Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Уланбек Карыпов, "Ак Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Бүгүнкү оппозицияны пенсияга кетириш керек!"
- Улан мырза, эмне үчүн Темир Аргенбаевич БЭКтин мүчөсү болуп туруп, алардын чечимин колдогон жок?
- Сиз бирдиктүү талапкерди колдоо чечими туурасында айтып жатсаңыз керек? Ал маселе боюнча айтаарым мындай. "Ак Шумкар" саясий партиясы башкаларга салыштырмалуу баардык чечимдерин партия мүчөлөрү менен кеңешип туруп анан чыгарат. Бул жолу да, ушундай болду. БЭКтегилер бул сунушун айтканда, Темир Сариев "эң алгач, ар бир партия съездин өткөрүп, эли менен кеңешип туруп анан кандайдыр бир бүтүмгө келели" деген. Бирок алар өздөрүнүн партиялаштарынын пикирин суроонун кажети жок дегенсип, А.Атамбаевди алып чыгабыз деп чечим чыгарып коюшту. А Темир Сариев "Ак Шумкар" партиясы өз съезди өтмөйүнчө мен мындай чечимди колдой албайм деп билдирген.
- Бирок БЭКтин мүчөлөрү пресс-конференция өткөрүшүп, анда "Алмаз Атамбаевди президенттик шайлоого жеке талапкер катары тандадык, бул чечимди Темир Сариев да колдойт" деп айтышпады беле?
- Ал маалымат жыйынында мен дагы болгом. БЭКтин мүчөлөрү журналисттерге так эмес маалымат беришкен. Анткени, Темир Аргенбаевич Азимбек Бекназаровго пресс-конференция болоордун алдында "Ак Шумкар" партиясынын курултайы болмоюнча, партиянын чечими чыкмайынча БЭКтин кандайдыр бир талаптарын колдой албасымды так айтып коюңуз" деп суранган. А Бекназаров болсо пресс конференцияда "Темир Аргенбаевич биз менен, ал азыр өз иштери болуп калып келе албай калды" деп койду. Текебаев болсо оппоненттерибиздин бардыгын А.Атамбаевди колдоого ынандыра алабыз деп койду. Көрсө, айрым саясатчылар эл алдында башканы, көшөгө артында башканы сүйлөшө берет экен. Алар жеке Темир Сариевдин эмес, жалпы "Ак Шумкар" партиясынын мүчөлөрүнүн пикирин эске алгылары келбей койду окшойт. Бүгүнкү күндө дээрлик баардык партиялар "мен жетекчи, сен акмак, сен жетекчи, мен акмак" деген принцип менен иштешүүдө, б.а. партиянын лидери эмнени айтса мүчөлөрү макул болсо да, болбосо да ошону аткарышат. Ал эми бизде, төрага жеке өзү бир чечимди чыгаргыдай "Ак Шумкар" партиясы Темир Сариевдин жеке менчиги эмес да. УККнын балдары күнү-түнү артыбыздан аңдып жүрүшөт. Кээ бир мүчөлөрүбүздүн ишканаларын текшерүүгө алып, 1-2 айдан бери иштетпей жатышат. Бюджеттик мекемеде иштеген мүчөлөрүбүз жумуштан кетүүгө аргасыз болушууда. Партиянын ишмердүүлүгүнө өз чөнөтөгүбүздөгү акчаны, болгон күчүбүздү жумушап, аброюбузду, өмүрүбүздү тобокелге салып, партиянын программаларын, максаттарын, долбоорлорун, ишке ашыралы деп аракет кылып жатсак, анан кантип партиябыздын төрагасы биздин пикирибизди эске алабастан туруп өзү жеке чечим чыгара бермек эле.
- Алдыдагы шайлоого байланыштуу сиздердин партияга да кысымдар болуп жатабы?
- Биздин партиянын мүчөлөрүнө шайлоого чейин деле бийлик тарабынан ар кандй кысымдар болуп келген. Бирок, биз башкалардай болуп, ар бир мүмкүнчүлүктү пайдалана калып өзүбүзгө пиар жасап, ызы-чуу салган жерибиз жок. Саясат бул күрөш, а бир дагы күрөш жеңил болбойт.
- Коомчулукта "Темир Сариевди чүйлүктөр эле колдойт, башка региондордо анчалык деле кадыр-баркы жок" деген маалыматтар да айтылууда. Ошол чынбы?
- Албетте, бул жалган. Азыр Т.Сариев жана "Ак Шумкар" партиясы жөнүндө көп жалган маалыматтарды таркатып жатышат. Бир жагынан Акүйдүн технологдору иштеп жатса, экинчи жагынан оппоненттерибиз да аракеттенип жатышат. Учуру келгенде кимдин ким экени билинет. Ошондуктан актангыбыз дагы келбейт.
Айрым оппозиционерлер өздөрүнүн кетирген саясий каталарынын айынан абройлору төмөндөп кетти, эми алардын партиялары өздөрүнүн лидерлеринин ысмын реаблитациялоонун үстүндө иштеп жатышат. Биздин төрагабыздын репутациясы, анын тайманбаган, туруктуу калыс позициясы бүтүндйөй кыргыз жумуруятына белгилүү. Оппоненттерибиз бизди жамандоо аркылуу өздөрүнө аброй топтогонго аракет кылып жатышат. Биз аларга теңелгибиз келбейт. Эл, калыс, эл тараза, баардыгын эл байкап, баамдап турат. Мына мисал айтайын.
Түштүктө "Ош шамы" деген гезит бар экен. Анда "Темир Сариев жетектеген "Ак Шумкар" саясий партиясынын программасы бир региондун кызыкчылыгын көздөгөн партия эмес, булардын партиясы бүтүндөй мамлекеттик масштабга багытталган экен" деген маанайдагы макаланы акыркы санында басып чыгарышыптыр. Биздин партиябыз жаш болгондугуна карабастан, өзүнүн так, ачык, туруктуу, эки жакка "куйтуланып" сатылбаган позициясы менен бүтүндөй Кыргызстанга таанымал болуп, самактуу абройго жетише алды.
Ошентип Чүйдөн башка региондордо Сариевди анча колдобойт деген - бул бийликтегилер менен оппоненттерибиздин кыялдары. Бардык региондордо биздин партиябыздын өкүлдөрү бар.
- Эмне үчүн "Ак Шумкар" партиясынан Темир Сариевдин башка инсандардын аты аталбайт?
- Биздин партияда 2-3 диплому бар, эки-үч ишкананы бутунан тургузган, чет мамлекеттен окуган, иштеген тажрыйбасы мол окумуштуу, дыйкандар, аксакаладар, бюджеттик мекемеде иштеген инсандарыбыз бар. Дээрлик басымдуу бөлүгүн албетте жаштар түзөт.
Тилекке каршы, учурдагы полициялык режимде иштеп жаткан бийликтин учурунда мүчөлөрүбүздүн коопсуздугун ойлоп, алардын ысымдарын айтуудан карманат экенсиң. Бир мисалды келтире кетейин. Өзгөн районунун бир айылынан кол топтоп берген балдарды айыл өкмөтү өзүнө чакырып алып, "эмне үчүн Сариевге кол топтоп берип жатасыңар? Ар-намыс-ариет деген болуш керек да. Билип койгула, ар бириңердин үстүңөрдөн кылмыш ишин козготобуз" деп коркутуп, коколошуптур. Ошондой кысымдар туш тараптан биздин мүчөлөргө болуп жатса, анан кантип биздин мүчөлөр тууралуу ачык айта алам.
- Кыргыз оппозициясы өзүнүн актуалдуулугун жоготту, жаңы оппозиция түзүлүш керек деген пикирге кандай карайсыз?
- Биз ошол көз карашты баштоочулардан жана ошол принципти негиздөөчүлөрдүн бирибиз десек болот. Жеке көз карашымда бүгүнкү оппозицияны ардактуу эс алдырууга (пенсияга) кетире турган мезгил келип калды. Аксакалдарыбыздын көбү, тилекке каршы, канча жылдан бери топтоп келген аброюн күнүгө жоготуп жатышат. Оппозицияда жүргөн айрым лидерлердин анча-мынча болсо дагы аброю бар. Ошол аброюн сактап, артка жылып, жаштарга орун беришсе жакшы болмок. Кечээги түптөгү болгон окуядан улам булар оппозициянын аброюн биротоло талкалап, "мына силерге эл ишенбейт" деген пикирди жаратып, оппозицияга болгон элдиин ишенимин биртоло жокко чыгарып кое жаздашты.
Атамбаев премьер болгон маалда Куловду "козел" деп бизди (митингеке чыккан элди) "бараны" деп тилдебеди беле. Эми өзү козел эмес болсо, Түпкө жиберген адамдарын "баран" кылбай кайтарбайт беле. Улуттун лидери болобуз деген салмактуу саясатчыларыбыз өздөрү забордон секирип түшүп качышыптыр. Алмаз Шаршенович ошол Түпкө бараткан балдарына "элди алып чыккандан кийин аягына чейин тургула, козел болуп калбагыла" деп үйрөтүп туруп жөнөтсө болмок. Лидер деген "согуш майданына" биринчи болуп барып, акыркы болуп кайтыш керек да. Жашынып, качып келбей. Булардын бул аракеттеринен улам оппозициянын башка мүчөлөрүнүн аброюна шек келип жатат. Ушундан улам, оппозициянын катары жаңыланышы керек деп ойлойм.

Максат Алиев




Эл эмне дейт ыя?
Бекказы Элебесов, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын тургуну, жазуучу:
- Президенттик шайлоо күндөн-күнгө жакындап, жарышка чыккандардын арасынан негизги үч талапкер жөнүндө өзүмдүн жеке пикиримди эч кимге таңуулабастан айта кетейин дедим эле. Биринчи талапкер - азыркы президент жөнүндө айтсам, ал адеп президенттик кызматка келгенде Акаевдин бийлигинен тажаган эл андан чоң өзгөрүүлөрдү күтүп, абдан чоң үмүт кылышкан болчу. Эл катары мен дагы чоң үмүт кылып, эми элдин турмушу оңолуп, адабият-маданият өнүгүп, үрп-адат, каада-салт өңдүү ата-бабаларыбыздын асыл мурастары жанданып, элибизге таралып, жакырланган жан дүйнөбүздүн кемтиги толот го деген ойдо болгомун. Ошондой негизги үмүттөрдүн бири да аткарылбай, батышты туурайбыз деп, казды туурап, карганын буту сыныптыр болуп, абалыбыз бир топ оордоп кетти.
Ал эми экинчи талапкер Атамбаев жөнүндө айтсам, адегенде ал президенттикке талапкерлигин эки миңинчи жылы койгондо, ага үмүтүм чоң болгондуктан өзүм да колдоп, элди да үгүттөгөм. Эми болсо өзүңөр билгендей, кийин энем түшүмө кирип, бийлик менен элдин ортосуна көпүрө бол деди деп премьер министр болуп, бир оппозициянын, бир бийликтин сөзүн сүйлөп, туруктуу көпүрө болбой эле, ачылма көпүрө болуп, өзүнүн туруктуулугун көрсөтө албай ишеничтен кетти.
Ал эми үчүнчү талапкер Темир Сариев жөнүндө оюмду айтсам, бул жигит мен билгенден түз сүйлөп, калыс сөзүн айтып, бийликтин кемчиликтерин беттерине тайманбай айтып, туруктуу саясатчы катары элге белгилүү болуп калгандыктан, эл менен сүйлөшкөндө ушул жигиттин талапкерлигин колдошоорун айтышууда.





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2009-ж.:
1-бет
ЭРНИС МЫРЗА ЭМИ КИМДИН ЫРЫН ЫРДАЙТ?
2-бет
Чоң жана кичи кабарлар
3-бет
БШК бышыктайт
4-бет
Оппозиция ордосунда
БЭК прокуратурага кайрылат

5-бет
Оппозициянын өңү Атамбаевдин өңүндөй эмес
6-бет
Уланбек Карыпов, "Ак Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Бүгүнкү оппозицияны пенсияга кетириш керек!"

7-бет
Кубанычбек ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары:
"мен көп нерселерди Ийне-жибинен бери билем..."

8-бет
ТВга келет... кетет...
9-бет
сыйкырдуу кыял дарагы
10-бет
Алмазбек Исманкулов,
"Көз микрохирургиясы" илим изилдөө борборунун директору:
"Саясатчы болуш үчүн аморалдык сапаттарга ээ болуш керек экен"

11-бет
Улан Мелисбек, Кыргызпатенттин директору:
"Биз интернет-пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргойбуз"

12-бет
Эгиздер
13-бет
Радиожылдыз
14-бет
Байлыкты эмес, айлыкты эмес, шайлоону эмес, өзүңдү ойло!
15-бет
Формачан Айым
16-бет
Айнура Салахидинова










??.??