Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Бир сөз менен айтканда...

Дастан Сарыгулов, "Теңир ордо" фондунун негиздөөчүсү:
"Улуттук эс-тутумун жоготконду майып, бечара дейт..."
- Дастан Исламович, улут, тил маселесинин тегерегинде бир топ эмгектерди жаратып келатасыз, маек башындагы негизги сурообуз төмөндөгүдөй, улуттук өздүк аң-сезимди көтөрүүдө кандай улуттук позиция болуш керек деп ойлойсуз?
- Жүз жылдан ашык убакыт бийлик жүргүзгөн саясат кыргыздын улуттук аң-сезимин талкалап, жок кылууга багытталган эле. Бул саясатка каршы болгондор Сибирге айдалып, камалып, атылып кетти.
Жыйынтыгында интернационалисттердин, демек, улутсуздардын өз тарыхын, тегин билбей, эне тилин, ата салтын сыйлабай, сактабай, улуттук намысын жоготуп, кыргызды басынткан маңкурттардын доору орноду.
Мекендин ыйыктыгын, улуттун улуулугун унуткандар алтынга алмашкыс өмүрүн түбү тешик курсакка арнап, байлыктын, мансаптын кулу болуп, арбактар жана келечек муундардын алдында милдетин, жоопкерчилигин сезбей калышпадыбы...
Мал дагы уят-намысты билбейт, ата-тегин тааныбайт, келечеке кам көрбөйт, курсагы тойсо ошого ыраазы болуп, жуушап жата берет...
Кесел же кырсыктан кыркка келген адам эс-тутумун жоготуп, ата-энесин, туулуп-өскөн жерин, өткөн өмүрүн толук унутуп койсо-аны майып, бечара дейт.
Улуттук эс-тутумун жоготкондор да ошол майып, бечарадан эч айырмасы жок экенин билбей жатышпайбы...
- Кыргыз элинин идеологиясы ааламдашуу процессинде кандай багытта өзгөрүшү керек жана кыргыз эли эмнеден чочулашы керек?
- Кыргыз өз бактысын, келечегин өз Мекенинен, өз элинен таппай, бөлөк жер, бөлөк элден издеп, тентип калбадыбы... Элдүүлүк касиетин жоготкон үчүн жыйырма жыл бою кырк-элүү ууруларга алы жетпей, аларга жем, өз өлкөсүндө кор болду. Кыргыз немис, орус, кытай, атүгүл өзбек, казак да боло албайт. Кыргыз кыргыз болгондо гана өнүгүп, өсө алат. Албетте, кыргыз болуу кыйын. Сатылып, сатып, алдап, уурдап, кошоматтанып, эки сөздүү, төрт жүздүү болуу оңой... Жыйырма жыл бою Малайзия, Турция, Швейцария болобуз деген арамза саясат жүрүп келди. Бир гана кыргыз болгубуз келбеген үчүн өз өлкөбүздө өгөй, өз жерибизде жетим болуп жүрөбүз.
- Ушул жерден дагы белгилеп өтсөңүз, кыргыз философиясынын өлбөсү, өчпөсү эмнеде?
- Алты миң жыл (археологиялык казуулар далилдеген) тарыхыбыздын сыноосунан өтүп, кыргызды 21-кылымга чейин аман сактап келгенинде. Жараткандын талабына төп келип, табият менен эриш-аркак жашап, миң жылдар бою өзүн актап келгенинде.
Рухий наркты өлүк дүйнөдөн өйдө баалап, ыйманын сактап, намысын алдырбай, уятын жоготпой жашаганында. Адилет, Акыйкат, Калыстык, Теңдикти баарынан бийик баалап, ыйык тутканында.
- Сиздин көз карашыңызда учурда мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси эмнеден кемчил болуп жатат?
- Кыргыз кыргыз болгусу келбей, улуттук эс-тутумун жоготуп, намысын унутканда жана мамлекет башында турган төбөлдөр кыргызга күйбөй, кам көрбөй жатканында.
- Президенттикке талапкер кыргыздын бир атуулу Жеңишбек Назаралиевдин тил маселесинин айланасындагы сунуш-талаптарын рухий дөөлөттөрдү изилдеп келген адам катары кандай кабылдадыңыз? Маселен, фонетика, грамматика, лексиканы стандартташтыруу боюнча сунуштарына кандай жооп берээр элеңиз?
- Ал киши кыргыз тилин, тарыхын, салтын, рухун билеби? Сиз жапон, кытай тилин билбей туруп ошол тилдерге тиешелүү сунуштарды айтсаңыз акыйкат болобу? Кыргыз тилин билбегени-кыргыз элин сыйлабаганы. Кыргызды кемсинтип, басынтканы. Кыргызга күйбөгөнү, өзүн кыргыздан өйдө койгону.
- Кыргызча-орусча сөздүктөрдү көп чыгаруунун зарылчылыгы барбы жана муну менен эле маселе чечилет дегенге кандай карайсыз?
- Кеп сөздүктөрдө деле эмес. Кыргыз өзү өзгөрүлүп, рухий тамырына кайрылып, андан азыктанып, өз тарыхына, тилине, салтына, наркына келмейинче, өлкө башына кыргызга күйүп, бышкан адамдар келбейт. Демек, кыргыз турмушу оңолбойт.
- Эгерде азыр сиз мамлекеттик катчы кызматында болсоңуз, президенттикке талапкерге мамлкеттик тилден экзамен тапшырууда кандай нормаларды сунуштаар элеңиз?
- Элин тоноп, качып кеткен президент деле тил сыноосунан өткөн. Азыркы тил сыноосунун эреже, талаптары боюнча Саякбай, Сагынбайлар деле өтмөк эмес.
Талапкер кыргыз тарыхынан, санжырасынан түшүнүгү болуп, жети атасын айтып бериши зарыл. Канча жылдап өлкө башына маңкурттар келе берсе, ошончо убакыт кыргыз маңкуртчулугунан кутула албай, өз өнүгүү жолуна түшө албай, туш келди урунуп, чайналып, чачыла берет. Кийинки кылымдагы турмушубуз муну толук ырастап, көрсөтүп бербедиби. Болгону, биз аны көрбөй, түшүнбөй жатабыз. "Акылга көнбөгөн акыры азапка көнөт" - деген макаладай болдук.
- Кечээ Түркия президенти менен болгон жолугушуу кыргызча өткөнүн кандай баалайсыз, бул салт уланаар бекен..?
- Бул иш менимче уланбайт. Кара койдун терисин канча жуусаң да ак болбойт. Шайлоо алдында ойлоп табылган элди алдоо амалы.
- Кыргыз тили базардын, ашкананын, айылдын эле тили, ири ишчаралардагы иш кагаздарынын баарын кыргыз тилине өткөрүүгө болбойт дегенге макулсузбу?
- Кимдер минтип айтат? Өздөрү кыргыз тилин билбегендер, кыргыз тилинде ойлонбой, кыргыз дилин түшүнбөгөн кыргыздын душмандары гана ушинтип айтышат. Кыргыз муну "келжирек", "тантырак" сөз деп коет.

Э.Мадиева





Күнтүрмөк
Президент Т.Усубалиевге жардам берди
Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп өлкөнү чейрек кылым башкарган, Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери Турдакун Усубалиев президенттин резервдик фондунан 865 миң сом алып, Москвада дарыланат. Бул буйрукту президент Курманбек Бакиев эки күн мурда чыгарды.

Ачкачылык жарыялагандар
"Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов, "Жашылдар" партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев жана "Болуш" бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргынбаевди абактан бошотуу талабы менен Москва районунун эли ачкачылык жарыялап чыгышты. Тигилген боз үйдү "милициялар коркутуп жатышат" деп ээси алып кетип алган күндө да алар чатыр тигип алып ачкачылыгын улантушууда.

Бакыт Төрөбаев шайланды
Б. Төрөбаев "Ак жол" фракциясынын төрагасынын орун басары болуп шайланды. Буга чейин бул орунда Т. Орозалиев эле.

Түркиянын президенти келип...
Кечээ президент Курманбек Бакиев расмий иш сапар менен келген түрк президенти Абдуллах Гүл менен кездешти. Президенттердин көзмө-көз жолугушуусунда эки өлкөнүн кызматташтыгы соода-экономикалык, билим жана маданият тармактарында туруктуу өнүгүп жатканын билдиришти.
Абдуллах Гүл өз кезегинде кыргыз тарапты жылуу-жумшак тосуп алганы үчүн ыраазычылыгын жашырган жок.

Чын эле киллерби?
Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө шектүү делип кармалып, камакта жаткан Алтынбек Итибаев 47-колониядан УКМКнын СИЗОсуна которулду. Психологдордун айтымында: "Эгерде Алтынбек чын эле депутатка ок аткан болсо өлкөдөн дароо чыгып кетмек. Мындай кылмыш дыкаттык менен алдын-ала текшерилип, анан жасалат. Шектүү киши бат кармалганына караганда мында бир табышмак бар". Бул айтылган сөздүн калети бардай, анткени Алтынбектин да "өлтүрдүм" же "өлтүргөн эмесмин" деп жакын адамдарына да айтпай жатканына караганда бул иштин аркасында чоң коркутуу же чоң акча турат окшобойбу? Алтынбектин "мойнума ала берейинчи силерди да кыйнап, өзүмдү да кыйнатпай" деп жатканына жакындары кейип жатышкан учуру.
Интербилим чакырат
"Мээримибиз Ноокаттык балдарга" деп аталган кайрымдуулук акциясын өткөрүп жаткан Интербилим борбору "Балдарга, алардын жашоосуна жана өнүгүүсүнө жардам берүү менен Кыргызстандын бүгүнкүсүн жана келечегин курабыз. Биз, кароосуз калган балдардын тагдырына кайдыгер болбогон жарандарды, уюмдарды жана ишканаларды, эл аралык уюмдарды "Ноокаттын балдары. Май 2009" фондун түптөөгө салымыңыздарды кошкула деп чакырабыз" деп кайрылып чыгышты.

Публичное извинение
ОсОО "Универсал" приносит свои извинения за нарушение авторских прав компании ЗАО 1С и нанесение ей ущерба в результате использования нелицензионных программ 1С: Бухгалтерия. Факты нарушения были выявлены в результате проверки правоохранительными органами деятельности нашего заведения, что повлекло за собой уплату больших штрафов и желание срочно приобрести лицензионные программы.
Директор ОсОО "Универсал"
Т. Зарубина







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
28-май, 2009-ж.:
1-бет
КЫРГЫЗ САЯСАТЫНДА
2-бет
Дастан Сарыгулов, "Теңир ордо" фондунун негиздөөчүсү:
"Улуттук эс-тутумун жоготконду майып, бечара дейт..."

3-бет
"Кулакка тепмей" саясаттан
4-5-бет
"Тилине кызмат кылбай туруп, элине кантип кызмат кыла алат?"
6-бет
Жусупжан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Баары эле "балаң тирүү" деп жатышат..."

7-бет
Шайлоону утурлап...
8-бет
Сариев - Атамбаев
9-бет
Вера Черникова, ведущая программы "Итоги недели":
"...карьера мешает построить личную жизнь

10-бет
"Өзүмдү тапкан жол" китебинен
Леантор, "өлүк суу", комадагы кыз

11-бет
Не спрашивай что сделала для тебя страна, спрашивай что ты сделал для страны?
12-бет
Жамиля Муратова, ырчы, композитор:
"Кудай сактасын, бетимде бырыш жок"

14-бет
Формачан айым
15-бет
"оорусу өтүшүп кеткендер кайрылышат"
16-бет
Эркектер аялдардын 5 түрүнөн сак болуусу керек










??.??