102:

Крим-кырдаал
Депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча териштирүүнүн жүрүшүндөгү жаңы фактылар
Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө Алмазбек Итибаев себепкер экени аныкталганга чейин, маркумдун жан сакчысы Эрнис Мамазаиров кылмышка шектүү деп кармалып, сурак берип жаткан. Мамазаировдун айткандарына караганда кылмышкер депутатты өлтүрүп качканда, кокустан пайда болгон тапанча менен артынан ок чыгарып, кубалап жетпей калган. Мына ошол кокустан пайда болгон тапанча милиция кызматкерлеринин кызыгуусун пайда кылды. Текшере келгенде бул "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча эч жерде катталган эмес жана мыйзамсыз сакталып жүргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө Алмазбек Итибаевдин да тапанчасы табылып, экөө тең экспертизага жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында "баш кесердин" тапанчасы мурда Кыргызстанда эч бир жерде атылбаганы, анын кайдан келгени белгисиз экени аныкталган. Ал эми Кадыралиевдин жан сакчысынан табылган тапанча мурда атылып, эки адамдын өлүмүнө себепкер болгону белгилүү болду. Тактап айтканда 2006-жылы 5-декабрда Жалалабад областындагы Базаркоргон районунда 30 жаштагы Болот Аширов ушул "Макаровдон" өлтүрүлгөн. Милициядагы маалыматтар боюнча Болот Аширов Базаркоргонду караган криминалдык авторитет болгон. Эки жарым айдан кийин 2007-жылдын 18-февралында Ош областынын Өзгөн районунда Өзгөндү "карап турган" 40 жаштагы Кубанычбек Идрисов да ушул куралдан өлтүрүлгөн. Бул окуялардан кийин Ош шаарында болгон атышууларда Агахан атындагы мектептин терезесине тийген октор да ушул тапанчага таандык болуп чыкты. Бул маалыматтарды Дело№ гезити жарыялап чыгаардын алдында аларга Санжар Кадыралиевдин жан сакчысы Эрнис Мамазаировдун атасы, ИИМдин ардагери Дыйкан Мамазаиров, энеси Мурзакыз Мамазаировалар кайрылышкан. Алардын айткандарына караганда уулу Эрнис тергөө изоляторунда ак жеринен отурат. Мыйзамсыз сатып алынып, сакталып, колдонулуп жүргөн тапанча чындыгында Санжар Кадыралиевге тиешелүү. Эрнис Мамазаиров биринчи суракта тапанчаны жерде кансырап жаткан депутаттан алганын, тактап айтканда "шефинин" буйругу менен анын эки телефонуна "бирдик" жүктөгөнү кеткенде ок атылганын угуп чуркап келген. Жерде кулап жаткан Кадыралиевдин курундагы тапанчаны көрүп, аны алып атып кеткен адамдын артынан кубалап жөнөгөн. Депутаттын айдоочусу да бул пистолетти жан сакчысынан көрбөгөнүн, тескерисинче Кадыралиев көтөрүп жүргөнүн көргөн. Э. Мамазаировдун адвокаты Самед Али оглы Самедовдун айтымына караганда ал коргоп жаткан адамды камакка алмак турсун кылмыш жоопкерчилигине тартууга мыйзамдык негиз жок. Айыпталып жаткан Эрнис Мамазаировдун туугандары жана жердештери парламенттин алты депутатынын колдоосу менен Жогорку Кеңештин спикери А. Тагаевге, Жогорку соттун төрагасы Ж. Алиевага, баш прокурор Э. Сатыбалдиевге, ички иштер министри М. Конгантиевге Эрнис Мамазаировдун ишин жакшылап териштирип жана бошотулушун өтүнгөн жамааттык кайрылуу даярдашууда.


Жезде болбой көз жумду
3-май күнү Нарын областынын Атбашы райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан "изин суутпай" оор кылмышка шектүү делген мурда мал уурулук менен соттолгон 1980-жылы төрөлгөн Бишкек шаарынын тургуну Ч. Абдырахманов колго түшүрүлдү. Окуя 2-майда түнкү саат бирлерде Атбашы айылында болгон. Ч. Абдырахманов бир тууган эжесинин үстүнө кирип жашап алган 1962-жылкы П. Бодано менен уруша кетип, "өлөөрчө" сабап салган. Натыйжада денесинен алган жараттардан жабырлануучу аймактык ооруканада эсине келбей каза болуп калды.
Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.


Тергөө жайынан качкан эргулдар
Нарын областынын Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан камакка алынып, тергелип жаткан эки айыпкер качып кетти. Алынган маалыматтарга караганда качкындардын бири 1979-жылкы Марсбек Ибраимкулов, экинчиси 1980-жылы төрөлгөн Мирлан Сыдыков 2-май күнү таңкы саат төрттөрдө "жылт" койгон. Айыпкерлер экөө тең Чаек айылынын тургундары жана мурда соттолгондор. М. Ибраимкулов уурулук кылмышы 27-апрелде экинчи жолу соттолсо, М. Сыдыков издөөдө жүрүп, 22-апрелде колго түшкөн болчу.
Учурда бул окуя такталып, себептери иликтенип, ички иштер министрлиги тарабынан айыпкерлерге издөө салынды..


Окуучусунан өлүм тапкан мугалим
Ысыккөл районунун Семеновка айылында 5-апрель күнү айылдагы Колесников атындагы орто мектептин мугалими 43 жаштагы Л. Кимдин сөөгү өз үйүндө табылды. ИИМдин басма сөз кызматынын берген маалыматтарына караганда айылдык мугалим денесинин ар кайсы жеринен бир нече жолу бычак жеген. Оперативдүү тергөө тобунун алдын ала иликтөөлөрүнө караганда үйдүн ашканасынын терезеси талканып, бөлмөнүн ичинде мушташ болгон.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин 3-майда Ысыккөл областтык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдеги кесиптештеринин жардамы менен ушул эле Семеновка айылынын тургуну 19 жаштагы В. Воеводин кылмышка шектүү деп кармалды. Кылмышкер өз мугалиминин үйүнө ууруга кирип, кокустан беттешип калганда ушул ишке барган деп айтылууда.


Өгөй балдарын өрттөгөн ата
Россия прокуратурасынын алдындагы тергөө комитетинин Сахалин областы боюнча тергөө органы Кыргызстандын 28 жаштагы жаранынын үстүнөн козголгон кылмыш ишин тергеп бүттү. Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин 109-беренеси боюнча кыргыз жараны абайлабастан эки жаш баланы өлтүрүп алган деген айып менен сурак берди.
Россиялык массалык маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда 2009-жылдын февраль айында айыпкер күйгүзгөн тамекисин өчүрбөстөн дивандын үстүнө таштап, үйдү бекитип чыгып кеткен. Натыйжада өрт чыгып өзү менен никесиз жашап жаткан келиндин 3 жашаар уулу, 2 жаштагы кызы үй менен кошо өрттөнүп кетти.
Учурда айыптоо бүтүмдөрү негизделип соттун кароосуна жиберилди.


Прокуратура уят болду
Бишкекте Свердлов райондук прокуратурасынан сурак берип жаткан жеринен Улукбек Тешекеев качып кеткен. Бул адам өз аялын өлтүргөнү үчүн мурда соттолуп чыгып, кайра эле адам денесине атайылап залака келтирүү айыбы менен убактылуу тергөө изоляторунда кармалып жаткан. Майрамдарга жакын эмнегедир аны суракка алыш керек болуп, Свердлов райондук прокуратурасына чакырылган. Процессуалдык эрежелер боюнча айыпкерди тергөө изоляторунда гана суракка алыш керек болсо, бул жолу прокуратурага чакырылган. Чакырган адам Свердлов райондук прокурорунун жардамчысы болуп чыкты. Учурда качкынга издөө салынып, качырып ийгендердин үстүнөн кызматтык текшерүүлөр башталды.


Көңүл бургула, балдар
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан 1-майдан 30-майга чейин "көңүл бургула, балдар" рейдин уюштурулуп жатат. Бул комплекстүү иш-чаранын алкагында үгүт жүрүштөрүн транспорт каражаттарында жана жарнамалык такталарда уюштуруу, мектептер жана мектепке чейинки балдар жайлары жайгашкан жолдорду изилдеп, текшерип чыгуу жана ошол жерлерге жолдо жүрүү эрежелерин көрсөтүп турган белгилерге өзгөртүү киргизип, коргоочу каражаттарды орнотуу иштери жасалмакчы.Ошондой эле МАИнин жол күзөт кызматкерлери тарабынан эл көп чогулган аймактар катуу көзөмөлгө алынмакчы.
Мындан сырткары МАИчилер мектептерге барып жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо боюнча лекцияларды окуганы жатышат.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!