Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

 "Кулакка тепмей" саясаттан

Алмазбек Атамбаев саясатта ким?
Кыргызстандын президенттигине ат салышкан талапкерлерди карап отурсаң, ар бири өзүнчө кайталангыс таланттарга ээ. Бири 5 миллион адамга 100 миң сомдон таратып бергени жатса, экинчисинин көзү ачылып, алдын ала шайлоо кандай өтөөрүнө баа берүүдө. Айтпаса да түшүнүктүү, талапкерлерге токтолбой эле коелу, оппозициянын карманаар тоосу болуп жаткан Алмазбек Атамбаевдин персонасына токтолсок. Кечээ тил сынагынан өтүп, трибунаны пайдаланып, саатын жандырып, эмоцияга алдырып алгансыды. Баягы эле дүжүр, кулак сүйүнткөн кеп айта алган жок. Тезекти айтса эле эл тескери бурулуп кетчүдөй эдиреңдеди. Мейли, күпүлдөсүн бирок, өзү сындаган бийликте иштеп кеткен да. Кандай күн болбосун ал күндүн жоопкерчилиги бар, ал кемчиликтерге кайсы бир деңгээлде анын да күнөөсү бар. Бийликке барганда болгон турпаты менен өзгөрүлүп, аркы жээктеги идеялаштарын оозго алгыз сөздөр менен атап, узун-туурасынан аянтка жатып албады беле. Түштөн кийин сөздөрдү токуп, актануу аракетин кылып өзүнө-өзү адвокат болгону эмне азыр сактап калабы. Атамбаев президенттиккке талапкер боло электе эле ушул ойлорубузду жазып келгенбиз. Рейтинг-добушта бир добуш алганы эмнени каңкуулайт. Камбар-Ата ГЭСтеринин айланасында улуттук баатыр болом деп төш какканы кооомчулукка жага берген жок. Өкмөт башчы болгону эмнени жасады. Көзгө сайып эмнени айта алат. Эмне, 2000-жылы мартта депутат болуп, кайра эле апрелде мүлкү жана кирешесин жашыра коем деп соттун чечими менен мандаттан ажырап калганынбы? Же ошол эле жылы президенттик шайлоого катышып, 6 пайыз добушка ээ болгонун айтабы? Чынын айтканда элдик революциядан кийин Атамбаевдин багы ачылмак, айрыкча экономикалык өнүктүрүү министрлигин жетектеп турганда, экономист-чарбачыл адам катары көрсөтсө болмок… Негизи эле Атамбаев кайсы жээкте жүрбөсүн, ар кандай сюрприздери менен кошо жүрөт. 2007-жылы премьер-министр болуп турганда "мени ууландырышты" деп ачык эле догурунуп чыкты. Бул факт боюнча тергөө иштери эмнегедир эч нерсе таба алышкан жок.
Талапкер А. Атамбаев өзүнүн биринчи эле басма сөз жыйынында бир катар кызыктуу билдирүүлөрдү жасады. "Кулакка тээп", акын-жазуучулардын батасын алганга чейин эле образга катуу кирип алганбы, айтор, шайлоодо жеңип чыгаарына бир да секунд күмөн санабай турганын, бирок, миңдеген, жок, миллиондогон аны колдогон добуштарды кимдир бирөөлөр сөзсүз уурдашаарын айтканы эсибизде. Мындай толук ишеним менен айтканына караганда Алмаз мырза ошол уурулар менен алдын-ала сүйлөшүп алган көрүнөт. Эмнеси болсо да атамбаевчилердин шайлоо компаниясынын стратегиясы, ушул "же биз жеңдик, же биздин жыйынтык бурмаланды" деген ураан менен чектелип калды. Башка вариант жок.
Башка стратегия жамырай журттун аң-сезимине жакшы таасир бербесин жакшы түшүнгөн А. Атамбаев жаңы машина сатып алгандан көрө 2 жыл мурда (премьер-министр боло калганда) "болду эми экинчи теппейм" деп ыргытып ийген эски велосипедди кайра алып чыгып, дөңгөлөгүн үйлөтүп, алга жөнөп калган учуру. Болгону шайтан арабаны катуу күүлөндүрүп алып, токтото албай, адатынча "ак үйдүн" жетинчи кабатына кантип кирип кеткенин байкабай калбаса болду. Айла жоктонбу же акчасы жоктонбу, оппозиция Атамбаевге үмүт артып турганда, жаңы "фокустар" чыгып кетсе ит эле болду. Азырынча оппозиция алдын-ала эле "Биз жеңдик, биздин жеңишти бийлик алып койду" деген саясий технологияны колдонууга өтүштү. Анткени, эл арасындагы социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча Атамбаевге ишеним көрсөткөн колдоолордун көрсөткүчтөрү өтө төмөн болууда. Бул технологиянын максатына өлкөдө ишке ашып жаткан башка программалар менен пландарга атаандашып, өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүнө салым кошуу каралган эмес.
Бул технология биринчиден абалды туруксуздаштыруу, пайда болгон конфликттерди курчутуу, коомдук карама-каршылыктарды түзүүгө багытталса, экинчиден, дүйнөлүк коомчулуктун астында өлкөнүн жетекчилеринин кадыр-баркына доо келтирүү максатын көздөйт. Анткени, шайлоонун жыйынтыктарын туура деп табыш, же таппаш маселесинде ушул эл аралык коомчулук башкы ролду ойнойт. Бул жерде тыштан колдоо табылып калса экен деп ак эткенден так эткен оппозиция, өзүнө керек учурда курал катары колдонгон эл жөнүндө ойлонгон жери жок. Үчүнчүсү, бул масштабдуу провокациялар уюштуруу, мүмкүн болсо адам жоготуулар болсо, оппозиция үчүн "иттей" жакшы болмок. (Атамбаев ар кандай митингдердин алдында "кан төгүлүшү керек, кан…" деп кайраштырганды жакшы көрчү эле).
Мындай былык иштердин баарын уюштурууга "биздикилердин" башы жетпеси түшүнүктүү. Шайлоо алдында же андан кийин абалды туруксуздаштыруу жана карама-каршылыктарды түзүү боюнча тажрыйбасы бар политтехнологдор учурда Кыргызстанды көздөй агылып жаткан учуру. Атамбаевдин шайлоо кампаниясын өткөрүп берем деген казакстандык политтехнолог Марина Павловна Сабитова деген айым пайда болгону белгилүү болду. Бул айым ОБСЕнин кызматкери, ошол эле учурда ал жактагы социал-демократиялык оппозициянын идеологу… Казакстандагы социал-демократиялык күчтөрдүн жүрүштөрү расмий Астана үчүн бир топ эле баш оору болгонун уккан-көргөнүбүз бар. Технолог айым "биздикилерге" көп эле нерсени үйрөтүп коюушу мүмкүн.
Ошентип, А. Атамбаев башында турган оппозиция шайлоолордун өтүшү эмес, алардын жыйынтыгы, тактап айтканда алардын жыйынтыгын жаратпоого аракет жасашаарын жашырбай эле билдирүүдө. Ушундай аракеттердин бири катары "Акжол" партиясын бөлүп-жаруу максатында, партиянын төрагасынын орун басары Эльмира Ибраимованын өлкө президентине кайрылган чуулгандуу кайрылуусун айтса болот. Аракет ишке ашпай калды, аракет ишке ашат деп эч ким деле ишенген эмес, абалды ордунан козгоп ийүү оңой эмес, ал үчүн чоң аракет, кимдир бирөөнүн курмандыгы керек. Тилекке каршы, ушул "саясий камикадзелердин" тагдыры ара жолдо калып, эки тоонун чөбүн эңсеген эчки болуп калышууда. Жеңишке жеткенден кийинки убадалар, жеңишке жетеби? Жетсе качан? деген суроолорго жооп табылса, ишке ашат.
Анан эле өзүнөн-өзү оппозициянын үчүнчү технологиялык ыкмасына Петровкадагы окуялар туура келди. Адам жоготуулардан улуттар арасында жаңжал чыгып, пайда болгон карама каршылыктан оппозиция пайдаланып жатат деп айрым саясат таануучу-эксперттер ачык эле айтып чыгышты. Демек, Атамбаевдин шайлоо кампаниясын өткөрөм деп келген Марина Павловна алган акчасын актап жатат деп божомолдосок болот. Дагы күчөтүп айтсак, 2004-жылдагы Кыргызстандагы 100 бай адамдын тизмесине кирген А. Атамбаев керек болсо эки политтехнолог жалдап алганга кудурети жетет.
Мирбек Элчиев







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
28-май, 2009-ж.:
1-бет
КЫРГЫЗ САЯСАТЫНДА
2-бет
Дастан Сарыгулов, "Теңир ордо" фондунун негиздөөчүсү:
"Улуттук эс-тутумун жоготконду майып, бечара дейт..."

3-бет
"Кулакка тепмей" саясаттан
4-5-бет
"Тилине кызмат кылбай туруп, элине кантип кызмат кыла алат?"
6-бет
Жусупжан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Баары эле "балаң тирүү" деп жатышат..."

7-бет
Шайлоону утурлап...
8-бет
Сариев - Атамбаев
9-бет
Вера Черникова, ведущая программы "Итоги недели":
"...карьера мешает построить личную жизнь

10-бет
"Өзүмдү тапкан жол" китебинен
Леантор, "өлүк суу", комадагы кыз

11-бет
Не спрашивай что сделала для тебя страна, спрашивай что ты сделал для страны?
12-бет
Жамиля Муратова, ырчы, композитор:
"Кудай сактасын, бетимде бырыш жок"

14-бет
Формачан айым
15-бет
"оорусу өтүшүп кеткендер кайрылышат"
16-бет
Эркектер аялдардын 5 түрүнөн сак болуусу керек










??.??