Ырдүйнө

Жамиля Муратова, ырчы, композитор:
"Кудай сактасын, бетимде бырыш жок"
- Кыргыз кыздарынан композиторлор дегенде эле, Каныкей (Эралиева) эже экөөңүздөрдү элестетебиз. Башка көрүнүктүү эч ким жоктой... Эмне үчүн бул тармакка кыздардын кызыгуусу аз?
- Каныкей эже экөөбүз музыка жазалы, ыр жазалы деп биринчиден максат кылып, академиялык, классикалык билим алып, андан соң эмгектенип жүрүп ушул даражага жеттик окшойт. Азыр кыздар эле эмес, композиторлук билим алайын деген жаштар жок го дейм.
- Бирок ошол эле учурда "Сөзү, обону өзүмдүкү" деп "акын, обончулар" көп эле чыгып жүрүшпөйбү. Алар анда кимдер? Дегеле азыр эстрада өзгөрүүгө муктажбы же...
- Музыка деген көп нерсени талап кылат. Ошондуктан музыкант болоордун астында катуу ойлонуш керек. Ал эми "ортодо" эптеп-септеп жүрө берген болбойт. Музыкада эки эле вариант бар, же музыкант болуш керек, же таптакыр музыкант болбош керек деген. Ага карабай эле азыр баары ырчы-чоорчу болуп кетпедиби. Кыңылдап ырдап, болбой калган жерлерин компьютерден калыпка салып алса эле болду деп бул кесипти баары оңой оокат көрүп алышты. Бул жеңил ойлуулук, бетти чампалап туруп, "мен кыйынмын" деген менен бүтүп калбайт да. Мен ар бир нерсени профессионал жасаш керек деген принцип менен жашайм. Жанагы обон чыгарып, ыр чыгарып жүргөндөр биринчи кезекте билим алышсын, үйрөнүшсүн, музыканын сырларын билишсин, анан, "пожалуйста", иштей беришсин.
Эстрада өзгөрүүгө өтө муктаж дейт элем. Фонаграммага тыюу салабыз дегендерине 5-6 жыл болду. Ошол фонаграммага тыюу салынган атайын кеңешмеге өзүм да мүчөмүн, бирок бул процесс качан токтойт өзүм да билбейм. Азыр биздин эстрада туурамай заманга мындайча айтканда "гламуризацияга" өтүп алды. А бирок ырчыларыбыздын көбүн жакшылап карасаң, "Сырты жалтырак, ичи калтырак".
- Өзүңүз имиджиңизди өзгөртүүнү каалайт белеңиз?
- Эми азыр эмнеге антет элем. Элдин баары менин Жамиля экенимди билишет. Өзүмө дагы ушул турпатым, жүзүм жагат.
- Укмуш популярдуу деле А. Пугачева бир нече жолу пластикалык операция жасатып, өзүнүн сулуулугуна кам көрүп келет го...
- Менде кудай сактасын бетимде бырыш жок, т-фү, т-фү. Мен азырынча жашмын, сулуумун. Негизи эле кандай болгон күндө деле бети-башымды кестиргенден алыс эле болмокмун. Адам деген өзүн көңүлдүү алып жүрсө, бирөөгө жамандык каалабаса, ушак айтпаса эч качан карыбайт.
- Мүнөзүңүз кандай?
- Бетке айтчу жерден айтып койом, урушчу жерден урушуп койом. Жалпылап айтканда мүнөзүм жакшы, өзүмө жагат.
- Көпчүлүк артисттер "Бир орунга тура албайбыз. Бизге кабинетте отуруп иштеген жарашпайт" деп калышат го. Сиз кандай дейсиз?
- Жаш кезекте ошентип айта берет экенсиң да. Азыр эми кырктан аштык, дагы эле колоктоп көчөдө жүрсөк уят го. Стабилдүүлүк керек экен, бир жерден орун алып дегендей. Менин азыркы ишим кабинетте болуп жатат. Күрөңкеев атындагы орто окуу жайдын эстрада бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатканыма үч жылдай болуп калды. Билим алып жаткан жаштарга көпчүлүк ойлогондой "оңой кесип" эместигин үйрөтүү чоң жоопкерчилик, ошол эле учурда сыймык дагы.
- А чыгармачылыгыңыз кантип атат?
- Жаңы ырларды жазып, аранжировкасын жасатып... акырындап чыгармачылыгым жүрүп жатат. Бир жылга жакын убакыт болду, Назик деген таланттуу кызды таптап жатам. Өзүнүн музыкалык билими жок, өзүм сабак берип үйрөтүп жатам. Билимди толук алсын деп Консерваторияга өтүшүн дагы сунуш кылдым. Ушул кыздын чыгармачылык келечегин түзүп берсем деген тилегим бар, буюрса жакында ырдаганына күбө болуп каласыздар.
- Окуучуларыңызды жакшы эле тарбиялап жаткан экенсиз, а өзүңүздүн балдарыңызды үйдө кантип тарбиялап жатасыз?
- Менин бир эле уулум бар да. Аты Адилет. 20дан ашты, тарбияланып деле бүттү го (күлүп). Канча аракет кылсаң деле азыр эч нерсе жардам бербейт. Азыр ушул куракта башка бирөөнүн сөзүн көп кабыл алышпайт эмеспи. Кээде укпайт, кээде угат, бир аз тентегирээк, же эркеби билбейм. Бирок баламдын мүнөзү абдан ак көңүл, ичинде кири жок.
- Кыздуу болсом дейсизби?
- Азыр мен небере күтүп жаткан убагым. Балам үйлөнсө небере бакканга даярмын. Жаш чоң эне болом.
- Жеке турмушуңузда кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Жеке турмушумда эч кандай деле жаңылык жок. Баягы эле турмуш. Эмгек, иш, жумуш деп койуп жүрөбүз. Эми азыр жеке турмушта жаңылык жаратуунун эмне кереги бар? Сүйүүлөрдүн баары ырларга өтүп кеткен. Жүрөк уктап жатат.
- Демек сүйүү бара-бара турмушка, сыйга айланып кетет дегенге кошулат экенсиз да?
- Сый, турмуш ошонун баары жалпысынан сүйүү деп аталат. Жакшы ырлар жаралабы, жакшы сүрөттөр тартылабы, жакшы поэма жаралабы, иши кылып ушунун баары сүйүүнүн аркасынан келип жаткан нерсе да. Адамзат сүйүүсүз жашай албайт, сүйүү бар ошон үчүн адамзат бар деп ойлойм.
- А достукка кандай карайсыз?
- Жаш кезде "Саны бар сапаты жок" достор көп боло берет экен. Кийин иргелип-иргелип отуруп бир-экөө эле калат. Менин 15 жылдан бери жанымда жүргөн чыныгы бир досум бар. Ал мени өмүрлүк жолдошум.
- Сизди кызганбайбы?
- Аны өзүнөн сураш керек. Бирок мен ал кызгангыдай "повод" бербейм.
- Музыка жаздырганга ырчылар заказ менен кайрылышабы?
- Мен заказ алып, ыр сатпайм. Ичиңден чыккан, балаңдай болуп калган ырларды кантип сатасың? Бул деген базар эмес, чыгармачылык да. Ырларымды жактырып "ырдайт элем" дегендерге жөн эле берип койом. Ырга экинчи өмүр берип турса кандай жакшы. Эгерде "Бул ырды мен өзүм ырдачумун, же өзүм ырдайм" деп ырларымды кызгансам, композитор атым өчпөйбү. Менин ырларымда тема чектелбегендиктен (туулган жер, эне, сүйүү сыяктуу) кимдер гана ырдашкан жок.
- Сиздин уруксатыңыз жок ырдап алышсачы?
- Андай боло элек.
Э. Мадиева





  Күүнүн сыры

Асылбек Насирдинов,
"Саамал" фольклордук-
этнографиялык
ансамблдин жетекчиси:

"Биринчи жолу күүгө клип тарттырдык"

- Асылбек, биринчи жолу күүгө клип тартылды деп сүйүнүп жаткан кезиң экен. Клиптин жаралышы жөнүндө айтсаң?
- Күүгө мурда деле клип тартылчу, бирок стандартуу түрдө. А "Улуу көч" күүсүнө режиссер, монтажер, оператор биргеликте иштеп, мындай форматта биринчи жолу болду. Бул өзүм жараткан күүнү сүрөт музейинин ичинен тартык. Ал жактагы кыргыздын эски буюмдары ээр, токулган килем, чөйчөк ж.б. клипке көрк берип кыргыздын улуттук жүзүн дагы бир жолу клип аркылуу көрсөттүк окшойт. Клипте "Ак кеме" киносунун үзүндүлөрү алынып көрсөтүлөт.
- Күү менен "Ак кеменин" кандай байланышы бар?
- Эң оптималдуу варианты ушул болду. "Ак кемедеги" балага карыя киши "кыргыз элинин улуулугун, кандай кыргын-сүргүн болуп келгенде дагы кыргыз эли маданиятын, тилин жоготпой жашап калышкан" деп кыргыздын улуу эл экенин айткан жомогу бар го. Карыя айткан ошол сөздөр менин да күүмдө камтылган.
- Күү чыгарганга илхом кайсы убакта келет болду экен?
- Акындар илхом келсе отура калып чиймелей калат эмеспи. Биздики ыргактар, кайрыктар башыңда жүрө берет. Мен башымда жүргөн ыргактарды топтоп-топтоп отуруп диктофонго же дискке жаздырып койом. Менде бул өнөр чоң-атам жактан өттү десем болот. Чоң атам комузду абдан жакшы чертсе, чоң апам темир ооз комуз какчу. Ал эми тайларым жактан устачылык өнөрүн алдым окшойт. Кыргыздын улуттук аспаптарын жасайм. Чопо чоордун түрлөрүн, жыгач ооз комуз, темир ооз комуз ж.б.кынаптап жасагандыктан көбүнчө сатыка кетип калат. Азыр бул өнөр мага акча табуунун бир булагы болуп, материалдык муктаждыктарымды чечип берип калды.
- "Улуу көчкө" чейинки күүлөрүңдү атай кетсең? Атайын музыкалык билимиң бар да же чоң атаңдын көрөңгөсү менен эле жүрөсүңбү?
- Түбүм Таластан болот, бирок Бишкекте төрөлүп, өскөм. Бул жакта Шубин атындагы балдар музыкалык мектебин бүтүргөн соң, Күреңкеев атындагы орто окуу жайга тапшырып, музыкалык бөлүмүн аяктап, андан кийин Улуттук Консерваториянын фольклор бөлүмүндө билим алгам. Асанкан Жумакматов агай жетектеген Симфониялык оркестрдин коштоосунда Айдараалынын "Көйрөң күүсүн", "Саринжи Бөкөйдү" 5-классымда эле чоң сахнага чыгып черткем. Асанкан агай мектептер аралык комузчулар кароо-конкурсунда мени байкап калып, эртеси күнү атайын мени мектепке издеп келип, чоң сахнага өзү алып чыккан эле… Учурда кыргыздын улуттук колоритин бузбастан, эски күүлөрдүн формасында, нугунда кыргыздын күүлөрүн эстрада менен айкалаштырып иштеп жатам. КТРдин рекламанын ордуна көрсөткөн жаратылыш кооздугун чагылдырган "заставкаларда" да менин күүлөрүм жаңырып келет. "Улуу көчкө" чейинки чыгарган "Бал- бал түн", "Кербен", "Жалбырактар саргайганда", "Чабарман", "Жомок", "Токой аралап", "Бий" ж.б. күүлөрүмө да казактардын "Улуу Тау", "Саза Тау" деген күүлөрүнө тартылган, жогорку деңгээлдеги клиптерди мен да тарттыргым келет.
- Өзүң жетектеген "Саамал" ансамбли боюнча да кыскача кеп салсаң…
- Бишкек шаардык Арсен Умуралиев атындагы драма театрынын алдында түзүлгөн "Саамал" ансамблинде жети киши эмгектенебиз.
Бул эң биринчи ачылган нукура фольклордук ансамбль деп айтсам болот. Совет убагында аспаптардын көбү модернизацияланып, көбү ошол боюнча калып калган, а бизде башкаларчылап Европанын аспаптары кошулган эмес. Дастан-биздин брендибиз. Дайыма ар кыл аспаптын коштоосунда дастан айтабыз, ал эми манасчыларды керек кезде гана чакырып турабыз. Театрга кыргыздын күүсүн, ырын угабыз деп студенттер, окуучулар келип турушат. Чоң-чоң мекемелер чет элден конокторду тосоордо, "улуттук жүзүбүздү көрсөтөбүз" дешип, бизди көп чакырышат. Өз алдыбызча Америка, Англия өңдүү көптөгөн чет өлкөлөргө чыгып жүрөбүз. Өзүм театрда коюла турган спектаклдерге да музыка жазам.
- Чет-өлкөгө көп чыгабыз дедиң, чакырууну кандайча аласыңар?
- Биз бир фестивалга барып, өнөрүбүздү көрсөтүп жатканда, башка фестиваль уюштура турган продюсерлер байкап калып дарегибизди алып калат. Чет- мамлекеттерде продюсерлер бири-бири менен тыгыз байланышып турушат. Болбосо интернетте сайтыбыз бар, ошол жактан окушуп, кызыккан болсо чакырышат. Баргандагы жол киребиз, андан тышкары гонорарды да чет-өлкөнүн продюсерлери таарынтпай, ойдогудай беришет.
Э. Мадиева