Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Улан Мелисбек, Кыргызпатенттин директору:
"Биз интернет-пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргойбуз"
Интернетке кандайдыр бир тиешеси бар болгон Кыргызстандын коомчулугу бир айдан бери тынчсызданып жүрөт. Анын себеби - президент Курманбек Бакиев кол койгон жарлыкка ылайык улуттук домендик аймакты башкаруу укугу Мамлекеттик патент кызматынын компетенциясына өтөт.
Азыр ата мекендик домендик аталыштарды каттоодо жана башкарууда монополист болуп эсептелүүчү "АзияИнфо" компаниясы, ошондой эле байланыш операторлор ассоциациясы жана бир катар укук коргоочулар буга тез реакция беришти. Мамлекетти анын ичинде Кыргызпатентти электөөнү (цензураны) катуулатууга, пайдалуу тармакты өзүнө тартып алууга аракеттенүүдө деп күнөөлөштү ал тургай рейдерчилер деп дагы аташты.
"Комсомолка" ведомствонун директору Улан Мелисбек менен жолугушту, айтмакчы, бул жарлыктын демилгечиси ушул адам. Чын-чынына келгенде башкаруу укугун өткөрүп берүүнүн артында эмне сыр бар жана катардагы пайдалануучулар үчүн бул эмнени алып келет?

- Улан Мелисбекович, жакында Байланыш операторлор ассоциациясы жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, анын ичинде "Интернет-саясат боюнча граждандык демилгелер" жана анын лидери Таттуу Мамбеталиева жумшартып айтканда, сиздин дарегиңизге жактырбаган көз караштагы пикирлер менен чыгып сүйлөштү…
- Бул жерде жагдай мындай: президенттик жарлык эки гана субъектиге - Кыргызпатентке жана түздөн-түз "АзияИнфого" тиешелүү. Эч кандай башка тараптар бул жерде жок, бирок, бул ишке кызыкдар болгон коммерциялык компаниялар бардык жалган-чыны аралаш аракеттер менен ушул маселеге кийлигишүүгө умтулушууда.
Жакында биздеги маалыматтык сайттардын биринде батышта - маалыматтык агенттикте жаңы киргизүүлөргө кыжырданып жатышат деп айтылды, муну менен World Street Jornal жана News Week басылмаларына шилтей салуулар болду. Иш жүзүндө бул басылмаларда буга окшогон эч нерсе эч качан жарыяланган эмес экен! Ооба, эл аралык коомчулук сайттарды массалык маалымат каражаттарына теңештирүү жөнүндөгү биздин айрым депутаттарыбыздын демилгелерин жактырышпайт жана чет өлкөлүк прессада сөз ошол жөнүндө гана болгон. Ал эми журналисттер алар айтып чыккан сенсацияны текшербестен, жөн гана адамдардын кабарсыздыгынан пайдаланып жатышкан Таттуу Мамбеталиева менен анын пикирлештерин ээрчишти. Айтмакчы, мындай жалган маалыматтарды берип элди чаташтыруу сотко бере турган иш, бирок мен эч ким менен соттошпойм деле. Жөн гана мен жалган-чынын аралаштырып мага тескери фон түзүп жаткандарга элдин ишенип алуусун каалабас элем.
Кыргызпатентке жана жаңы киргизилиштин өзүнө каршы ушул сыяктуу ушак-айыңдарда тармактык коомчулук жөнүндө чын дилинен камкордук көрүүнүн кымындай да тамчысы жок! Баса тармактык коомчулук деген эмне? Бул - кызмат көрсөтүүлөргө баалардын төмөндөшүн күтүп жатышкан Интернеттин катардагы пайдалануучулары. Ал эми капиталист-компанияларга албетте бул пайдасыз, ошондуктан алар өз кызыкчылыктарын коргошот жана белгилүү бир коомдук пикирди абдан ийгиликтүү калыптандырыша тургандыгын айтып коюу абзел. "АзияИнфонун" коммерциялык кызыкчылыктарын түшүнүүгө болот, бирок жөнөкөй адамдар алардын кызыкчылыктарын бирөө коргой тургандыгына ишенүүлөрү керек.
- Кыргызпатент деген бул ким?
- Ооба, тилекке каршы биздин өлкөдө IT тармагында граждандык демилгелердин институту өнүккөн эмес, ошондуктан базарды монополиялаштыруучу оператор-гиганттар менен мамлекеттен башка эч ким күрөшө албайт. Азыр ал гана өзүнүн эрктүү чечимдери менен 15 жыл ичинде жыйылып калган бул тармактагы көйгөйлөрдү жөнгө сала алат.
- Бирок эл байкашыбызча мамлекеттин колдоосуна анча ишенбегендей. Ал эми сизди рейдерчиликте күнөөлөшүүдө…
- Мен түшүнүп турам: адамдар алда нече жолу зыян тартышкан, ошондуктан азыр мамлекетке ишеним арткандар деле аз болсо керек. Бирок булардын бардыгы саясатка, так үчүн таймашка, бийлик менен оппозициянын каршылашууларына тиешелүү болгон. Ал эми азыр болсо накта техникалык маселе козголуп жатат жана мамлекет Кыргызпатент аркылуу чыны менен жакшылык жасоого ниеттенүүдө. Кимдир бирөө бул жакка саясатты кулактан тартып алып келгиси келип жатат, бирок иш жүзүндө бизге башкаруу милдетин өткөрүп берүү жөнүндө гана сөз жүрүп жатат. Рейдерчилик тууралуу сөз кылуу бул жерде таптакыр орунсуз! Рейдерлер акчаларды тартып алышат. Ал эми биздин жагдайда акчалар сайттарды каттоону жана интернет-байланыш боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү гана алып келет. Бизге башкаруу, башкача айтканда IT-секторунун бардык катышуучулары үчүн чынчыл жана адилеттүү, барыдан мурда катардагы пайдалануучунун кызыкчылыктарын эске алуучу жана коргоочу эрежелерди иштеп чыгуу жана алардын сакталышына контролдук кылуу укугу гана берилет. Бул Кыргызпатентке таптакыр киреше алып келбейт жана эч кимдин укугуна жана эркиндигине эч кандай зыян келтирбейт.
- Дегеле бул жаңы киргизилиштин мааниси эмнеде?
- Эгерде биз базар экономикасын орнотуп жаткан болсок, анда кыйла цивилизациялуу формага умтулбайлыбы! Экономиканын кайсы секторунда болбосун товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө алардын эсебинен баалар белгилене турган атаандаштык күрөш зарыл. Ал эми бизде болсо, мына 15 жылдан бери kg аймагында домендик аталыштарды каттоо чөйрөсүндө абсолюттук монополист болуп "АзияИнфо" эсептелет. Бул компания мурда жеке жак болуп, алардын же алар боюнча өзүнө ыңгайлуу бааларды белгилеп, бузу менен бүтүндөй өлкөнүн Интернетинин тагдырын башкарып келген. Айтмакчы, каттоо үчүн белгиленген баалар ченемсиз жогору - 100 доллар! Чындыгында мен анын жетекчилигине: "Балдар! Силер 15 жылдан бери өзүңөрдүн монополиялык абалыңардан кыянаттык менен пайдаланып акча жасап жатасыңар, жетишет! Келгиле эми пайдалануучулар жөнүндө ойлонолу" - деп түз эле айткандан кийин - бааны 60 долларга чейин түшүрүштү. Бирок баары бир, биздин анча деле ашып кетпеген жогорку сатып алуучулук жөндөмү бар өлкөбүз үчүн бул өтө кымбат! Өзүңөр салыштырып көргүлөчү Америкада домендик аталышты каттоо 5 доллар турат. Айтмакчы, батышта булардын бардыгы мамлекеттин көзөмөлүндө, ошондуктан ал жакта биздегидей бардыгын жалгыз компания тейлеген, баалардын мындай баш аламандыгы жок. Кандай деп ойлойсуңар, ошонун айынан бизде ата мекендик сайттар аз болуп жаткан жакпу - болгону 1400? Бизди Афганистан гана алдына чыгарат, бирок аякта Интернеттин пайда болгонуна эки эле жыл болбодубу. Мындай ылдамдык менен биз тез эле акыркы орунга жылып калабыз.
- Каттоого баалар сезилээрлик түштү деп коелук. Сиз сайттардын санын өстүрүү планында кандай алдын ала маалымдоолорду айта аласыз?
- Билесизби, алдын ала маалымдоолор - береке чыкпаган иш, анын үстүнө биз азыркы жагымсыз бааларда өсүүнүн динамикасын дагы билбейбиз. "АзияИнфо" өлкөнүн коомчулугу астында бир дагы жолу кеңири статистикалык отчет көрсөткөн жок - бул деген эч кимге баш ийбеген жеке компания эмеспи. Өзүбүздүн потенциалыбыз боюнча биз Казакстанга же Өзбекстанга жетпесек да жок дегенде бүгүнкү күндө 5 миң сайтты каттоого алган Тажикстандан ашып кетишибиз мүмкүн деп гана айта аламын. Мен бизде калк кыйла билимдүү жана Интернетке, орус тилине, маданиятка кирүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүккө ээ деп эсептейм. Бизде көпчүлүк мамлекеттик мекемелерде, көпчүлүк үйлөрдө, ЖОЖдордо жана мектептерде компьютерлер бар жана алар Тажикстандагыга караганда бир кыйла көп. Башкача айтканда биз көпчүлүк жагдайлар боюнча утуштуу абалда турабыз. Муну менен Дүйнөлүк тармактын мааниси туруктуу өсүп бара жаткандыгын унутпашыбыз керек - бул деген күчтүү саясый, экономикалык жана социалдык фактор эмеспи.
- Башкача айтканда, бул жарлыктын аракетинин натыйжасы сайттардын санын өстүрүү болуп эсептелеби?
- Бул эле эмес. Ал - өзүнөн өзү болот деңизчи. Бирок базарды либералдаштыруу өз артынан сайттарды түзүүчүлөрдүн, веб-дизайнерлердин жумушка суроо-талаптарынын өсүшүн дагы алып келет. Ылайыгына жараша алар дагы атаандаштык күрөшүнө киришет жана натыйжа катары дайыма өз квалификациясын жогорулатышат. Башкача айтканда биз рынокту жандандырабыз! Ишенип койгула баалардын төмөндөшү эч кандай зыян алып келбейт, натыйжа кандай учурда болсо да оң болот жана бардыгы - анын ичинде "АзияИнфо" дагы утуучулар болуп калышат.
- Өз сайтын каттоону каалаган пайдалануучулар үчүн түздөн-түз эмне өзгөрөт?
- Биринчиден Кыргызпатент администратор болуп калганда сайттарды каттоочу компаниялар көбөйөт жана адам кимге кайрылуу керектигин тандай алат. Ар бир мындай компания дал ушул учурда орнотулуп жаткан DNS-серверлер менен байланышта болот. Алар бардык иштеп жаткан веб-сайттарды кармашат. Экинчиден априордук көз караштар, кандайдыр бир талаш-тартыш жагдайлардын пайда болуу мүмкүндүгүнүн өзү жоюлат. Пайдалануучу сайтта каттоочулардын кайсынысына болбосун каалаган домендик аталышын киргизгенден кийин секунданын кандайдыр бир бөлүгүндө автоматтык түрдө текшерүү жүрүп, катталган домендик аталыштардын, товардык белгилердин жана фирмалык аталыштардын бирдиктүү реестрде мындай сайттын бар же жок экендиги текшерилет. Ушул мезгилге чейин мындай нерсе "АзияИнфо" тарабынан жасалган эмес, муну эч жерде текшере албайсың жана алар "эмне болсо ошо болсун" деген принцип менен жөн гана уруксат берип турушкан. Ал эми биз болсо интеллектуалдык менчик боюнча ведомстволордун дүйнөлүк тармагы менен байланыштабыз. Үчүнчүдөн, бардык жол-жоболорго бир аз гана убакыт кетет - суткалар эмес, минуталар.
- Каттоону ушундай тез жүргүзүү реалдуубу?
- Көптөрү ушундан шек санашат. Бирок бул жалпы дүйнөлүк практика эмеспи! Көп өлкөлөрдө каттоочулар көп, ал эми администратор бирөө. Бул иш жүзүндө көз ирмемде каттоону жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт. Түйүндүк технологиялар абдан алыс кадамдарды жасашты жана аларды биздин базарга алып келүүдө эч кандай көйгөйлөр жок. Мен өзүм айтичимин, азыр менде күчтүү команда топтолууда. Демек бардыгы ойдогудай болот. Келе жаткан өзгөрүүлөрдүн жакшы жактарына кайрылсак: төлөм жагы да жөнөкөй болуп калат. Жакында эле "АзияИнфо" төлөм учурунда карточка менен пайдалануу мүмкүндүгүн сунуштады, ал эми буга чейин накта акчалай же банктык которуу жолу менен төлөө керек болгон. Эгерде бул которууну 100 доллар менен чет өлкөдөн ишке ашыруу керек болсо, анын комиссиясы дагы 40 долларды түзгөн. Эми төлөөнүн бардык ыңгайлуу формалары пайдаланылат. Айтмакчы, мен айтып өткөндөй баалар дагы сезилээрлик төмөндөйт.
- Муну менен бирге цензура күч албайбы?
- Жок. Контент маселелерине биз кийлигишпейбиз: мейли порнографияны жайгаштырабы - бул Кыргызпатенттин иши эмес. Бир гана мен күн мурунтан айтып кое турган нерсе бул мындай учур: эгерде, мисалы, сайт экстремалдык агитацияны, айталы, бомба жасоо боюнча шилтемени чыгарса, албетте бул коомго коркунуч пайда кылат жана мындай сайттар жабылат. Бирок кайрадан - жөн эле эмес, ИИМден, прокуратурадан же УКМКтан, башкача айтканда компетенттүү органдардан негиздемелери менен жазуу жүзүндөгү арыздар боюнча. Бирок "Бул сайты жапкыла, ал оппозицияныкы" деген сыяктуу өтүнүчтөр аткарылбайт. Башымды кесип берейин. Анткени Кыргызпатент - мыйзамдын жана башка ченемдик-укуктук актылардын негизинде аракеттенүүчү мамлекеттик орган.
- Эгерде эсиңизде бар болсо мындан бир канча убакыт мурда дээрлик бардык ата мекендик пайдалануучуларга өлкөнүн президентинин расмий Интернет-бетинен бир тамгага гана айырмаланган сайттын дарегине, анын ичинде мамлекет башчысынын дарегине кимдир бирөө шилтеме жөнөткөн жана адепсиз уят сөздөр менен айыбын ачкан. Силердин ведомствого башкаруу укугун берүү дал ушул чатактан кийин чечилген деген пикирлер бар.
- Акылга сыйбаган нерсе! Эмне үчүн? Cебеби бул сайт пайда болду жана эртеси эртең менен жоголуп кетти. Ал эми "АзияИнфо" аны эмненин негизинде алып таштады? Тартип бузуулар болбоого тийишпи? Аларга жөн гана болгону колду толгоп коюу жеңилирээк жана биринчи эле чалууда аларга эмне айтылса, ошону жасашат.
- Башкача айтканда силер бул сайтты жоймок эмессиңерби?
- Бизге кайрылган тараптан юридикалык негиздемени көрсөтүүсүн өтүнмөкпүз, ооба, сайтта камтылгандардын президентти шылдыңдоосу мыйзамдагы статьяда караштырылат. Ошондо биз аны жапмакпыз. Айтмакчы, башкаруу укугун бизге өткөрүп берүү жөнүндө жарлыкты мен дайындалгандан кийин эле демилгелегем - ал псевдо-президеннттик сайт менен болгон чыр-чатакка чейин болгон.
- Силердин компетенцияга дагы эмнелер кирмекчи?
- Алгач биз администратор менен каттоочунун ортосундагы өз-ара мамилелердин эрежелерин, ошондой эле каттоочулар менен пайдалануучулардын ортосундагы азыркы таптакыр коргоосуз турган алардын жоопкерчилигин жана милдеттерин иштеп чыгабыз.
Маалымат булактарынан







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2009-ж.:
1-бет
ЭРНИС МЫРЗА ЭМИ КИМДИН ЫРЫН ЫРДАЙТ?
2-бет
Чоң жана кичи кабарлар
3-бет
БШК бышыктайт
4-бет
Оппозиция ордосунда
БЭК прокуратурага кайрылат

5-бет
Оппозициянын өңү Атамбаевдин өңүндөй эмес
6-бет
Уланбек Карыпов, "Ак Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Бүгүнкү оппозицияны пенсияга кетириш керек!"

7-бет
Кубанычбек ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары:
"мен көп нерселерди Ийне-жибинен бери билем..."

8-бет
ТВга келет... кетет...
9-бет
сыйкырдуу кыял дарагы
10-бет
Алмазбек Исманкулов,
"Көз микрохирургиясы" илим изилдөө борборунун директору:
"Саясатчы болуш үчүн аморалдык сапаттарга ээ болуш керек экен"

11-бет
Улан Мелисбек, Кыргызпатенттин директору:
"Биз интернет-пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргойбуз"

12-бет
Эгиздер
13-бет
Радиожылдыз
14-бет
Байлыкты эмес, айлыкты эмес, шайлоону эмес, өзүңдү ойло!
15-бет
Формачан Айым
16-бет
Айнура Салахидинова










??.??