Эгиздер

Негизи эгиздердин көп түрү кездешет. Бирок көп таркаган эки түрү бар: Монозигот (бир жумурткалуу), дизигот (эки жумурткалуу). Монозиготтуулар бири-бирине куюп койгондой окшош болушуп, бир жыныстуу болуп жарык дүйнөгө келишет. Ал эми дизиготтуулар эки бөлөк жумурткадан пайда болгондуктан бири кыз, бири уул болуп төрөлүп, бирине-бирине анча окшошо беришпейт.

Өзүнүн курсагын тойгузгандан тышкары курсагындагы экөөнү тойгузуш үчүн эне витаминге бай тамак-аш, жер-жемиштерди көп жеш керек. Буларга уйдун эти, буурчак, помидор, перец, капуста, апельсин, кургатылган жер-жемиштер кирет.
Келечектеги эгиздердин энесине врачтардын кеңеши менен гана сууга сүзүүгө урусат берилет ал эми спорт менен активдүү машыкканга, көп кыймылдаганга, оор нерсе көтөргөнгө тыюу салынат.

Эгиздер төрөлөөр замат эле алардын ортосундагы тыгыз мамилени байкасак болот. Ал эми жылуу мамиле эже-сиңдиде же ага-иниде кездешет, бирок, тыгыз мамиле эгиздерде гана болот. Булар бири-бирине окшош гана болбостон адамга жасаган мамилеси да бир эле кишиникиндей. Ошондуктан адамдардан да өздөрүнө бирдей мамилени талап кылышат. Булар бири-биринен алыс жашай алышпайт, бири ооруп калса соо турган экинчиси да сөзсүз ооруп калат.
Ал эми "Индивид" эгиздер бири-бири менен ынтымактуу бирок, ар биринин өзүнүн "мени" бар. Булар бирге деле, өз-өзүнчө деле тынч жашай беришет. "Индивиддердин" арасында абдан өзүмчүлдөр да көп кездешет. Булар өзүнүн "менин" бири-бирине көрсөтүш үчүн мушташып, чачташканга чейин барышат. Эгизбиз деп бирөөлөргө айткандан уялышат. Мындай эгиздердин мүнөзү бириники жоош болсо , биринки тескерисинче ажаан болот. Эгиздер бири-бирин өлтүргөнгө кылган аракеттери менен да дүйнөлүк практикада катталып калган.


Азыркы күндө эгиздердин төрөлүшү 40-50 баланын ичинен кезигет, мындайча айтканда жүз үй-бүлөнүн ичинен эки үй-бүлө бул кереметти күтүшөт. Эгиз балдардын төрөлүшү көбүнчө аялдардын жашына жана улутуна байланыштуу болот. Көп аялдар төрөтүн улам кийинкиге жылдырып жатып, жаш курагы улгайып калганда төрөшөт. Жаш өткөн сайын адамдын канында FSH гормону көбөйүп, жумурткалардын өрчүшү эки эсе жогорулайт. Ушул учурда бир эмес, бир нече даяр уруктар жумуртка клеткаларда пайда болот дагы көбүнчө жашы өтүп калган (35-39 жаш) аялдарда эгиз балдар көбүрөөк күтүлөт. Ал эми Европага караганда Азияда эгиздер көп төрөлсө, Европада эгиздерди негрлер көп төрөшөт. Эгиздердин пайда болушу тукум куугандыктан аялдарга бул ата-тегинен да берилет.
Мындан 20-25 жыл мурун эгиз бала төрөлөөрүн төрөп жатканда же болбосо төрөтүнө 10-20 күн калганда гана билишпесе, учурда ичинде канча баланын жүрөгү согуп жатканын 7-10 жума болуп калганда эле билишет. Муну заманбап техниканын өнүгүшү менен болуп жаткан процесс деп айтсак болот. Эгиз күтүп жаткан эне бир бала күтүп жаткан энеден айырмаланып профилактикалык текшерүүдөн бат-баттан өтүп туруусу зарыл экенин врачтар эскертишет.
Эгиз күтүп жаткан аялды дагы кантип билсек болот? Булардын талгагы эрте башталат жана абдан катуу болот. Көбүнчө эртең менен жүрөгү тез-тезден айланып турат. Буттарынын кан тамырлары жарылып, салмагын көтөрө албай калышат. Темирдин жетишсиздиги дагы эгиз күткөн энеде көп кездешет.

Сиам эгиздери
Биринчи жолу мындай окуя 945-жылы Арменияда катталган. Бул таиланддык эгиздер Иенга менен Чанга Сиам королдугунун жарандары болгондуктан "Сиам эгиздери" деп атап койушкан. Ошондон кийин бул термин илимде катталып калган. Эмне үчүн сиам эгиздери болуп төрөлүп калаары азыркы күнгө чейин табышмак болуп, толук изилдене элек. Азырынча муну окумуштуулар генетикалык катачылыкка же мутацияга байланыштырышат. Эң биринчи жолу сиам эгиздерин бөлгөн ийгиликтүү операция 1689-жылы Германияда жасалган. 1950-жылдан баштап дүйнөдө 200дөн ашык сиам эгиздерин бөлгөн операция жасалган жана алардын 75% жашап кеткен.
Биздин өлкөдө да Зита, Гита аттуу сиам эгиздери төрөлгөн. Москвада өткөн ийгиликтүү операциядан кийин Зита менен Гитанын денеси экиге бөлүнүп, эки кыз чыныгы жашоого алып келген врачтарга ыраазычылыгын билдирип келишет. Жакында "Сострадание. Право на лучшую жизнь" деген аталыштагы кайрымдуулук акция өтүп, министрлер, чиновниктер, депуттаттар, бизнесмендер келишипнын алып баруучусу, депутат, дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров "Силер өзүңөрдү эч качан кемсинтпегиле жана жалгыз сезбегиле. Жаныңарда мамлекетиңер бар" деп, мамлекеттин атынан 100 миң сом акча каражаты бөлүнгөнүн айтты. Өлкөнүн президентинин атынан жаңы мебель, үй-тиричилигине керектелчү техникалар, китептер белекке берилди. Зита менен Гитанын энеси Зумрият Резаханова кайрымдуу адамдарга ыраазычылыгын билдирип, оорулуу балдардын энелерине "Өз балдарыңыздар үчүн талбай күрөшкүлө. Биз энелер гана балдарыбызга эмне керек экенин билебиз. Эч качан үмүтүңүздөрдү үзбөгүлө жана куру кол отурбагыла" деген кеңешин айтты.

Кичинекей окуя...
Грейси жана Джинни Кеннеди деген эгиз балдар бири-бирине жаңы ысым ыйгарып алышкан. Бири Потто, бири Кабенго. Бири-бирин жарым сөздөн түшүнгөн Потто менен Кабенго буюмдарды, кийимдерин, оюнчуктарын эч ким түшүнбөгөн тилге которуп алышкан. Түшүнүксүз тилде сүйлөп жатышкан эгиздерди жанындагы адамдар башка планетадан келгендей карашчу. Чоңойгон сайын экөө тең англис тилине немец тилин кошуп сүйлөп калышкан (эгиздердин чоң энеси немка болчу экен), андан тышкары эч ким түшүнбөгөн жест, мимикалар пайда болгон. Так жана туура бир тилде сүйлөгүлө деген чоңдордун сөзүнө караманча каршы болушкан. Эксперттер менен лингвисттер эгиздердин тилин изилдеп чыгышып, мындай эч ким түшүнбөгөн бирок эгиздер өздөрү гана түшүнгөн тил буларда гана эмес, көпчүлүк эгиздерде кезигээрин казып чыгышкан. Мунун себеби, эгиздердин энеси экөөнүн жалаягын алмаштырганга араң жетишип, ал эми эки баласына өз-өзүнчө көңүл буруп, сүйлөшүп, жомок айтып бергенге чама-чаркы чак келбегендиктен келип чыккан. Ошол себептен эгиз балдардын грамматикасы, сүйлөө речи башкача өрчүп калган. Эгиздердин тилин адистер "тайный язык" деп атап коюшкан.

Дүйнөлүк жылдыздар Брэд Пит менен Анджелина Джолинин тукумунда эгиздер болгон. Буларга да ушул касиет берилген.
Голливуддук жылдыздар балдарынын сүрөтүн журнал бетине бериш үчүн эле баш айланткан акчаны сурашат. Брэд менен Анджелина сүрөтүн берип тим койбостон эгиздери жөнүндө айтып беришкен. Бактылуу Брэд балдары эгиз болгону менен ар башка экенин айткан "Кызым аялыма окшош, ооздору болтойгон, элеганттуу жана эмитен "С характерам". Ал эми уулум өзүмө окшош, музыкага абдан жакын " дейт. Улуу баласы Мэдокс бешинчи жолу байке болуп жатканына карабай, дагы инилүү, сиңдилүү болгусу келет. Ал эми улуу кыздары Шилох менен Захара эгиз бөбөктөрү Вивьен Маршелин менен Нокс Леонду киринткенге, кийинткенге жардам берет.
Жылдыздардын эгиздеринин сүрөтү 14 млн АКШ долларына сатылган. Дагы бир белгүлүү түгөйлөр Женнифер Лопес менен Марк Энтонинин эгиздеринин сүрөтүн саткан, бирок Брэд менен Анджелинанын балдарынын сүрөттөрү алардыкынан эки эсе кымбатка кеткен. Бирок, башка жылдыздардан айырмаланып ал түшкөн каражатты өздөрүнүн керектөөсүнө эмес, оорулуу балдарга жардам катары фондго которушкан.

Эгиздер жылдызында төрөлгөн атактуулар:
Мэрилин Монро. Александр Пушкин, Джордж Буш, Айседора Дункан, Пол МакКартни, Артур Конан Дойл,
Ли Бейли, Юта Хаген, Джо Немет, Джозефин Бейкер, Натан Хейл Джойс, Кэрол Оутс.