баарына кайыл болууга көндүрүп, ар кандай кырдаалга бышырып атат өңдөнөт мени. Ушакка да, чынга да салмактуу мамиле кылууга аракеттенем.
- Эми акыркы суроо өзүңдүн жеке турмушуңдагы өзгөрүүлөр, жаңылыктар жөнүндө кыскача токтолуп кетсең.
- Быйыл 2-апрелде кыздуу болгом. Үй-бүлөлүк фронттогу жакшы жаңылыгым ушу. Бир уул, бир кызыбызды алмак-салмак эркелетип жубайым экөөбүздүн дүйнөбүз түгөл, төгөрөгүбүз шайма шай болуп эле жумуштан үйгө келгенде башкача ажайып дүйнөнүн эшиги ачылат. Чоң ата, чоң энесинин көзүнчө уулубузга да, кызыбызга да анча үзүлүп түшүп, даай албайбыз, анткени ата энеңдин көзүнчө балаңды бөпөлөй бергендин өзү да анча туура эмес да. А негизи уул-кызыбызды чексиз жакшы көрөбүз дейсиң, эми бала деген өзү керемет нерсе экен да!

Маектешкен Э.Мадиева






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2009-ж.:
1-бет
ЭРНИС МЫРЗА ЭМИ КИМДИН ЫРЫН ЫРДАЙТ?
2-бет
Чоң жана кичи кабарлар
3-бет
БШК бышыктайт
4-бет
Оппозиция ордосунда
БЭК прокуратурага кайрылат

5-бет
Оппозициянын өңү Атамбаевдин өңүндөй эмес
6-бет
Уланбек Карыпов, "Ак Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Бүгүнкү оппозицияны пенсияга кетириш керек!"

7-бет
Кубанычбек ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары:
"мен көп нерселерди Ийне-жибинен бери билем..."

8-бет
ТВга келет... кетет...
9-бет
сыйкырдуу кыял дарагы
10-бет
Алмазбек Исманкулов,
"Көз микрохирургиясы" илим изилдөө борборунун директору:
"Саясатчы болуш үчүн аморалдык сапаттарга ээ болуш керек экен"

11-бет
Улан Мелисбек, Кыргызпатенттин директору:
"Биз интернет-пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргойбуз"

12-бет
Эгиздер
13-бет
Радиожылдыз
14-бет
Байлыкты эмес, айлыкты эмес, шайлоону эмес, өзүңдү ойло!
15-бет
Формачан Айым
16-бет
Айнура Салахидинова










??.??