Байлыкты эмес, айлыкты эмес, шайлоону эмес, өзүңдү ойло!
Жүрөк оорулары
Аритмии
Артимии оорусу жүрөктүн ритминин бузулушу болуп саналат. Жүрөк кан-тамыр ооруларынын арасында көп кездешчү оорулардын бири болуп эсептелет. Бул өмүргө коркунуч алып келе турган оору. Мындай илдетке кабылган адамдар өзүн дайым бир калыпта алып жүрүүсү зарыл. Медикаменттерден тышкары кардиологдор физиотерапия, дене тарбия жана да гомеопатиялык дары-дармектерди оорулууга сунуш кылышат. Эң башкысы дене тарбия, өзгөчө жөө басуу жүрөктүн ритмин калыбына келтирүүгө өбөлгө болот. 1 минутасына 70-90 кадам менен алгачкы машыгууну башташ керек. Андан кийин 120-140 кадамга чейин көбөйтүү зарыл. 1.5-2 км ден 5-7 км жөө басып ар күн сайын 500-600 метр аралыкты кошуп туруш керек. Жарым айдан кийин жүрөктүн ритими калыбына келе баштайт. Жүрөктүн согушу 30 жашка чейин минутасына 130-160; 31-40 жаш - 120-150 ; 41-45 жаш - 120-140; 50-60 жаш - 110-130; 61-70 жаш 100-120.
Чуркоо кан-тамырдын калбырларынын чыңалтат жана холестериндин жыйылуусуна тоскол болот. Жүрөк оорусунан жабыркаган адамдар эң башкысы ашыкча тамак аш жегенден алыс болуш керек. Тамак-ашты аз жеген организимге пайдалуу экенин көпчүлүк дарыгерлер баса белгилеп жүрүшөт. Өтө кубаныңкы же көңүл чөгөркү абалда столго олтуруп тамактануу жүрөк оорулуулардын организимине зыян алып келет. Эгерде ошондой абалда болсо 10-15 мүнөт эс алып анан тамактаныш керек. Оору козголгон мезгилде суусундук көп ичпеш кере. Себеби денени күтүүсүз шишик баса баштайт.
Ылайдан токоч жасап жүрөктүн үстүнө 20-30 мүнөт коюш керек. Кандын жүгүрүшүн камсыз кылат.Ошондой эле бал менен ит мурундун кургатылган мөмөсүнөн чай жазап ичип туру абдан пайдалуу.
(уландысы бар)





Дары чөптөрдүн кошулмалары
Ич катканда
- Чаар куурай тамыры 5 гр
- Сенны 10 гр
- Казтаңдай 20 гр
- Чалкан 30 гр
- Гүлкайырдын гүлү жана жалбырагы 10 гр
- Чырмооктун чөбү 15 гр
- Сары алмурутун жемиши 90 гр.

Өттөгү ташты чыгаруу
- Жөө тармал чөп 20 гр
- Кырк муун 20 гр
- Ит уйгак 20 гр
- Жалбыз жалбырагы 30 гр
- Бозунач 30 гр
- Ромашка 10 гр
- Аюу чөп 15 гр
- Көк баш гүл 20 гр
- Ак шыбак чөбү 10 гр
- Жүгөрүнүн чачыгы 30 гр.

Бөйрөктөгү ташты чыгаруу
- Ит мурундун мөмөсү 30 гр
- Жүгөрүнүн чачыгы 30 гр
- Ачуу эрмен 10 гр
- Ышкын тамыры 20 гр
- Ит уйгак 15 гр
- Жалбыз жалбырагы 20 гр
- Казтаңдай чөбү10 гр
- Кырк муун 20 гр
- Жөө тармал 20 гр
- Бозунач 30 гр.

Кан басымды түшүрүү
- Бөрү карагаттын мөмөсү 20 гр
- Жалбыз чөбү 20 гр
- Дүлөй чалкан чөбү 20 гр
- Бозунач 20 гр
- Долононун мөмөсү 30 гр
- Жылан чөп 20 гр
- Эрбасин 15 гр
- Ачуу эрмен 5 гр
- Керечтин тамыры 15 гр.