Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Оппозиция ордосунда
БЭК прокуратурага кайрылат…
Бакыт Бешимов, ЖКнын депутаты:

- Биз бул маселени Жогорку Кеңештин сессиясында көтөрөбүз жана тиешелүү комитетке кайрылабыз. Парламенттин көпчүлүк составын кимдер түзөөрүн билесиздер, ошентсе да буга көңүл бурдуруу үчүн, ошондой эле коомчулукка да жеткирүүгө болгон аракеттерди жасайбыз. Бул түптөлүп бара жаткан режим ар бир атуулга коркунуч жаратууда. Муну Ыссык-Көлдөгү кырдаал таасын көрсөттү.
Бийлик Бишкек шаарында дагы милиция кызматкерлерин алып келип, оппозиция өткөрө турган пресс-конференцияны да үзгүлтүккө учуратууга аракет жасады. Ошондой эле атайын уюштурулган провокаторлорду дагы алып келишкен. Ал адамдардын көбү Балыкчы шаарындагы каршы тургандар. Ысык-Көлдө 2 миңден ашык укук коргоо кызматкери чогултулган.
Азыр оппозиция мүчөлөрү Ысык-Көл областынын чиновниктеринин оппозицияга каршы аракеттери туурасында сотко кайрылуу үчүн документтерди топтоп жатышат. Анткени алар БЭКтин ошол жакта өтө турган курултайын үзгүлтүккө учуратып, БЭКтин лидерлерин жана курултайдын катышуучуларын мыйзамсыз камоого аракет кылышты. Сотко берүүнү бир катар укук коргоо уюмдары колдоп, алар прокуратурага кайрылуу керектигин дагы айтышууда. Караколдо СДПнын кеңсеси талкаланып, Жети-Өгүз районунун аймагында "Ата мекен" партиясынын төрагасынын орун басары Эркин Алымбековго белгисиз адамдар тарабынан күч колдонулган.
БЭКтин мүчөлөрүнүн Балыкчынын тургундары менен жолугушуусу дагы Балыкчынын мэри жана шаардык ички иштер башармалыгынын жетекчисинин мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам үзгүлтүккө учурады.

Роза Отунбаева,
ЖКнын депутаты:

- Албетте, бул маселени парламенте көтөрүүбүз зарыл. Өзгөчө Кубанычбек Кадыров өзүнө Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн начальниги Эрнист Дүйшөнбиевдин күч колдонгондугу туурасында билдириши керек.

Султан Урманаев, коомдук ишмер:

- Мен ал окуялардын күбөсү болгон жокмун. Бирок кечинде интернет барагына чыккан ошол окуя боюнча макалаларды окуп капа болдум. Чынын айтканда, Ысык-Көлдүн жараны, Ысык-Көлдө төрөлүп, ошол жерде иштеп жаткан адам катары мен бийликтин кылган мындай иштерине уялдым.
Мен өзүм табиятыман адамдарга жакшылык болсо экен, Кыргызстанда демократия болсо экен деген ой менен жашап келатам. Ага чейин деле биз Жалал-Абат облусунда жүргөндө оппозициянын эң ана башы Апсамат Масалиев да Жалал-Абат облусуна киргенде, Таш-Көмүрдө болобу, Көк-Жаңгакта болобу жыйын өткөргөнгө эч кандай тоскоолдук кылган жок элек, жогору жактан деле мындай буйрук болгон жок эле.
Андан тышкары 2004-жылдын декабрында биздин Ысык-Көлдө дагы кечээгидей окуя болгон экен. Мен ошондо Ак-Суу районуна барып, жаманчылыкка катышып, кеч келип калып, бирок жогорудагы окуянын күбөсү болдум. Ошондо да оппозиция өкүлдөрү көчөдө калган экен, ошолордун баарын Эчки-Бел ишканасынын жыйындар залын берип, ага өзүм да катышып, кечинде жакшылап узатып койдук эле.
Мен ойлойм, эгерде кечээ көзөмөлдөп, туура эмес болсо, туура эмес болуп атат деп айтып жыйын өткөрдүрүп койсо Кыргызстан, жалпы эл, демократия утат эле.


Азиза Абдрасулова, "Кылым шамы" укуктук борборунун жетекчиси:

- Тынч чогулушту өткөрүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн Ысык-Көл областынын жетекчилери жооп берүүсү керек. Ошондуктан, сотко жана прокуратурага кайрылуу керек. Тынч чогулушту өткөрүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн кандай жаза каралаары Кылмыш Жаза Кодексинин 148-беренесинде каралган. Мындай иштер штраф төлөөдөн тартып, үч жыл эркинен ажыратууга чейин жаза алышы мүмкүн. Чогулушту өткөрбөй коюу чечимин бир гана сот чыгара алат.

Өмүрбек Текебаев, БЭКтин мүчөсү:

- Түп районунун аймагында курултай өткөрүүгө бийликтин каршы аракети атуулдардын укугун одоно бузуп, мыйзамды сыйлабаган өзүм билемдиги алдыдагы шайлоонун таза өтпөшүнөн кабар берет.

Кубанычбек Кадыров, ЖКнын депутаты:

- Мен депутат катары Ысык-Көл областында мага күч колдонгондорго карата кылмыш ишинин ачылышын талап кылам. Бул факт боюнча күбөлөр бар. Албетте, аталган инцидент боюнча башкы прокурордун орун басарына айтылды.
Мага кол көтөргөндө дагы райондук ички иштер бөлүмүнүн ичинде, начальник РОВД депутатты курткасынан сүйрөп эшикке түртүп чыгарып жаткандан кийин, бул бүгүнкү бийликтин кандай аракети десек болот. РОВДнын башчысы депутатка кол салып жаткандан кийин башка кишилер жөнүндө кеп кылыштын кереги деле жок болуп калды.

Азимбек Бекназаров, БЭКтин штаб башчысы:

- Азимбек Анаркулович, Түптөгү элдик жыйын кайсыл бир тоскоолдуктардан улам болбой калгандыгы айтылууда. Кандай каршылыктардын болгондугу туурасында айтып берсеңиз?
- Көлдүн аркы да берки да өйүзүнө элүүдөн жүзгө чейинки бюджеттик кызматкерлер, аялдар, спецназ, мас балдарды таш менен куралдандырып коюп, Түпкө өткөрбөй коюшту. Тоңдон, Балыкчыдан, Кочкордон келаткан делегаттар Балыкчы шаарына жыйналууга аргасыз болушту. Мен өзүм Даркандан өтө албай, кайра Балыкчыга кайтып келдим.
Алар топтолгон элге ар кандай чагымчылдык менен ызы-чуу, кыйкырык салып, акмакчылыкка жол беришти. Аларга теңелип ал жерде тургуң да келбейт. Ошого карабастан депутат Иса Өмүркулов, Топчубек Тургуналиев, Башка укук коргоочулар менен бирдикте эл менен жолугушуу өткөрүп, курултайдын максатын айттык.
- Балыкчы шаарынын мэри оппозиция уруксатсыз митинг өткөрүп жаткандыктан таркатылды деди го?
- Алар бизге чейин эле БЭКтин бир топ активисттерин камап салышкан экен. Эртең менен барып, Иса Өмүркулов, Азиза Абдрасулова,Эркин Алымбековдор ортого түшүп жатып аларды араң бошотуп алышты.







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2009-ж.:
1-бет
ЭРНИС МЫРЗА ЭМИ КИМДИН ЫРЫН ЫРДАЙТ?
2-бет
Чоң жана кичи кабарлар
3-бет
БШК бышыктайт
4-бет
Оппозиция ордосунда
БЭК прокуратурага кайрылат

5-бет
Оппозициянын өңү Атамбаевдин өңүндөй эмес
6-бет
Уланбек Карыпов, "Ак Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Бүгүнкү оппозицияны пенсияга кетириш керек!"

7-бет
Кубанычбек ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары:
"мен көп нерселерди Ийне-жибинен бери билем..."

8-бет
ТВга келет... кетет...
9-бет
сыйкырдуу кыял дарагы
10-бет
Алмазбек Исманкулов,
"Көз микрохирургиясы" илим изилдөө борборунун директору:
"Саясатчы болуш үчүн аморалдык сапаттарга ээ болуш керек экен"

11-бет
Улан Мелисбек, Кыргызпатенттин директору:
"Биз интернет-пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргойбуз"

12-бет
Эгиздер
13-бет
Радиожылдыз
14-бет
Байлыкты эмес, айлыкты эмес, шайлоону эмес, өзүңдү ойло!
15-бет
Формачан Айым
16-бет
Айнура Салахидинова










??.??