министрмаек

Акылбек Жапаров,
КРнын Экономикалык өнүгүү жана соода министри:
"Президент көрөгөчтүк кылган экен"
- Акылбек Үсөнбекович, кризис темасы учурда бардыгыбызды кызыктырып турат. Экономикалык талдоолорго караганда азыр Кыргызстан финансылык кризистин кайсыл этабына келип калды? Ушул туурасында учкай анализ жүргүзүп берсеңиз?

- Биз толук кандуу кризистин эпкинине кабылдык дегенден алысмын. Бирок, буга чейин айтылып келген Америкадагы ипотекалык кризистин толкунунун баары биринчи болуп Кыргызстанга келип тийип жаткандыгын белгилеп койгум келет. Өткөн жылдын октябрь айында "бул кризистин эпкини бизге марттын аягында, апрельде башталат" деп бул туурасында айтканымда, айрымдары "Кантип эле кризис Кыргызстанга келип калсын" деп ишенбегендей кабыл алышты эле. Бүгүнкү күндө өзүңөр байкап жатсаңар керек негизги кыйынчылык өндүрүш тармагына келип турат. Өндүрүштөн чыгарылып жаткан продукциясын Казакстан, Россияга кетирип жаткандардын бардыгы тең азыр кыйналып жаткан учуру. Бул өндүрүш оңолмоюнча биз баары бир оңоло албайбыз. Албетте, азыр биз баштан кечирип жаткан бул кризис бүгүн-эртең бүтүп калат дегенден алыспыз. Бирок, анын кандайдыр бир бөлүгүн алдын алуу боюнча даярдыктардын дагы жаман эместигин белгилеп койгум келет.
Жыл башында дагы президент Курманбек Бакиев өзү мындай кризистин артынан кандай соккулар, коркунучтар болушу мүмкүн экендигин айтып, ага алдын-ала даярдыктарды көрүүнү тапшырбады беле. Азыркы күндө Улуттук банктагы кайрадан каржылоо фондунда 4 миллиард сомдун тегерегинде атайын каражатыбыз даяр турат. "Т-фү" деп туралы, азырынча жардам сурап бир дагы банктар кайрыла элек. Ал эми депозитти коргоо фонду азыр толук кандуу иштей баштады. Азыр 100 миң сомго чейинки каражат ар бир атуулдун депозитинде, коммерциялык банкта сакталышынын кепилдигин мойнубузга алып жатабыз.
Мындан тышкары Россиядан 6 миллиард сом келди. Эгерде кризистин кесепетинен кирешебиз келбей калса деген алдын алуулар менен бүгүнкү күнү 6 миллион сом, дагы 150 миллион доллардын тегерегиндеги акчаны даярдап коюп турабыз. Аз эле күн болду, 300 миллион доллар, башкача айтканда 12 миллиард сом Финансы министрлигинин Улуттук банктагы эсебине келип түштү. Бул биздин экономикабыздагы кризистин кесепетинен келбей кала турган акчалардын ордун толуктап, кредиттерди көбөйтүүгө, реалдык секторго жана экономиканын өнүгүшүнө багытталган каражат. Айтор, ушулардын бардыгы тең бизде атайын баланс катары каралса болот.
Былтыркы азык-түлүк кризисинин учурунда дагы тең салмактуулукту кармай алдык десек болот. Мына эми жондон басып энергокризис дагы өзүнүн кыйынчылыктары менен элдин үшүн алып турат. Бул дагы бүгүн-эртең эле бүтө турган нерсе эмес экен. Бирок, анын дагы экономикага, элге болгон таасирин минималдуу түрдө алып кетүүгө даярдыктар бар.
Дагы бир баса белгилеп кое турган нерсе, "Кумтөр" алтын кенинин тегерегиндеги сүйлөшүүлөрдүн бүтүп калгандыгы болуп турат. Ал сүйлөшүүлөрдүн кандай маанайда болгондугун дагы силер жакшы билесиңер. Бул дагы тоо-кен тармагындагы жакшы көрүнүштөрдүн бири. Кризис бүтпөсө дагы, бул тоо-кен тармактарындагы биринчи жакшылыктар десек болот. Буюрса, ушунун аркасында калган кендерибизде дагы "Кумтөр" менен бүткөн келишимдерди колдонуп, "Жер-Үй", анан "Талды-Булак" боюнча сүйлөшүүлөрдү дагы кайра башынан баштап, карап чыксак кыргыздын алтыны кыргыз элине кызмат кылат эле. Мунун арты менен биз калган тоо-кендеринин баарын тең орду-ордуна коюп алат элек. Албетте, бул туурасындагы программа өкмөттүн өзүндө бар, бирок муну так, орду менен ишке ашыруу зарыл болуп турат.
Ал эми айыл чарба жана энергетика тармагында тилекке каршы, биз президент айткан чекитти кое албай жатабыз. Негизи эле энергетика тармагындагы жат көрүнүштөрдү жок кылмайынча биз экономиканы алдыга жылдыра албайбыз. Ал жакта эмне оору бар экендигин, кантип дарыласа болоорун билебиз. Буюрса алдыдагы шайлоо шарапаты тынч өтүп кете турган болсо, өкмөттүн эң оболу иштей турган жумуштары ушул тармактардын үстүндө, президенттин берген тапшырмаларынын негизинде болмокчу.

- Кечиресиз, "Камбар-Ата" ГЭСинин курулушу боюнча дагы көп ача пикирлер айтылып келатат. Кай бирлери аны куруу демилгеси Акаевдин тушунда эле башталган дешсе, жакында эле Алмаз Атамбаев "Камбар-Ата ГЭСин мен баштагам. Мен өкмөт башында турган учурда 300 миллион сом бөлүнгөн, бул Россиянын кредитине курулган жок" деп айтты. Мындай пикирлердин тегерегинде эмнелерди айта аласыз?

- Камбар-Ата ГЭСин куруу демилгеси толугу менен президенттин демилгеси. Ошол убакта өкмөт дагы өзүбүздүн күчүбүз менен кура албайбыз деп анча- мынча эсеп-кысап, каражаттар болгону менен курулушту баштаганга даай албай турган. Камбар-Атага карата ал учурларда айткан президенттин сөзү мына азыр дагы эсимде. Ал "Эгерде Камбар-Ата 2ни курбасак, гидроэнергетикага жана Камбар-Ата 1ге инвестор келбейт. Биз өзүбүздүн экономикалык мүмкүнчүлүгүбүздү, саясий ишеничибизди көрсөтмөйүнчө бир да инвестордон мындай ири долбоор алып келе албайбыз" деп туруп өкмөткө тапшырма берген. Анда мен финансы министри кызматында болчумун, "каражат булактарын табасыңар, өзүбүздүн күчүбүз менен Камбар-Ата 2ни курабыз" деген президенттин тапшырмасын аткарып, тиешелүү эсептөөлөрдү эсептеп чыккан элек. Буюрса, ошол талаптар ишке ашып, Камбар-Ата 2нин биринчи агрегатын өзүбүздүн күчүбүз менен койгондон кийин орустар ишенип, мына эми өздөрүнүн 1 миллиард 200 миллион доллар каражатын бөлүп, алдыда Камбар-Ата 1ди курганы жатабыз. Бул кадам биз үчүн көп нерселерге жол ачты. Алсак, Сары-Жазга келип, иштетебиз деп көп инвесторлор өздөрүнүн долбоорлорун көрсөтүп, сунуштарын айтышууда. Кичи ГЭСтер боюнча Феликс Шаршенбаевич иш алып барып жаткандыгын жакшы билесиңер, ал жакка дагы инвесторлор көбөйдү. Кризистин кесепетинен кичине кармалгансып турганы менен бир-эки жылдын ичинде ушул Камбар-Ата 2 жеке эле Борбордук Азиядагы суунун ачкычы болбостон, бизге келе турган инвестизициялардын дагы бир чоң ачкычы болот.
Эгерде Камбар-Ата-2ни кура баштабаганда, Камбар-Ата-1ге каражат келмек эмес. Бул жерден президент көрөгөчтүк кылды. Өткөндө эмне үчүн Атамбаевдин өкмөтү, анын ичинде сиз дагы "Кумтөрдүн" келишимин мурунку сиздер айткан талаптар боюнча алып келгенсиңер, көрсө жакшыртса болот турбайбы деген биздин наамыбызга көп сөздөр айтылды. Мен буга минтип жооп берер элем. Анда Атамбаевдин өкмөтү ошол күндөгү, ошол жумадагы, ошол айдагы эле көрөгөчтүгүн көрсөтө алыптырбыз. Анткени, биздин мүмкүнчүлүгүбүз ошондон ары жылбайт го деген оюбуз бар эле. А Президент болсо "Жок, анда бөлөк өкмөт болот. Силер болбосоңор, бөлөктөр келет дагы, "муну кыргыз элинин талабына жакшыраак кылса болот" деген ниет менен сунушун берди эле, мына азыр ошол эки келишимдин айырмасы 1 миллиард доллардын тегерегинде болду. Ошондуктан президент айткан нерселерди так аткарганды өкмөт үйрөнүп алса бир топ жакшы болот эле. Биз дагы элди кыйнабай көп нерселерге чекит коюп алганды үйрөнөт элек. Энерготармагын ордуна келтирип, айыл чарбасында корпоративдерди түзүп, кайра иштетүүчү ишканаларды иштетип, элдин эмгеги, маңдай тери менен тапкан этин, сүтүн, майын, чайын жеке эле өзбүз сатып ала бербестен, чет мамлекетке дагы чыгарсак иш алдыга жылат.

- Кыргызстандын экономикасына чоң өбөлгө боло турган дагы бир тармак туризм тармагы эмеспи. Бул тармакты өнүктүрүү туурасында өкмөттө кандай чаралар көрүлүп жатат? Дегеле, бул тармакты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү кандай деп ойлойсуз?
- Мүмкүнчүлүк чоң. Бирок, анүчүн бардыгыбыз биргелешип аракет кылганыбыз оң болуп турат. Мына жакында эле туризм агенттиги менен бирдикте чоң жыйын болду. Өкмөттө каралып жатканда да мен сунуштадым эле, атайын конок тоскондо деле даярданабыз, ошол сыяктуу эле атайын конок камылгасын көрө тургандай бир штаб ачып, Өктөмхан Авазовна башында турса, жума сайын ушул штаб болуп жаткан кемчиликтердин бардыгын жокко чыгарып турса депчи. Быйыл колубуздан келишинче туристтерди тосуп алсак, анан эмдиги жылдан тарта туризмди да индустрия катары карашыбыз керек.
Биз туристтерди өзүнүн мекенинде жатканда эмне кылып биз жакка тартып алабыз? Бизге чек арадан кантип өтөт, көлгө кантип жетет, анан эс алуу учурунда кандай тейлөө болот? Биз колубуздан келишинче аларга кандай меймандостукту көрсөтүп, кантип Кыргызстанга акчасын алып калып, кайра мекенине кантип жөнөтүп жиберебиз? Эгер ушунун баарын туура ойлонсок, ал турист үйүнө барып, кийинки жылы да барайын, ага-тууган, досторумду дагы ала барайын деп ойлоно тургандай деңгээлде тейлөө кылышыбыз керек. Ошондуктан туризмди индустриялык чоң тармак катары атайын карап, колдон келгенче инвестиция жагынан, мыйзам жагынан жардам берип, алдыга сүрөбөсөк болбойт. Тобокелдикке салып жатып Санта Клаустарды, башкаларын деле чыкырып жатып, албетте, туризм тармагы кичине алдыга жылып калды. Бирок, мындан дагы жакшы кылып, бүт баарын жөнгө салып, президент айткан элиталык туризмди жасайбыз десек, анда аларга өзүнүн үйүнөн жакшы шарттарды түзүүбүз зарыл. Антмейинче туризм өлкөсү болууга биз умтулушубуз мүмкүн бирок, боло албайбыз.
Башкача айтканда, 1-июндан 1-сентябрга чейинки убакытты сезон катары карай турган болсок, ошол мезгилде милиция дагы, өрт өчүрүүчү машиналар дагы, айтор, бардыгы бир кишиге баш ийгендей кылыш керек. Антпесек, комплекстүү тейлөөгө жетишүү кыйыныраак болуп калат. Анан губернатор, акимдерден дагы суранып жатабыз, сезон учурунда кичинекей соода-сатык менен иштеген элибиз жаман кийим кийинбесин, кредитке кичинекей муздаткычтарды берели, аларга да шарт түзөлү деп. Албетте, кичине балдар дагы соода кыла беришсин. Анткени, алар кийинки Кыргызстандын бизнесмен, миллионерлери. Бирок, жакшыраак шартта соодасын жасашы керек да. Туристтер азайбас үчүн келгендерге дагы эс алуу жайларынын кожоюндары тарабынан да тиешелүү жеңилдиктерди беришибиз керек. Бир жылдагы чыгымдарды үч айда жаап алышым керек дегени менен эгер туристтердин талабына ылайык келбесе, кийинки жылы туристтердин саны азайа турган болсо анда кандай болот. Демек, ушул маселелердин баарын аздап жолго салып алсак, бул тармак дагы Кыргызстанга келечекте көп каражат таап, экономиканы алдыга жылдырууга зор салым кошо алмак.

- Жогорку суроолордон тыш дагы бир суроо бергим келип турат. Биздин билишибизче сиздер Нарын шаарына ири университет куруу боюнча дагы бир катар келишимдердин үстүндө иштеп жатыптырсыздар...

- Туура. Ага хан фонду менен биргеликте ушул долбоорду ишке ашыралы деп турабыз. Япониянын архитекторлору тендерди утуп алышты, буюрса 2012-жылдары бул университеттин биринчи корпустары ишке берилип иштей баштайт деп турабыз. Биринчи 120 орундуу болот. Курулуш 5 жылдык цикл менен болуп, андан кийин 1000-2000ге чейин студенттер окуй баштайт деген пландар бар. Бул Борбордук Азиядагы ири университеттердин бири болот. Андан ары Нарын шаарынын дагы өсүшүн камсыздоо боюнча сүйлөшүп жатабыз. Ушул жуманын аягында архитекторлор келсе, Япон өкмөтүнөн акчасын сурап Нарын шаарынын генпланын дагы карап, кийин дагы өнүп-өскөнгө, ошол университеттикинен кем эмес кылып архитектуралык план жасап бериңиз деп алдын-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзсөк, макул болуп жатат. Буюрса, келечекте бул тармакта көп иштерди бүтүрөбүз деген дагы каалоо-тилектер бар.

Маектешкен А.Асанбекова