Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Оппозициянын өңү Атамбаевдин өңүндөй эмес
Бу турмушта баарыбыз эле оппозициябыз. Бирок, саясатта чыныгы оппозиционер болуш, көпчүлүгүнүн колунан келе бербейт. Бул сөз башындагы башталмабыз. "Асман пресс" газетасына элдик тарапты ыктаган эрендерибиздин таарынычы чоң. Бирдиктүү көрсөткөн талапкерибизди мынча шыбап жатасыңар? Колдобойсуңарбы элдик болсоңор деп талчадан алып турган чактары. Деги эле жүрөгүбүз элдики. Бирдиктүү талапкер деп оозанганга мындай жооп: бир эмес үч талапкер чыкты башында. Анан көзгө басар Сариевди сүрүп чыгардыңар. Сызга олтургузуп, бийликке барганда "баран" деп тилине алы жете албаган кемчилиги бар мырзаны көтөрүп чыкканда кантип ал адамды ай күнгө теңейбиз. Айткылачы. Канчаларыңыр кабинетиңерде ашата сөгүп жүрдүңөр эле го. Ал адам өзүн саясатчы да пенде катары ким экенин көрсөттү го. Бийликке барып туруп, кызматка жеткенде чыныгы жүзүн далилдебедиби. Эмне ал жетишсизби. Бүгүн ал кайсы "эвриканы" айтып жатат түшүнбөйбүз. Мейли ал ишкер болсун, өзүнө тың. Оппозициядан сатылбаган, катылбагын талапкер чыкканда чын дилден колдойт элек да. Арга жоктон акчасы бар деп көрсөтүлгөн талапкер экенин мен деген оппозиционерлер түшүнүп турушат да. Азыр оппозициянын өңү Атамбаевдин өңүндөй эмес. Эптеп бирикктирген баштарды Атамбаев бир заматта чукуп, чачыратпадыбы. Ант калды аткарылбай.

Ахыбал сурасак...
Саясий кадамдарынан камакта жаткан лидерлердин жакындары кандай абалда болуп жатышат, аларга жолугуп жатышабы деген максатта Аликбек Жекшенкуловдун жакындарына байланышка чыксак "сот алдында маек бербейбиз" деп баш тартышты. Ушундай эле өтүнүч менен Эркин Бөлөкбаевдин жакындарына кайрылсак да алар чоочулап коюшту.
Же адвокаттарынын кабатырланган кептери жок деп олтуруп калдык. Идеялаштары чуркабаса да, жакындары коомчулукка ахыбалдарын билгизип турушса болмок.

Олег Газманов үчүн турдукпу же?
Кыргыз армиясынын күнүнө карата аскерий адамдар үчүн филормонияда концерттик кече болуп ага айтылуу орус жылдызы Олег Газманов катышты. "Эскадрондон" баштап ырдаган ырчы "офицери за Россию" деген саптарда залдагылар тура калып жүрөктү колго алып калышты. Газманов мындайды күтпөсө керек жүрөгү агарып кетти. Кыргыз офицерлери Орусия үчүн туруп атышса кантип жүрөгү агарбайт. Мына потриотуулугубуз. Залда олтурган генералдар да турду. Өзгөнү эмес өзүбүздү сыйлайлычы офицерлер…

Назаралиевдин безине тийиптирбиз
Өткөнкү саныбызда "Тилине кызмат кыла албаган, элине кызмат кыла албайт" деген Баяс Туралдын макаласы, Жеңишбек Назаралиевдин безине каттуу тийгенби анын жактоочуулары болгон эмоцияларын редакцияга телефон чалып, бир чыгарышты окшойт. Айлалары куруп, "Баяс Туралды тапкыла" деп ачык коркутууга да өтүштү. "Чындыктын даамы ачуу" демекчи Баяс Туралдын ачуу чындыгы доктордун зилине бир тийсе керек го. Тил деген таякка сүйкөнөм деп анын уу чачаары кандай болоорун түшүнүп жатса керек. Тибиртке тилге чыкса жаныбардын бир жерине кат деген ырымдай эле болду да. Жеңишбек мырзанын ташы айланып башына тийип жатканын бизден көргөнү аргасыз жылмаюну жаратат. Мына ушуну жактоочуларына түшүндүрсөк да түшүнбөй коюшту. Технологдорунун чабалдыгын, көрөгөчтүгү жоктугунан тилге тийишип алышты да.
"Койдун таягына сүйкөнүп" анан журналисттерди күнөөлөп жаткандарына жол болсун. "Эмне мынча Назаралиевди болоор-болбос сындап жатасыңар. Баары эле кыргыз тилин жакшы билбейт. Бирок, акылдуулар, билимдүүлөр орус тилдүүлөр" деп жан кашайттышты. Дагы кайталайбыз болор-болбос сындап жаткан жерибиз жок. Кыргыз тилин жээрип, кыргыз болуп туруп тилди кемсинтип жатканы калемибизге жана кыргыз деген көкүрөктөгү намысыбызга тийди. Бийликтин кемчилигин айтып сындаса, суудагы балык болуп сындабайт элек . Кыргызга күйбөгөн кыргыздын мырзасы эмнеге журт башчы болом деп ээленип атат деп сөз тепкисинен алып жатабыз. Андан саясат издөөнүн кереги жок. Ойгонор, ойлонор деп бердик ал макаланы. Шайлоо башталганда Жеңишбек мырза кандай материалдарды орусча жазып, кимди жактамакчы болгонун жакшы билебиз .Соодасы болбой калып, 5 мүнөттө ал материалдарын кайра кайрып алганын башка танса да жактоочуларыңыз тана албайт. Анан эртеси "президенттике ат салышам" деп эрге олтуруп калбадыбы. Оккорддо даяр боло калып, коомчулукка куурчактай ойногон Жеңишбек Назаралиевдин жүзү кыргыз саясатында ушундай шөкөттөлүнөт. Кооз сүйлөп, коомчулкка сеанс кылбай кадамыңыз менен үлгү болсоңуз болмок. Акыл үйрөтө албайбыз. Кыргыз деп соккон жүрөк жок болгондон кийин сиз кимге күймөкчүсүз… Бу сапар эне эмчегинен чыккан эне сүтүнөн кутула албай калдыңыз. Дилиңизде жок болсо, кыргыз -тилин жаттасаңыз да үйрөнө албайсыз жаза албайсыз…Тил сынагы сиз үчүн жаланкыч көрүнүп жатканын өзүңүз жакшы билесиз...


Татьяна Бакиева
Балдарды коргоо күнүндө көптөн бери коомчулуктун күзгүзүндө көрүнбөгөн леди Татьяна Бакиева көрүнгөнсүдү. Ак шляпанын астында өзүн токтоо алгансыды. Биринчи леди катары президенттин фонунда көрүнбөйт деп өткөндө бир жаздык эле. Кантсе да биринчи леди деген "лицо" бар да. Айрым аналитиктер шайлоонун алдында көрүнө баштады деп шак анализ берүүгө жетишишти. Бирок, президент башында жубайы экс-канайымдай ишмердүүлүк жүргүзбөйт деп айтканы бар. Балким ошол тизмекте Татьяна Бакиева фонго алынбай жатса керек...

Момун мусулмандардын союзу бузулду..
"Шайлоону утурлап" рубирканын башы ушундай башталган макала менен Нурлан Мотуевди революционер десек, чычалагандардан чынар терек кулап кетмей болду. Март ыңкылабынында жоо башында Нурлан Мотуев турганы - эмне, жалганбы? Элди сүрөп, айгайды аянтта салып турганда, жаалына жан жолобой турду эле го. Ал эрдигине бүгүн көз жумсак болбойт го. Бүгүн кеп сала турган маселебиз дин тандемин түзүп, саясий аренада мусулмандар жааматын Турсунбай Бакир уулу экөө уюштурганын коомчулук жакшы билсе керек. Президентикке ат салышам деп анан элчилик кызматка ыраазы болгон Турсунбай Бакир уулу кечээ маалымат агенттигинде аталган жааматка эски партиялаштарын алып келгенин, курултайы боло турганын баян этиптир. Мындай чечимин өзүнүн элчиликке, ал эми Мотуевдин президентикке талапкер болуп катталганынан баш алмаштурууга барганын түшүндүрүптүр. Бу кандай деп Нурлан мырзага кайрылсак, диний идеялашы Турсунбай Бакир уулу өз билемдик кылып, кеңешип бармак кеспей, союзду менчиктөө саясатын кылып жаткан экен. Сыягы, кызматка жеткенде, Мотуев ал кишинин фонуна туура келбей калса керек. Мусулмандар союзуна аты-жыты билинбегендерди алып келип жатканы Нурлан мырзаны кыжырдантып жаткан сыяктуу. Бир болуп, чогуу камалып, чогуу суралып дегендей саясаттын ысык-суугун бир тартып, анан эле рейдерлик менен бөлүнүп шыйрак чыгарса, молдонун селдесинен чок түшкөндөй болот да. Кызматтын учуна жеткен күндө да, арттагы азап күндөгү санаалаштарын тээп кеткен болбойт. Нурлан мырза да жөн жатпастан "Чыныгы мусулмандардын жааматын" түзөм деп күпүлдөп жаткан кербези. Кантсин, кызматы жокто Нуке, кызматка жеткенде желкемдин чуңкуру көрсүн деген кептей да…






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2009-ж.:
1-бет
ЭРНИС МЫРЗА ЭМИ КИМДИН ЫРЫН ЫРДАЙТ?
2-бет
Чоң жана кичи кабарлар
3-бет
БШК бышыктайт
4-бет
Оппозиция ордосунда
БЭК прокуратурага кайрылат

5-бет
Оппозициянын өңү Атамбаевдин өңүндөй эмес
6-бет
Уланбек Карыпов, "Ак Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Бүгүнкү оппозицияны пенсияга кетириш керек!"

7-бет
Кубанычбек ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары:
"мен көп нерселерди Ийне-жибинен бери билем..."

8-бет
ТВга келет... кетет...
9-бет
сыйкырдуу кыял дарагы
10-бет
Алмазбек Исманкулов,
"Көз микрохирургиясы" илим изилдөө борборунун директору:
"Саясатчы болуш үчүн аморалдык сапаттарга ээ болуш керек экен"

11-бет
Улан Мелисбек, Кыргызпатенттин директору:
"Биз интернет-пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргойбуз"

12-бет
Эгиздер
13-бет
Радиожылдыз
14-бет
Байлыкты эмес, айлыкты эмес, шайлоону эмес, өзүңдү ойло!
15-бет
Формачан Айым
16-бет
Айнура Салахидинова










??.??