маектөр

Апас Жумагулов:
"Албетте, коркунуч бар"
"Асман пресстин" бул жолку мейманы Карабалта тоо кен комбинатынын директорлор кеңешинин төрагасы, геология-минералогия илимдеринин доктору, академик Апас
Жумагулов болду.

- Апас Жумагулович бүгүнкү күндө ишкана кайра жаралды деп айтсак болобу? Эгер андай болсо биринчи кезекте кимге ыраазычылык билдириш керек?
- Адегенде бир аз өткөнгө көз чаптыра кетсек. 2007-жылдын апрель айына чейин завод негизинен гидрометаллургия чыгарууга ылайыкташып, төрт жыл таптакыр иштебей турган. Ошол 2007-жылдын 30-мартында тендерден кийин биздин республиканын мамлекеттик мүлк фондусу менен россиялык "Урал Платина Холдинг" компаниясына Карабалта тоо кен комбинатынын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча келишимге кол коюлган. Биринчи эле жылы республиканын жетекчилиги менен негизги инвестор - "РЕНОВА" компаниялар тобу комбинаттын жааматы менен заводдун жабдууларын алмаштыруу, оңдоо жана технологиялык линияларды жөнгө салуу боюнча чоң иштерди жасашты. Инвесторлор чийки зат ташып келүүгө байланышкан бир катар финансылык жана уюштуруу иштерин чечишти. Президент Курманбек Бакиев Н. Назарбаевге кайрылып, ошол эле 2007-жылы сентябрда негизги өндүрүштү баштоого мүмкүнчүлүк болду жана жылдын аягына чейин 234.3 тонна урандын аралашмалары даярдалды. Өткөн жылы болсо 1110.1 металл өндүрүлүп, эмгектин өндүрүмү 64% жогорулаган. Бүгүнкү күндө комбинатта 950 адам эмгектенип, орточо маяна бир жылда 49.8 % көтөрүлгөн.
- Өзүбүздөн чыккан чийки зат… Тоо кен комбинаттын башкы проблемасы ушул болсо керек, Апас Жумагулович?
- Ушул максатта адистештирилген Борборазиялык тоо кен компаниясы түзүлдү.Учурда Ысыккөл жана Нарын областарында жаңы уран жана сейрек кездешүүчү металл кендерин ачуу каралып жатат. Эгерде геологиялык изилдөө иштеринин жыйынтыгы оң натыйжа берсе, анда ошол жерге тоо кен жана байыштыруу ишканасын курууга финансы каражаттарын табууга болот. Мындан сырткары инвесторлордун демилгеси менен комбинаттын аймагында көмүлгөн уран калдыктарын кайра иштетүү маселеси чечилип жатат. Геологиялык жана техникалык изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн миллиондогон акчалар сарпталууда. 150 гектар уран калдыктарын сактоочу жайда 50гө жакын бургулоо иштери жасалып, коопсуздук маселелери эске алынды. Учурда германиялык "Визутек" компаниясы менен кызматташып, уулуу калдыктар сакталган жерден пайдалуу заттарды бөлүп алуу үчүн эффективдүү технологияларды колдонуу иштелип жатат.
- Сиз азыр көп жылдан бери жүрөктү өйүтүп келген көйгөйлүү маселеге токтолуп кеттиңиз. Баары билишет уулу заттар көмүлгөн жерлер ар бир кыргызстандык үчүн кооптуу. Мекендештерибиздин тынч укташы үчүн ушул жаатта кандай чараларды көрсө болот.
- Албетте, коркунуч бар. Ал үчүн дайыма калдык сактоочу жайлардын техникалык абалын көзөмөлдөп, үстүнкү жабуусунун калыңдыгы текшерилип, суу агып өтүүчү инженердик курулуштардын абалын байкап туруш керек. Бул иштердин баарын өзгөчө кырдаалдар министрлиги жасап жатканы менен ал аракеттер жетишсиз. Биздин өкмөт, коомдук уюмдар уулу заттар жаткан жайларды коопсуз абалда кармоо үчүн биргелешип аракет кылууга чакырып, ар кандай эл аралык уюмдарга, коңшу өлкөлөргө, Россия Федерациясынын жетекчилигине бир нече жолу финансылык жардам сурап кайрылган. Жардам болду, бирок өтө аз көлөмдө. Жаратылыш техногендик кырсыктарды болтурбоо үчүн жалпы эл аралык коомчулуктун биздин бул маселеге кийлигишүүсү зарыл.
- Сиз өзгөчө маани берип сөз кылып жаткан маселе, айрыкча Миңкуш, Майлысуудагы уран калдыктарына тиешелүү болсо керек?..
- …Бул жайлар жаратылыш түзүлүшү катаал жерлерде жайгашып, биздин тоо кен комбинаттан алыс жайгашкан. Биз аларга көңүл буруш үчүн чоң капиталдык каражат керек. Биздин ишкана азыр биринчи кезекте карабалталык калдык сактоочу жай боюнча техникалык эксплуатациялык негиздеме жана коопсуз кайра иштетүү технологиялык долбоорлордун үстүндө иштөөдө. Алардын натыйжасы жакшы болсо, анда биз башка жайлар жөнүндө ойлоно баштамакпыз.
- Шериктештикке кирген өлкөлөрдө бул маселе кандай чечилип жатат?
- КМШ мамлекеттеринде калдык сактоочу жайларды өнөр жайда кайра иштетүү практикалана элек. Уран өндүрүү тармагын айтпай коелу, жада калса түстүү жана сейрек кездешүүчү металл иштетүүчү ишканалар бул жөнүндө ойлоно элек. Мына биздеги Кадамжай сурьма комбинатынын калдык проблемасы алигиче чечилбей келет. Тилекке каршы мындай мисалдар көп эле… Менин оюмча өкмөт уулу жайларды өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөруп бергени туура болду. Бирок, мамлекет жакынкы келечекте чоң өлчөмдөгү финансы каражат бөлүп, абалды жөндөп кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан маселени терең изилдөө үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен Россия Федерациясынын өкмөтүнө кайра - кайра кайрылып эл аралык деңгээлдеги фонд түзүү керек. Ушул жааттагы сүйлөшүүлөр жылдын ортосунда Борбордук Азия жана Кыргызстандагы уулу заттарды сактоочу жайлардын проблемалары боюнча Женевада өтө турган ПРООНдун эл аралык конференциясында болгону жатат.
- Комбинат жөнүндө сөздү уласак. Бир катар басмалар бул жерде иштегенге жумушчу калган жок, баардыгы тарап кетишти деп жазып чыгышты эле, мында канчалык деңгээлде чындык бар.
- Кайра жаралуу процесси оңойго турган жок. Кайсы бир убакытка чейин айласыздан комбинаттын пенсиядагы ардагерлерин жумушка чакырып иштеттик. Ошентсе да жумушчулардын негизги өзөгүн түзө алдык. Айрым адистер эки смена иштегенге туура келди. Алар жабдууларды тизмелеп, кээ бирлерин оңдоп, ишке киргизди. Уранды кайра иштетүүнүн жаңы процесстерин өздөштөрүүгө багытталган иштер бүгүнкү күндө да жалпы жаамат бирдикте улантылып жатат.
- Демек учурда адистер жетиштүү экен да?
- Антип айта албайм, өз ишин мыкты билген адистер убагында комбинаттан кетип калышкан. Айрыкча 1999-2000-жылдары заводдун өндүрүш көрсөткүчтөрү кескин төмөндөп, иш таптакыр токтоп калган. Ошого карабастан тажрыйбалуу адистерди кайра чогулта алдык. Азыркы милдет ушул адамдардын күчү менен жаштарга окутуп, үйрөтүү болуп жатат. Акыркы жарым жылдан бери комбинаттын башкы директору болуп, Красноярск крайындагы ири радиохимиялык заводдун башкы инженери болуп иштеп турган Н. Сергеев дайындалды. Комбинаттын башкы инженерин да россиядан чакырып келгенбиз. Ишканага адистерди даярдоо үчүн Томск политехникалык институту менен келишим түзүлүп, жакында алгачкылары келе баштайт. Директорлор кеңеши ушул адистерди даярдоо иштерине үстүбүздөгү жылы 100 миң доллар акча бөлдү.
- Апас Жумагулович Карабалта тоо кен комбинатынын социалдык акциялары жөнүндө сөз кылбай кетсек болбойт го?
- Сыймыктанып айтарым, "РЕНОВА" компаниялар тобунун артыкчылык берген багыттарынын бири татыктуу айлык төлөп берүү. Учурда комбинатта айлык акы эки эсеге көтөрүлүп, дагы да болсо улантыла бермекчи. Карапайым жумушчунун эмгек маянасы кесибинин оордугуна жана зыяндуулугуна жараша айына 12-13 миң сомго жетүүдө. Негизинен алганда комбината орточо айлык акы төмөн болуп жатат. Мен ойлойм өндүрүш кубатынын өсүшү менен маяна да көбөйө берет деп. Ишканада эмгекти коргоо жана медициналык тейлөөгө, жеке жана коллективдүү коргонуу каражаттары менен өз убагында камсыз кылып турууга, комбинаттын ден соолукту калыбына келтирүү профилакториясына жумушчуларды жиберип турууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Жайкысын болсо алар үчүн ишкананын каражатынын эсебинен Ысыккөлдөгү пансионаттарда ден соолукту чыңдап эс алуусу уюштурулат. Мында айрыкча ардагерлерге, пенсионерлерге, жумушчулардын балдарына артык көңүл бурулат. Азырынча алдыга койгон көп максаттарыбыз ишке аша элек. Буга эмгек жаамат түшүнүү менен мамиле кылууда. Анткени көп жылдар бою токтоп, эми гана ишке киришкенибизге аз эле убакыт болбодубу.
- Апас Жумагулович, эми комбинаттын келечектеги иштери жөнүндө кыскача айта кетсеңиз?
- "Казатомпром" НАКтын жетекчилиги менен чийки затты ташып келүүнүн көлөмү боюнча жакынкы күндөрү "РЕНОВА" компаниялар тобу менен "Казатомпромдун" ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюуга макулдашылды. Комбинаттын туруктуу иштеп кетиши үчүн биз азыр Казакстан, француздардын "COGEMA", канадалыктардын "COMECO", япондордун "SUMITOMO Corporation" жана башка уран чийки затын өндүргөн компаниялар менен кызматтык байланыштарды ого бетер күчөтүү аракетин көрүп жатабыз. Алдыга коюлган максаттардын бири ОАО "Атомредметзолото", ГК "Росатом", Казакстанда иштеп жаткан "Заречное", "Акбостау", "Каратау" биргелешкен ишканалары менен узак мөөнөттүү тыгыз байланыштарга жетишүү. Биз казакстандык, россиялык жана чет өлкөлүк фирмалар менен кызматташуубуз биринчиден чийки зат менен узакка туруктуу камсыз болсок, экинчи жагынан илимий-техникалык кызматташууга жол ачылат. Эл аралык деңгээл менен алганда комбинаттын кадыр-баркы дагы деле болсо кете элек. Бирок, ачыгын айтып коюшубуз керек, ишканадагы техникалык жабдуулар өткөн кылымдын 50чү жылдарына таандык болуп бүгүнкү күндө алар эскирип бүттү. Жалаң гана жогорку квалификациялуу адистердин күчү менен тиешелүү сапаттагы продукция алууга мүмкүн болуп жатат. Коңшу Казакстандагы Ульбанск тоо кен иштетүү комбинатында азоттук кычкылдандыруу технологиясы менен жогорку тазалыктагы уран бөлүп алышууда. Биз дагы бара бара ушул ыкмага өтөбүз. Анткени, ал салыштырмалуу арзан, жогорку технологиялуу, учур талабына жооп берген автоматика, бардык технологиялык циклдерди көзөмөлдөчү аппаратурасы менен айырмаланып турат Эгерде алдыга койгон ушул иштердин баары жүзөгө ашса, анда ушул жылы комбинат 1800 тонна уран продукциясын, эгер абдан эле иш жакшы жүрүп кетсе, 2500-2800 тоннага чейин жетип кетерибиз ыктымал. Биздин өкмөтүбүздүн, "РЕНОВА" компаниялар тобунун колдоосу менен, "Росатом" жана "Казатомпром" ишканаларынын тыгыз кызматташуусу аркылуу биз мындан көп иштерди аткарып, комбинаттын мыкты деген жылдарынан ашарыбызга ишенем.