Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Эл жана мен

Алмазбек Исманкулов,
"Көз микрохирургиясы" илим изилдөө борборунун директору:
"Саясатчы болуш үчүн аморалдык сапаттарга ээ болуш керек экен"
- Алмазбек Осмоналиевич, сиз жетектеп жаткан "Көз микрохирургиясы" борбору ары дегенде дүйнөлүк деңгээлдеги, бери дегенде бүтүндөй КМШдагы таанымал клиника. Азыр ар бир үчүнчү-төртүнчү адам көзүнүн оорууру туурасында айтып калышкандыгын угуп жүрөбүз. Ошондуктан сизге бериле турган алгачкы сурообуз ушул көз ооруларынын көбөйүшүнүн себептери туурасында болмокчу.
- Түшүнүп турам. Офтальмологиялык оорулардын көбөйүшү биринчиден, калктын арасында санитардык түшүндүрүү иштеринин начар болуп жаткандыгында. Бардык эле адамдар өзүнүн ден соолугун кантип чыңдап, кантип сактап жүрүү керектиги туурасындагы медициналык суроолордун тегерегинде ойлоно беришпейт. Кайсыл таанышыңа болсо да өз ооруң туурасында айтып көрүңүзчү, дароо эле анын кеңешин аласыз. Бирок, ал кандай кеңеш. Маселе ушунда. Ар бир организм уникалдуу. Андыктан ага аяр мамиле жасоо өтө зарыл. Экинчиден, азыр бардык поликлиникалардагы врачтар бардык жаңы нерселерди окуп, үйрөнүп турушу керек. Мисалы, акыркы 20 жылдын ичинде эле дүйнөлүк офтальмологияда эмне деген гана өзгөрүүлөр болгон жок. Аны бардык эле врачтар биле беришпейт. Демек, маалыматтык изоляцияда. Ошондуктан чет тилдерди өздөштүрүп, илимий-практикалык конференцияларга катышып, билимди тереңдетүү мезгилдин талабы болуп саналат.
- А сиз өзүңүз учурда кандай жаңылыктарды издеп жатасыз?
- Менин азыркы принцибим: Эгерде дүйнөдө дарылоо үчүн жаңы технологиялар пайда болсо, сөзгө ишенбестен, көз менен көрүп келүү үчүн барам. Эгерде ал технология чынында эле эффективдүү, ишенчиликтүү болсо дароо эле сатып алам. Эми мындай жаңы технологиялар туурасында эл аралык конференцияларга катышкан учурларда угуп, билесиң да. Ошондуктан мен чоң масштабдагы эл аралык конференцияларга үзбөй катышууга аракет кылам.
- Артка чегинип, офтальмолог, көз дарыгери кесибин тандап алууңуз туурасында дагы айта кетсеңиз. Адамдарга көрүү бактысын тартуулоо шыбагасы сизге кокусунан эле берилбесе керек. Дегеле, бала кезден эмнелерге умтулуп, кандай максаттарды аркалачу элеңиз?
- Бала кезимдеби? Он жашка чыгып калганда болсо керек эле, мен өзүмдүн жерде басып жүрөөрүм, а ошол эле жердин алдында көзү өтүп кеткен адамдардын көмүлөөрү туурасындагы ойлор абдан ойлондурган. Көрсө, ар бир адам жаратылыштын берген табышмагы экен да. Атам аскер адамы-Улуу Ата мекендик согуштун индвалиди, полковник болгондуктан мендеги ички дисциплинанын катуу болуп тарбияланышына түрткү болду деген ойдомун. Апам болсо өмүр бою улуттук университеттин библиотекасында эмгектенди. Ошондуктан мен мектептен соң ар дайым анын жанында болоор элем. Негизи менин балалыгымдын көбү ошол жакта өттү десем да болот. Апам менин окуумду ар дайым көзөмөлдөп турчу. Менин көп окуп, бардыгына тең эле кызыкканым, ошондой эле эже-агаларымдын менден 15-20 жаш улуулугу менин акыл көрөңгөмдүн өсүшүнө чоң таасир берген экен. А өспүрүм болуп калган кезде болсо мен таякем, белгилүү акын Турар Кожомбердиевдин чыгармаларына көбүрөөк таасирлендим. Бул чыгармачылыктын атмосферасы эле.
Билесиңерби, бала кезде мен музыка дүйнөсүнөн дагы көп нерселерди алдым. Анткени, жети жашымда атам мени Шубин атындагы музыкалык мектептин ошондогу директору Данил Назарматовго ээрчитип барган. Мугалимим таланттуу педагог, белгилүү эл артист Бакен Кыдыкееванын уулу Нурлан Жекшенбаев болгон. Ал кийин Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайында да сабак берди.
- А эмне үчүн музыкант эмес, медик болуп калдыңыз?
- Ал кезде бир эле учурда эки окуу жайында окууга мүмкүнчүлүк жок эле да. Мединститутка тапшырып, аны кызыл диплом менен аяктадым. Бешинчи курска чейин бешке окуп, анан эле "Көз оорулары" предметинен эки алып калсам болобу. Ага да өзүм күнөөлүүмүн. Экзаменге даярданбай жүрүп… Кайрадан экзамен тапшырууга туура келди. Тынымсыз окуудан соң бул предметке да кызыгуум чоң болуп калды. Ошентип, бешке тапшырдым дагы, бул тармак медицинадагы эң кызыктуу илим экендигин түшүндүм.
Медицинадагы эмгек жолум негизинен санитар болуудан башталды. Акырындап, айрымдарчылап чоң секирик жасабастан, медицинадагы ар бир тепкичти басып өттүм. Анан Гагарин шаарындагы Гжатский райондук ооруканасында врач-окулист, Смоленскидеги №1 шаардык ооруканасында көз бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштедим. Айтмакчы, так ошол жерде иштеп жүргөндө аспирантураны сырттан окууга туура келди. Анан өжөрлүккө салып жүрүп, атагы таш жарган офтальмолог С.Н. Федоровдун дагы тарбиясын алууга туура келди. Мен ал кишиден көптү үйрөндүм. Ошол институттан диссертациямды жактап, андан соң Лондонго барып, көз ооруларынын борбордук институнда иштедим.
- Кечиресиз, биздин Кыргызстандын шартында күчтүү адистер көп деле байырлап иштебестен, чет мамлекетке иштеп кетишет эмеспи. Сиз ошол дүйнөгө аты чыккан институттарда иштеп жүрүп, кайрадан Кыргызстанга келип иштеп калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Жок, эч качан. Өз ата мекениңден өткөн жер барбы. Эгерде ар бирибиз ата мекенибизди ойлоп, ал үчүн кызмат кылбасак, анда ата мекен деген түшүнүктүн кереги канчалык. Чынын айтыш керек, Бишкекке келип, мединституттун көз оорулар кафедрасында иштеп жүргөндө мамлекеттик клиникалардагы эскилиги жеткен аппаратураларды айланчыктап жүрө берип адистигимден айрылып каламбы деген коркунучтар көп болду. Анан 1995-жылы Россиянын Федоров клиникасына үндөш менчик госпиталды ачып алдым. Бир нерсени белгилеп койгум келет. Мен Святослав Николаевич Федоровдон элге пайда келтиргендей жашоо керектигин үйрөндүм. Бул менин профессионалдык, социалдык жана үй-бүлөлүк жашоомдо дагы абдан маанилүү орунда турат. Мен акылды жана жакшылык жасоону жакшы көрөм. Тилекке каршы адамдагы бул эки сапат аз кездешет. А медицинада мындай сапаты аз адамдардын иштебей койгону эле туура. Андыктан биздеги кызматкерлердин дагы ар бир оорулууга жакшы мамиле кылуусуна катуу талаптар коюлат. Бул иштин кызыкчылыгы үчүн. Оорулуунун сакайып кетүүсү үчүн бардык жагынан тартип керек. Операция учурунда демократиянын кереги барбы? Демек, ар бир нерсе өз орду менен болушу зарыл. Бирок, мен жашоодо абдан ак көңүл адаммын.
- Ар бир эле атактуу адамдардын аркасында окуучулары болот эмеспи. Сиздин тажрыйбаңызды үйрөнүп жаткан окуучуларыңыз барбы?
- Ар бир эле кесиптеги адамдардын кай бирлери өзү менен өзү болуп, же бул менден ашып кетпесин деп ар кимди өзүнө конкурент кыла бергендери болот. А кээ бири ардактуу, эмгекчил болушат. Алар өмүр бою жанындагыларды окутуп, алар дагы кийинки муундарга ошол алган билимин окутсун дейт. Жакшы врачты окутуу үчүн кеминде эле 10-15 жыл керек. Акыркы жылдарда менин алты окуучум Федоров клиникасынын илимий кеңешинде диссертациясын жакташты. Мен алар менен сыймыктанам.
- Сиздин жардамыңызды алып айыгып кеткендердин эң жашы канча жаштагылар?
- Эң жашы бир айлык ымыркайлар. Эгерде ата-эне мага ишенип баласын алып келсе канчалык жооптуу болсо да дарылаганга болгон аракетимди жумшайм. Негизи эле биздин госпиталдан айыгып кеткендердин көбү кайрадан келишип, ыраазычылыгын айтып кетишкен учурлар бар. Биздин госпиталда илинип турган картиналарды байкасаңыздар керек. Аны көзү көрбөгөн сүрөтчүлөр, көзү көргөндөн кийин, кайрадан төрөлгөндөй сүйүнүшүп, ыраазычылыгын сүрөткө түшүрүп алып келишкен.
Мен кичинекей балдардын көз айнек тагынып жүрүүсүн каалабайм. Андыктан ар бир ата-эне баласына кичинекейинен жакшылап кам көрсө дейм. Дегеле карысыбы-жашыбы көзү көрбөй калса, андан өткөн азап барбы. Каректер соолубай, ар бир адам жаркырган көзү ордунда болсо бул биз үчүн эң негизги нерсе.
Мындан 13 жыл илгери 20 жыл сокур болуп, эч нерсени көрбөгөн апа келип, колумдан өөп, "Кагылайын, чоңоюп калган неберелеримди бир көрүп алсам арманым жок эле. Кулуң болоюн. Көзүмдү көрсөтчү" дегени азыр да эсимде. Айыгып, көзү көргөндөн кийин, ыйлап батасын берди эле. Мен үчүн ошол ар бир адамдын айыгып кетиши, батасы кымбат.
- Ооруну айыктыруудан мурда аны алдын алуу дагы маанилүү эмеспи. Көздүн нормалдуу көрүүсүнүн бузулушун убагында сезбей калып өтүштүрүп жибергендер дагы жүздөп саналат. Көз айнек тагынып калбаш үчүн кандай чараларды колдонсо болот?
- Эгерде адам буюмдарды бүдөмүк көрүп жатса, анда көз торчосундагы чагылуу процесси туура жүрбөй жаткан болуп саналат. Мындай абал рефракциянын, б.а. чагылуунун бузулуусу. Миопия (близорукость), гиперметропия (дальнозорькость), пресбиопия (старческие глаза), астигматизм (көрүнүштүн бүдөмүктөшү) булардын бардыгы рефракциянын бузулуусуна кирет.
Жакынды жакшы көрүп, алысты көрө албаган адамдардын көзү миопия абалында болот. Себеби, каректин жогорку жана төмөнкү катмарындагы аралыктын көбөйүп кетүүсү менен шартталат. Миопия негизинен 7 жаштан 12 жашка чейин өөрчүйт. Андан эрте жашта дагы көз миопия болушу ыктымал. Өспүрүм куракта миопия күчөйт. Эгер аны алдын алса 20-40 жаштын ортосунда көз кайра калыбына келет. Миопиянын пайда болуусунун алгачкы себеби тукум куучулук. Ата-эненин көзү миопия болсо баласынын көзү дагы 18 жашка чейин миопияга кабылат. Экинчи себеби, китепти жатып алып окуу, же нормалдуу аралыкты сактабай окуу, телевизорго жакын олтуруу. Миопия билимсиз адамдардын арасында дээрлик жокко эсе болот. Көз менен иштеген адамдардын көз булчуңдары чарчап, катмарлардын аралыктары алыстайт. Натыйжада, китепти же телевизорду жакындан көрүү зарылчылыгы келип чыгат. Бул көздүн абалын бир аз жеңилдеткени менен терс таасири көбүрөөк болот. Ошондуктан миопияны дарылоодо врач сунуштаган көз айнекти сөзсүз тагынып жүрүү зарыл. Көз булчуңдарына гимнастика жасап, аны ар күнү системалуу түрдө ишке ашыруу зарыл. Эгерде мындай шартта миопия күчөсө операция сунуш кылынат. Операция албетте, жеңил болот. Бир нече минутадан кийин эле операция болгон адам үйүнө кайта алат.
Ал эми гиперметропия, жакын турган нерселерди көрбөй калуу дагы адамдарда көп кездешет. Белгилеп кое турган нерсе наристелердин бардыгы тең гиперметропия менен төрөлүшөт. Бирок, бара-бара ал нормалдашып, көз калыбына келет. Айрым балдарда болсо бул дарт күчөп кетип, көзү чалыр болуп калат. Чалыр балдар сөзсүз түрдө медициналык жардамга муктаж. Азыр биздин борбордо бул дартты айыктыруу үчүн бардык техникалык жабдуулар бар.
- Көз айнек туурасында дагы бир суроо жаралып жатат. Азыр ар бир адам көздү күндөн сактоо үчүн атайын күңүрт көз айнек тагынат. Бул туурабы, же алардын дагы көзгө кандайдыр бир тийгизе турган зыяндары барбы?
- Туура белгиледиңиз. Күңүрт көз айнектер сөзсүз түрдө айнектен болушу жакшы. Албетте, ультрафиолеттик нурдан пластмасса же айнектен жасалган көз айнектердин экөө тең жакшы сактайт. Бирок, ачыгыраак түстөгү, башкача айтканда розовый, сары же көк түстөгү күндөн сактоочу көз айнектер сактагандан дагы терс таасирин көбүрөөк тийгизет. Аларды ачык күндө эмес тескерисинче бүркөө күндөрү тагынса болот.
Күн ачуу тийген учурларда көз айнек канчалык күңүрт түстө болсо ошончолук жакшы. Бирок, канчалык кымбат болсо ошнчолук жакшы деген түшүнүктөн дагы алыс болуш керек. Андыктан көз айнекти дагы туура тандап алуу керек.
- Алмазбек Осмоналиевич, сизден эл арасында аты таанылган адам катары дагы бир сурообузга жооп алсак деп турабыз. Сиздин "Менин өлкөм" партиясына мүчө болгонуңузду билебиз. Эмне үчүн өзүңүздү саясий айдыңда сынап көргөн жоксуз?
- Сынагым келген. Пикирлеш адамдар менен бирдикте "Менин өлкөм" партиясын түзүп, бирок, саясаттагы кайсыл бир эрежелердин жакпагандыгынан улам кайрадан саясаттан четтөөгө туура келди. Саясатчы болуш үчүн менин моралдык баалуулуктарыма каршы келе турган сапаттарга ээ болуш керек экен. Бул мен үчүн абдан жат нерселер эле. Бул эми көп жылдар мурда болгон…
- Сиз өзүңүздү бай адам катары эсептейсизби?
- Албетте. Себеби, менде өзүмө гана эмес, башкаларга да сүйүктүү иши менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берип жаткан клиника бар. Мен белек-бечкек алганга караганда бирөөлөргө жакшылык тартуулоону жогору коем.
- Кантип эс алганды жактырасыз?
- Билимимдин таасиринен болсо керек, музыканы сүйөм. Уулум экөөбүздүн биргелешкен хоббибиз - лыжа, тим эле фантастика. Экөөбүз лыжа гана эмес сноубордду дагы жакшы көрөбүз.
А.Надырбекова






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2009-ж.:
1-бет
ЭРНИС МЫРЗА ЭМИ КИМДИН ЫРЫН ЫРДАЙТ?
2-бет
Чоң жана кичи кабарлар
3-бет
БШК бышыктайт
4-бет
Оппозиция ордосунда
БЭК прокуратурага кайрылат

5-бет
Оппозициянын өңү Атамбаевдин өңүндөй эмес
6-бет
Уланбек Карыпов, "Ак Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Бүгүнкү оппозицияны пенсияга кетириш керек!"

7-бет
Кубанычбек ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары:
"мен көп нерселерди Ийне-жибинен бери билем..."

8-бет
ТВга келет... кетет...
9-бет
сыйкырдуу кыял дарагы
10-бет
Алмазбек Исманкулов,
"Көз микрохирургиясы" илим изилдөө борборунун директору:
"Саясатчы болуш үчүн аморалдык сапаттарга ээ болуш керек экен"

11-бет
Улан Мелисбек, Кыргызпатенттин директору:
"Биз интернет-пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргойбуз"

12-бет
Эгиздер
13-бет
Радиожылдыз
14-бет
Байлыкты эмес, айлыкты эмес, шайлоону эмес, өзүңдү ойло!
15-бет
Формачан Айым
16-бет
Айнура Салахидинова










??.??