Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  эне тилин сүйбөгөн

"Тилине кызмат кылбай туруп, элине кантип кызмат кыла алат?"
Кириш сөз ордуна
Бүгүн Кыргыз элинин байыркылыгын, таланттуулугун, улуу меймандостук маданиятын даңазалагандарга караганда, аны кемсинткен, басынткан, эптеп бир кемчилигин таап, шылдыңга алган адамдар көп.
"Эр энеден төрөлөт, Эл үчүн өсөт" дейт кыргыз макалы. Демек, энеден төрөлүп, эл үчүн өскөн эр өз элинин кемчилигин издейби, же артыкчылыгын издейби? Эгер кемчилиги болсо, аны эр оңдойбу, же ким оңдойт? Эгер артыкчылыгы болсо, аны эр даңазалайбы, же ким даңазалайт? Эгер эркек Эл намысын коргой албаса, анда аны "эр" деп ким айтат? Анын атак-даңкын эмнеге чыгарат, ким чыгарат? өзүнүн курсагынын тойгонуна өзү ыраазы болгон байларды кыргыз "эр" деп айткан эмес. Байлардын ичинен да к ыргыз "Эл баккан эркегин" "эр" деген. б.а. "эр" деп өзүнүн жүрүш-турушу менен үлгү, кылган иши менен өрнөк болгон адамдарды айткан биздин эл.
Кыскартып айтсак: өз элинин кемчилигин таап айткан - ал эрдик эмес. Аны жойгон эрдик. А чынында, акыл-эси ордунда болгон адам өз элин кемсинтпейт. Кыргыздын: "өсөр элдин балдары бири бирин көтөрүп "баатыр" деп сүйлөйт, өспөс элдин балдары бири бирин кемсинтип "катын" деп сүйлөйт" деген макалы бар. Эгер басынтып сүйлөсө, анда ал душман, же каны бузук бирөө.(Тилекке каршы, бизде азыр андайлар абдан кёбөйдү.
Ушундай көрүнүшкө байланыштуу улуу Махатма Гандинин: "Урук - туугандарын басынтып атып, кантип адам өзүн кадыр-барктуу сезиши мүмкүн" деп айтканы бар.
Дал ушул сыяктуу эле сөздү Идрис пайгамбар да айтыптыр: "Акылдуу адам бирөөнүн кемчилигин издебейт, бирөөнүн айыбын чукубайт. Бактысы ашкан сайын текеберликке алдырып, менменсинип кетпейт".
Урматтуу Жеңишбек Назаралиев, "Агым" гезитине (06.06.2008-ж.) которулуп берилген "Акажандар өлкөсү" деген макалаңды жана президенттикке талапкер катары кыргыз тилин жериген кайрылууңду окуп чыгып, сен кимди, эмне үчүн күнөөлөп жатканыңды аныктай албадым. Анан дагы, сен кыргызды сактап калгың келгенин, же аны "жок кылуу" жөнүндө айтып жатканыңды түшүнгөн жокмун? Бир карасаң жазгандарың туурадай, бир карасаң жалаң эле карасанатай ойлор сыяктанат. Иши кылып, сага окшоп азыр Кыргыздын башын айлантып, адаштырып акыл айткан адам көбөйдү. Бирок ага "мындай бас" деп, туура жолду көрсөткөн киши аз.
Негизи эл ажыратып окуй турган "эки билим" бар. Аны бири - улуттук аң-сезимди өстүрөт, экинчиси - элди эс-тутумдан ажыратып, аны манкуртка айлантат. Улуттук аң-сезими өскөндөр улутчул болушат, ал эми манкуртка айлангандар үчүн "эл", "улут" деген түшүнүктөр эч кандай мааниге ээ эмес. Алар өздөрүнүн башынын амандыгын, курсагынын токтугун - жашоонун маңызы деп билишет. Бир туурам нан, бир пиала чай берген адам "ат" деп колуна мылтык берсе, өз элин деле ата берет. Азыркы учурда, биздин өлкөдө "билимдүү" киргиздер ушул ролду ойноодо.
Эми сөз, сен кеп кылган негизги эки-үч маселе тууралу болсун.

Тил жөнүндө
Мен, орус тилинде сүйлөп, кыргыздын улуттук аң-сезимин өстүргүсү келген киргиздердин "аракеттерине" такыр түшүнө албайм. Дүйнөдө ушундай тажрыйба барбы? Бул, бир обу жок орус адамынын: "англисче сүйлөп, орустун улуттук аң-сезимин көтөрөм" дегендей эле маанисиз сөзү сыяктуу. Же "кытай тилин өнүктүрүү менен жапан улутун сактап калса болот" деп, бир кем акыл окумуштуу ачылыш ачкандай келжирек кеп. Башка тил бизге маалымат алуу үчүн, же эл аралык мамилелерде колдонуу үчүн гана керек. Ал эми улуттук аң-сезимди өстүргүбүз келсе, анда өзүбүздүн тилде гана сүйлөөгө тийишпис. Кыргызды кыргыз тили гана сактайт жана кыргыз тили гана өстүрөт. Өз убагында Н.С. Хрущев башында турган орус шовинисттери: "орус тилин канчалык тез үйрөнсөк, ошончолук коммунизмге бат жетебиз" деген саясат жүргүзгөнүн, анан ал эмне болуп бүткөнүн баарыбыз жакшы билебиз. Ал, чынында: "орус тилин канчалык тез үйрөнсөк, улут катары ошончолук бат жок болобуз" деген идеология болчу.
Ошондо, саны боюнча Кыргыздын "бир канатынча" келбеген авар элинин улуу акыны Расул Гамзатов орус шовинсттеринин жүргүзүп жаткан саясаты табияттын мыйзамына каршы экенин мындай бир сөзү менен далилдеп: "Майда тилдердин баарын жок кылып, бир улуу тилде сүйлөшүшүбүз керек" деген саясат - ал асмандагы жылдыздардын баарын өчүрүп, бир гана Айды калтырабыз деген эле сөздүн өзү. Бул эч качан ишке ашпай турган кыял. Асман айы менен канчалык кооз болсо, жылдыздары менен андан да көркөм" деген эле. Анан сөзүн улантып: "Эгер эртең авар тили жок болот десе, анда мен бүгүн эле өлүүгө даярмын" деп кесе, өз оюн батыл билдирген болчу. Мезгил шовинисттер менен нигилисттердин эмес, Расул Гамзатовго окшогон улутчул уулдардын айткандары туура экенин көрсөттү.
Бирок, ага карабай, ошол, "улутту жок кылуу идеологиясына" ("интернационализмге") биздин саясий жетекчилердин кээ бири адамдык абийирин жоготуп, ар-намысын сатканга чейин кызмат көрсөтүштү. Эртең Эл эмне болот - аны менен алардын иши да болгон жок. Шовинисттик идеологиянын көп жылдык эмгеги өз үзүрүн берип, натыйжада бийликке орусташкан муун келди. Бул "туура эмес билим" алган жана "туура эмес тарбияланган" муун эле. Бүгүн биз ошолордун заманында жашап атабыз. Бизге "мындай басыш керек", "минтип жатыш керек", "тигинтип отуруш керек" деп акыл үйрөткөндөр да ошолор. Ошол "билимдүү" балдарды ээрчип отуруп, бүгүн минтип итке минген турмушка туш болдук. Тарыхта Кыргыз мындай бузулган эмес. Ушинтип кыздарыбыз көчөгө чыгып, өткөн-кеткен эркекти тосуп жалдырап турганы, эл өзүнөн өзү чачылып, ыдыраганы тууралуу маалымат биздин оозеки чыгармаларда да, ташта калган жазууларда да, кошуна элдердин айткан сөздөрүндө да жолукпайт.

***
Сен минтип жазыпсың: "...азыркы кыргыз тили аскерийди мындай кой, илимдин да, саясий-экономиканын да тили эмес, күнүмдүк турмуштун тили".
Сенин айтканың туура. Бирок, сен азыр тамшанып отурган орус тили да бир убакта ушундай болчу. Орус интеллигенциясынын ичиндеги, өз эне тилин жериген нигилист өкүлдөрү французча сүйлөшкөн. Өз тилин "карапайым элдин тили" деп, орусча сүйлөгөндөн уялышкан. Бул бир акыл-эси тайыздар ооруй турган социалдык оору. Ал эми "мындай оору менен орустар да оорушкан" деп актанган киргиздерге мен Бисмарктын: "Акылдуу адам башка бирөөнүн катасын көрүп, өзүнүкүн оңдойт, акмак адам өз башынан өтмөйүнчө билбейт" деген сөзүн эсине салар элем.
Эң кызыгы, азыр биз "оорулуу эл" экенибизди моюнубузга алгыбыз келбегенинде. Моюнубузга алсак, андан айыгууга аракет кылат элек. Азыр адамдардын көбү: "эл эмне болсо, ошол болсун, мен өзүм аман болсом болду" деген принцип менен жашоого өтүштү. Илгери "жети таз" бөлүшүп жеген нанды, азыр "жеке таз" өзү эле жеп атат.
Бирок, Ломоносовдон жана Пушкинден кийин орус тилине болгон көз караш өзгөргөн. Аны мамлекеттик деңгээлде кызматка көтөрүү, өстүрүү, өнүктүрүү аракети башталган. Акыры акыбети кайтып, бүгүн ал дүйнөлүк тилге айлантып олтурат.
Улутту сактап калуу жана аны көтөрүү иши сөзсүз адегенде тилге байланыштуу экенин биринчи айтып аткан адам мен эмесмин. Ал айрыкча В. Гумбольдттон кийин дүйнөнүн билимдүү адамдары тарабынан алда качан бир эмес, бир нече ирет далилденип, такталган.
Эгер, бүгүнкү күнү кыргыз тили - "күнүмдүк турмуштун", карапайым эл сүйлөгөн көр тириликтин тилине айланып калган болсо, анда анын ушундай абалга келишине Жеңишбек сага окшогон адамдар күнөөлүү. Анын кадыр - баркын "билимсиз" кыргыздар эмес, "билимдүү" киргиздер түшүрдү. Демек, алардын билиминин Кыргыз элине кереги жок.

***
Тил өзүнөн өзү улуу боло бербейт. Ал үчүн аны алып жүргөн эл өз тилине такай камкордук көрүп турууга тийиш. Б.а. ошол тилде сүйлөп жана иштеши керек. А биз болсо, өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери тилибизди өстүрбөй эле, иш жүзүндө аны "өлтүрүп" келатабыз. Эң кызыгы, өз алдыбызча өлкө болгонубузга карабай, "кыргыз эместер" тарабынан, Кыргыз улутун "жок кылуу" боюнча тымызын жүргүзүлүп жаткан иштер али да аракеттерин токтоткон жок. А болбосо, ушул убакка чейин толук кандуу иштелип бүтпөгөн "илимий-техникалык" жана "саясий-экономикалык" сөздүктөрдүн жоктугун эмне менен түшүндүрүүгө болот? Анан дагы, кыргыз тилинин Мамлекеттик тилге айланбай жатышына кантип карапайым элди күнөөлөйбүз? Эгер өлкөнү башкаргандар орус тилинде сүйлөшүп, орус тилинде иш кагаздарын алып барышса, ал эми кыргыз тилин алып жүргөн акын менен аны изилдеп, окуткан окумуштуу көчөдө ишсиз жүрсө, анан кантип тил сакталат? Мамлекеттин идеологиясы "курсактын" деңгээлиннен өйдө көтөрүлө албаса, "баштын" деңгээлиндеги "ачарчылыкты" ким эске алат? Азыр биздин коомдо акылдуу менен билимдүүгө караганда, курсагы ток, кийими бүтүн "чайкоочунун" кадыры алда канча жогору. Ушул да мамлекеттик саясатпы? Бул улутту жок кыла турган идеология!
Эгер Жеңишбек, сага окшогон "билимдүү" балдар кыргыз тилинде сүйлөшпөсө, анда улуттук тил кантип өнүгөт? Улуттук тил өнүкпөсө, улуттук аң-сезим кантип калыптанат? Улуттук аң-сезим калыптанбаса, улуттук ар-намыс кайдан ойгонот? Улуттук ар-намыс ойгонбосо, улут кантип биригет? Улут бирикпесе, ал кантип улуу улутка айланат? Улуу улутка айланбаса, анда кантип узак жашайт?

***
М. Кашкари менен Ж. Баласагындын чыгармаларындагы көп сөздөрдүн бүгүнкү кыргыз тилинде сакталышы да жөн жеринен эместир. Ошол бүт түрк дүйнөсүнө аттын кашкасындай таанылган барскандык жердешибиздин жазганына караганда "кыргыз, кыпчак, огуз..." элдери таза түрк тилинде сүйлөшкөн. Ошол таза түрк тили "каган тили" деп айтылган. Дал ушул тилде М. Кашкардын "Түрк сөздүгү", Ж. Баласагындын "Кут билими" жазылган.
Маселенин баары бүгүнкү заманда "алтын" менен "күмүшкө" караганда "темир" менен "жездин" кереги көп тийип, "поэзиянын тилине" караганда, "базардын тили" көбүрөөк колдонулуп, көп түшүнүктөрдүн алмашып жатканында болууда. Бирок кандай болгон учурда да, "алтын" деген алтын, "темир" деген темир. Темирдин алдында алтынды басынтып сөз кылуу негизи туура эмес. Ал асыл метал. Албетте, алтын болбой калганы үчүн темирди да кемсинтүүнүн кереги жок. Ар бирин өз касиеттери менен пайдаланганыбыз туура. Экөөнүн тең өздөрүнүн коомдогу орду, аткарар кызматтары бар.

***
Эми тил боюнча, айта берсе сөз көп. Анын көбүн жакында эле жарык көргөн "Тил - улуттун жаны" деген китебимде айттым. Айласыз көп сөзүмдү бүгүн дагы кайталап олтурам.
Ошол китепте айтылган сөздөрдүн дагы бири эске түшүүдө: орус тили Совет бийлигинин тушунда "билимдүүлүктүн критерийи" катары каралчу. Улуу акын, чоң окумуштуу экенине карабай, орус тилин жакшы билгендер гана кызматтарга көтөрүлчү. Сый- урматка да ошолор ээ болушчу. Мен өзүм да коомдук иштерде аралашып жүрүп, тили орусча быдылдап сайраганы менен мээсине доо кеткенсиген комсомол уюмунун жетекчилерин көп эле көрдүм. Алардын көбү кыргыздын акылын бөксөрткөн, билими тайкы, "өзөктөн күйгөн өрт, өздөн чыккан жаттар" эле. Кыргыз элинин кадыр-баркын ошолор кемитти. Ошолор биздин элди бүгүнкүдөй же орус эмес, же кыргыз эмес, "мутант" абалга алып келишти. өз алдынча өлкөгө айланган мурунку СССР элдеринин ичинен бир гана Кыргыз бүгүнкү күнгө чейин өз жолун таба албай карайлап жүргөнү да ошондон. Анткени, кечеги күнү орусча билим алган балдарынын билимдери бүгүн, улут маселесине келгенде "эшектин тушоосун чече албай" олтурат. Алардын үйрөнгөн тилдери, алган билимдери өздөрүнө гана кызмат кылбаса, Кыргыз элине кызмат кылган жок.
Мына ушул көз караштан алганда, мен, илимий ишин орус тилинде жазып жаткан кыргыз окумуштуусун Кыргыз элине кызмат өтөп жатат деп айта албайм. Тилге кызмат кылбай туруп, ал кантип элге кызмат кылат? Анткени, улуу окумуштуу В. Гумбольдт айткандай "тил - улуттун жаны". А эгер, философ К. Маркстын сөзүн эске алсак, анда "улуттук тил дегенбиз - ал улуттук аң-сезимди" билдирет. Ал эми "мамлекет массанын аң-сезими менен күчтүү"(В.И.Ленин).
Демек, Тилди сактасак, Улутту сактайбыз. Сакталган улут гана тилине камкордук көрөт. Тилин кадырлаган улут гана улуттук аң-сезимин өстүрөт. Улуттук аң-сезими өскөн элдин гана ар-намысы ойгонот. Ар-намысы ойгонгон улут гана биригет. Бириккен улут гана күч - кубатка ээ болот. Күч-кубатка ээ болгон улут гана улуу ийгиликтерди жаратат, өзүн өлбөс элге айлантат. Ушунун баарынын негизинде тил жатат. Демек, тилге кызмат кылбаган адам, ушунун баарына кызмат кылбайт.

Манас жөнүндө
Тилдин маанисин түшүнбөгөнүң, "Кыргыздын тарыхын" билбегениң, "Манасты" окубаганың үчүн "күлбөгөн жериң" менен күлгөндүн ордуна, "күлбөгөн жериң" менен ыйлашың керек эле, Жеңишбек. Эмне үчүн? нткени, "Тораны" билбеген еврей кандай еврей эмес болсо, "Манасты" билбеген кыргыз дал ошондой эле кыргыз эмес! "Торада" еврей элинин байыркы тили, келип чыгыш теги, улуттук ишеними тууралу кабар камтылса, "Манаста" да биздин тилибиздин үлгүсү, "түп атабыз" жөнүндөгү маалымат, элибиздин басып өткөн жолу, каада-салты, үрп-адаты, ырым-жырымдары жөнүндөгү маалыматтар уюп жатат.

***
Эми Манас тууралуу учкай иликтеген кепке келсек, Кыргыз ары болгондо "алты миң", бери болгондо "үч миң" жылдан берки маалыматтарды поэзия тилинде сактап келди. Анын эң башкысы дал ушул "Манас" эпосу. Бул кыргыз талантынын жана эс-тутумунун улуулугун көрсөткөн факты. Ал тууралу дүйнөгө айта турган сөз али алдыда.
"Манас" тууралуу бир нерсе айтардан мурун "ал эмне", "аны кимдер айтат", "анда эмне айтылган" деген суроолорго үстүртөн болсо да, жооп таап алып, анан айтсаң болмок экен. Мына бул сөз чет өлкөдөн келген, кыргызды мурун көрбөгөн адамдын сөзүндөй: "Ал эми бизди кыргыздарды ким, эмне бириктирет? Манаспы? Антейин десең, ал реалдуу адам эмес, ойдон чыгарылган каарман. Эки миң көтөрө чалганың менен жомок жомок бойдон калат".
Кыргыз биринчи Көкө Теңирге, анан Асман ата, Жер энеге, анан ал экөөнүн ортосунан жаралган Манаска "түп ата" катары сыйынган. Ал "ойдон чыгарылган каарман" эмес, Кыргыз атын алып келаткан эл өзү Манастан жаралган. Манас - Кыргыз элинин түп атасы!
"Кыргыз кудайдын уулу" экени тууралуу Энесай чөлкөмүндө жашаган элдердин мифи жана дал ушул "Манас" эпосундагы "түп ата" жөнүндөгү маалымат биздин тегибиз кайда жатканын көрсөтүп турат. Ал бизди түптүз эле, тарыхка "арий" деген аталыш менен түшкөн байыркы көчмөн араттарга алып барып такайт.
Байыркы тарыхты изилдеген индус окумуштууларынын жазгандары боюнча, дүйнөдө "эки улуу маданият" бар. Ал "арат" "арий") маданияты жана "семит" элдери түзгөн маданият. Ушул эки маданияттын негизинде эки дүйнөлүк идеология түзүлгөн. Ал: "арат идеологиясы" жана "семит идеологиясы" деп аталат. Жер үстүндөгү алгачкы пайда болгон цивилизациялардын тамырында арат маданияты жатат.
Бирок, бүгүн дүйнөнү семит идеологиясы башкарууда. Бул идеология негизинен материалдык башатка таянып, байлык аркылуу дүйнөгө ээлик кылуу максаты менен жашайт. Ошондуктан бул идеология адамды бузат. Бузулбай турган жолду еврейлер өздөрү гана билишет. Ал сыр алардын улуттук дининде катылган. Ал дин жерге "Тора" менен түшүрүлгөн. Ошол үчүн "Тораны" билбеген еврей "еврей" деп эсептелбейт.

***
Семит дүйнө таанымы боюнча, Биринчи Адам "топурактан" жаралган. Арат мифологиясы боюнча, Биринчи Адам "Кудайдын баласы". Ал адамзатты жаратуу үчүн Асмандан Жерге түшүрүлгөн. Демек, семиттер "топурактан" жаралган Адамдын урпактары, араттар "асмандан" түшкөн Адамдын балдары.
Менимче, бул жерде "эки башка көз караш" менен айтылган бир эле Адам тууралу сөз жүрүп жатат. Араттар "духту" айтышууда, дух чын эле Асмандан түшкөн. Семиттер "денени" айтышууда, дене чын эле Жерде жаралган. Кудай семиттерге "ой" менен "байлыкты" кесип кылса, араттарга "ыр" менен "жоокердик" касиетти ыйгарган.
Араттар ошол үчүн өздөрү түзгөн коомду "денеге" эмес, б.а. "материалдык" башатка эмес, "духка" негиздеп курушкан. Алар түзгөн мамлекеттердин башында "равин байлар" эмес, "акылман баатырлар" турган. Араттар "байлыкты колдун кири" дешкен. Ошол үчүн мамлекет ичинде байлар жогортон төмөнгө карай кеткен касталык орундун "бай киши"("вайши") деп аталган "үчүнчү катмарынан" орун алышкан.
Кудай Жер үстүндө жашап жаткан элдердин ичинен Еврей калкын тандап алып, ага "дин таратуу" миссиясын жүктөгөн. Анан өзүнө сыйынып жатканда, аны менен байланышка чыгыш үчүн "иегово" деген ысымды айтыш керек экенин билдирген. Ушул сөз айтылганда, еврейлер менен кудайдын ортосундагы "жол" ачылып, алар бири бири менен байланышка чыгышат. Бул сөз - код. Бул сөз жоголгондо, еврейлер кудай менен болгон байланышын жоготот. Байланыш үзүлгөндөн кийин анан эл катары өздөрү да жашоосунун аягына чыгат. Еврей элинин улуулугу ал өзүнүн кудай менен болгон байланышын жоготпой келатканында.
Кудай араттарды "тандап" алган эмес, ал аны өзүнүн уулу - Манастан тараткан. Биздин эл атасы - Манастын каны боюнча да, энеси - Кыргыз хандын кызы Аруу Күмүштүн каны боюнча да Кудайдын урпагы. Ошондуктан кудай Кыргызга "ыр" менен "жоокерлик" өнөрдү ыроологон. Ага сыйынып жатканда, араттар "теңир" деген сөздү айтыш керек болгон. Ага кошуп түп бабаларыбыз - Угуз хандын, Эр Манастын ысмын кошуп айтышкан.
Эгер еврей коомун равин байлар башкарса, арат коомун акылман баатырлар башкарган. Еврей коомундагы равиндер - "молдолор", арат коомундагы акылмандар - "акындар" болушкан. Ошол үчүн арат коому поэзияны өзгөчө кадырлаган.

***
Семит элдери үчүн Авраам кандай "түп ата" болсо, арат элдери үчүн Манас дал ошондой "түп ата". Албетте, миф боюнча, "жети манас" бар экенин, биз "жетинчи манастын" эли экенибизди, ал эми биринчи Манас-Адам ата, жетинчи Манас-семиттик Ной менен туура келерин айтып коюшубуз керек.
Бирок, биздин азыркы маселе, кыргыздын "Манасы жана байыркы индус араттарынын мифиндеги "Ману" деген ысым менен сакталган "түп атанын" кандай байланышы бар" - мына ошону айтууда турат. Жөн эле айтуу эмес, илимий жактан изилдөөгө алуу азыркы учурдагы "Кыргызтаанунун" башкы проблемаларынын бири.
Кыскача айтайын: Белгилүү Манас изилдөөчү М. Мамыров "Кыргыз да, Манас да байыркы кудайлардын ысымдары" деген ойду айтат. Анын илимий жыйынтыгы боюнча, "Манас кыргыздын Зевси". Маркум фиолология илимдеринин доктору, Манас изилдөөчү М. Борбугуловдун пикири да ушуга жакын болчу. Бирок, ал Манастын адамдык сапаттарына да өзгөчө көңүл бурган. Манасты "түпкү ата", "биринчи адам" катары изилдеген окумуштуунун бири философия илимдеринин доктору Ш. Акмолдоева.
Индус араттарынын мифи боюнча, Манас "биринчи адам". Ал Асмандан Жерге түшүрүлгөн Күн кудайынын уулу. Башка бир варианттарда ал "асман кудайы" менен "жер кудайынын" кошулушунан жаралат. Кыргызда бул маалымат: "Асман ата, Жер эне" деген сөздүн өзүндө сакталган.
Анан, дагы ушул факты кыргыз манасчылары ырдаган улуу эпосто кандай айтылганына көз салыңыз:
Асман менен Жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй
Айың менен Күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй
.....................................
Жогорку төрт саптагы кайталанып айтылган "бүткөндөй" деген сөз ислам дининин таасиринен улам кийин ушундай түргө келсе керек деп болжолдойм? Менин жеке пикиримде ал адегенде "жаралган" деп эле айтылган.

***
Ал эми "Күн менен Ай - адамзаттын атасы жана энеси" экени тууралуу кабар атактуу кыргыз тарыхчысы А. Байтурдун чыгыштүркстандык кыргыздардан жыйнаган санжырасында жазылып турат.
Кыргыз арат тегине жаткан эл экенин анын Алтай-Сайан аймагындагы жердеген жерлери да, 13-кылымга чейинки анын антропологиялык көрүнүшү да тастыктайт. Айрыкча "раса" теориясынын негиз салуучулары Гобино баш болгон европалык окумуштуулар "кыргыздар сары раса менен аралашып кеткен арийлердин урпагы" экенин мындан жүз жылдар мурун эле ачык жазышкан.
Бул, Жеңишбек мырза, "Манас" эпосундагы "түпкү тегибиз" тууралу сакталган бир гана факты. Биз аны али дагы толук чечмелеп айтып бере элекпиз. Ал илимий жактан тереңдеп изилдөөгө алынган сайын адамзатты таң калтырган сырлары ачыла берчү улуу рухий мухит.
Анда кээ бирөөлөр белгилеп жүргөндөй, "ойдон чыгарылган" ыр саптары болушу мүмкүн, бирок ойдон чыгарылган окуялардын кошулуп жүргөнүнө менин шегим бар? Бул албетте, эпостогу айтылгандардын баары жеке бир адамга тиешелүү деген сөз эмес. Менимче, "Манас" эпосунда "бир адамдын" эмес, Манастан тараган "бир элдин" тарыхы жатат. Ал элдин аты - Кыргыз!
Мени бир нерсе таң калтырат, сөз келгенде аны да айтып коёюн деп турам. Эмне үчүн өздөрүн "арийлердин урпактарыбыз" деген индус, иран, герман ж.б. элдерде "түп ата" - Манас (вар: Ман, Ману, Манус, Менес, Минос ж.б.) тууралу маалыматтар чакан миф формаларында гана сакталып, ал эми өздөрүнүн араттарга тиешеси бар экенин унутуп калган кыргыздарда ал бир алп эпоско айланып жашап келди?..
Менимче, анын эң биринчи себеби - бизде "манасчылардын" болгонунда. Ал эми "манасчылар" өзүнүн "ыйыктыгы" боюнча семит коомундагы "пайгамбарлардын" деңгээлиндеги адамдар. Анткени, пайгамбар сыяктуу эле кудайдын буйругусуз бир да акын өзүн "манасчымын" деп айта албайт.
А эмне үчүн Манастан тараган урпактардын ичинен "манасчылар" бир гана кыргыздардан чыгат? Бул өтө татаал суроо. Бирок, ага мындай жооп айтууга болот. Атанын касиети "алты" уулу болсо да, "алтымыш" уулу болсо да, ошолордун ичинен бир-экөөсүнө эле берилет. Анан ошол бала гана атанын жолун улап жашайт. Чыныгы урпак болуп, ошол тукум эсептелет. Арий урпактарынын ичинен, Кыргызда дал ушул Манас атабыздан бери "кан кууп" келаткан касиет бар. Ал балким, бизди келечекте кайрадан улуу элге айланта турган бактыбыздыр. Ким билет, душманы көп болгонуна карабай Кыргыздын жок болбой келатканы да ошондон болушу мүмкүн?
Индус араттарынын мифи боюнча, кудай адегенде "жети ришини" жаратып, анан ар бирине бирден өнөр, касиет берет. Ошол "жети ришинин" эң биринчиси - Манаска(Ману) кудай "сөз" өнөрүн тартуулаган. Кыргыздагы: "өнөр алды кызыл тил" деген сөздүн келип чыгышы дал ушул мифке байланыштуу деп ойлойм. Экинчиден, "Ырамандын ырчы уулу"(индус мифинде: "риши Рама"- Б.Т.) менен Жайсандан бери, "түп атасы" - Манастан баштап, анын урпагы Кыргыздын жолун ырга салып үзбөй айтып отурушкан. Муну менен алар улуттук эс-тутумду сактап келишкен.
Ошентип, Манас атабыздан бизге "сөз" өнөрү менен "жоокердик" өнөр мураска калган. Бүгүн биз ал эки мурасты тең "тебелеп-тепсеп" атабыз. "Атабыз - Манастын жолун" уламайынча, андан мураска калган өнөргө кайрадан камкордук көрмөйүнчө, ишибиз да оңолбойт, жашообуз да жакшырбайт.
Кайрадан "Умай эненин балдары", "барстын тукумдары", "Моголстандын арыстандары" деген атак-даңкыбызды кайрып алыш үчүн, эң башкысы "манас" деп аталган "акындык", "кыргыз" деп аталган "жоокердик" касиетибизди ордуна келтиришибиз керек. Мына ошондо улут катары жок болбойбуз. Бул аракет Туран аймагындагы тең салмактуулуктун бузулушунан сактайт.
Ошол үчүн бүгүн бизге, өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон "улутсуз адамдар" эмес, улут үчүн жан берүүгө даяр "улутчул" эр-азаматтар көп керек.

Улуттук идеология жөнүндө
Негизи эл ажыратып окуй турган "эки билим" бар экенин жогоруда айттым. Анын бири улуттук аң-сезимди өстүрө турган, экинчиси аны жок кылып, элди манкуртка айланта турган билим. Ушул убакка чейин биздин алган билим акыл-эсибизди өстүрбөй, бизди кайра манкуртташтырып келатат. Аны моюнга алыш керек. "Оорууну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" деп ата-бабаларыбыз айткандай, жаап-жашырып отуруп, азыр эми баары ачыкка чыкты. Аны бир гана сокур көрбөшү, керең укпашы мүмкүн.
Эмне үчүн мамлекети жок кезде "жок болуу" коркунучуна кабылбаган акыл - эси тунук, ден - соолугу мыкты кыргыз, бүгүн эгемен өлкө, эркин эл болуп турганда, орусташкан ооруудан айыга албай, улам "азайып" бараткан калктардын катарына кошулуп олтурат? Эмне үчүн "караңгы", "карапайым" жашаган замандарда башка элдердин башын кошуп, өзүнүн улуу маданиятын таратып жашаган элибиз, бүгүн андай эмес? Эмне үчүн бүгүн уул-кыздарыбыз бир эмес, бир нече дүйнөлүк тилдерде булбулдай сайрашат да, бирок өз эне тилинде сүйлөй алышпайт? Эмне үчүн алар жогорку билимдүү экенине карабай, адеби жана адамга жасаган мамилеси боюнча бизден төмөн турган башка элдерди туурап жашаганды жакшы көрүшүүдө?
Демек, дагы бир жолу айтам, биздин алып жаткан "билимибиз" жана "тарбиябыз" туура эмес. Эмне кылыш керек?

***
Өз жолубузду табышыбыз керек. "Өз жол" - ал ата-бабалардын жолу. Ал "артка кетүү" деген сөз эмес, аны бүгүнкү заманга ылайыкташтырып, "улап басуу" деген сөз.
Өз жолубузду табыш үчүн адегенде өзүбүздү улут катары сактап, аны "кайра жаратууга" туура келет. Ал үчүн эң биринчи тилге, анан тарыхка, анан динге камкордук көрүүбүз зарыл.
Эмне үчүн биринчи тилге? Анткени, "тил - улуттун жаны" (В.Гумбольдт). А, чынында, "жанын" сактабай туруп, Улутту кантип сактайбыз?
Эмне үчүн экинчи тарыхка? Анткени, тарых - улуттук эс-тутум. А чынында, эс-тутумун жоготкон улут өзүнүн ким экенин, качан эл болуп жаралганын, кандай жолду басканын, кандай сууну кечкенин, кандай ашууну ашканын билбейт. Андай улут манкуртка айланат. Андай адамды кыргыз "тирүү өлүк" дейт.
Эмне үчүн үчүнчү динге? Анткени, дин - улуттук дүйнө тааным. А чынында, дүйнө таанымын унуткан улут өзүнүн каада-салтын, үрп-адатын, ырым-жырымын унутат. Эң башкысы өз кудайынын ысмын айтпай калат. Анан кудайын танган элди - кудай да танат. Б.а. каарына алат. Кудайсыз калган эл анан, өзүнүн жүргөн-турган эрежелерин эстен чыгарып, башка "кудайы бар" элдерди ээрчип, алардын кыймылын туурап жашайт. Турса - турат, жыгылса - жыгылат. Андай элди кыргыз "белимчи" дейт.
Ал эми Акаев баш болгон "академиктер" айтып келаткан "экономика" дал ушул үч нерсени өстүрүүгө кызмат кылышы керек. Ошондо жогорку үч билим улуттук экономиканы иштеп чыгат жана анын көтөрүлүшүнө жардам берет. Бизде байлар, азыр тескерисинче, "экономиканы" өз курсактарына тыгып толтуруу менен гана алек болууда. Бул сыягы дагы көпкө созулат? Анткени, азыр улуттук экономика жөнүндө ойлонгон экономист жок. Азыр экономика жеке адамдын деңгээлинде гана өнүгүүдө.
Мына ушундай, Жеңишбек мырза. Тил, тарых жана дин дегенибиз - ал ар ким оюна келгенди жасай берген "орозалынын оюну эмес". Ошол үчүн оозуна эмне келсе, ошону ойлонбой сүйлөй бербесин деп, кудай адамга акыл берген. Бирок, биз оюбузга караганда, кээде оозубузга көбүрөөк ишенебиз. Көп адамдын катасы ушунда.

***
"Улуттук Кайра Жаралуу" идеясына негизделген Улуттук идеология боюнча мен өз ойлорумду айтып да, жазып да келатам. Тилекке каршы, аны "туура эмес" деп айткан, же "туура" деп кабыл алган Мамлекет катчысы, же өлкө башчысы боло элек. Ошондон улам "улуттук идеология" деген сөз азырынча жөн эле элди убактылуу алаксыткан саясат экенине көзүм жетти. Качан улуттук лидер көрүнгөндө гана аны сөз кылсак болор, бирок азыр бир аз эрте.
Эми ал тууралуу сен минтип жазып атасың: "Тарыхтын бардык кырдаалынын талуу жери бар: адамдар бир мезгилде итке минип жашайт, бир мезгилде эркиндикке жетпейт, бир мезгилде ыйман-ызааттан ажырайт. Идеология тузу ушунда: дал ошол мезгилдин маселелерин чечүүгө багытталат. Ошондо гана ал улуттун ураанын көтөрүп, алдыга ээрчите турган күчкө айланат. Күчтүү идеологиясы бар коом өзүнөн өзү күчтүү болот. Андыктан абалы миллиондогон адамдардын жүрөгүнө жетип, улуттун уйкудагы күч-кубатын ойгото турган идеология түзүү зарыл".
Тилекке каршы, "улуттун уйкудагы күч-кубатын ойгото турган идеология түзүү зарыл" экенин баарыбыз эле түшүнүп атабыз. Бирок, ал кандай болуш керек? Улуттун "күч-кубатын ойгото турган" идеология кайсы? Анын өзөгүн эмне түзөт? Маселе мына ушунда турат.

***
Бүгүн биздин коомдо "болбогонду - болду", "болгонду - болбоду" деп жанын жеп жалган айтуу көнүмүш адатка айланды. Илгери жалган сүйлөгөнү үчүн кыргыз адамды өлүм жазасына тарткан. Азыр биз алардын укугун коргойбуз. Бүгүн бир гана Кыргыздын укугун коргогон адам аз. Мисалы, сенин: "Биз ансыз деле союз кулап, кыргыз тилине байланыштуу акаевдик "сыркоо" саясаттын" айынан бүтүндөй интернационалыбызды үркүттүк жана жоготтук" деп жазганың да жогорку мен айткандын бир мисалы.
Эми "интернационализм" деген термин тууралу эки ооз сөз. "Интернационалист адам" деген сөз түз которгондо "эл аралык", мааниси боюнча которгондо "улутсуз адам" дегенди түшүндүрөт. Эгер, Жеңишбек мырза, сен айткандай, "биз интернационализмди үркүтүп жана жоготуп" алсак, андан жаман болбойт элек. Биз тескерисинче, Улутту сактап туруучу "улутчулдук" ("националисттик") касиетибизди "үркүтүп" жана "жоготуп" албадыкпы! Биздин улут дээрлик бир кылымга жакын убакыттан бери "жок болчу жолдо" келатат. Мен ушул кезге чейин анын жок болбой келатканына таң калам. Эгер биздеги жүргүзүлгөн "улутсуздук" идеологиясы жана иш жүзүндө мыйзамдары иштебеген "анархиялык" саясат башка кошуна мамлекеттерде жүргүзүлсө, алар алда качан чачылып кетмек.

***
Кече, СССРдин территориясында "интернационализм" деген ат менен жүргүзүлгөн "улутту жок кылуу" саясаты бүгүн бүткүл планеталык деңгээлде "ирилештирүү" ("глобализм") идеологиясы деген аталыш менен дүйнөнү каптоодо. Эгер ушул ылдамдыктагы агым менен жүрүп отурсак, дагы "кырк" жылдан кийин Кыргыз элинин аты калып, заты түгөнөт. Бир кудай өзү сактап, же эл өзү эсине келип, азыркы системаны өзгөртүп жиберип, аман калбаса, майда улуттардын көбү жакынкы аралыктарда жок болот. Бул сөздү айтыш үчүн адамга "көз ачыктыктын" деле кереги жок.
Ошондуктан Жеңишбек мырза, бизге бүгүн кыргыздын башын айлантып, бөлүп-жарган, жер-суусун чет элдик акчага саткан "улутсуз адамдар" эмес, Кыргыздын биримдигин, жеринин бүтүндүгүн жаны менен коргогон "улутчул" адамдар керек! "Башка элди басынтпай өз элин көтөргөн" улутчул адамдардын баасы биз үчүн бүгүн алтын менен барабар болууда! Анткени, ар бир улутту ушундай улутчул адамдар гана сактайт жана өстүрөт.
Ал эми сен жогоруда айткан "үрккөн" жана "корккон" интернационалисттер" - алар иш жүзүндөгү орусташып калган нигилист киргиздер жана кыргыз тилин үйрөнгүсү келбеген шовинист орустар. Жергиликтүү элдин мыйзамы менен жашагысы келбесе, алардын "үркүп", же "коркуп" качып кеткени эле жакшы. Анткени, улуттук идеологияны жүргүзүүгө дал ушулар тоскоолдук кылышат. Дал ошолор эртең улуттар аралык уруштарды чыгарышы мүмкүн.

***
Ошентип, кыскартып айтсак, улуттук тилде сүйлөө менен биз өз улутубузду сактайбыз. Кыскасы, өз тилинде сүйлөгөн улут гана сакталат. Сакталган улут гана тилин өстүрөт. Тилин өстүргөн улут улуттук аң-сезимин өстүрөт. Улуттук аң-сезими өскөн улуттун улуттук ар-намысы ойгонот. Улуттук ар-намысы ойгонгон улут биригет. Бириккен улут күч-кубаттуу болот. Күч-кубаттуу улут гана "түбөлүк эл", "улуу дөөлөт" түзөт.
Демек, барып-келип эле улуттук тил - улуттук идеологиянын өзөгү. Демек, "Улуттук Кайра Жаралуу" идеясына негизделген Улуттук идеология - Улуттук тилсиз ишке ашпайт.
Башка жол жок, Жеңишбек мырза. Башка жол - ал улутту жок кылчу жол. Ошондуктан, эгер бүгүн биздин тил "күнүмдүк көр тириликтин" тилине айланып калган болсо, анда биздин милдет аны "кемсинтүүдө" эмес, аны көтөрүп, Мамлекеттик тилге айлантууда турат. Мына ошондо гана улуу орус тилинде сүйлөгөн Радлов, эмне үчүн кыргыз тилинин ички ыргактарына суктанып, кеп кылганын түшүнөбүз. Кыскасы ушул.
Байас Турал






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
28-май, 2009-ж.:
1-бет
КЫРГЫЗ САЯСАТЫНДА
2-бет
Дастан Сарыгулов, "Теңир ордо" фондунун негиздөөчүсү:
"Улуттук эс-тутумун жоготконду майып, бечара дейт..."

3-бет
"Кулакка тепмей" саясаттан
4-5-бет
"Тилине кызмат кылбай туруп, элине кантип кызмат кыла алат?"
6-бет
Жусупжан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Баары эле "балаң тирүү" деп жатышат..."

7-бет
Шайлоону утурлап...
8-бет
Сариев - Атамбаев
9-бет
Вера Черникова, ведущая программы "Итоги недели":
"...карьера мешает построить личную жизнь

10-бет
"Өзүмдү тапкан жол" китебинен
Леантор, "өлүк суу", комадагы кыз

11-бет
Не спрашивай что сделала для тебя страна, спрашивай что ты сделал для страны?
12-бет
Жамиля Муратова, ырчы, композитор:
"Кудай сактасын, бетимде бырыш жок"

14-бет
Формачан айым
15-бет
"оорусу өтүшүп кеткендер кайрылышат"
16-бет
Эркектер аялдардын 5 түрүнөн сак болуусу керек










??.??