жылдыздар жерде жашашат

Жылдыз Осмоналиева, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"Кафе башчысы болуп иштеп жатам"
Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилиги жайгашкан Добрынен метросунан сыртка чыккандан баштап Кыргызстанда жүргөндөй эле болосуң. Себеби, элчиликке жеткенче жок эле дегенде 10-15 кыргыз сөзсүз алдыңдан чыгат. Элчиликтин өзүнүн конок үйү бар. Ар бир конок үйдүн сөзсүз түрдө ашканасы болот эмеспи. Мен ал ашканадан Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, мукам үндүү, кыргыздын улуттук ырларын заманбап музыкага айландырып ырдап, элдин жүрөгүнөн орун таба алган ырчы Жылдыз Осмоналиевага жолугуп калдым.


80-жылдардын аягы, 90-жылдардын башында башка ырчылар эстрадага өтүп жатканда, кыргыздын 60-70-жылдары чыккан, тандалма эски ырларын, же болбосо кыргыз нукура улуттук фольклор ырларын жаңыча эл алдына алып чыккан ырчы Жылдыз Осмоналиева өзүнүн ырдоо манерасы, тунук үнү, кийген формасы менен угармандардын көңүлүн өзүнө бура алган. Токтогулдун "Алымкан", "Кыздар ай", Атайдын "Эсимде", Мукан Рыскулбековдун "Келген жок", "Сени ойлосом" аттуу ырларын аткаруу менен ар бир угармандын эсинде калды. Бир нече эл аралык конкурстардын катышуучусу, жеңүүчүсү жана президенттин жарлыгы менен 2006-жылы ардак грамота менен сыйланган. Ошондой эле 2007-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамга ээ болгон ырчы менен маектешип олтурдук.
- Ата мекенден алыста жүрүп жолуккандан кийин биринчи суроомду качан, кандай максат менен Москвага келишиңдин себебинен баштасам...
- Москвага келгениме эки жылдын жүзү болуп калды. Мен бул жакка жеке ишкер катары келгем. Бул жерде Кыргызстандын жеңил өнөр жай, башкача айтканда тигүү цехтери чыгарган продукцияларын Россиянын региондоруна сата турган соода өкүлчүлүгү бар. Учурда ошол жерде иштеп жатам. Андан тышкары өзүңүз көрүп тургандай элчиликке караштуу ушул кафенин башчысы болуп иштеп жатам. Ишим, кудай буюрса, абдан жакшы.
- Бул жерге конок үйүндө жашагандар гана эмес, сырттан студенттер жана башка да адамдар келип, тамактангандарына күбө болдум. Себебин сураганымда "Тамактары даамдуу жана улуттук тамактарды сагынганда атайын келип, тамактанып кетебиз" дешти. Улуттук тамактарды кимдер жасайт? Ашпозчулар кайсы улуттагылар?
- Ашпозчулар ар кайсы улуттан. Өзбек, орус анан, албетте, кыргыз ашпозчулары басымдуулук кылат. Чындыгында тамагыбыз даамдуу, сапаттуу жана Москванын башка кафелеринен арзан. Ошондуктан келгендер да көп болот. Элдер канчалык ыраазы болуп турса, биздин дагы көңүлүбүз көтөрүлүп, мындан да жакшы иштегенге аракет кылып турабыз. Мен бул жерде иштеп жатканыма аз эле убакыт болуп,өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмдү бул иштен толук көрсөтө элек болсом да, бардыгы ойдогудай эле болуп жатат. Буюрса, бул ишти деле жакшы алып кетээриме өзүм ишенем.
- Чыгармачылыгың кандай болуп жатат же убактылуу токтоттуңбу?
- Кудай сактасын, менин чыгармачылыгым эч качан токтобойт. Мен башынан эле чыгармачылык менен чарбачылыкты бирдей алып жүргөн кишимин. Ырчылык мен үчүн башкы кесип эмес, ырчылык менин жан дүйнөм, ырлар аркылуу жан дүйнөмдөгү өзүмдүн идеяларымды ишке ашырам.
- Мен билгенден сен шаарда төрөлүп, орусча окуп, шаарда өскөнсүң. Анан эмне үчүн кыргыздын эски ырларына көп кайрыласың? Же кийинки чыгып жаткан обондор купулуңа толбойбу?
- Ар кимдин табити ар кандай эмеспи, менин эски ырларга кайрылганымдын себеби, жан дүйнөмө алар туура келет. Сиз айткандай орусча окуп, шаарда өстүм. Менин ата-энем да чыгармачыл, кандайдыр бир деңгээлде искусствого тиешеси бар адамдар. Үй-бүлөдөгү тарбиям кыргызча болгон. Ал эми эски ырлардын обондору менен сөздөрү айкалышып, мааниси терең, жеңил-желпи эмес, оор салмактуу болгон үчүн ырдайм. Менин оюмча ал ырлар далай элдин элегинен өтүп, жакшы болгон үчүн унутулбай, биздин убакка чейин келсе керек. Мисалы, Атайдын "Эсимдеси" бизден кийинкилерге да унутулбай жетет деген ойдомун. 60-70-жылдагы ырлар деле тандалма жакшы ырлар болгондуктан, кайра элге жетип жатат болуш керек.
Мисалы, ал убактарда ылардын сөзүнө, обонуна көңүл буруп, текшерген атайын "худсовет" деген болчу экен. Ошол көркөм кеңештен өткөн гана ырлар радиодон, теледен, концерттен ырдалып, обого чыгып, элге жетчү экен. Алардын сапаты мыкты болуп тандалгандыктан, бизге чейин жетип жатат деп ойлойм. Менин максатым ошондой өлбөс ырларды мындан да өлбөс кылып, кийинки жаштарга жеткирүү.
- Эл аралык конкурстарга да кыргыздын улуттук колоритин даңктап катышып жүрөсүң, кайсы жылдары кандай байгелерге ээ болдуң?
- Чет өлкөлөргө көп эле чыгып, көп эле конкурстарга катыштым. "Азия даусу" Эл аралык конкурсунун эки жолку дипломанты болгом. "Азия даусу-92" Эл аралык конкурсуна "Эсимде" аттуу ыр менен катышып, "мыкты аранжировка үчүн" байгелүү орунга ээ болгом. "Азия даусу-2000" де болсо "Келген жок" аттуу ырым менен катышып, анда да ошондой сыйлыкка ээ болгом. Белоруссиянын Могилев шаарында өткөн "Алтын шлягер" Эл аралык конкурсуна катышып, улуттук ырды жаңыча алып чыккандыгым үчүн атайын сыйлыкка ээ болгом. Бул жерде да Кыргыз элчилигинин атынан ар кандай концерттерге катышып жатам. Быйыл 20-мартта Москвада өткөн "Нооруз-2009" концерти Кыргызстандын элчилиги менен бирдикте өткөрүлүп, ошондой эле менин жеке концертим болду.
- Биздин Кыргызстандын атагын алыска чыгарып жаткан "Город 312" группасы менен дагы байланышып турасыңбы?
- Алар менен башынан эле мамилем жакшы, "Город 312" тобунун жеке концерттерине катышып, тез-тез жолугушуп турабыз. Алдыда жакшы максаттарым бар. Жакында менин бардык ырларым чогултулган жаңы "Кыргыз көчү" аттуу альбомум жарыкка чыгат.
- Эки уулу бар деп уктум эле, үй-бүлөң дагы Москвадабы?
- Ооба, эки уулум бар, улуусу 14кө чыгып калды. Алар Бишкекте. Кичинесинен бирге окуган классташтары, достору ал жакта болгондуктан, бул жакка келгилери келбей коюшту. Кудайга шүгүр, телефон, интернет деген бар, байланыш жагынан өксүк жок. Таэнелери да жакшы көрүшүп жибербей коюшкан.
Өзүм деле тез-тез барып турам. Ал эми менин жеке турмушум жабык тема.
- Сенин ырларың сапаты жагынан мыкты болгонуна карабай, биздин радиолордон, телеканалдардан эмне үчүн аз берилет?
- Эмне себептен аз берип жаткандарына "тигиндей, мындай" деп сын айткым келбейт. Менин максатым "популярдуу ырчы" болуп, эптеп-септеп "көзгө көрүнүү" эмес, жакшы ырларды элге жеткирүү. Жан дүйнөмдүн талабын аткаруу. Жакшы ыр, жакшы аткаруучуну эл кайдан болсо да таап алышат экен. Дегеним, экрандан түшпөгөн кээ бир ырчыларга караганда мени эл сагынып калышабы, айтор, тойлорго, элиталар катышкан концерттерге көп чакырылам жана баам да алдаганча жогору. Ошондуктан "мени ободон чыгарбай жатышат" деп эч кимге таарынычым жок.
Бул жактан деле ар кандай концерттерге катышып, кыргыздын ырларын даңктап, кыргыздын жүзүн таанытып жүрөм. Менин аткаруумда жалаң эле кыргыз ырлары эмес, орустун да, башка калктын да ырлары бар. Буюрса, ал ырлардын баарын "Кыргыз көчү" аттуу альбомумдан жакында угасыздар.
Учурдан пайдаланып, кыргыз элиме тынччылык, ынтымак, биримдик каалайм, ошондой эле "Асман пресс" газетасынын жалпы жамаатына чыгармачылык ийгилик каалайм. Биз кайсы жерде жүрбөйлү, жүрөгүбүз Кыргызстанда!

Аяна Манасова