Радиожылдыз

Бурулай Пусурманкулова, Кыргыз радиосунун "Кабарлар" бөлүмүнүн журналисти:
"Саламат Садыкова оозума түкүргөн"
Президенттин иштерин радиодон чагылдырам
Журналистика деген кесиптин аркасы менен айыл жергесинен борборго келип, мен-мендеген журналисттер менен аралашып, иштөөгө мүмкүнчүлүк алдым. Ошондой эле адамдар менен сүйлөшкөндү, мамиле түзгөндү үйрөндүм.
Журналистикага жаңы аралашып баштаганда жаңылык тапкандан кыйналчумун. Президент мындай адамдар менен жолукту дегенди жаңылык деп түшүнчүмүн. Көрсө, жаңылык деген президент ким менен жолугуп, маселени кандай багытта чечип жатканы жаңылык экенин түшүндүм. Азыр кайсы жакка барбайын окуянын өзөгүн алып, мурдагыдай репортаж жасоодон, жаңылык табуудан кыйналбайм. Акыркы үч айдан бери президенттин иштерин радиодон чагылдырып жатам.

Журналисттик ишимди гезиттен баштагам
Мектептеги курагымда өзгөчө математиканы жакшы окуучумун. Ошондуктанбы туугандарымдын көпчүлүгү мугалим болушумду каалашып, журналист болуума каршы чыгышкан. Мен алдыма журналист болом деген максат коюп, 3-курстан баштап иштеп, Жалал-Абад университетинин журналистика факультетин кызыл диплом менен аяктадым. Журналистикада өз арабамды өзүм айдап келе жатам. Журналистиканын мага бере турган үзүрү алдыда деп ойлойм.
Университетте окуп жүргөн мезгилде "Акыйкат" гезитине практикага барчумун. Редактор журналисттик иликтөөнү үйрөткөн семинарга менин фамилиямды жазып коюптур. Ал семинардан "Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы?" деген темага баш-отум менен кирип, журналистик иликтөө жасап, ишимди чоң аналитикадан баштагам. Ал макалам көптөгөн сайттарга, гезиттерге чыгып, мени "Акыйкат" гезити практикант кылбай кызматка алган. Эң биринчи журналисттик ишимди аналитикадан баштагандыктанбы радио репортаждардын да басымдуу бөлүгүн аналитика багытында даярдайм. Гезитте иштегенимдин пайдасы тийип, текстти жакшы жазганым үчүн Кыргыз радиосуна келгенден көп өтпөй эле жумушка алындым.
Турмушума кесибимдин таасири тийдиби же балким тагдырыма жазылган жазуудур, кесибимди түшүнбөгөндөр болду. Мен ал тоскоолдуктарды жеңгенге аракет кылам.

Түз эфирден эже дээримди же атын айтып кайрылаарымды билбей...
Биринчи жолу түз эфирге чыкканда премьер-министр Игорь Чудинов менен Нарынга баргам. Түз эфирге чыгасың дешсе, жүрөгүм денеме батпай толкунданып жаттым. Мага жумуштан түз эфирге даярсыңбы деп телефон чалышты. Мен болсо сөзүмдү Медина деп баштасамбы же Медина эже десемби деп берчү материалды эмес, дикторду кантип атаарымды ойлоно берип, саламатсызбы Медина эже деп баштаптырмын. Өх, бүттүм дегенче эле редакторубуз телефон чалып, "Медина сага бул жакта эже, түз эфирде эже эмес" деди. Нарындан Бишкекке барганча уруш укпасам экен деп кыжаалат болуп келдим. Кудайга үнүм жеткен окшойт келгенде эч ким унчуккан жок.

Бала кезде койлорго концерт койчумун
Катардагы эле интеллигенттин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам айылдык мектепте мугалим, апам болсо ФАПта медсестра болуп иштейт. 7 бир тууганмын. Кыздардын экинчиси, бир кыздын энесимин. Ата-энем бир туугандарым мен кыйналган, кубанган учурда материалдык да, моралдык да жардамдарын аяшпайт. Кесимбимди да түшүнө билишет.
Бала чагым Сузак районунун Ачы деген совхозундагы Соку-Таш деген айылда өткөн. Бала чагымды эстегенде, чоң атамдын койлорун кайтарган күндөрүм эске түшөт. Кой кайтарып жүргөн учурда жоолуктарды ороп алып, койлорго концерт коюп, эртеден кечке ырдай, бийлей берчүмүн. Койлор мага алаксып, чөп жебей кечинде айдасам баспай мени кыйначу. Баспаганына ызаланып ыйлачумун.

Саламат Садыкова оозума түкүрүп ырымдаган
Биздин айыл Ачы совхозунун борбору болгондуктан бардык маданий иш-чаралар биздин айылдагы мектепте болчу. Менин ырга жакындыгымды билген ата-энем Саламат Садыкова, Нурак Абдрахмановдор концерт коюп барганда оозума түкүртүп ырымдашыптыр. Эсимде атам сулуу эжеге алып барганын билем. Ал Саламат Садыкова экен. Канчалык ырчы болсом деп кыялданганым менен башка кесипти аркалап кеттим. Саламат эженин ырымынанбы азыр деле обон созуп ырдагым келет. Ыгы келсе, ырдайм деген ниетим бар.
Атактуу обончу Арзыбек Бедияров да бир учурда бизге кошуна жашаган. Ал мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштечү. Бир күнү мен жоголуп кетиптирмин. Үйдөгүлөр мени издеп чарчашыптыр. Көрсө, Арзыбек агай менин ыр жандуу экенимди билип, үйүнө бекитип алып, акардеон менен ырдатып жатыптыр. Кийин дагы эргүүсү келип калса эле мени алып келип, ырдата берчү экен. Азыр ал киши мага көңүл бургандай кичинекей балдарга көңүл бурбаса керек деп ойлойм. Анткени, ал агай азыр чоң чоң наамдарды, сыйлыктарды багындырды да. Мен деле эсинен чыгып кеттим го деп ойлойм.
Мүнөзүм атама окшош
Өң-келбетим тууралуу айтсам атама да, апама да окшошмун. Маселен, көзүм апама окшош болсо, кашым атама окшош. Чоң энем болсо бир туугандарымдын ичинен мага окшошсуң деп жакшы көрчү. Ал эми мүнөзүмдүн басымдуу бөлүгү атама окшош. Бирөөлөр айтканга оңой менен баш ийбейм жана көнбөйм. Бир нерсени болот же болбойт деп кесе айткан чечкиндүүмүн. Эмнени болсо да бетке айтам. Бул сапаттарым кээде жакшы жагын, кээде жаман жагын берет. Мен сын айткан адамдар таарынып калса, ушул сөздү бекер айтыптырмын деп кыжаалат болуп, өзүмдү жемелеп, кээде ушул сапаттарымды кемчилигим деп ойлоп калам.

Сүйгөнүмдү кыпкызыл алмага салыштырчумун
Мен бир жигитти аябай сүйгөм. Бирок, ал адам менин сүйөөрүмдү билчү эмес. Ал адамды кыпкызыл алмага салыштырып, көп киши жесем деп көп киши көз артат деп ойлочумун. Мен сүйгөн адамга жетүүгө мүмкүнчүлүктөр болгон. Кызыл алма өмүр бою менин көз алдымда ыйык бойдон калышын каалап, ага жеткен эмесмин. Эгер ал адам мени байкабай өтүп кетсе, ызааланып, ыйлачумун. Учурашса териме батпай кубанып калчумун. Бир кыздын энеси болгонума карабай жомоктогу "принцке" жолуксам деп күтүп жүрөм.

Мага үй-бүлөсүн биринчи орунга койгон жигиттер жагат
Мага үй-бүлөсүн биринчи орунга койгон, чынчыл, күчтүү акылдуу өз проблемасын өзү чечкен, эч кимден коркпогон мырзалар жагат. Бул жашоодо аялын, баласын таштап кеткен мырзаларды жек көрөм.
Досторум, жакшы тааныштарым бар. Турмушта көп ДОС күткөндү жакшы көрөм. Бир таанышкан адам менен да жакшы санаалаш болуп калганга аракет кылам.
Жаңы жашоо баштап, артка кылчайбай жаңы барак ачкым келет. Мынча жылда бул ийгилктерге жетишиим керек деп программа жасап алгам. Өмүр бою журналист болом деп айта албайм. Кыргызстандын келечеги үчүн салымымды кошсом деген тилегим бар. Кошумча Башкаруу академиясынан билим алгым келет.

Кайнатам экөөбүздүн оюбуз бир жерден чыгып…
Кызымдын аты Акседеп. Мен жаш кезимде Атай Огонбаевдин чыгармачылыгына арналган китепти окуп, Седеп деген Атай Огонбаевдин сүйгөн кызы ушунчалык жакшы сүрөттөлүп, байдын кызы болуп, Атайга бербей, ал "Күйдүм чогун" чыгарат эмеспи. Ошол китепти окуганда таасирленип, кыздуу болсом атын Седеп коем деп тилек кылгам. Кийин турмушка чыгып, кыздуу болгондо кайнатам экөөбүздүн оюбуз бир жерден чыгып, Акседеп койду. Кайнатам мен тилек кылып жүргөн атты кызыма койгондо бала кездеги тилегим орундалганына кубангам.
Ч. Кутманалиева