Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

"Пекин" медициналык борборунун жетекчиси Янг Да Ди. Негизги кесиби терапевт. 30 жылдык стажы бар. Жогорку категориядагы врач. Аталган борбордун жетекчиси Янг Да Ди менен борбордун ишмердүүлүгү, оорулууларга кандай ыкмада жардам көрсөтүп жаткандыгы, канча ооруну сакайтууга күчү жете тургандыгы, башка медициналык борборлордон кандай айырмасы бар экени тууралуу баарлаштык.
"оорусу өтүшүп кеткендер кайрылышат"
Кытайдын дарылык касиети күчтүү чөптөр менен дарылайбыз
- Биз Кыргызстанга акча табуу үчүн эле эмес, дарттан жабыркагандардын дартына даба таап, элдин сообуна, алалы деген таризде келдик. Биздин башка кытай, чыгыш медицина борборлорунан айырмабыз тамырды кармоо менен эле чектелбейбиз. Бизге кайрылгандардын диагнозу так коюлбай, кокус күмөн саноолор болсо, туура эмес дарыланып калбашы үчүн анализ тапшырып келүүгө багыт беребиз. Ошондой эле башка борборлордой болуп, акча табууну биринчи планга коюп, кошумча биодобавкаларды бербейбиз. Жалаң кытайдын эч кандай химикаты, гармондук кошулмасы жок, табигый дарылык касиети күчтүү чөптөрү менен жасалган дарыларды беребиз. Ошондой эле жылан, бака сыяктуу жаныбарлардын этин майын колдонбойбуз. Бизде негизги басым ийне жана физиотерапиясына коюлат.

Медициналык кесип бизге атабыздан калган мурас
- Кыргызстанга келип, "Пекин" борборун ачканыбызга 6 ай эле болсо да, көп адамдарды дартынан сакайтып, алкышын алдык. Медицина биздин үй-бүлө үчүн бизнес эмес, атабыздан калган мурас. Ата кесиби ардактуу деп атабыздын кесибин бир туугандарыбыз менен өздөштүрүп алганбыз. Маселен, мен диагноз койсом, иним дарынын ретцептин жазат. Карындашым дары жасайт. Дагы бир бир тууганым келген кардарлардын оорусуна жараша ийне сайып, тейлейт. Кудайга шүгүр, көз жашын көл кылып, жашоодон үмүт үзгөндөрдүн көпчүлүгү дартынан сакайып, бизге ыраазы болуп жашагысы келип кетишет. Бизге кайрылгандардын көпчүлүгү илдети оор болуп, өтүшүп кетип, оорукана жардам бералбай калгандар кайрылышат. Аларга колубуздан келишинче жардам беребиз.

Илгери эле Кытай медицинасына жогорку баа берилген
- Кытай медицинасынын калыпка салынып, жогорку деңгээлде экенине илгери эле жогорку деңгээлдеги баа берилгенин ким тана алат. Маселен, кыргыз эпосторунда деле "Кытайдын кырма дарысынан" жарааты калыбына келип, айыгып кетиптир деп айтылган жерлери арбын. Биз дагы ошол кытайдын табигый чөптөрүнөн жасалган кырма дарыдан ашса ашкан, бирок кем калбаган дарылар менен дарылайбыз. Биздин борбор адамдын тулку боюнда канча оору болсо, ошонун баарын дарылайт. Катуу оорулар биринчи курстан анча жыйынтык ала алышпаса да, дарылоонун 2-курсунан жакшы жыйынтык алып, сакая башташат. Кайсы клиникага барбаңыз биз дарылап жаткан табигый чөптөрдү бере алышпайт. Анткени, ал чөптөр абдан кымбат турат. Ал эми биздин борбордо бул дары чөптөрдүн баасы Кыргызстандагы элдин жашоо шартына байланыштуу арзандатылып, жөнгө салынган баада сатылат. Ошондой эле башка медицинанын ыкмаларын анчейин колдоно бербейбиз. Маселен, кан алуу, жумуртка жана башка жан-жаныбарлардын терилерин, майларын колдонбойбуз.
Жашоого болгон акыркы үмүтүн бизден күткөн оорулууларга жеңилдиктерди берип, колубуздан келишинче жардам бергибиз келет. Бирок, кеңсебиздин имаратынын арендасы жана башка маселелер үчүн акча алууга туура келет. Айрым адамдардын кыйналып турганын көргөндө жүрөгүм чыдабай жеңилдиктерди берип, кээде кеңеш бергеним үчүн акча албай коем.

Кыргызстандын климаты жакты
- Мага Кыргызстандын климаты, абасы, жаратылышы жакты. Кытай ашканасына көнүп алгандыктанбы тамак-аштан анча-мынча кыйналып жатабыз. Бирок, эч нерсе эмес көнүп кетүүгө аракет кылуудабыз.
"Пекин" медициналык борбору төмөнкү оорууларга дээрлик жардам көрсөтө алат.

Кант диабетин, геморройду, талманы, бронхитти дарылайбыз
Ревматикалык артрит - бул илдетти ийнетерапия жана чөп дарылардын жардамы менен дарылайбыз.
Буттун, белдин оорулары - бул дартты дарылык касиети күчтүү чөптөрдүн жыйындысы менен дарылайбыз.
Талма оорусу - бул адамды кыйнаган оору. Ошондой болсо да, талма оорусунан сакайтууга аракет кылып, табигый чөптөрдөн таблеткаларды жасап, ийнетерапиясынын жардамы менен жан кыйнаган дарттан арылууга көмөктөшөбүз.
Бронхит - оорусун капельница жана кытай чөптөрүн ичирип, ошондой эле тамакты чөптөрдүн буусуна кармап дарылайбыз.
Простатит - эркектердин тукумсуздугук ооруусун физотерапия жана ийне терапиясын колдонуп, тийиштүү кытай чөптөрү менен ошондой эле кытайдан келген кошумча таблеткалар аркылуу дарылайбыз.
Аялдардагы тукумсуздук - оорусун дагы алдын алабыз. Ашказан ичеги оорууларына чөптөрдүн кайнатмасын беребиз.
Кант диабети - диетага олтургузуп, чөптөрдөн жасалган дарылар менен жана убагы менен тамактандырабыз. Ошондой эле кант диабетинен жабыркаган адам кошумча укол алат.
Геморрой - бул дартты да стадиясына карап, -чөптөрдүн жыйындысынан жасалган маздар менен дарылайбыз.
Бөйрөктөгү, өттөгү таштарды да чөп дарылар менен дарылап, операциясыз дарылык касиети күчтүү чөптөрдү колдонуп, ошолор аркылуу таштарды талкалап түшүрөбүз.
Уйкусуздукка - ийнетерапиясын колдонобуз.
Инсульттан кийин калыпка келтиребиз. Бул ооруу абдан кыйын. Нервдер өлүп, адам кыймылдабай калат. Ийне терапиясын колдонуп, үч айга чукул убакыт дарылайбыз. Акырындык менен нерв системасына жан кирип, дартынан сакайууга көмөктөшөбүз.
Беттин шал ооруусу - адам катуу нервтенегенде стресс болуп, көзү бат-бат ирмелип же ачылып, же жабылбай калат. Бул ооруга да ийне терапиясын колдонобуз. Ошондой эле гинекологиялык жана тери ооруларын, жогорку артериялдык кан басым жүрөк, кан тамырлар ооруларын,зааранын токтобой калышы (энурез), богок, тамак, мурун, кулак ооруларын жана кулака үн угулган ооруларды дарылайбыз.
Биздин борбордо ар бир оорууга өзүнчө падход жана ар бир кайрылган оорулуунун оорусуна жараша дарылоо ыкмасы жүргүзүлөт. Дарыканалардай, поликлиникалардай болуп, көп оорууга окшош дарыларды бербейбиз. Биздин борбордо амбулаториялык дарылоо жүрөт.
Белгилеп койчу жагдай биз колдонгон укол, таблеткалар Бишкекте сатылбайт. Бары Кытайдан алынып келинет.
Ч. Кутманалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
28-май, 2009-ж.:
1-бет
КЫРГЫЗ САЯСАТЫНДА
2-бет
Дастан Сарыгулов, "Теңир ордо" фондунун негиздөөчүсү:
"Улуттук эс-тутумун жоготконду майып, бечара дейт..."

3-бет
"Кулакка тепмей" саясаттан
4-5-бет
"Тилине кызмат кылбай туруп, элине кантип кызмат кыла алат?"
6-бет
Жусупжан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Баары эле "балаң тирүү" деп жатышат..."

7-бет
Шайлоону утурлап...
8-бет
Сариев - Атамбаев
9-бет
Вера Черникова, ведущая программы "Итоги недели":
"...карьера мешает построить личную жизнь

10-бет
"Өзүмдү тапкан жол" китебинен
Леантор, "өлүк суу", комадагы кыз

11-бет
Не спрашивай что сделала для тебя страна, спрашивай что ты сделал для страны?
12-бет
Жамиля Муратова, ырчы, композитор:
"Кудай сактасын, бетимде бырыш жок"

14-бет
Формачан айым
15-бет
"оорусу өтүшүп кеткендер кайрылышат"
16-бет
Эркектер аялдардын 5 түрүнөн сак болуусу керек










??.??