Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Формачан Айым

(Башы өткөн санда)
Аялдар менен кошулуп, кошок да айта баштадым. Бир күнү атам "Кызым, автошколага барып, экзамендериңди тапшырып кел. Сени менен бирге окуп жүргөн кошуна келип кетти" деди.
Экзаменге кошуна киши кошо барды. Байкуш киши биринчи жолку экзаменде шаблондон кулап калыптыр. Экинчи жолу кайра бара жатып, "Кызым, сен кайсыл жерге олтурсаң, мен сени менен олтурайын, жардам бер" деди. Мен макул болдум. Класска киргенде МАИнин кызматкери мени алдыңкы партага жалгыз олтургузуп, калгандарын арткы парталарга олтургузуп койду. Экзаменге шаблондорду таркатып, МАИ кызматкери мен иштеп бүткүчөктү жанымдан жылбай карап турду. Мен шаблондун бардыгын жатка билгендиктен, бат эле тапшырмаларды аткарып койдум. Экзаменатор "Азамат, кызым" деп мага жылмайып, шаблонду алып, "Сен эми сырта күтүп тур, анан "вождениени" тапшырасың" деди. Бир группадан жетөөбүз гана жакшы тапшырдык. Кошуна байке болсо дагы кулап калыптыр. Группадагы эркектердин арасында жалгыз кыз болгондуктан рулга биринчи мен олтурдум. Жаныма МАИнин кызматкери олтурду, ал эми алты бала артка олтурушту. Экзамен алган МАИ кызматкери токтоого, жүрүүгө тыю салынган жерлерде машинаны айда деп, мени адаштырууга аракеттенди. Бирок, мен аны укпастан эле, шарт боюнча айдап, анан машинаны токтотконумда МАИ кызматкери "Болду, машинадан түш, түштөн кийин келесиң" деди. Мен ага суроолуу көз караш менен карап калсам керек, ал "Айдоочулук күбөлүгүң түштөн кийин даяр болот. 7 сом 50 тыйын алып келип, аласың" деди. Ошондо гана экзаменден өткөнүмдү түшүндүм. Айдоочулук күбөлүктү алагандан кийин үйгө чейин эч кимге билгизбей ыйлап келдим. Апам байкуш күндө мени узатып чыгып, тосуп алчу эле, ушул дипломумду көрсө эмне деп апамды эстеп ичим сыздады. Айла канча, өлгөн өлүп, тирүүлөр болсо жашоону уланта берет тура.
Ошентип, жашоо кайрадан өз нугу менен алдыга жылып, кайрадан жумушка чыгууга туура келди. "Сен жашсың, турмушка дагы чыга элексиң. Көп кейибе" деп айтышкан аялдардын сөзү кулагымдын сыртынан кетип, апам эми кайра тирилип келмек беле деп салтты карманып, түштүк жергесиндеги салт боюнча апамдын жылдыгына чейин көк кийимимди, башымдагы жоолугумду түшүргөн жокмун.
1981-жылдын сентябрь айы. Бир күнүн атамдын карындашы келип калды. Ал көбүнчө биздикинде жүрүп, анан кетчү. Бирок, бул жолку келиши башкача болду. "Жүрү, биздикине барып жүрүп кел. Анын үстүнө отпускада да экенсиң. Качанка чейин оокат кылып эле жүрө бермек элең. Үйдөгүлөр деп жүрүп, жүдөп да кетиптирсиң. Сенсиз деле булардын окаты өтөт" деп калды. Үйдөгүлөр да аны коштоп кетишти. Ал эми мен болсом кетсем эле үйдө бир өзгөрүш боло тургандай жүрөгүм апкарат. Апамдын өлгөнүнө бир жыл, сегиз ай болуп калган. Жылдыгы өткөндөн кийинки менин күнүм ай. Атам менен апамды билген жоро-жолдоштору аялдары менен келишип, өткөндү эстешип, анан атама "Эми бойдок жүрбөй үйлөн. Балдарың бой жетип калды. Кыздарыңды күйөөгө чыгарып, балдарыңды үйлөнтүшүң керек" дегендерин уксам төбө чачым тик туруп, жүрөгүмө ийне сайгандай, "Мейли күйөөгө чыкпасам да атамды караймын" деп, апамдын ордуна башка аялдын келишин ыраа көргөн жокмун. Тагдырдын өзгөргөнүн кара. Апам өлөөрдөн мурда жуучулар мага көп келип, "Кызыңарга куда түшүп келдик. Окуйм десе окутабыз, кааласа балабыз окуган жакка барып окусун, же болбосо Фрунзеге окусун" дешсе, апам "Кызыбыз жаш. Эми мектепти бүтүрсө, окусун, анын үстүнө чөң уулубуз дагы үйлөнө элек. Чөң кызым да турмушка чыга элек. Экөө тең студент" деп айтып жүрдү. Кийинчерээк онду бүткөнүмө 3-4 жыл болуп калганда "Кызыбыз өзү каалап тийбесе, мажбурлабайбыз. Кызыбыз өзү каалаган адамга турмушка чыгышы керек" деп айтчу. Кээде өзүмө таң каламын. Ушунча жашка чыгып бир да бала менен сүйлөшүп да көрбөгөн экенмин. Мээме окуу, окуу деп сиңип калгандай, боенуп, кино театрларга, бийге кыздар менен баруу мен үчүн бир жаман нерседей туюлчу. Бош убактымда китеп окуп, тарых, адабият сабактарын өзгөчө жакшы көрүп, тапшырмалар менен алек болоор элем. Апам "Жаш кыздардай болуп боенуп, теңтуштарың менен эки жакка чыгып, көңүл ачпайсыңбы. Кемпирлерден бешбетер үйдөн чыкпайсың. Кемпирлер дагы айылчылап келет. Сен кимди тартып калгансың" деп күлүп, таң калаар эле. Менин "уялчаактык" деген жаман адатым бар эле. Ал адатым азыр да кала элек. Мектепте окуп жүргөндө жада калса атамдан акча сурай алчу эмесмин. Аныма атам дагы капа боло "Менин кызымсыңбы же башка бирөөнүнбү. Апаңды ортого салбай эле өзүң эле сурабайсыңбы" дечү. Негизи атам да, апам да мага бир дагы катуу сөз айтып урушкан учурлары болгон жок. Өзүм дагы аябай жашык, коркок болгондуктан караңгыда эшикке чыгуу деген дагы мен үчүн азаптын азабы эле. Өзүмдү канчалык токтоо кармап эшикке чыксам да кайра кирерде бирөө артымдан кууп келаткансып, бутумду чечип-чечпей чуркап кирип, эшикти жапчумун. Балким ушул себептен болсо керек, атам да, апам да мага аяр мамиле кылып, көңүлүмдү оорутуп алгандан аярлап турушчу.
Эненин ордун кандай болгон күндө да кыз киши басып калат экен. Эртең менен эрте туруп, атамдын. Инилеримдин кийимдерин үтүктөп, тамак берип, төшөктөрүн жыйнайм. Анан жумушка кетем. УСХда машинистка болуп иштегени кадрлар боюнча инспектор болуп иштеген орус аялдын жанына олтуруп алып, кызматкерлер тергенге алып келген материалдардын баарын терип бүтүрүүгө аракет кылам. Үйгө келгенде кайрадан балдардын кирин жуумай, тамак бышырып, идиштерди жууп, төшөк салмай. Күн сайын эле ошол жумуштар. Дем алыш күндөрү гана машинага салып чоң кирлерди жууп, тандырга нан жапканым болбосо, бирине-бири коендой окшош күндөр зымырап өтөт. Ал мезгилде байкем деле үйлүү-жайлуу болуп калган.
Июлда мен кезектеги окууга тапшыруу экзаменинен кулап калып үйгө келсем, ошол күнүн жеңем төрөптүр. Апасы, байкем болупжеңемди төрөтканадан чыгарып келгени жөнөп жатышкан экен. Жеңемдин апасы мени көрө коюп эле "Келгениң жакшы болбодубу. Жеңең төрөттөн кыйналып калды. ООр жумуш жасаганга болбойт. Эми үй түйшүгүн өзүң көтөрөсүң. Жеңеңди ая" деди дагы ооруканага кетишти. Менин жыл сайын окууга өтпөй, экзамендерден кулап калганым буларга көнүмүш адат болуп калгандай жасаган мамилелери мени абдан ызалантты. Апам болсо ушундай болот беле деп, эч ким жокто өксүп ыйлап алдым. Айткандай эле мурдагыга кошул-ташыл болуп байкемдин балалуу болушу менен мойнума дагы түйшүк кошулду.

(Уландысы бар)
Жазып алган Ж.Жумагулова




  Жеңенин сүйүүсү

Бул баян турмуш чындыгы. Окуя кууп көбүртүп, жабырткыбыз келбейт. Азыр каармандарыбыз ар ким өз жолундагы бакыт кушун кармап жашап жатышат. Биз алардын кылгандарын бир беткей күнөөлөгүбүз келбейт. Анткени тагдыр деген чоң байрада ал нерсени пенде башына түшүрсө, андан эч ким качып кутулбайт. Бул жөн гана Кудайдын маңдайга жазган тагдыры катары кабылдашыбыз керек.
Союзбек үйдүн улуусу болсо да үйлөнбөй бойдок. Андан кийинки иниси Сатыш үйлөнүп, эбак балалуу болуп калган. Сатыштан кийинки Медер да үйлөнбөй бойдок. "Эки килеңдеген бойдок качан үйлөнүп,чеке кубантасыңар" деп апасы чай ичкен сайын какшайт. Медер болсо өңдү-түстү шуулдак. Кишинин ичи койнуна бат кирет. Союзбек болсо бир мүнөз, токтоо. Сатыш сырттан караган адамга улуу көрүнөт. Кантсе да эрте үй-бүлө күтүп калган да. Аялы коңшу эле айылдан. Оокатка тың, бат эле көнүшүп кеткенсиди. Төрөгөндөн кийин "каякка кетмек эле" деп Сатыш анда санда кол көтөрүп коет. Байкуш кантсин анысын да көтөрөт. Апасы экөө ымалашып кеткенине бир чети ичинен ыраазы.
Союзбектин айылдагы аяштары ага катын алып беребиз деп тегерек четтеги кыз кырынды тааныштырып атып калтырышкан жок окшойт. Баарысы менен тааныштырышты. Жакшы эле көңүлдөнүп анан айнып, кыздарды жактырбай калат. Мына ошентип убакыт билинбей өтө берди. Союзбек үйлөнбөй калды деп баары түңүлүп калышкан. Марат досунун үйүнө аялынын тайкелеринин кызы конокко келип калыптыр. 10-классты бүткөнүнө 2 жыл болуп калыптыр. Апасы оорукчал болуп оокубай калган экен. Жаңы конок кыз келиптир деп Союзбекти жасап түзөп экөөнү тааныштырмакчы болушат. Кечинде 4 аяшы Маратын үйүнө тамак-аш жазап, стол жайып олтурушту. Союзбек төрдө олтурган Жибекти бир карап, жактыргансыды. Кара тору болсо да жылдыздуу экен деп ичинен ойлоп койду. Кыз да уялыңкы башын жерден албай олтурду. Шылтоолоп таап акыры экөөнү жалгыз калтырышты. Союзбек кантип сөз баштасам деп тамагы буулуп олтурду эле Жибек өзү сөз баштап:
- Айылыңар кооз экен. Мага жакты. Бизде тоо жок.
- Ии... баары ушунтип айтышат.
- Сейилдеп келбейлиби?
- Жаман ойлошпойбу?
- Жок мен өзүм түшүндүрүп коем.
Экөө сай бойлоп басып бир топко сүйлөшүштү. Союзбек ичинен мени жактырып калды окшойт деп кымыңдап бара жатты.
Сейил багынан Жибекти узатып келгенден кийин "үйлөнөм" деп шак эле чечти. Аяштары окуя мындай болуп кетет деп күтүшкөн эмес. Эртеси Жибекти ала качып жоолук салып, олтургузуп коюшту. Ал күнү баары чардашты. Жибек деле анча деле каршылык көрсөткөн жок. Союзбек күлүп жайнап келген кеткендердин куттуктоосуна мас болуп жүрдү.
Биринчи бал түн өтүп, баш кошкондор бактылуу турмушка бет алышкандай болду. Жибек ак жоолугун салынып, эртең менен эрте туруп келин ызаатын кыла баштады. Самоордогу чайды ашканага алып кирсе, Медер дасторкондо олтурган экен. Жибек, Медерди көргөндө денесин майда калтырак басып кеткенин сезбей калды. Медер да негедир тише тиктеп туруп алгансыды. Чай куюп сунду эле Жибетин колдоруанын колдоруна тийип кетти. Медер жылмайып, жайнаган көздөрү менен Жибекти жутуп ийе жаздады…
- Мен сиздин кайниңиз болом. Атым Медер тоодон түндө келдим.
- Тоодо эмне кыласың?
- Тоодобу гүл терем.
- Тамашалабачы.
- Жеңелүү болгонумду билгенде күлкайыр гүлүн тере келмекмин сулуу жеңем бар экен деп.
- Кеч эмес, эмки барганда тере келесиң.
Аңгыча Союзбек кирип;
- Качан келдиң? - деп Медерге суроо узатты.
- Түндө. Кут болсун!
- Ии... Апам кайда кеттиптир?
- Алымдын үйүнө карызды алганы.
- Сарыныкындагы койду алып кел түлөө кылабыз дейт.
- Азыр жеңемдин колунан чай ичип алайын деп чынысын Жибекке сунду..
Жибектин жүрөгү дүпүлдөп башкача болуп жатты. Чайды сунуп уурданып Медерди караса, ал да карап жатыптыр. Оттой жанган көздөр кадала түштү. Медердин чекесинен тер чыгып ал да далбастап калды. Жибек ичинен сулуу кайним бар турбайбы деп ойлоп койду.
Союзбек эч нерседен капарсыз көңүл ток олтурду. Медер сыртка чыгып кеткенден кийин Жибек чайдын чамесин төгүмүш болуп чыкса кемеге жакта Медер ойлуу олтурганын көрүп , ал жакка басты. Медер да ордунан тура калып, аны күткөндөй түр көрсөттү. Жибек жанына келип туруп калды эле, Медер жылмайып;
- Бир нерсе керек эмеспи?
- Самоорго көмүрдү кайдан алам.
- Бул жакта деп жалпак тамды көрсөттү..
- Ит каппайбы?
- Жок.
Жибек шаша басып артын караса Медер да узута карап жатыптыр. Көмүрдү калаккка салып сыртка чыкса Медер жок экен.Үйгө кирип элеп болгон жүрөгүн токтото албай жатты. Кайра сыртка чыгып Медерди көргүсү келди..Союзбек кантип кирип келгенин билбей калыптыр.
- Чарчаган жоксуңбу?
- Жок.
Жанына олтуруп, Жибектин колунан тартып өпмөкчү болду эле:
- Бирөө кирип келет, уят...
- Сен менинин аялымсың да.
Медерди ойлоп Союзбекти жанына жолоткусу келген жок. Союзбек эч түшүнө албай эле туруп калды..
- Сыртка чыгайын деп шаша чыгып кетти.
Короонун ичинде Медер аттын токуп жатыптыр.
Каякка кетет того го деп көңүлү чөгө түштү.
Медер атына шак минип итин ээрчитип унчукпай чыгып кетти.
Жибек үйгө кирип Союзбекке кайрылып;
- Медер бир жакка кеттиби?
- Тоого кетти. Ал жакта эч ким жок.
Муну укканда Жибек ыйлагысы келип кетти… Көшөгөнүн ичинде олтурган Союзбеккке аябай жини келе баштады.
- Тоого барып келсек болот да.
- Той бүтсүн экөөбүз барып келебиз.
Муну укканда Жибек негедир Союзбекти алдаш керектигин түшүндү..
Той топурап бат эле бүттү. Бир атка учкашып Союзбек, Жибек того бет алышты.Эки сааттай убакыт жүрүшкөн соң Медер жашаган палаткага келишти. Медер кой жайып кеткен экен.Жибек шуулдап казанга тамак жазап, Медердин кир кийимдерин жууп жайды.Суу алганы булакка барса Медер атты менен бастырып келе жатыптыр.Жибекти көрүп токтоп калды да чаптырып жанына келип калды.
- Тооого кандай адамдар келип калган.
- Келип калдык коноктойт чыгарсың.
- Коноктойм.
Медер тердеген денесинен көйнөгүн чечип булакка жуунуп кирди. Аны карап Жибек кучагына оролгусу келди. Медер күтүүсүздөн тайгаланып кетти. Жибек чуркап кармамакчы болуп ал да жыгылып түштү.Экөө кучакташа түштү. Жүрөктөрү дүпүлдөп ысык ээриндер соорушуп кетти….



(уландысы бар)
Мадали Салим





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2009-ж.:
1-бет
ЭРНИС МЫРЗА ЭМИ КИМДИН ЫРЫН ЫРДАЙТ?
2-бет
Чоң жана кичи кабарлар
3-бет
БШК бышыктайт
4-бет
Оппозиция ордосунда
БЭК прокуратурага кайрылат

5-бет
Оппозициянын өңү Атамбаевдин өңүндөй эмес
6-бет
Уланбек Карыпов, "Ак Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Бүгүнкү оппозицияны пенсияга кетириш керек!"

7-бет
Кубанычбек ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары:
"мен көп нерселерди Ийне-жибинен бери билем..."

8-бет
ТВга келет... кетет...
9-бет
сыйкырдуу кыял дарагы
10-бет
Алмазбек Исманкулов,
"Көз микрохирургиясы" илим изилдөө борборунун директору:
"Саясатчы болуш үчүн аморалдык сапаттарга ээ болуш керек экен"

11-бет
Улан Мелисбек, Кыргызпатенттин директору:
"Биз интернет-пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргойбуз"

12-бет
Эгиздер
13-бет
Радиожылдыз
14-бет
Байлыкты эмес, айлыкты эмес, шайлоону эмес, өзүңдү ойло!
15-бет
Формачан Айым
16-бет
Айнура Салахидинова










??.??