Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  отчет

Эмне кылдык, эмнеге жетиштик?
"…ыкчам жана макулдашып иштей турган мезгил келип жетти. Бүгүн бүтүндөй мамлекет Жогорку Кеңеш менен Өкмөттөн өнүгүү үчүн керектүү чечимдерди кабыл алат деп күтүп жатат!"
Кыргыз Республикасынын президенти Бакиев К. С.

Казына мамлекеттик бюджет
Оош-кыйыш заманда өйдө-ылдый болуп жатканы менен өкмөттүн иши жыл өткөн сайын оңолуп бара жатат. Айрыкча 2008-жылкы жетишкендигин белгилөө татырлык болду. Өткөн жылы ички дүң продукциянын көлөмү 185 миллиард сомду түзүп, 2005-жылдагыга салыштырганда 1,8 пайыз эсе көп болду. 2007-жыл дагы куру жылдардан болгон жок. Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн акыркы он жылдагы эң бийик көрсөткүчү ушул жылга туура келди. Өткөн жыл өкмөттүн казынасын карап отургандарга да кубаныч алып келди. Бул тармактагылардын эмгек акысы жогорулап, республика боюнча орточо маяна 5422 сомду түздү.
Казына демекчи, казына топтош, аны туура керектеп сарпташ дагы иш билгилик жөндөмдү талап кылат. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси өткөн жылы 46,6 миллиард сомго жетип, мындай ийгилик ишкерликти өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттардын болушу, ошондой эле салык жана бажы төлөмдөрүн 2 эсеге көтөрүүдөн болду.Чогулган каражатың көп болсо, жасала турган жумуштар да четинен чыга бергендей, ошол казынага чогулган 46 миллиарддан ашык сомдун 45 миллиарды кайра эле чыгышталды. Профицит, кыргызча айтканда бардык чыгымдарды жапкандан кийинки ашып калган акча бир жарым миллиард сомду түзүп, кыргыз казынасынын тарыхында биринчи жолу болуп жатса керек? (балким чын эле). Акча маселесиндеги эң башкы ийгилик мамлекеттин тышкы карызы 2005-жылдагы 77,6 % көлөмдөн 45,3 % кыскарып, экономикалык коркунучсуз деңгээлге жетти.

Акча, кредиттик сектор
Экинчи заман башталган 2005-жылдан бери банктардын да иши оңолду. Депозиттик базанын жалпы көлөмү 2005-жылы 13.1 миллиард сом болсо, 2008-жылы 29.6 миллиардга жетти. Мындан сырткары банктарга тиешеси жок финансы-кредиттик мекемелердин саны 832ден 1090го көбөйүп, алардын берген кредиттеринин жалпы суммасы 7,4 миллиард сомго жетти. Чет элдик инвестиция тартуу жагы да кыйла жакшырып, 653,2 миллион АКШ доллары кыргыз экономикасына тартылды. Ал эми 2007-жылы КРнын президентинин алдында инвестициялык кеңеш түзүлүп, анын курамына мамлекеттик органдар, эл аралык финансы уюмдар жана бизнес-структуктулар кирди. Башкы максат - мамлекеттер жана бизнес-коомчулуктар аралык диалогдордун негизинде бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу. 2007-жылы өлкөнүн эл аралык рейтингин көтөрүү боюнча түп тамырынан өзгөртүүчү реформалары ишке кире баштады.
Дүйнөлүк банктын "бизнести алып баруу" долбоору боюнча "реформалардын 100 күнү" аттуу программа жүзөгө ашып, анын негизинде бюрократиялык жана административдик тоскоолдуктарды жоюуга аракеттер башталды. 2008-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү активдүү реформачыл мамлекеттердин катарына кирип, мурда ээлеген 99-ордунан 68-орунга жылды. Акча жаатындагы дагы бир ийгилик Кыргызстан Россия Федерациясынан 150 миллион АКШ долларын грант катары, 300 миллион АКШ долларын жеңилдетилген кредит катары ала алды.

Ишкерликтеги ийгилик
Кыргызстан үчүн өткөн жыл ийгиликтүү болду. Чакан жана орто ишкерлер тарабынан чыгарылган өнөр жай өндүрүшүнүн продукциясы 2008-жылы 19,7 миллиард сомду түзсө, 2005-жылы бул көрсөткүч араң эле 11,6 миллиард сомдун тегереги болгон. Ишкерликти өнүктүрүүнү стимулдаштыруу жана салык оорчулугун азайтуу максатында 2006-жылы 1-январдан тартып, Өкмөт чечкиндүү чараларды көрө баштады. Тактап айтканда кирешенин үстөк салыгы, жеке адамдардын кирешелер боюнча салыгы төмөндөп, 20 %дан 10%га түшүрүлдү.
Дыйкандарга жеңилдик алып келүү үчүн айыл чарба продукцияларын импорттоодо кошумча нарк салыгы таптакыр алынып салынды. 2008-жылы кабыл алынган жаңы Салык кодекси боюнча салыктардын саны эки эсеге - 16дан 8ге кыскарды. Ошондой эле ишкерликтин субъектилерин каттоо процедураларын жеңилдетүү максатында "бир терезе" принциби киргизилди. Ишкерликтин жолундагы административдик тоскоолдуктарды азайтуу үчүн мурда керек болуучу 275 лицензиянын 76сы, 160 уруксат берүүчү кагаздын 44үн алып салуу сунушу киргизилди. 2008-жылы КРнын салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мораторий жарыяланып, болгону 7808 субъект текшерилсе, 2007-жылы текшерүүлөрдүн саны 34864кө жеткен.

Тышкы соода
Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык жактан алака кылууга ашыккан мамилелердин саны күн санап өсүүдө. Эгерде 2005-жылы Кыргызстан дүйнөлүк соода коомчулугундагы 105 мамлекет менен кызматташса, учурда алардын саны 121ге жетти. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жеке адамдардын экспорт-импорт операцияларын кошуп эсептегенде, 5,7 миллиард АКШ долларын түздү. Бул тармакта да "бир терезе" принциби ишке ашып, товарлардын бажы каттоо документтерин жөнөкөйлөтүү, азайтуу иштери жасалып жатат. 2006-жылы октябрь айында Бүткүл Дүйнөлүк Соода уюмунун штаб квартирасында Кыргызстандын соода сатык саясатына баа берилди. Анда уюмга мүчө өлкөлөр, бизде жүрүп жаткан сооданы либералдаштыруу жана инвестицияларды тартууга багытталган реформаларды канааттандыраарлык деп баалап, Кыргызстан уюм алдындагы милдеттенмелерин аткарып жатканын белгилешти.

Өнөр жай сектору
Өлкөнүн өнөр жайы республикалык бюджеттин 40 пайызын салык төлөмдөрү менен камсыздап, 84 пайызы чет мамлекетке экспорттолот. 2005-жылдан 2008-жылга чейинки өнөр жай продукцияларынын көлөмү 51,2 миллиард сомдон 85,9 миллиард сомго чейин өстү. Ушул жылдар ичинде өндүрүшкө тартылган ички жана тышкы инвестициялардын наркы 618,8 миллион АКШ долларын түздү. Ушул жылдар ичинде 545 жаңы ишкана пайдаланууга берилип, 3723 адам жумуш менен камсыз болду. Өкмөттүн дагы бир ийгилиги Камбарата-1 ГЭСинин курулушун Россия менен бирдикте алардын 1,7 миллион доллар акчасына куруп баштоону макулдашты. Ал эми улуттун № 1 долбоору Камбарата-2 ГЭСинин курулушуна республикалык бюджеттен 1,8 миллиард сом бөлүндү. Бул каражаттардын эсебинен 354 бирдик кымбат баалуу атайын техникалар сатылып алынып, эки миңден ашык адам жумуш орду менен камсыз болушту. Кыргыз өкмөтүнүн акыры туура жасаган аракеттеринин натыйжасында Кумтөр долбоорундагы үлүшү мурдагы 15, 66 пайыздан 33 пайызга көбөйдү. Буга кошумча жыл сайын өлкөнүн бюджетине алынган продукциянын бирдигинен 18 пайыз, суммасы менен айтканда жылына бир жолу 22,4 миллион доллар түшүп турат.

Айыл чарба жаатында
Бул тармактагы иштер жыл мезгилдерине көз каранды болуп, киреше күздө гана болот. Ошентсе да 2008-жылы Кыргызстандын айыл чарбасы 112,4 миллиард сом продукция өндүргөн. Бул деген 2005-жылга салыштырганда 1.8 эсеге көп дегенди түшүндүрөт. 2005-2008-жылдары талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн (азык-түлүк буудайы, кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү, жер семирткичтер, дан жыйноочу комбайндар, тракторлор жана аларга чиркегичтер) 1,5 миллиард сомго сатылып алынган. Акыркы жылдары мамлекет тарабынан айыл чарбасына өзгөчө көңүл бөлүнүп, натыйжада өзүн-өзү актабай калган айыл чарба ишканалардын саны эки эсеге кыскарды. Бул тармакты колдоо үчүн атайын "Айыл банкы" түзүлүп, анын бүгүнкү күндө кредиттик портфелиндеги акча 2,3 миллиард сомго жетти. 31 миң адам учурда бул банктан кредит алып, айыл чарбасына көтөрүүгө салым кошуп жаткан мезгилдери. Алыскы айылдар да четте калбай атайын түзүлгөн кредиттик союздар элеттик дыйкандардын акча муктаждыгын чечүүдө. Карабалта шаарындагы трактор куроочу заводго өкмөт тарабынан 74 млн. сом бөлүнүп, учурда "ҮТО-704" тракторлору жана анын соколору чыгарылып жатат. Ошондой эле азыркы күндө таза суу менен камсыздоо, сугат системаларын жаңыртуу, дыйкан чарбарларды өнүктүрүү сыяктуу ири долбоорлор жүзөгө ашырылып жатат.

Транспорт
Кыргызстандын транспорттук көз карандылыгын камсыздоо, ошондой эле өлкө ичиндеги экономикалык маанилүү борборлордун бири бирине байланышын жана коңшу мамлекеттердин рыногуна чыгуу максатында жолдорду салуу жана оңдоо иштери жасалууда. 2242 чакырым эл аралык транспорттук жолдордун 590 чакырымы, бул жерде Бишкек-Ош, Бишкек-Георгиевка трассалары боюнча долбоорлор жыйынтыкталды. Учурда болсо дагы кошумча 382 чакырым жол салынып жатат жана ага 120.7 млн АКШ доллары бөлүндү. 2006-2008-жылдары 2.2 миң чакырым жолго орто жана капиталдык ремонт жасалып, 15 жаңы көпүрө салынса, 17си оңдолуп пайдаланууга берилди. 222,8 миң метр квадрат жолдун жыртык тешиги бүтөлгөн. Азыркы күндө Каракол-Түп-Кеген автожолу толук бойдон капиталдык ремонттон өтүп жатат. 2008-жылдын башынан бери "Баткен-Исфана", "Ош-Иркештам", "Ош-Сарыташ-Иркештам", "Тараз-Талас-Суусамыр", "Бишкек-Георгиевка" жана башка жолдор курулуп жана реконструкцияланып жатат. 2007-жылы узундугу 49 чакырым "Пүлгөн-Бүргөндү" жолуна шагыл төшөлүп, бүгүнкү күндө асфальттоо иштери башталды. Курулуш Сох дарыясындагы 56 метрлик көпүрөнүн салынышы менен аяктамакчы. Буга кошумча Тажикстандын Чорку жана Сурх айылдарын айланып өтүүчү узундугу 23,5 км болгон жолдун курулушу улантылып жатат.

Байланыш жана телекоммуникация
Телекоммуникациядагы башкы жетишкендик бул мобилдик байланыштын кенен кулач жайышы болду. Учурда өлкөнүн кайсы бурчу болбосун каалаган адам чөнтөк телефондун кызматын көрүүдө. Тактап айтканда Кыргызстандын аймагынын 85 пайызына уюлдук байланыштын желеси тартылган. Анын кызматын 3,2 миллион адам пайдаланат. Баткен областында сандык телевизиондук толкун таратуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилип, ага 59 миллион сом сарпталып жатат. 2008-жылдын октябрь айынан баштап КТР, Эл ТР, ОРТ, "РТР- Планета", "Баткен ТВ", "РТР-Культура" сыяктуу телеканалдардын берүүлөрү тесттик режимде сандык форматта бериле баштады.

Курулуш
2008-жылы курулуш продукциясынын көлөмү 25,2 милиард сомго жетип, 2005-жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге өсүү темпи байкалган. Ал эми ага тартылган инвестициянын каражаты 29,2 миллиард сомго жетти. 2005-2008-жылдары 2632, 5 миң чарчы турак жай салынып, мамлекеттик каражаттын эсебинен майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, бюджеттик тармактын кызматкерлерине квартира берүү практикасы кайрадан жандана баштады. Курулуш объектилерин салууга уруксат берүүчү жана макулдук алуучу документтерди алууда "бир терезе" принциби киргизилип, мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтик баалары төмөндөтүлдү.

Социалдык сектор
Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин өсүшү бюджетти социалдык багытка көбүрөөк бурууга мүмкүнчүлүк берди. 2008-жылы бюджеттин чыгыштоосунун жалпы көлөмүнүн 60 пайызы социалдык сферага жумшалып, 2005-жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөн. 2008-жылы орточо айлык акы 5422 сомго барабар болуп, саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, пенсиялык камсыздандыруу, маданият жана искусство, илим, укук коргоо системасы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер маянасы бир кыйла көтөрүлдү. Муну менен кошо социалдык жөлөкпул, стипендия жана пенсиялардын көлөмү көбөйдү. Жыл сайын жумуш менен камсыз кылуу кызматтары 40 миңге жакын адамга иш таап берүүдө. Жогоруда айтылган орточо эмгек акынын көлөмү минималдык керектелүүчү бюджетти 1.5 эсе басып өттү. Бул көрсөткүч 2005-жылы 1,2 эсе гана болгон. Учурда республиканын калкынын 35 пайызы гана жакыр турмушту кечирүүдө. 2005-жылы болсо кедей үй-бүлөлөр 43.1 пайызды түзүп турган.
Дени сак улут - мамлекеттин келечеги
Саламаттыкты сактоо тармагына сарпталган чыгымдар 2005-жылга салыштырганда 2,3 эсеге көп болгон. Учурда 2006-2010-жылдарга эсептелген "Манас таалими" улуттук программасынын алкагында реформалар жүрүп жатат. 2008-жылы республиканын калкынын 76,1% же болбосо, 3951,2 миң адам милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүшкөн. Беш жашка чейинки наристелер, кош бойлуу аялдар төрөттө жана төрөттөн кийин, 75 жаштан өткөн пенсионерлер дарылануудагы кош төлөмдөрдөн бошотулган. 2008-жылы фельдшер-акушердик пункттар үчүн 2,9 миллион АКШ долларын медициналык жабдуулар жана аспаптар сатылып алынып орнотулган. 465 миң долларга компьютердик жабдыктар, ошондой эле 140 миң долларга Ош, Жалалабад жана Нарын областарындагы жер титирөөдөн жабыр тарткан райондор үчүн тез жардам көрсөтүүгө ылайыкташкан санитардык автомашиналар сатылып алынган. 150 миң долларга областтык бириккен жана аймактык ооруканалар, төрөт үйлөрү үчүн 200 суу жылыткыч, 60 электргенераторлору алынды.

Билим берүү
2008-жылы билим берүү тармагындагы чыгымдар 2,2 эсеге жогорулап, 11,5 миллиард сомго жеткен, же болбосо социалдык сферага кеткен төлөмдөрдүн 26 пайызын ээлеген. 2008-2009-окуу жылында республикалык баш ийүүдөгү 2111 жалпы билим берүү уюмдары жана 22 билим берүү мекемелери 1,2 миллион окуучуга билим берген. 2005-жылы 242 мектеп жана кошумча курулуштар бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Алардын ичинен 73 мектеп бир жылдын ичинде 2007-жылы салынган. Мектептердин курулушуна мамлекеттик бюджеттен ири суммадагы каражаттар бөлүнүүдө. 2005-жылы курулушка 72.6 миллион сом каралса, 2008-жылы бул сумма 605.7 миллион сомго жеткен. Мектептерди компьютердик оргтехникалар менен камсыздоо иштери улантылып жатат. Эгерде 2005-жылы орто билим берүү жайларына 92 гана компьютер берилсе, 2008-жылы алардын саны 5898ге жеткен. Мындай көрсөткүчкө жыл сайын акырындап көбөйтүп отуруп жетишилген. 2006-жылдан бери 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган. Ал эми 2008-жылдын 1-январынан тартып, билим берүү кызматкерлерине педагогикалык стаж үчүн кошумча акылар төлөнө баштады. Ошондой эле "Жаш мугалимдин депозити" программасынын алкагында республиканын бардык аймактарындагы мектептерине жаш адистер жиберилүүдө. 2005-жылы алар араң эле 200 болсо, 2008-жылы 1900гө барды.

Социалдык коргоо жана пенсиялык камсыздандыруу
2009-жылдын 1-январындагы тактоо боюнча республикадагы 526.4 миң адам мамлекеттен пенсия алышат. 2005-жылы пенсиянын базалык бөлүгүнүн көлөмү 258 сом болсо, бүгүнкү күндө ал 630 сомду түзөт. Пенсиянын камсыздоо бөлүгү бир нече жолу жогорулап, 2005-жылы пенсиянын орточо өлчөмү 775 сом болсо, учурда эки эсе жогорулап 1435 сом болду. Өткөн жылы камсыздандыруу мүчөлүк акыларды чогултуу да эки эсеге өсуп, 2005-жылкы 4979,2 миллион сомдун ордуна 9054, 6 миллион сомго жетти. Социалдык коргоо чаралары үчүн республикалык бюджеттен 2008-жылы 2059,5 миллион сом, анын ичинде мамлекеттик жөлөкпулга 1188,2 миллион, жеңилдиктерге 688,7 миллион, интернат-үйлөрдү кармоо үчүн 113,1 миллион сом кеткен. Ай сайын бир жолу бериле турган жөлөкпулду 439,9 миң адам алган. Баккан адамын жоготкон балдарга төлөнчү пособие мурда 21 жашка чейин берилсе, эми 23 жашка чейин узартылды. Бир жолу айына жана социалдык жөлөк пулдардын көлөмү 25 %га көтөрүлүп, үстүнө дагы 35 сом кошулганына, өткөн жылы 1-январдагы керектөөнүн минималдык деңгээли 200 сомго жогорулаганы себеп болду. Ошондой эле аскердик кызмат өтөп жүрүп майып болгон аскер кызматчылардын, курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрүнө берилчү пенсиялар да жогорулады. Ал эми көрүүсү боюнча биринчи топтогу майыптарга, кызмат өтөп жүрүп майып болуп, минималдык пенсия чектелгендерге кошумча төлөмлөрдүн өлчөмү чоңойтулду.







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
14-май, 2009-ж.:
1-бет
К.Кабилова: "МЕНИ КОРКУТУП ЧАЛУУЛАР "РОЗЫГРЫШ" БОЛУШУ МҮМКҮН"
2-бет
Атка жеңил, тайга чак
маалыматтар

3-бет
Клара Кабилова, БШКнын экс-төрайымы:
"Парламенттик шайлоо таза, ачык өткөн"

4-бет
Токтогул Абдиев,
Алтынбек Итибаевдин адвокаты:
"Алтынбек менен Санжардын ортосунда достук мамиле гана бар экен…"

5-бет
Акылбек Жапаров,
КРнын Экономикалык өнүгүү жана соода министри:
"Президент көрөгөчтүк кылган экен"

6-7-бет
Эмне кылдык, эмнеге жетиштик?
8-бет
Жылдыз Осмоналиева, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"Кафе башчысы болуп иштеп жатам"

9-бет
КОНКУРС
10-бет
Исмаил Исаков
11-бет
Апас Жумагулов:
"Албетте, коркунуч бар"

12-бет
"Жыпжылаңач берип салды"
13-бет
Абдылдажан Акматалиев, Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, профессор:
"Айтматовдун айланасын отоо чөптөр басып..."

14-бет
Лариса Асанбекова, эниоинженер, академик, профессор,
Кытай абышка. Орус кемпир. Хармакути.

15-бет
Издейм сени
16-бет
Кайдасың классташ, парталашым?!





а ­е¦Є.НҐй«