Батыштын шоу-бизнесинде жылдыздардын кийинүү стилин дайым сынга алып турушат. Ал тургай жыл сайын "эң мыкты кийинген жылдыз", "эң начар кийинген жылдыз" деп мониторинг өткөрүп, мыктысын мактап, кийине албагандарды шылдыңдап… өзүнчө эле бир шоу болот.
Биз да батыштан кембизби деп, стилист-эксперттерге кайрылбасак да, жылдыздардын өз күйөрмандарынан жактырган жылдызынын кийингени канаттандырабы деп сураштырып көрдүк.


Айнура Салахидинова
Кийим киймек турсун, сахнада өзүн алып жүргөндү билбейт. Осанкасын түздөтсө жакшы болмок.
Чыңгыз, 20 жашта

Омар
Омар үнү менен эле эмес, оригиналдуу стили менен да айырмаланат. Моданы жеке стили менен айкалыштырып, туура кийинип жүрөт. Мода боло турган кийимдерди, дайыма эң биринчи Омар кийип чыкканын көрөм.
Аида, 17 жашта

Урмат Усенов
Кийимди оригиналдуу кылып тандаганы жакшы бирок, ошону кийсе эле кашайып арыктыгынан жарашпай калып жатпайбы.
Изати, 16 жашта

Замира Молдошева
Замира Молдошеваны кыйын стилист деп эсептешет. Бул эженин айрым бир ырчыларга критика айтканын окуп калам. Бирок башканы сынаганы менен өзү деле стилист катары өзгөчөлөнбөйт. Кадимки эле күнүмдүк кийимдерди кийип алат го.
Бегайым, 22 жашта

Азиза
Чампаланып-чумпаланып өзгөрүлүп турганга жакшы эле аракет кылат. Азиза сахнада башка, көчөдө такыр башка, жөпжөнөкөй, таанылбай да калат. Ушундан улам сахнадагы ажарын анын жакшынакай кийимдери эле ачып жатабы дейсиң.
Фатима, 23 жашта


Бактыгул Бадыева
Биздин ырчылар бирин-бири эле туурай берет. Сага эле көк көйнөк жарашабы, мага деле жарашат деген ырчыларга Бактыгүл Бадыеваны кошо алам. Кийинчерээк бул эжекеге көйнөк деле жарашпай баратат го, андан ашкан 90-60-90дор чыгып кетпедиби.
Надира, 20 жашта

Назира Айтбекова
Назира эжеге көйнөктөр жакшы жарашат экен, ага жараша шуру, билерик сымал аксессуарларды пайдаланганы мага аябай жакты. Мурункусуна салыштырганда стили бир топ эле жакшырды.
Мырзайым, 17 жашта

Алихан
Өзгөчүлү деле жок. Бизде көп эле ырчылар ушунтип кийинишет. Азыркы жаштардын стили ушундай да, джинса жана ачык өңдөгү көйнөктөр.
Өзүнүн стилин дагы деле таба элек.
Айсулуу, 15 жашта

Съездбек Искеналиев
Шоу-бизнестеги оригиналдуу кийинген ырчылардын бири Съездбек Искеналиев. Жай келип, эми жан жаныбарлар "ух!" деп калды окшойт, кантсе да бул жылдыздын стили эч кимге окшошпогону менен жакшы.
Акбар, 20 жашта

Айгерим Расул кызы
Айгерим көбүнчө ачык түстөгү, жалтыраган кийимдерди жактырат. Жарашабы, жарашпайбы иши кылып кооз болуп турса болду. Бул ырчы кийимдер менен эксперимент кылгандан корпойт, деги эле ипотаждуу адамдар шоу-бизнесте деле болуш керек да.
Медина,19 жашта

Мирбек Атабеков
Мирбек дайым жаңыланып турат. Ага кыска кыркылган стришка, жарым "кежл" стиль (Жастин Тимберлейктин стили) жарашат. Менин байкашымча ырына жараша кийинет, ыры жай болсо классикалык дегендей.
Атай, 16 жашта