Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Шайлоону утурлап...

РЕВОЛЮЦИОНЕР МОТУЕВ
Нурлан Мотуев - кыргыздын белгилүү саясатчыларынан.
Анын саясий дидарын тартууда кепти абалкы, эмгек жолунун башатынан баштоо кажет.
Нурлан жогорку окуу жайын Россиядан бүтүргөн. Орус тили жана адабияты, башкача айтканда, филология факультетинде окуган. Анын чоң жумуштан коркпогон көкжалдыгы ушундан, боз улан кезинен башталат. Болбосо, Нарындын алыскы элет айылында орто мектепти бүткөн анча-мынча жаш бала алыскы Орусияга билим кууп сапар тартууга даабайт. Нурлан алыскы бөтөн, чоочун эл, жерге коркпой-үркпөй максат беттеген.
Мектепти тың окуган зирек бала Орусиядагы жогорку окуу жайда сабак жагынан кыйналган жок. Адамдар менен бат ымала күтүп, тез эле мамыр-жумур мамиле курууга жетишкен мүнөзү жардамчы болуп, мугалимдер жана студенттер арасында аброй күтө алды.
СССР тарап, жаңы заман орноп, чет өлкөлөр менен байланыш түзүлдү. Мотуев эми атагы ааламга кеткен айтылуу Америкага аттанды. Айылдык кыргыз бала орус тилинин чегинен чыгып, англисче үйрөндү. Кошмо Штаттарда иштеп-жашап, турмуштун чоң мектебинен өттү. Ал жерде казак кызына үйлөнүп, уул-кыздуу болду. Балдары Америка жарандыгын алды.
90-жылдардын этегинде Мотуев Россия, Америка багажы менен туулуп-өскөн өз мекенине келди. Ал учурда Кыргызстанда Акаевдик заман эле. Он чакты жылдык Акаевдик башкаруудан эл тажап, нааразылык күчтүү болчу. Жалпы калктын бул маанайын туюп, көпчүлүктүн көйгөйүн талашкан Нурлан бийликке оппозициядагы "Агым" гезитине кабарчылыкка орношту. Мотуевдин Кыргыз саясатындагы алгачкы тушоосу "Агымда" кесилди. Ал өлкөдөгү нускасы эң көп бул гезитке саясаттын терең сырынан кабар берген актуалдуу, курч макалаларды жарыялап, жалпынын жарпын жазды.
Мүнөзү боюнча ачык, шар жүргөн, оюндагысын жаап-жашырбай так, даана айткан шайдоот жигит жалаң макала жазуунун рамкасына сыйбады. Саясий олуттуу окуяларга активдүү аралашып, өткүр ойлору менен эл көзүнө түштү. Кыргыз саясий айдыңында эч кимге окшошпогон жаңы, таза инсан пайда болду. Кандай оор, кыйчалыш маселе болсун чындыкты коркпой-үркпөй көзгө чукуй айтат. Болгондо да ачуу чындыкты куйкум сөз менен куйкалап, сарказм кошо ичеги-боорду эзе күлдүрүп, эл назарын бурду...
Турсунбек Акунга кошулуп, укук коргоочуга айланды. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасынын орун басарлык милдетин аткарды. Адилеттик, мыйзам бузулган бир катар олуттуу окуяларга киришип, сандаган запкы тарткан адамдардын таламдарын талашып, ажааттарын ачты.
Көргөн-билгенин буйтактатпай, сылап-сыйпабай, түз, тике билдирген кызыктуу, оригиналдуу саясатчыны эл кайсы катарга кошууну билбей дал болду. Орустун Владимир Жириновскийине окшоштурушту.
"Сизди Кыргыздын Жириновскийи" дешет. Буга кандай карайсыз?" деп сурашат.
"Владимир Жириновский Орусиянын көрүнүктүү саясатчыларынан. Ал киши жетектеген ЛДПР партиясы жыйырма жылга жакын мезгилден бери саясий аренадан түшпөй, миллиондогон калктын колдоосуна ээ болуп, шайлоо сайын парламентте ишенимдүү жеңишке жетишүүдө. Парламенттеги ЛДПР фракциясынын башчысы Владимир Вольфович Орусия парламентинин төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлдү. Мындай дүйнөлүк кадыр-барктуу саясатчыга окшоштурушкандыгы мен үчүн жагымдуу. Бирок, мен Жириновскийдин толук көчүрмөсү эмесмин. Менин башкача ой жүгүртүүлөрүм, ойлорум бар. Мен орустун Жириновскийи эмес, кыргыздын Мотуевимин" дейт Нурлан мырза.
2005-жылы Кыргызстанда Акаевдик адилетсиз бийликке каршы катуу күрөш башталды. Эр жүрөк Мотуев Акаевчилерге ачык айкашка түшкөн оппозиционерлер тарабынан түзүлгөн Кыргызстан элдик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнөн болду.
"Аскар Акаев бийликтен тез кетиши керек! Кетпесе, кетиребиз. Күчкө салып кетиребиз! Революция жасайбыз!" деп баркылдап бийик дабыш салып, жар салып жүрдү революционер Мотуев.
Бүгүн революционерлер көбөйүп кетишти. "Мен революцияга катышкам" деп жаңы бийликке жагалданып, кызмат, акча сурагандар толтура. 2005-жылы 25-мартка чейин көптөр Акаевдик бийликтен айбыгышып, нааразылыктарын ашканада аялына гана шыбырашса, эр жүрөк, эр мүнөз Мотуев "Акаев кетсин!" деп кыйкырык салып эл аралап жүрдү...
2005-жылдын 25-марты. Эрте мененки саат тогуз. Акаевдик бийликке нааразы топтор Бишкектин эки жерине - "Көк-жар" жаңы конушуна жана Назаралиевдин медициналык борборунун жанына чогулуп жатышты. Курманбек Бакиев, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Ишенгүл Болжурова, Исмаил Исаков өңдүү аттуу-баштуу оппозиция лидерлери Ош базарына жакын жайгашкан Назаралиевдин медициналык борборунун жанына жыйналышты. Мотуев да ушул жерде болду. Көптүн караанында эмес, бийик үнүн бек-бек, бак-бак салып, "бүгүн Акаевди кетиребиз, бүгүн Акаевдик бийликти кулатабыз!" деп элдин демине дем кошуп жүрдү... Митинг бүтүп, кылкылдаган эл борбордук көчөлөр менен Ак үйдү көздөй агылганда Мотуев Бакиев, Бекназараов, Исаков, Болжурова менен бир катарда алдыңкы, биринчи катарда төшүн окко тосуп, Ак үйдү көздөй сапар алды...
Кийин Алмаз Атамбаев басма сөздөргө жазып чыкпадыбы; "Ошондо абалыбыз оор эле. Бизди снайпер мылтыктар менен мээлеп турушкан. Окко учушубуз ыктымал эле. Өмүрүбүз кылдын учунда эле. Жаныбызды чүпүрөккө түйүп жүргөнбүз" дегендей... Мотуев антип коркуп-үрккөн деле жок. Ал атууга да, түрмөгө да кайыл болчу...
Түш оой Ак үйдүн астында, борбордук аянтта котологон он миңдеген калк саясий акция, митинг өткөрүп жатты...
"Ак үй жакка барбагыла! Провакацияга алдырбагыла. Ушинтип он күн турсак, Акаев өзү эле кетет" деп жатышты саясатчылар.
"Акаев өзү кетпейт! Аны кетириш керек!" деп кыйкырып жүрдү Мотуев.
Саясий лидерлер борбордук аянтта митингде сөз сүйлөп жатканда Акаевдик бийликке кокодон тоюп бүткөн эл катмары оппозиция башчыларын укпай Ак үйдү көздөй чабуулга өткөндө Мотуев трибунаны таштап, чабуулга чыккан элдин катарына кошулду... Милиция, ОМОНдор менен мушташып, чабышып, Нурлан биринчилерден болуп Ак үйгө кирди...
Ак үй алынды. Анча-мынча саясатчылар сүрдөп, апкаарып турушту. Анткени, Акаевдик бийлик армияга, куралга таянып, кайра контр чабуулга өтүшү ыктымал эле. Эр Мотуев коркуп койбоду. Ак үйдүн дал астында чет элдик журналисттерге интервью берип жатты;
"Акаев качты! Эл жеңди! Революция ишке ашты!" деп жарпы жазылып.
Революция жасалып, элдик бийлик орноду.
Мотуев бийликке деле жутунган жок. Арийне, мамлекеттик жогору кызмат тизгини ыйгарылса, иштеп берээрлигин басма сөздөргө берген маектеринде билдирди. "Мен элдик революциянын каармандарынын катарында болдум. Элдик бийликти сактап калуу, элиме кызмат кылуу үчүн кандай кызмат болсо да иштөөгө даярмын!" деди.
Бирок, ага азырынча кызмат берилбеди. Мотуев кызмат, мансап күтүп отурган жок.
Ал революциянын ишин өз алдынча улады.
Кичи мекени Жумгалда Кара-Кече көмүр кени бар. Аны президент Акаевдин жубайы Майрам Акаеванын кишилери, Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкектеги белгилүү "Беш-Сары" базарынын башчысы Камчыбек Жолдошбаевдер иштетишчү. Алар мамлекеттин, элдин байлыгын өз чөнтөктөрүнө уруп жатышканын жергиликтүү калк айтып-деп, нааразы болуп жүрүшкөн. Муну Нурлан жакшы билчү. Жердештери менен пикир алышып, ой бөлүштү.
"Өлкөдө революция болдубу, ал аймактарга жайылышы керек. Бардык жерде адилетсиз бийликтин адилетсиз жоруктары жоюлушу керек... Кара-Кече кенинен эл байлыгын ичип-жеген кузгундарды кууп чыгабыз!" деп демилге көтөрдү.
Ошентип, борбор калаада жүргөн саясатчы кичи мекени - Жумгалга аттанды.
Жумгалдыктар Мотуевди жакшы билишчү. Аны борбордон келген республикалык деңгээлдеги саясатчы катары кабыл алышты. Ошон үчүн анын кеп-сөзүнө муюшуп, Мотуевди туу тутушту.
"Акаевдик бийлик кулатылып, анын заманы бүттү. Эми чындык орнойт! Кара-Кечеден эл душмандарын кууп чыгабыз! Алга!" деп ураан таштады Нурлан баатыр.
Көкөйлөрүндөгү ой айтылганына кубанышып, миңдеген жумгалдыктар, адилетсиз башкарууга кыжырланышкан калк Мотуевди ээрчий көмүр кенге чабуулга өтүштү.
Кылкылдаган калктын астында Мотуев. Алар Кара-Кеченин жетекчилерине бет келишти.
"Кара-Кечеден кеткиле! Кара-Кече элдики!" деп түз, тике айтты.
Сөзгө түшүнбөгөн "крутойлорго" чоң муштумун колдонду...
Ошентип, Нурлан Мотуевдин жетекчилиги астында караламан калк көмүр кендин ээси болуп калды.
Кен башчылыгына эл Мотуевди шайлады.
Эми Нурлан мырза "көмүр королу" аталды.
"Көмүр королу" кендеги ишти башкача, адилет жүргүзүүгө өттү. Аймактагы кары-картаңдарга, багар-көгөрү жокторго, ооруу-сыркоолууларга, жетим-жесирлерге, мектептерге акысыз көмүр таратып, эл алкоосуна арзыды.
Мотуевге кекенгендер, сөөмөй кезегендер көп эле. Ананчы, жеп жаткан майтокочунун, майталканынан ажыратса, аны чекесинен сылашмак беле... Алар парламентте, Ак үйдө таасирлери бар адамдар болчу. Акаев кеткени менен анын куйруктары азырынча үзүлө элек эле. Алар Нурлан мырзага каршы компраматты мол жыйнашып... Жыл айланбай Мотуевди темир торго салышты. Ал камакка алынып, Бишкектеги СИЗОго түштү.
Мотуев майтарылган жок. "Мени контрреволюциячылар каматты. Бул адилетсиз чечим болду. Мен баары бир чыгам. Чындык акыры жеңет!" деп кыйкырып жатты ал басма сөздөргө түрмөдө жатып берген маектеринде.
Түрмөдө ал бир жылга жуук жатты. Бир жыл бою аны соттой алышпады. Күнөөсүн далилдей алышпай, убара тартышты. Акыры боштондукка чыгарышты...
Ошентип, чыныгы элдик лидер эли үчүн, чындык үчүн бүтүндөй бир жыл бою темир тордо да жатты.
Кайрадан Кара-Кече көмүр кенине келип, директорлор кеңешинин төрагалыгына шайланды.
Мотуевдин дагы бир өзгөчөлүгү - динди, ислам динин бекем карманганында. Басса-турса курандан аяттарды айтып, элди ыйманга чакырат. Өзү такай намаз окуйт. Спирттик ичимдик ичпейт, тамеки чекпейт - таза жашоо образын алып барат.
Бул да чоң эрдик. Анткени адамдык жеңил, таттуу жашоодон баш тартып, ак жолго түшкөн.
Өзү гана туура жолдо жүрө бербей, башкаларды да үгүттөйт. Ал түгүл дагы бир өнөктөшү, ислам динин бекем тутунган дагы бир белгилүү саясатчы Турсунбай Бакир уулу менен бирдикте мусулмандар партиясын түздү. Партиясынын саясатын элге жеткирүү үчүн бүт Кыргызстандын аймагын түрө кыдырып чыкты. Түндүк, түштүк дебей бардык айыл-кыштактарда болду. Өзгөчө мечиттерге барып, Кудай жолундагы адамдар менен турмуш, дин, саясат тууралуу кенен-кесири маек курду.
Дүйнөнү дүңгүрөткөн держава - Америка мусулман өлкөлөрүнө кыр көрсөткөндө ага нааразылык иретинде Бишкектин чок ортосуна, Ак үйдүн астына чыгып, Кошмо Штаттардын президенти Буштун портретин көпчүлүктүн көз алдында өрттөдү...
Мындай чечкиндүү кадамга эр көкүрөк, эр жүрөк адам гана бара алат!
Ооба, Нурлан Мотуевдин өмүр жолуна серп салып отурсаңыз ал жалаң тобокелчил күрөш менен, эл таламын талашууда чоң эрдик менен жашап келатат! Нурлан - чыныгы эл уулу, чыныгы эл баатыры!
Турмуш оош-кыйыштуу, оомал-төкмөл келет. Бирөөлөр эптеп өз оокатын араң кылдыратып өткөрсө, эл ичинен чыккан айрым, миңден бир, түмөндөн бир көк жал шерлер жалпы журттун жүгүн мойнуна алып, калк үчүн, бүтүндөй өлкө үчүн жашайт жана күрөшөт. Нурлан Мотуев мына ушундай каарман да, айбаттуу да, айбарлуу азамат.
Нурлан быйыл 40 жашка толот. Кырк деген эр азамат үчүн, саясатчы үчүн чоң күрөшкө эми жаңы жиреп кирчү курак. Бул даражага ал чоң да орошон тажрыйба, сабак менен келди.
Мотуев талапкерлигин Кыргыз Республикасынын президенттигине койду.
Айрым аты-жыты белгисиз, деле Кыргыз элине бир тыңгылыктуу иш менен көрүнбөгөн бирөөлөр ажолукка ат салышып жатканда Мотуевдин карааны алардын арасында кадимкидей, Ала-Тоодой калдайып көрүнөт.
Мотуевди колдогон элдик калың катмар, арбын электорат бар. Алар бул сапар да өз лидерин көп арасынан жаңылбай таанып, аны колдон-буттан ала колдоп кетээринде шек жок.
Ал айрымдарчылап "алын билбеген алек" эмес. Буга дейре президенттик эмес Жогорку Кеңештин депутаттыгына да талпынган эмес. Өзүн тымызын бышырып, ичтей жетилтип, өз саатын күтүп келген. Эми анын ашы бышып, канаты жетилип, сааты келди!
Мотуев - ачык айтып, ак сүйлөөнүн, чындыкты коркпой-үркпөй түз, тике, болгондо да катуу, таасирлүү билдирүүнүн жана эл таламындагы бийик идея үчүн каармандык менен кажырлуу күрөшүүнүн жаркыраган бийик үлгүсү!






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
28-май, 2009-ж.:
1-бет
КЫРГЫЗ САЯСАТЫНДА
2-бет
Дастан Сарыгулов, "Теңир ордо" фондунун негиздөөчүсү:
"Улуттук эс-тутумун жоготконду майып, бечара дейт..."

3-бет
"Кулакка тепмей" саясаттан
4-5-бет
"Тилине кызмат кылбай туруп, элине кантип кызмат кыла алат?"
6-бет
Жусупжан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Баары эле "балаң тирүү" деп жатышат..."

7-бет
Шайлоону утурлап...
8-бет
Сариев - Атамбаев
9-бет
Вера Черникова, ведущая программы "Итоги недели":
"...карьера мешает построить личную жизнь

10-бет
"Өзүмдү тапкан жол" китебинен
Леантор, "өлүк суу", комадагы кыз

11-бет
Не спрашивай что сделала для тебя страна, спрашивай что ты сделал для страны?
12-бет
Жамиля Муратова, ырчы, композитор:
"Кудай сактасын, бетимде бырыш жок"

14-бет
Формачан айым
15-бет
"оорусу өтүшүп кеткендер кайрылышат"
16-бет
Эркектер аялдардын 5 түрүнөн сак болуусу керек










??.??