Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Сариев - Атамбаев
Тактын күчү эмнени гана кылбайт. Шайлоо шааниси башталаар менен бир аяктан суу ичкендер бат эле бири-бирине жон салып калышты. "Шумдуктуунун төөсү жорго" демекчи жон салып эле жөн болушпай, бири-бирин шыбамайга өтүштү. Сариев менен Атамбаевдин ачык чабышы күндөн-күнгө күчөп, оппозиция болгон баш оорутмасын аларга буруп, бийлик деген каршылашын унутуп калышкандай. Кечээ эле катарлаш болгондор эки талапкердин ортосунда чок - бок кармап, айтор былык чукумайга өтүштү. Атамбаевчилер болсо ат баса калган жерде, Сариевди жон терисин сыйра тытып калып жатышат. Петти да, бетти да аябай, болгон кара ойлорду кагазга түшүрүп, болгон күчүн маалымат согушунан чыгарып жатышат. Сариевчилер да учкай тийип, жөн калбастан азуу көрсөтүп, айбат кылууда. Сариев деле бээнин сүтүнөн ак эмес да. Баягы эле бирикпейбиздин аркасындагы амбициялар жондон алып жатат да. "Бийлик үчүн бири-бирин тытып жейт" деген сөзгө ушундай учурда аргасыз ынанасың. Ачыктыбы, жалгандыбы, учурдубу, өткөн чактыбы жазгандар кыскасы Кудайды карабай "бадырак" кууруп, зыгырга май чачып жаткан кербездери. Кечээ эле Сариевди, Атамбаевди алкагандар бүгүн бири-биринин жүнүн жеп жуткандарга жол болсун деген сөздөн башка кеп айта албайсың. Шайлоо деле бүтөт, жамгыр деле токтойт. Андан кийин деле жашоо бар го Кыргызстанда… Мынчалыкка барбаш керек эле. Оппозициянын бөлүнгөнү бөрүгө жем, түшүнүшсө…

Султанов - Баяс Турал
Жазуучулар союзунун башчылыгынан Омор Султановду оодарабыз деген күчтөр оголе көп болчу. Кезинде Омокемди дал ушул орунга алып келгендер өздөрү кайра алып түшөбүз дегени өтө кызык. Кечээ жакында Тарых музейинде жазуучулардын жоон тобу катышкан мыйзамдуу пленуму болуп өттү. Дал ошол жыйында Оморду ордунан оодарышып, ордуна Баяс Турал деген ат менен коомчулукка таанымал айтылуу Абдырахман Алымбаев шайланды. Кагаз жүзүндө болгон соң, жаңы жетекчи кабинетке кирем десе, Омокем "охрана" менен тосуп киргизбептир дейт. Ал эми Омор мырза "атайын мага каршы уюштурган бу пленум мыйзамсыз" деп жаткан чагы. Сыягы жакын арада ал жылуу орунду бербесе керек. "Атын атаса, куту сүйүнөт" дейт, Абдырахман мырзаны жаңы кызматы менен куттуктайбыз. Бу жакта тил маселеси күйүп жатканынан кайрылсак, чунак киши чоң жыйынга даярдык көрүп жатканын айткан эле.Тил, дөөлөтүбүздү, тарыхыбызды дембе-дем гезиттерге макала жазган агабызды кантип эле Жеңишбек Назаралиевдин тил безер сөздөрү октой тийбей жатат деп жаттык эле...

Шерниязов - Жээнбеков
Өзүнө шер, оппозицияга эр Болот Шерниязов "таластыктар таш урду" деп сотко жердештерин сүйрөгөн Алмазды колдоп жаткан чагы. Ал эми жердеши Б.Жээнбеков Сариевге ыктап маалымат айдыңындагы согуштун чаңын чыгарып жатышат. Өткөнкү парламенттик шайлоодо Шерниязов атамекенчилердин жыйынында Равшан Жээнбековдун бүт укугунун мойнуна алган атасы Бабырбек Жээнбековго "воздук" бербей чүнчүткөнүн жакшы билебиз. Атамбаев өкмөт башчы болгондо Бокебиз трибунадан өпкөгө сайып, бир топ кыл чайнашты эле го. Атамбаевдин күүсүн күүлөшүү өөн учурап, жатканын кеп уруп койсок дедик. Жээнбеков, атамбаевчилердин акыйнеги күчөп баратат.

Сегизбаев - Ибраимова
Жылдызомания "шогунан" бат эле жылып түшкөн Элмира айым саясаттын этегинде сайма сайымыш эткени суу деле кечпей калды окшойт. Учуп күймөй адаты менен алачапкында чыга калганы кичине саясий беделин түшүрүп койду. Ээрден оодарылганы эмне иш менен алаксып жатат десек көрсө, экстердин жон тобу менен ат тезегин кургатпай чайлашып, контр чабуулдарды кызуу талкуулап жаткан имиш. Кыскасы, саясий середеги каршылаштарын ооз тынчытуу эле машакатын көрүп жатыптыр. 23-май күнү Кожомкул атындагы спорт сарайынын капталындагы кафеде, 24-марттан кийин такыр эле таптырбай жүргөн Абдил Сегизбаев деген мырза менен дагы бир топ чет жактыктар менен кызуу баарлашып, тамекинин түтүнүндө олтурушту дейт. Жай олтурушкандай түрлөрү жок. Адил мырза да ошентип гаризонттон көрүнө баштады. Бир аз толуп алган бирок, негедир ары-бери өткөндөргө анча таанылгысы келген жоктой дешет. Кезинде теледен түшпөгөн пресс катчыны кантип унутуп калсын эл. Кантсе да Адилдей иштеген пресс катчы болгон жок да.Шайлоонун аркасынан көрбөгөн кишилерди көрөт экенсиң.





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
28-май, 2009-ж.:
1-бет
КЫРГЫЗ САЯСАТЫНДА
2-бет
Дастан Сарыгулов, "Теңир ордо" фондунун негиздөөчүсү:
"Улуттук эс-тутумун жоготконду майып, бечара дейт..."

3-бет
"Кулакка тепмей" саясаттан
4-5-бет
"Тилине кызмат кылбай туруп, элине кантип кызмат кыла алат?"
6-бет
Жусупжан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Баары эле "балаң тирүү" деп жатышат..."

7-бет
Шайлоону утурлап...
8-бет
Сариев - Атамбаев
9-бет
Вера Черникова, ведущая программы "Итоги недели":
"...карьера мешает построить личную жизнь

10-бет
"Өзүмдү тапкан жол" китебинен
Леантор, "өлүк суу", комадагы кыз

11-бет
Не спрашивай что сделала для тебя страна, спрашивай что ты сделал для страны?
12-бет
Жамиля Муратова, ырчы, композитор:
"Кудай сактасын, бетимде бырыш жок"

14-бет
Формачан айым
15-бет
"оорусу өтүшүп кеткендер кайрылышат"
16-бет
Эркектер аялдардын 5 түрүнөн сак болуусу керек










??.??