Формачан айым

"Бактылуу балалык" деп бекеринен айтылбаган болсо керек. Антип-минтип жүрүп, бат эле 10 жыл өткөнүн байкабай да калыптырбыз. Бардыгыбыз уясынан канат кагып учкан куштардай ар тарапка учуп, жөнөп жаттык. Кээсинин ата-энеси экзамендер бүтөөрү менен эле балдарынын аттестаттарын алышып, Фрунзеге жөнөп кетишти. Кээ бирлери өздөрү каалап, кээ бирлери ата-энелеринин каалоосу, мүмкүнчүлүгү боюнча ар кайсыл окуу жайларын тандашып, алды мен мектептен аттестатымды алгычакты эле окууга өтүп да келишти. Айрымдары КМУнун факультеттерине, жок эле дегендери медучилищеге өтүшүп, өздөрүнчө шаан-шөкөткө бөлөнүп жатышты. Мен орто мектепти бүтүргөн жылдары, мен каалап тапшырган КМУнун юридикалык факультетине эки жылдык өндүрүштөн стажың болсо, эркек балдар үчүн армиядан кызмат өтөп келгенден кийин гана алышчу.
Бир күнү татар улутундагы Айниса деген эжейибиз биздин үйгө келип, апам менен сүйлөшүп, анан кетип калды. Көрсө, менин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдү жоготуп алып, аттестат жаза албай жатыптыр. Эмне болду билбейм, башка классташтарым сыяктуу мен дагы аттестатымды, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдүн дубликатын жана комсомолдук билетимди алдым. Ошондогу үч документте үч түрдүү болуп менин фамилиям, атым, атамдын аты ар кандайча жазылып жана туулган жерим да мен өмүрүмдө барып көрбөгөн бир кыштактын атынан жазылыптыр.
Мен эмнеси болсо да окууга тапшырып көрөйүн, аттестатым жалаң беш, балким, стажы жок эле алып калышаар деген үмүт менен Фрунзеге бардым. Бирок, документтеримди "Бардыгы бирдей жазат. Фамилияңда бирөөндө "д", бирөөндө жок, биринде болсо атыңдын акырында "ь" болсо, биринде жок экен. Туулган жериң бирөөндө "Ош шаары" деп турса, бирөөндө башка райондогу кыштактын аты жүрөт. Анын үстүнө стажың да жок экен" деп, кабыл алуу комиссиясы документтеримди албай койду. Документтеримди оңдотуп кайра барсам, "Жаш экенсиң, жок дегенде эки жыл өндүрүштө иштеп кел" деген сөздү укканда көзүмө жаш тегеренип, колумда турган документтерге жашым таамп жаткандыгын да сезбей калыптырмын. "Сен эмне ыйлап жатасың, эки жыл бат эле өтүп кетет. Биз дагы ошентип окууга өткөнбүз" деп, документтерди кабыл алып жатышкан бир бала менен бир кыз мени сооротушуп, тигил жигит "Бул кыз келечекте жакшы юрист болушуна ишенем. Бул кыз өзгөчө экен, тапшырып жаткандарды көрүп жатпайбызбы" деди. Мен үйгө телефон чалып, бараткандыгымды айттым.
Үйдөгүлөр аэропорттон күтүп алышты. Атам мага: "Кызым, башка эле окуу жайына тапшырбайсыңбы, стажды күтпөй эле. Сен бул билимиң менен бир экзамен тапшырып эле өтөсүң" деди. Менин ошондогу "Өлсөм да юрист боломун" деп көгөргөнүмдү айтпа. Үйгө келгенден баштап сыртка чыгуу жок, классташтарымды да көргүм келбей, бир жаман иш жасап койгон кишиден бетер, эч кимге көрүнбөймүн. Улам кыздардын айткан сөздөрүн эстеп, жиним келет. "Сен ойлонбосоң да болот, атаң прокурор, өзүң да мектепти эң жакшы бүтүп жатасың, окууга сөзсүз өтөсүң" дешкен.
Бирок, үйдө көпкө олтурган жокмун. Статбашкармалыкка оператор болуп жумушка орноштум. Жалаң эле кыз-келиндер иштешет экен. Жетекчиси "Үч ай 46 сомдон алып, "ученица" болосуң, эгер "аскотаны", машинканы бат эле үйрөнүп кетсең, анда эрте эле жумушчу болуп каласың. Айлыгың "сдельный" болот. Канча көп жумуш жасасаң, ошончолук көп аласың" деди. Кыздардын эң жашы мен элем. Ал тургай чачымдан "бантигим" түшө элек болчу десем да болот. Жумуш мага ушунчалык жаккандыктан бардык тапшырылган иштерди жок дебей иштечүмүн. Биринчи жолу айлыгымды алганда сүйүнгөнүмдү айтпа, тезирээк эле кеч кирсе экен, атам менен апама алып барып берсем экен деп шаштым.
Ал мезгилде айлык аз болгонуна жараша арзанчылык эле. Атам да, апам да айтып калышчу, "Кызым, акчаңды өзүңө жумша, теңтуштарыңдын астында кысынба" деп. Кыздар "черная касса" ойношот экен, алардан бөлүнбөй мен дагы кошулуп алдым. Тез-тез тойлор, туулган күндөр болуп турчу. Мени менен иштешкен кыздардын 90 пайызы эле жаш, өзбек кыздар болгондуктан, тойлор көп болот эле. Алардын бир өзгөчөлүгү кымбат кийимдерди кийинишчү эмес. Акчаларын да ата-энелерине беришпестен, иштеген мезгилден баштап, турмушка чыкканга чейин өздөрүнө "сеп" даярдашчу. Мен өзүмө теңтуш кыздар менен чогуу жүрүчүмүн.
15-май апамдын тулган күнү болуп калды. Биринчи алган "кассага" апама деп кызыл таштуу, чоң, салмагы 7, 5 грамм болгон алтын шакекти алып барууну чечип, Эзозхан деген теңтуш кыз менен алтын дүкөнүнө бардык. Шерик кыз апама кымбат белек алып жатканымды көрүп абдан таңыркады. Апам болсо мага "Кызым, сен жөн эле оозеки куттуктасаң да ыраазымын" деп, бетимден өптү.
Жылдар өтүп, болжолдогон эки жылдык стаж да болду. Жылда оорусу кармаган кишидей жаз келери менен медкомиссиядан өтүп, документтеримди окууга даярдап, Фрунзеге жөнөдүм. Бир да жолу экзаменден же "3" алып, же "2" алып калган күнүм болгон эмес. Эки беш, эки төрткө тапшырып да конкурстан кулап жаттым. Экзамендерди тапшырып бүткөндө эле үйгө телефон чалмай, "конкурс эле калды" деп. Анан эле кайрадан "куладым" деп келемин. Атамдын ошондо айткан сөзү азыр да эсимде. "Кызым, сенин башың бар, бирок, баштыгың жок" дегени.
Окууну бүткөнүмө төрт жыл болуп, классташ кыздардын алды дипломдорун алып, айылга келе башташты. Мен баягыл эле бойдонмун, бир гана өзгөрүш башка жерде "делопроизводитель" болуп иштеп калгам. Түшкү тамакты үйдөн ичүү үчүн келип, эгер үйдө апам жок болуп калса кадимкидей капа болоор элем. Апамды ушунчалык жакшы көргөндүктөн, башка кыздарчылап айылдагы туугандардыкына дагы баргым келчү эмес. Эгерде атам экөө конокко кетишип, кеч келип калышса да алар келгинчекти эшикте күтүп жүрө бермей адатым да бар болчу. Апам экөөбүз аябай жакшы сүйлөшүп, сырдашчубуз.
Мени бир күнү милициянын паспорт бөлүмүнүн начальниги жолуктуруп, "Бизде бир орун бар, бизде иште. Комиссиядан кийин өтүп коесуң" дегенинен, өзүм да органга кирүүнү эңсеп жүргөн жаным бара койбоймунбу. Эки күн иштеп калганмын, анда улуу байкем Фрунзедеги милициянын атайын орто мектебин бүтүрүп келип, жаңыдан иштеп жаткан. Мени көрүп калып, кечинде үйгө келгенде "Сен иштесең прокуратурада же сотко иште, милицияда чогуу иштесек болбойт, ар кандай сөздөр болот" деп каршы чыкты. Аргасыз сот тармагынан жумуш издеп баштадым. Бир жерден мени жаздырып көрүшүп, "эске тутууң жакшы экен, соттук заседаниеде секратарь болосуң" дешти. Бирок, аны укканда атам каршы болуп, "сот менен прокуратурага окууңду бүткөндө иштейсиң" деген катуу талабын коюп туруп алды. Капа болуп абдан ыйладым. Ошондо мени бир гана апам эле түшүнчүдөй сезилчү.
Чоңоюп калсам дагы мени эркелетип, "Кызым, атаңа капаланба. Анын айтканы да туура. Эгерде сен сотто иштесең, кыздарды зордуктаган иштерди карап калышса, атаң да, сен да бир жерде олтуруп калсаңар туура эмес болот го?" деп мени сооротуп койду. Ыйлаганымды көргөн атам да " Ошого да ыйлайбы, азыр кайсыл жерде юрфакка подкурска алып жатат болду экен. Билчи, кайда болсо да алып барып келемин. Кайда окуйм десең да окутамын" деген сөзүн берди. Атам мындай айткан сөздөрүнө сөзсүз турчу. Ошол себептен, окууну сураштырып, отпускам бүткөнгө чейин дагы аракет кылы баштадым. Харьков шаарындагы юридикалык институттун подкурсу бар экендигин билип, атама айттым. Бир жумага жетпей эле аталаш тууганынын баласын кошуп алып жөнөп калдык.
Харьковго барсак, подкурска өткөндөрдүн "сельхозкадан" келе турган убагы болуп калыптыр. Бир айга кечигип калыптырбыз. Институттун ректору документтеримди көрүп, кийинки жылы сөзсүз келүүбүздү суранды. Харьковдо бир жумача болдук. Атам мурда өзү да ошол жерде окугандыктан, шашпастан бизге шаардын бардык жагын көргөздү.
Үйгө келгенде кайрадан иштеп жүргөн жумушума чыгууга туура келди. Кудай жалгап, соттун, прокуратуранын, адвокатуранын кээ бир кызматкерлери автошколага 153 сомдон чогултушуп, 6 айлык курска өзүнчө бир группа болуп жазылып жатышкандыгын угуп калдым дагы, бир адвокат эже менен бирге барып жазылып, окуп баштадым. Кечинде жумуштан келип эле тамактанып, анан кошуна эже болуп, сабакка жөнөмөй. Группада кайрадан эң жашы мен болуп калдым. Ошондуктанбы, айтор мугалим шаблонду менден көп сурап, көп иштетчү.
Бир жолу "вождениеге" адвокат эже, мен, мугалим үчөөбүз чыкканбыз. Аны байкемди тааныган милиция кызматкерлери көрүп калып, окуп жатканымды билишпей, "Карындашың чоңдор менен түнкүсүн машинада жүрүптүр, көрдүк" деп байкеме айтышкан экен, үйгө келсем, күндө мени күтпөгөн байкем мени жолдон тосуп алчу апамдын жанында туруптур. Кечинде мени менен бирге окуган, бир үй нары жашаган карган байке менен кошо келатканмын. Үйгө киргенде эле байкем уккан-көргөндөрүн төкпөй-чачпай атама айта баштады. Апам болсо адатынча эле мен тарапта болуп, "Автошколада окуп жатат, эмне болмок эле, ушуну болсо да окуп турсун. Эмки жылы юрфакка кайра тапшырат" деп чырылдады. Атам бардыгын укту дагы "Эмне болду, кызым?" деп сурады. Мен азырынча айдоочулукка окуп турайын дегендигимди түшүндүрсөм, айдоочу болосуңбу деп тамашалады.
Ошентип, окуумду уланта бердим. Окуумду январь айында бүтмөкмүн. Бир күнү эле апам "Эки далым менен желкемдин ортосуна бир нерсе чыккан окшойт, ооруп жатат" деп калды. Карасам, кадимкидей көз сыяктуу болуп, жара чыгыптыр. Көзүгүп калыптыр. Апам эч нерсе эмес деп эртеси доктурга көрүнөөрүн айтты. Бирок, эртеси температурасы көтөрүлүп төшөккө жатып калды. Тез жардам чакырып, дарыгерлер өздөрүнчө дарылап жатышты. Апам күндөн-күнгө оорлошуп, кыйналгандыктан ооруканага жаткырдык. Апамдын жанынан чыкпай күнү-түнү жанында болдум. Үч күн өткөндөн кийин апам мага "Таяжеңди чакырт. Сен чарчадың, балам" деди. Мен анда кайдан билейин, апам өлөөрүн билип, биринчи сиңдисин чакырып жаткандыгын. Бир нерсеге бир нерсе себеп болот демекчи, ошондо атам да, башкалары да партия кызматкерлери болушуп, эч кандай молдо, кожо дегенди билишпептир. Кийин билсем апам көзүгүп кеткен экен. Окутуп, кыргызчылык менен айыктырса болмок беле деп азыр абдан өкүнөм. Апам Рахат-ичке белдүү, арыкчырай келген, бойлуу, жашы 50дө болсо да эч ким аны 50дө деп айтчу эмес, өзүнүн жашынан алда канча жаш көрүнчү. Жаш кезинде дагы башкача бир татынакай, сулуу болгон экен. Кээде теңтуш кыздар дагы үйгө келип калганда "Айнагүл, апаң аябагандай жаш экен. Эч ким 7 балалуу аял деп айтпайт" деп калышчу.
Эртең менен мен апамдын жанында олтурсам таяжем келип калды. Мени "Сен үйгө барып, сууга түшүп, жуунуп кел" деп жиберишти. Көрсө, ал жөн эле шылтоо экен. Мени укпасын, коркпосун деп кетиришкен тура. Ошол түнү апам таятамды түшүндө көрүптүр, ал атчан, кара кийимчен келип, апамды учкаштырып алып кеткен экен. Өлгөн кишинин түшүңдө алып кеткени жаман жорук де папам таяжеме айтыптыр. Кызыгы ал түнү мен дагы түш көрүп чыккам. Бир жакка баратсам, үстүмдөгү жаңы пальтолорумдун топчулары өзүнөн-өзү бытырап үзүлүп, өзүм баткакта болуп калат экенмин, ойгонуп кетсем түшүм. Апам менен алаксып олтуруп, түшүмдү унутуп коюптурмун. Бардыгын кийин эстеп жатпаймынбы. Түштөн кийин атам, байкем, инилерим, сиңдим болушуп, мен, таяжем болуп апамды карап олтурсак келип калышты. Бардыгы апам менен сүйлөшүп олтурушуп, үйгө кетишти, атам менен агам болсо жумуштарына кетишти.
Көп узабай эле апам каргылданып, "Дем жетпей жатат" деп, тилден калып, кыркырап, көзүн жуумп, уктаган кишидей болуп кетти. Таяжем медперсоналды чакырып, алар апама жасалма дем алдырып жатышты. Атамдар дагы кайрадан жетип келишти. Мага бардыгы жай кыймылдагандай сезилип, медсестранын колунан кислороддун баштыгын кантип тартып алып, врачтын айтканын кантип жасап жаткандыгымды билбеймин. Апам эч кандай сөзгө келбей, көзү жумулган бойдон кетти. Ошондо кимдир бирөөнүн "Бүттү, болду" дегени кулагыма жаңырды дагы, "Ап…аааа" деп апамдын үстүнө боюмду таштаганымды бир билем, башкасы эсимде жок, ызы-чуу, ый гана кулагыма угулуп турду. Катуу корккон экенмин, бир ай бою төшөктө жаттым. Ыйды уксам эле эсимден кетем. Колу-бутум тырышат. Өзүмчө ордумдан туруп баса албайм. Жаңы баскан баланы тай-тайлап бастыргандай эшикке эки жагымдан колтуктап жатып араң алып чыгышат. Тамакты оозума кашык менен куюшат. Жаактарым карышып, сүйлөй албайм. Апамдын кыркында гана кичине туруп калдым…
(Уландысы бар)
Жазып алган Ж.Жумагулова