Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Чоң жана кичи кабарлар
Экс-кандидат эмне гезит ачат болду экен?
Президенттикке талапкер болуп, бирок, тил сынагынан "кулап" калган К. Эшенбаев эми республиканын бардык булуң-бурчуна тарай турган гезит ача тургандыгын маалымат жыйынында билдирди. Саясаттын сазына эми гана бут малган Эшенбаев мырза кыргыз тилин тиешелүү деңгээлде билерин, ошондой эле өзүнүн программасын унутпагандыгын, жакынкы аралыктан тарта ал программасын реализациялай баштаарын дагы бапылдады.

Кыргыз аскерлери барымтага камалды
2-июнь күнү эртең мененки саат он бирлер чамасында Кадамжай районунун аймагынан өтүп бараткан, Баткен чек ара бөлүгүнө тамак-аш тартып келе жаткан жүк ташуучу автоунааны өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагынан эле токтотуп, Өзбекстан тарапка тартып кирип кетишкен. Маалыматтарга караганда өзбек тарап эч себебин айтпастан Сох анклавына кирүүчү жолдордун баарын жаап салышкан. Ага чейин, ошол эле күнү кыргыз чек арачылары 2 өзбек чек арачысын чек арадан мыйзамсыз өттү деген жүйөө менен камап алган деген да маалыматтар бар. Бул окуядан соң эки тараптын сүйлөшүүлөрү жүрүп, өзбек чек арачылары да, кыргыз чек арачылары дагы барымтадан бошотулушкан.

Өмүрбек мырза Москвада
Вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Москва облусу менен кызматташтыкты өнүктүрүү тобунун теңтөрагасы Тигран Караханов менен жолугушуп, соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ниети менен Москвага учуп кетти. Бүгүн Орусиянын борбор калаасында Кыргызстан-Москва шаардык өкмөттөр аралык комиссиясынын жетинчи олтурумуна катышаарын дагы өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Чолпон айым көзөмөлүнө алат
"Асман пресс" гезитинин (№19) 21-майда жарык көргөн санына "Апа, мен сизди сагындым. Менин сизден башка эч кимим жок" деген Шамалды-Сай шаарындагы беш айдан бери 6 жашар кызды зордуктады деп ак жеринен караланып жаткан Тилектин катын, ошондой эле апасы Мейизбү апанын көз жашын көл кылган макаласын жарыялаган элек. Армандын ачуу жашын тамгызган макала жарык көргөнү Жогорку Кеңештин депутаттары да көңүл буруп, Мейизбү апанын акыбал-жайын сурашып, өз көзөмөлдөрүнө алаарын, колунан келген жардамдарын аябасын айтышыптыр. Айрыкча сот системасын чемичкедей чаккан Чолпон Баекованын жанын өкүм сүрүп жаткан акыйкатсыздык кейиткенби, "соттордун чечими менен алгач мен, анан Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиева таанышат" дептир. Чолпон Турсуновнанын айткандары, Бакыт Бешимовдун жылуу сөздөрү өлгөн үмтүмдү жандандырды дейт Мейизбү апа. Ошондой эле ыраазычылыгын билдирип, 5 айдан бери үнүм Кудайга жеткен окшойт. Өзүмдүн туугандарым бере албаган жардамды силер берип, коомдук пикир жараттыңар деп ыраазычылыгын билдирип, жетине албай ыйлады. Ошондой эле уулу Тилектин соту 5-июнга калганын кабарлады.

Жаңы уюм түзүлөт
Бир айдан кийин Кудай буюрса, улуттук сезимдердерди ураан кылган уюм жаралат. Анын башында кыргыздын чыныгы азаматтары турат.

датка тууралуу кино тартылат
"Курманжан Датка" фондусу Курманжан Датка эненин 200 жылдыгына карата ал жөнүндө фильм тартуу демилгеси менен Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулуна жана премьер-министр Игорь Чудиновго кайрылган. Бул идеяны премьер-министр менен мамлекеттик катчы колдоп, Маданият жана маалымат министрлигине бул ишти мүдөөгө ашырууга тапшырма берген. Кечээ министрликте белгилүү тарыхчы, окумуштуу, сценаристтер менен бирге отурум болуп, жыйынтыгында алгач "Курманжан Датка" документалдуу фильмин тартып, ал эми көркөм фильмди 2011-жылга даярдоону пландашты. Фильмдин сценарийин Кадыр Өмүркулов, Көчкөн Сактанов, Замир Сооронбаев, Жаныш Кулмамбетов өңдүү белгилүү адамдар даярдамай болушту.

Темир мырза теминип эле баратат...
Сакадай бою бар Сариев мырза президенттикке талапкер болуп катталганы коомчулуктагы ар кандай пикирлердин дагы "тепкисине" кабылды. Деген менен айрым мен деген аты таанымал адамдардын катарында өзгөчөлөнүп, тил сынагынан тим эле сыдыргыга салгандай өтүп, кандидаттар топтой турган тиешелүү добуштарды дагы топтоп, БШКга өткөргөнгө үлгүрдү.

Карызың болсо газ өчөт
Бүгүндөн баштап "Бишкекгаз" колдонгон газ үчүн карызын төлөбөгөн абоненттерин өчүрүүнү баштайт. Алардын карызы 200 миллион сомго чыгып кеткен. "Бишкекгаздын" басма сөз кызматынан билдиргендей ишкана кийинки айга газды сатып алууга каражат топтоо үчүн, төлөмдөрдүн жүргүзүлүшүн катуу көзөмөлгө алууга аргасыз болууда. Анткени, "Узбекнефтегаз" менен түзүлгөн келишим боюнча Кыргызстан көгүлтүр отту 100 пайыз алдын ала төлөө менен алууда. Эске сала кетели, карызы үчүн өчүрүлгөн абоненттердин кайра кошуу акысы 2 миң 914 сом болот.

Сүйүү азап
Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун судьясы Айдарбек Осмонов 3-июнда Наталья Ямщикованы өлтүргөндүгү үчүн Азамат Мандалак уулун 13 жылга эркинен ажыратты. Азамат өзүнүн акыркы сөзүндө жасаган кылмышы үчүн өкүнүп жатканын, эгерде баарын артка кайрууга мүмкүн болсо, ал аял үчүн жанын бере турганын, анын тууган-туушкандарынан кечирим сураарын айтты.
Тергөө материалдарына караганда 29 жаштагы баш калаа тургуну Азамат Мандалак уулу кылмыш жасаганга чейин эч жерде иштеген эмес, үй-бүлөлүү, жаңы эле уулду болгон. Ошол эле убакта 2008-жылдын сентябрь айынан бери 24 жаштагы Наталья Ямщикова менен жашыруун мамиле күтүп, сүйүшүп жүрүшкөн. Ушул жылдын 19-февралында ал өз үйүндө жашыруун сүйүүсү менен жолугуп жатканда аялына кармалып калышкан. Натыйжада мыйзамдуу жубайы кетип калып, ымалаш сүйүүсү турмушка чык десе ойлонуп көрөйүн дегени үчүн ачуусу келип, өздөрү алып келип ичкен шампан бөтөлкөсү менен башка чаап, анысы аз келгенсип, муунтуп өлтүрүп койгон. Сүйүү азап деген ушул бекен.

БШК конкурс жарыялады
Алдыдагы ажолук тактыга ат салышкандардын уйкусун бузган шайлоону обьективдүү, жакшы чагылдырган ММКлар үчүн БШК конкурс жарыялады. Аталган конкурс 2 июндан тарта 30 июлга чейин жүрмөкчү.

Каптагаев кечирим сурады
Түптөгү оппозициянын куулганына ызаланган Эмил Каптагаев оппозиция өткөргөн жыйында көзүнө жаш алып, үнүн каргылдантып, "Көлдүктөрдүн экинчи ирет бетине шыбаган көөсү үчүн кечирим сурайм"- деди.


"Асман пресс" гезитинин эмгек жамааты кесиптешибиз Сабитбай Маматовдун бир тууган эжеси
Маматова Үпөлдүн
дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

"Асман пресс" гезитинин эмгек жамааты "КТР-Обо" гезитинин башкы редактору Түгөлбай Казаковго
кызынын
дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2009-ж.:
1-бет
ЭРНИС МЫРЗА ЭМИ КИМДИН ЫРЫН ЫРДАЙТ?
2-бет
Чоң жана кичи кабарлар
3-бет
БШК бышыктайт
4-бет
Оппозиция ордосунда
БЭК прокуратурага кайрылат

5-бет
Оппозициянын өңү Атамбаевдин өңүндөй эмес
6-бет
Уланбек Карыпов, "Ак Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Бүгүнкү оппозицияны пенсияга кетириш керек!"

7-бет
Кубанычбек ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары:
"мен көп нерселерди Ийне-жибинен бери билем..."

8-бет
ТВга келет... кетет...
9-бет
сыйкырдуу кыял дарагы
10-бет
Алмазбек Исманкулов,
"Көз микрохирургиясы" илим изилдөө борборунун директору:
"Саясатчы болуш үчүн аморалдык сапаттарга ээ болуш керек экен"

11-бет
Улан Мелисбек, Кыргызпатенттин директору:
"Биз интернет-пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргойбуз"

12-бет
Эгиздер
13-бет
Радиожылдыз
14-бет
Байлыкты эмес, айлыкты эмес, шайлоону эмес, өзүңдү ойло!
15-бет
Формачан Айым
16-бет
Айнура Салахидинова










??.??