БШК бышыктайт

10 эле талапкер калды
Ошентип мамлекеттин жүгүн көтөрүүгө алы жетсе да, жетпесе да, же болбосо жетет деп ойлогон талапкерлердин кол топтоого берилген убактысы аягына келип жетти. Бул аралыкта канча талапкер 50 миңден кем эмес жарандын жүрөгүнөн орун таап, колдоймун деген колун топтой алды? Бул суроого Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаев төмөндөгүлөрдү жооп берди.
- Сизге бериле турган биринчи суроо жалпы эле кыргызстандыктарды кызытырып турса керек. Бүгүнкү күнгө карата канча талапкер калып, канчасы жарышууга чыга албай калды?
- Президенттик жарышка аттанган 14 талапкер келатты эле, кечээ БШКнын отуруму болуп, мамлекеттик тил комиссиясынан өтпөй калгандыгына байланыштуу Уламаев менен Эшембаев талапкерликтен чыгарылды, ошондой эле өзүнүн арызы менен Сүйүналиев талапкерлигин алып салды. Бүгүнкү күндө ошентип 10 талапкер калды.
- 50 миңден ашуун жарандын колун канча талапкер топтоп тапшырды?
- Шайлоо кодексинин талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер шайлоо күнүнө 50 календарлык күн калганга чейин өздөрүн колдогон шайлоочулардын кол тамгасын 50 миңден кем эмес облустук шайлоо комиссиясына тапшырыш керек болчу. Алардын ичинен 1-июнь күнү Бакиев Курманбек Салиевичтин ишенимдүү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү БШКга облустук шайлоо комиссиясынан текшерилип өткөн 1 млн. 200 миң колду тапшырды. Бүгүн БШКнын жумушчу тобу ошолордун аныктыгын текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле алдын ала алынган маалыматтарга караганда, айрым жерлерде 7 талапкер, айрым жерлерде 8 талапкер облустук шайлоо комиссияларына өздөрүнүн топтогон колдорун тапшырып, кечээ аяктады. Бүгүн аны тактап туруп кимдики канча болгондугун карап чыгабыз. Булар негизинен Жеңишбек Назаралиев, Темир Сариев, Алмазбек Атамбаев, Нурлан Мотуев, Токтоайым Үмөталиева жана Акбаралы Айтикеев аттуу талапкерлер болуп атат. Бүгүн ошолордун баарынын тууралыгын облустук шайлоо комиссиясы текшерет, ошол текшерүүдөн анык деп чыккандарынын гана эсебин алабыз 50 миңден.
- Баарыбызга белгилүү болгондой талапкер болуу да оңойго турбай, шайлоо фондуна ири суммадагы каражат төгүшү керек эмеспи. Учурда канча талапкер ушул шайлоо фондуна акчасын чегерип берди.?
- Бүгүнкү күнгө карата негизинен 500 миң сомдон өзүнүн күрөсүн койгон 5 талапкер бар.
- Ал эми шайлоо өнөктүгүн жүргүзүш үчүн да расмий фонд аркылуу каржыланыш керек да?
- 5 талапкерден башка бүгүн 7 талапкер шайлоо фондун ачып, өздөрүнүн шайлоо өнөктүгүн, каржылоо иштерин жүргүзүп жатат. Кечээ эле бул боюнча БШКнын отурумунда комиссиясынын билдирүүсү угулду.
- Эгерде "секрет" болбосо ким канча акча салганы туралуу маалымат барбы?
- Менин маалыматым боюнча эң эле көп акча каражат салган Курманбек Бакиев болуп жатат, 6 жарым млн. сомдой, эң азы Боронбаев, 6 сом салгандары дагы бар.
- Бириккен Элдик Кыймылдан чыккан талапкердики канча болду?
- Алардыкы 600 миң сомдой бар.
- Европа Биримдиги тарабынан байкоочулардын санынын чектелишине сын айтылды эле. Негизи канча байкоочунун келишине уруксат берилген?
- Жалпы бул жердеги чет элдик, эл аралык байкоочулардын келиши боюнча ошондой сөз болуп жатат. Биз бул маселени карадык. Буга чейинки болуп өткөн президенттик, депутаттык шайлоолордо эл аралык байкоочулардын келгенин талдап чыктык. Өткөн шайлоодо 600гө жакын эл аралык байкоочулар катышкан экен. Бүгүн биз ошол 600 эмес, 1 жарым миңге жакын орун берип жатабыз. Өткөн жылдарга караганда көбүрөөк квота берип жатабыз, бул жалаң гана чет элдик жарандарга тиешелүү.

Маектешкен М.Элчиев




Адилет АЙТИКЕЕВ:
"Убагында атамекенчилер мени Атамбаевдин агенти дегенге чейин барышкан"
- Өзүңүздөр билесиздер 2006-жылдан бери Өмүрбек Текебаев жетектеген Ата-Мекен партиясынын мүчөсү болчумун. Бул партиядан чыгып жатканыма түрткү болгон бир нече обьективдүү негиздер бар. Жалпылап айтканда мындай кадамга барышыма партия жетекчилеринин өздөрүнүн карманган принциптерин тайып, күнүмдүк интригаларга, оош-кыйыштарга, популизмге ыктап бараткандыгы мени тынчсыздарып койду да. Сөздү башынан баштайынчы апрель митинги боюнча жакшы билесиздер. Ошол митингдин эң этегинде жалгыз курмандык болуп, абакка түшүп, кийин кылмыш иши ачылып, бир жылга шарттуу түрдө соттолгонмун да, ошончо адамдардын ичинен. Анан ошол учурда бир окуяны айтып берейин. Балким бул үчүн кайсы бир адамдар башка бир ар кайсы сөздөрдү айтып жала жабышы мүмкүн, мейли жапса жаба беришсин. Кандай ойлошсо ошондой ойлой беришсин, бирок, шибегени капка ката албайсың, чындыкты жашыра албайсың, ал ачыкка чыгыш керек. 2007-жылы октябрдын 13үнөн декабрдын 25не чейин, эки айга чукул убакыт СНБнын камагында отуруп калдым. Ошол жерден бир күнү тергөөчү чакырып алып, бир показания көрсөттү да, күбөөнүн көрсөтмөсү экен да. Бул кимдики деп карасам, ошол "Ата Мекен" партиясынын жаштар канаты, Жоомарт Сапарбаевдин өзүнүн өздүк көрсөтмөсү экен. Анан иш менен толук таанышып чыксам ичинен жалгыз гана мени күнөөлөгөн көрсөтмө ошол экен. Мага бул биринчиден ушунчалык катуу тийди. Экинчиден саясатка болгон көз карашымдын өзгөрүшүнө түрткү берди.
Үчүнчүдөн партияга болгон мамилем дагы башка нукка түшүп калды да. Анан ал маселеге деле мейли дегем, себеп дегенде тигил жерден карасам атайын жала жапкандай бир жактуу көрсөтмө берилген да. Кийин сотто дагы ошол көрсөтмө негиз болуп берди. Соттун судьясы айтты, өзүңдүн партиялашың ушундай көрсөтмө берип жатса, демек сен күнөлүү болушуң мүмкүн деген тыянакка келди да. Ошол учурда мен алакан жайган абалга келип калдым. Бул иш деле балким айтылбай калчу жерде калып калмак. Бирок, жүрүп-жүрүп отуруп, акыркы күндөрү партия жетекчилигинин жасаган жүрүштөрү бир чети таң калтырып, бир чети партиядан чыгышыма түрткү берди. Себеби 2006-жылы ноябрь митингинде атамекенчилер Атамбаев менен биригишип Кулов акүйдөн чыкпай койгондо бардыгы аны эл душманы кылып, жалаа жабышып ар кандай сөздөр менен, ал турсун "саясий өлүк" дегенге чейин барышкан. Ошол жерде Алмаз Шаршенович эмне сүйлөгөнүн элдин баары билет.
Бийлик туралуу, Кулов туралуу, андан кийин эмнелер айтылганы бардыгы билет. Ошондон көп өтпөй эле бир жарым, эки ай аралыгында Атамбаевдин позициясы кескин түрдө өзгөрүп, бийликке карата ыктоо саясатын баштаган. Апрель митингинен кийин Атамбаев бийлик менен соодалашууга барып, өкмөт башчы болуп алган. Ал артынан ээрчип жүргөн канча элдин көз карашы менен эсептешкен жок. Ошол кезде менин таң калганым Атамбаевдин аркасынан ээрчип жүргөн саясий лидерлер Куловду баатыр кылып, Атамбаевди эл душманы кылышкан. "Ата Мекен" партиясында жүргөн кезимде ушундай кубулма саясат жөнүндө өзүмдүн пикиримди айтып койсом, мени атамекенчилер "сен Атамбаевдин агентисиң" дегенге чейин барышты. Анысы мейли го, акыркы күндөрү атамекенчилердин акыркы жүрүшүнө айран таң бердим. Бир кезде Атамбаев Бакиевдин аталасына, акүйдүн токочуна алданып калды, дагы бирөөнүн жугундусун ичип атат деп айтып келгендер бүгүн Атамбаевди улуттук баатыр кылып, ал оппозицияны баштай алат деп чыгышканы мени таң калтырды да. Бул жерде эки жүздүүлүк эмес, бир нече жүздүүлүк жатат да. Ошондуктан мен Ата-Мекен партиясынан чыктым. Негизи эле саясаттан чарчап, тыныгайын дегем. Анткени, ушул убакытта өзүмдүн саясаттагы ордумду табайын дегем. Бирок, "Ак-Шумкар" партиясынын программасы, багыты башка партиялардыкынан асман менен жердей айырмаланып, ушул партияга кирип иштешейин деп жатам. Мен бир кезекте Өмүрбек Чиркешовичти принципиалдуу адам деп партиясына баргамын. Көрсө мен чоң жаңылган экемин.
2007-жылы апрель митингинде Кулов баш болгон Жогорку Кеңештин калп айтпасам 22 депутаты өздөрүн элдин лидерлерибиз деп ошол турушкан. Качан гана митинди күч менен көздөн жаш агызып кууп чыга баштаганда, баягы мен лидермин дегендин бири жок, дагы жакшы алардын арасында ар-намысы бар адамдар бар экен, Темир Сариев жалгыз өзү бизди коргоп, биз менен жүрдү. Ошондон баштап бул кишинин принципиалдуулугуна, идеяларга бекемдигине ишенип, колдой баштадым. Ал эми Алмаз Шаршеновичтин эки жүздүү, кубулма саясаты баарыбызга белгилүү, ошондуктан ал кишини мен президенттикке татыктуу деп эсептебейм. Эгерде ал бийликке келе турган болсо бүгүнкүдөй ахыбал дагы деле улана бериши мүмкүн.
Мени таң калтырганы - Алмаз Шаршенович президенттик талапкер катары Таласка кантип барат болду экен? Анткени, ал "Жерүй" маселеси боюнча таластыктар менен жолугушканда алтын кенди азыркы ахыбалга мен алып келиптирминби? "Силердин Майрам апчеңер алып келди" деген сөзү бар. Же болбосо "таластыктар мага окшогон жетекчини жинди кылган эл экенсиңер" дегеничи. Анын баарын эл унуткан жок, эсинде сакталуу. Ошондуктан Таластыктардын Атамбаевге карата көз карашы өтө начар. Ушул нерселердин баарын жыйынтыктап келип жеке өзүмдүн пикиримде Алмаз Атамбаев мамлекет жетекчиси болууга татыксыз.
П.Рысмамбетова