Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Лариса Асанбекова, академик, профессор, эниоинженер
"Өзүмдү тапкан жол" китебинен
Леантор, "өлүк суу", комадагы кыз
Иш кагаздарды ирээтке келтирип жатып, Леантор шаарында иштеп жүргөндө мага сеанска келген адамдардын тарыхы, ыраазычылыктары жазылган атайын бланкалар колума тийди.
Адамдын эсинен чыгып, унутулуп калгансыган, бирок акыл-эстин түпкүрүндө сакталып, адамга кандайдыр бир терс же оң таасири менен адамдын тагдырына пайда, зыянын тийгизе турган ар кандай информациялар сеанс убагында сыртка чыга баштайт. Бланкаларда жазылган адамдардын аттарын окуур замат кудум сеанс убагындагыдай абалга келдим. Заматта мындан бир нече жылдар мурунку окуялар көз алдыга кинотасмадай тартылды. Леантор шаары Ханты-Мансийск округуна караган, кичинекей нефт чыккан шаар. Биринчи жолу бул шаарга күз айларында бардым. Календарда күз болгону менен сууктун 35-40 градус болуп турган убактысы экен. Бул шаарга Алтымыштын бир тууган карындашы Алтынкыздын чакыруусу менен баргам.
Иш аябай жакшы башталды, эртеден кечке кээде чай ичкенге убактым жок болуп калчу. Биз ал убакта Алматы шаарында жашачубуз. Алтымыш башка карындаштары менен Алматыда калган. Күндө "качан келесиң" деп телефон чалып, күтө бергендиктен 20 күнгө жетпей кетүүгө туура келди. Бирок, мен кеткенден кийин да элдер мени издеп келе бергендиктен, Леанторго кайра барыш керек эле. Алтымыш "мен да барам" деп болбой туруп алгандыктан макул болууга аргасыз элем. Анын үстүнө ал оорулуу болгондуктан, баары бир узакка таштап кеталмак эмесмин. Экинчи келишимде эл мурункудан да көп келе баштады. Себеби, мурунку келгендеги ишим элге жакшы натыйжасын бергендиктен, ден соолугу, иштери оңолгон адамдар, мен жөнүндө биринен-бири угуп, келе баштаган эле. Бир күнү өңү купкуу, алсыз, арык чырай, араңжан киши менин кабылдоомо кирип келип эле "мен тирүү өлүкмүн" деди. Сүйлөөгө да алы келбей тили булдуруктаган, көздөрүнүн нуру өчкөн, теңселип жыгыла жаздаган бул адамды көргөндө ичкич адам го деп ойлогом. Менин маңдайыма олтураары менен алсыз үшкүрүп, "Ооба, мен чын эле тирүү өлүкмүн. Мени "өлүк суу" менен башымды айлантышкан" деди. Орустарда адам өлгөндө идишке суу куюп, өлүктүн жанына коерун, ал суу "өлүк суу" деп аталаарын, ал сууну ар кандай магиялык иштерге колдоноорун билчүмүн. "Жардам бериңиз, 12 жылдан бери уйку качып, оорубаган жерим жок, көрүнбөгөн врач, ичпеген дары деле калган жок, сиз менин акыркы үмүтүмсүз. Сиз мурунку келгениңизде менин тааныштарыма жардам берген экенсиз, мага да жардам бериңиз" деди алсыз үн менен.
Биринчи эле сеанстан кийин Анатолийдин өңүнө тирүүлүктүн жышааны кирип, жүзүнө кызыл жүгүрүп калды. Бир жумадан кийин коридордо кезек күтүп турган элдердин сүйлөшкөндөрү мени иштен алаксытып жатканынан "тынчыраак болгула" деп суранганы сыртка чыксам, баягы киши бир кучак кыпкызыл роза (түндүктө, кышында жаңы үзүлгөн гүл эң кымбат белек), коробка шокалад, дагы башка белектерин көтөрүп келиптир. Кезекте турган элге кандай ооруганын, азыр кандай жакшы болгонун айтып жатыптыр. Колунда жазылган ыраазычылык кагазы да бар экен.
Мен, Лисовский Анатолий, 12 жылдан бери оорунун азабын аябай тарттым. Бул дүйнөдө уйку качып, таңдын атышын күтүп, кирпик какпай таң атыргандан азап, эч нерсе жок болсо керек. Врачтардын берген жардамы көпкө созулбай, убактылуу гана болуп, азап чегип арыктап, ооруп келатканыма 12 жыл болуптур. Айлам кетип, элдик дарыгерге кайрылсам, "Сени өлүк суу менен башыңды айлантыш үчүн магия жасаган, сен ал кызга үйлөнбөй койгон экенсиң. Бирок, сага жардам бериш менин колумдан келбейт, энергиясы күчтүү адамга барышың керек"- деди. Биздин шаарга келген Лариса Асанбекова жөнүндө тааныштарымдан уктум. Алардын үч жашар балысынын денесине жаралар чыгып, көптөн бери айыктыра алышпай, кыйналып жүрүшкөн. Ларисанын сеансынан кийин баласы айыгып кетиптир. Мен Ларисага акыркы үмүтүм менен келгем. Эгерде жардам бере албаса жанымды кыйып, ушундай азаптан кутулууну ойлонуп жүргөм. Менин бактыма жараша Ларисанын биринчи эле сеансында өзүмдү жакшы сезип, күндөн-күнгө жакшы боло баштадым. Ларисага сеанска барганга эле ордумдан турбасам, үч күн каалашымча уктап, көңүлүм ачылып, өзүмдү аябай жеңил сезип калдым. Урматтуу Лариса, мен сиздин мага берген жардамыңызга кандай ыраазычылык билдирсем да аздык кылаар. Сиз менин өчүп бараткан үмүтүмдүн, өмүрүмдүн отун кайра жандырдыңыз. Жашоого болгон көз карашымды өзгөрттүңүз. Өмүр мага супсак, кызыксыз болуп бараткан. Азыр болсо таптакыр башкача, мен жашагым келет! Мен эле эмес аялым менен балам да кайрадан бактылуу болушуп, сизге чын жүрөктөрүнөн чыккан ыраазычылыктарын билдирип жатышат. Сиздин кудай берген касиетиңиз мындан да күчтүү болуп, элдин ырахматына, сүйүүсүнө ээ боло бериңиз. Сиздей жан дүйнөсү таза, элге жардамы тийген адамдар жер бетинде көбөйө берсин демекчибиз. Чын жүрөгүмдөн чыккан ыраазычылыгымды билдирүү менен,кайда жүрбөңүз элге жарыгыңыздын тие беришин жана жараткандын жардамына ээ боло беришиңизди кудайдан тилейбиз.
Сизди терең урматтаган пациентиңиз, Анатолий Лисовский.
Леантор шаары. 2000-ж.

Азыр да ушул ыраазычылык баракчаны окуп жатып, ал адамдын элеси кайрадан көз алдыма тартылды. Жаш жигит кезинде бир кыз Анатолийди сүйүп калат. Бирок, Анатолий башка кызды (азыркы жубайын) сүйгөндүктөн, тиги кызга көңүл бурбайт. Тиги кыз кара магия менен иштеген аялга кайрылганда, ал аял "өлүк сууну"дубалап берет. Анатолийдин жүрөгүндө чыныгы сүйүү жашагандыктан, дуба "сүйдүрткөнгө" таасирин тийгизе албаганы менен ден соолугуна катуу таасирин берген. Анатолийдин бир таанышы каза болгондо, Анатолийди сүйүп жүргөн кыз, Анатолийге бир стакан сууну ичишин суранат. Сууну ичкенден кийин "өлүк сууну"дубалап ичиргенин, эгерде ал кызды сүйбөсө анда өзү, да Анатолий да өлөөрүн айтат. Ал кезде ал сөздү жөн гана "шантаж" катары кабыл алып, көңүл деле бурбайт. Өзү сүйгөн кызга үйлөнүп, түндүккө көчүп кетишет. Бирок, үйлөнгөндөн баштап ден соолугу жылдан-жылга начарлай баштайт. Медицина оорусуна жардам бере албай койгондо гана, элдик медицинага кайрылып көрүп, кара магиянын кесепети тийгенин билгенде, баягы кызды сураштырып, авариядан каза болгонун угат. Жогорку күчтөрдүн жардамы менен ден-соолугу калыбына келип, кайрадан үй-бүлөөсү менен бактылуу жашап калганы мага канчалык күч-кубат берди дейсиң! Негизи менин пациенттеримдин ар бир кубанычы мени эки эсе кубандырат жана күчүмө күч кошуп жаратканга болгон сүйүүмдү жана ишеничимди арттырат. Колума тийген ар бир ыраазычылык баракчаларын окуп жатып, Леантордогу дагы бир пациентимдин, тагыраак айтканда анын эне-атасынын ыраазычылык баракчасы дагы бир окуяны эске салды.
Оо, бул окуя менин эсимден эч качан чыкпайт болуш керек. Саат кечки 8-9 болуп калган кезде аялы менен күйөөсү ыйлап келишти. Он жаштагы кызы ооруканада үч күндөн бери комада экен. Врачтар "Колубуздан келгендин барын жасадык, биздин колдон өмүрүн сактап калыш келбей жатат. Башка аракетиңер болсо жасап көргүлө, арманыңар ичиңерде калбасын" деп айтыптыр. Мен бирөөнү сеанска алаарда жогорку күчтөрдөн улуксат сурап, алар макулдугун берсе гана кабыл алам. Себеби, мен эмес, мен аркылуу жогорку күчтөр (Энергия) иштешет. Жогорку күчтөрдөн "Айыгат" деген информацияны алгандан кийин, ооруканага жөнөдүк. Реанимациянын башкы врачы дароо эле менин кирип, көрүшүмө макулдугун берди. Чындыгында кирип барып, кыздын абалын көргөндө коркуп кеттим. Оозунда түтүкчөлөр, мойнунда катетр, колунда капельница, денеси от менен жалын болуп, мууздалган кой жаны чыгып баратканда коркурагандай дабыш чыгып, кирпиктери төгүлгөн, татынакай, он жаштагы кыз суналып жатыптыр.
Алдастап, кандай айла кылаарымды билбей, бир азга абдаарый түштүм. Коркконуман качып чыгып кетким келди, бирок, эшиктин алдында көздөрүнүн жашы он талаа болуп төгүлгөн кыздын ата-энеси мени акыркы үмүт менен жалооруй карап тургандарын көргөндө, өзүмдү колго алууга туура келди. Анын үстүнө "коркпо, айыгат" деген сөз кулагыма жаңыра берди. Мен жогорку күчтөргө терең ишенгендиктен, сабырдуулук менен ишимди баштадым. Реанимациядагы дежурный врачтар улам-улам келип, алар да карап турушту. Эки сааттан ашык иштегенден кийин кыздын көздөрү ачылып, бирок, каректери айланып, алактап, эч нерсе көрбөй, сезбей турганы билинип турду. Кыска мөөнөткө көзүн ачканын көргөн врачтар, медсестралар, кудайга жалынып жиберишти. Кыздын көзү кайра жумулуп, эми кыркырак жоголуп, тынч уктагандай абалга келип калганда үйгө кеттим. Эртеси эртең менен келип, жарым саат иштегенден кийин кыздын оозундагы түтүкчө аркылуу кара күрөң суюктук чыга баштады. Бир аздан кийин кыз көзүн ачып, мени көпкө чейин "Ким эле" деп эстей албай жаткандай тиктеп калды. Кыздын бул көз карашы, акыл эси ордуна келгенин билдирип турду. Реанимациянын башкы врачы "Это чудо" деп кайра-кайра кайталап, сүйүнгөнүн жашыра албай, баары кыздын жанына чогулуп, үймөлөктөп, өз иштерине киришти. Оозундагы трубкаларды алгандан кийин кыздын "Пить хочу" деген үнүн укканда кудайга, жогорку космостук күчтөргө миң мертебе ыраазычылыгымды билдирип, үйгө баспай эле, канат бүтүп, учуп бараткандай болдум.
Эртеси эртең менен ооруканага дагы бардым. Кыздын комадан чыкканын угуп, Сургут шаарынын башкы врачтары келиптир. Бирок, мага палатага киргенге улуксат берген жок (кыз эсине келгенден кийин палатага которушкан). Реанимациянын башкы врачы менден кайра-кайра кечирим сурап, "медиктер айыктыра албай, элдик дарыгер айыктырыптыр" деген сөзгө калабыз" деп башкы врач урушуп жатат деп түшүндүрдү. Мен андай атак үчүн эмес, кыздын өмүрү үчүн иштегенимди айтып, коштошуп кетип калдым.
Эки жумадан ашык кыз ооруканада ар кандай текшерүүдөн өткүчө жатты. Кыздын ата-энесинин бактысын сөз менен жеткирүүгө болбойт эле. Алар мени менен байланышып, кызынын ал-ахвалын айтып турушту. Барынан кызыгы, мурда уяң, жоош кыз болсо, математика жагынан билими ачылып, ачык, шайыр кыз болуп калганын айтып, ата-энеси таң калып жүрүштү.
Бул окуя кичинекей шаардын жашоочуларына чагылгандай тез тарады окшойт. Элдер мурункудан да көп келе баштады. А менин жан дүйнөмдө ар бир айыккан, ыраазы болгон адамдардын алкышынан кийин ишенич ого бетер бекемделип, күчүмө күч кошулуп жатканын сезип жаттым. Шаардагы врачтар кээ бир оорулууларды мага өздөрү жиберип жатканы мени ого бетер бул иш менен мындан ары билимимди тереңдетип, энергиянын сырын үйрөтүүчү окууну окушума түрткү болду. Оо,жараткан! Жогорку космостук күчтөр! Бул жетишкендиктердин баары силердин гана жардамыңар менен. Силер болбосоңор мен деле көп адамдардын биримин. Пендечилик кылып, силердин эмгегиңерди өзүмө ыйгарып алган болсом, тизе бүгүп, башымды ийип, кечирим сурайм. Мен силердин колдооңорго ээ болгон тагдырыма ыраазымын. Силердин мен үчүн күнү- түнү даяр болуп, мага берген жардамыңарга чексиз ыраазымын. Элдин мага берген батасы, ыраазычылыктарынын баары силер үчүн. Мен силердин мага ыраазы болушуңарды каалайм жана мени жамандыктан коргоп, жакшылыкта колдоп турушуңарды силерден суранам.
Мындан үч жыл мурун ыраазычылык баракчасында жазылган адреске телефон чалып көрдүм, ал үйдө ошол мезгилде кыздын туугандары жашайт экен. Кыз ошол кезде 16га чыгып, ден соолугу жакшы, татынакай сулуу кыз болду дейт. Менин атымды угуп кайрадан ошол кезди эстешип, көпкө ыраазычылыктарын билдирип жатышты.
Дагы бир нече баракчаларды окуп чыгып, ар кандай тагдырлар, ар кандай адамдар көз алдыман чууруп өттү.
Менин жан дүйнөмдү жылуулук аралап, мага элге жардам бере ала турган күч-кубат берген жаратканга миң ирээт ыраазычылык билдирдим. Жер жүзүндөгү адамзаттын барына жараткан жардамын аябай, нурун төгүп, колдоп турушун кааладым.





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
28-май, 2009-ж.:
1-бет
КЫРГЫЗ САЯСАТЫНДА
2-бет
Дастан Сарыгулов, "Теңир ордо" фондунун негиздөөчүсү:
"Улуттук эс-тутумун жоготконду майып, бечара дейт..."

3-бет
"Кулакка тепмей" саясаттан
4-5-бет
"Тилине кызмат кылбай туруп, элине кантип кызмат кыла алат?"
6-бет
Жусупжан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Баары эле "балаң тирүү" деп жатышат..."

7-бет
Шайлоону утурлап...
8-бет
Сариев - Атамбаев
9-бет
Вера Черникова, ведущая программы "Итоги недели":
"...карьера мешает построить личную жизнь

10-бет
"Өзүмдү тапкан жол" китебинен
Леантор, "өлүк суу", комадагы кыз

11-бет
Не спрашивай что сделала для тебя страна, спрашивай что ты сделал для страны?
12-бет
Жамиля Муратова, ырчы, композитор:
"Кудай сактасын, бетимде бырыш жок"

14-бет
Формачан айым
15-бет
"оорусу өтүшүп кеткендер кайрылышат"
16-бет
Эркектер аялдардын 5 түрүнөн сак болуусу керек










??.??