Курманбек Осмонов, Тышкы иштер министрлигинде өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, министрдин кеңешчиси:
"Азыр Тышкы Иштер министрлигинде иштеп жатам"
- Курманбек Эргешович, Жогорку Соттун төрагалыгынан кеткени сизди эч бир кызматтан көрө албай жүрдүк элек. Жакындан бери иштеп жаткандыгыңызды угуп, байланышып жатабыз. Кайда, эмне кызматта иштеп жатасыз?
- Мен азыр Тышкы иштер министрлигинде өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, ошол эле мезгилде министрдин кеңешчиси болуп иштеп жатам.
- Ар бир эле иш бери жактан караган адамга башкачараак өңүттө байкалат эмеспи. Сот системасынын тегерегинде сиз жогорку сотто төрага болуп иштеп келген учурдан тарта эле ар кандай сын пикирлер айтылып келди. Азыр дагы айтылып жатат. Экс-төрага катары азыр эмнелерди айта аласыз. Дегеле, сот системасы өзүнүн бюджетин өзү тапсын деген президенттин демилгеси, аны парламенттин колдоп бериши туурасында эмнелерди айта аласыз?
- Сот системасы өз бюджетин өзү тапсын деген туура болду. Бул жобо конституцияда дагы жазылган. Соттордун материалдык жактан көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча өз бюджетин өздөрү түзсүн деген негизги принциптердин бири ушул. Ошондой эле соттор кеңеши түзүлбөдүбү. Ошол соттор кеңеши бюджетти түзүүгө, эң негизгиси бюджетти колдонгонго көзөмөл кылышы керек.
Ал эми соттордун аброюнун түшүшү туурасындагы, сот системасына карата айтылган сындар мурдатадан, эгемендүүлүк алгандан бери эле абдан көп айтылып келатат. Чынын айтканда ал пикирлердин көбү жүйөлүү. Айрымдары албетте, жүйөсүз.
- Кечиресиз, сот системасы саясатташып кетти деп келатышпайбы…
- Сот системасы мамлекеттик да. Өлкөдөгү саясий системада кандай өзгөрүүлөр болсо, соттор да ошондой нукта жүрөт. Мыйзамдар дагы ошондой нукта кабыл алынат. Соттор мыйзамды аткарышы керек. Сотту жалпы саясий системадан бөлүп кароого болбойт. Эми ар кандай маселелерде ар кандай болот да. Мисалы, кылмыш иштерин карап жатканда саясатташып кетти деген сөздөр анча дал келбей калат. Башка укуктук иштер боюнча караганда саясатташып кеткен учурлар бар. Бирок, менин жеке көз карашым боюнча сот-бул мыйзамды аткаруучу орган. Сот системасында иштегендер саясий буйрутма болсо дагы аткарат деген кинелер мурдагы парламенттин тушунда айтылган учурлар да болгон. Азыркы парламенттен мен андай көз караштарды уга элекмин. Ар бир учурда башкалар сыяктуу эле сот системасы дагы өзүнүн баасын алып, иши таразаланып турат да. Демек, бардыгын мыйзамченемдүү көрүнүш катары караса болот.
- Бүгүн сот системасында жетишкендиктер көппү же жетишпегендиктерби?
- Азыр жетишкендиктер анча-мынча бар. Болбосо, мурдагы эле түзүлгөн тенденцияны улантып, ошолор, айрым мыйзам топтору гана азыр иш жүзүнө ашып жаткандай туюлат. Элдик заседателдер, присяжный заседателдер деп коебуз, бул жагынан дагы мыйзамдык жылыштар болуп жатат. Бирок, муну 2012- жылдан баштап, биринчи пилоттук долбоор кылып, Бишкекке жана Ошко киргизип, ишке ашырабыз деп жатышат. Бирок, аны ишке ашырганда бүтүндөй республикада бирдей жана бир мезгилде ишке ашырыш керек. Конституция Бишкек жана Ош үчүн эле өзүнчө жазылган эмес да. Адам укугу жөнүндө сөз болгондон кийин ал Бишкекте жашайбы, Ошто жашайбы же башка региондордобу адам укугу бардык жерде бирдей корголушу керек. Конституцияда сот адилеттүүлүгүн ашырууга катышуу үчүн кыргыз жарандарынын укугу каралган. Мына ушул өңдүү маселелерге келгенде жетишпегендиктер бар.
- Ушул жерден дагы бир маселеге токтолсок деп турабыз. Көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлер бейөкмөт уюмдар социалдык маселелер менен гана алектениш керек дегендей пикирлерин айтышты. Сиз аларга кошуласызбы?
- Өкмөттүк эмес уюмдар ошол уюмдар жөнүндөгү жобого жана ал уюмдун өзүнүн жобосуна ылайык иш жүргүзөт. Ар бир уюмдун көздөгөн бир максаты болот да. Мисалы, ошол эле социалдык-экономикалык маселелер менен, пенсия, пособиелер боюнча алек болгон дагы уюмдар бар. Туура, азыр көпчүлүк өкмөттүк эмес уюмдар адам укугу боюнча аракет кылышат. Адам укугу туурасында сөз кылганда ошол эле социалдык укуктар, экономикалык, билим алууга болгон укуктар сыяктуу адамдын комплекстүү көп түрдөгү укуктары бар. Бирок, аларды бул багыт менен же тигил багыт менен иште дегенге эч кимдин укуктары жок.
- Петровкада болгон окуя боюнча дагы мыйзамды жакшы билген адам катары сизге суроо бербей кое албайбыз. Ал окуяны улуттар аралык жаңжал чыгаруу катары баалап жаткандар да жок эмес…
- Петровкадагы окуя туурасында албетте, мен ММКлар аркылуу гана билип жатам. Өзүмдүн аналитикалык ой жүгүртүүм боюнча көп себептери бардай. Бул жерде оор кылмыш жасады деп күрд жигити чектелип, улутташтары аны ар түрдүү жолдор менен коргоп келген, кылмышты жашырып коюга аракет кылган деген кинелер коюлуп жатат. Албетте, бул жергиликтүү тургундардын кыжырын келтирип жибере турган нерсе. Бирок, жанагыдай массалык түрдө курддарды уруп-сабап, үйлөрүн талкалап, машиналарын өрттөп жиберүү бул аша чапкандык. Муну мыйзам чегинде териштирип, күнөөлүүлөргө тийиштүү жазасын бериш керек. Албетте, ар бир нерсени башынан чечип, аны ырбатып алууну алдын алуу керек эле.
- Курманбек Эргешович, сиздин Жогорку Соттун төрагалыгынан кетирүү үчүн кол топтогон бир катар соттордун башында азыркы төрайым Жаңыл Алиева турган деген сөздөр чыкты эле. Муну парламентте депутат Роза Отунбаева дагы тастыктап койгондой болду эле. Ушул туурасында өзүңүздүн пикирди уксак?
- Чынын айтсам, анын башында кимдер тургандыгын мен билем. Бирок, реалдуу далилим болбогондон кийин так аты-жөнүн айткандан алысмын. Дүйнөдөн өтүп кеткен адам туурасында дагы жаман айтыш кыргызда жок эмеспи.





Болот Жанузаков, "Кут" партиясынын лидери:
"Кеп бийликти сынга алышта эмес"
1. Жакында эле Конституция күнүнү майрамдадык. Бүгүнкү күндө конституция кандай иштеп жатат деп ойлойсуз?
- 5-май эгемендүү Кыргыз Республикасынын чоң майрамдарынын бирден-бири. Себеби, 1993-жылы 5-майда КРнын укуктук пайдубалы түзүлгөн. Бул кыргыздын тарыхында биринчи жолу эгемендүү кыргыз республикасы өзүнүн мамлекеттик түзүлүшүн, коомдук түзүлүшүн жана мамлекет деген башкаруу системасынын түзүлүшүн негиздеген укуктук документке ээ болгон күн.
Көпчүлүгүбүз Конституция баш мыйзам деп айтканыбыз менен ага толук маани бербей келебиз. Биздин жалаң гана жарандык турмуш же коомдук турмуш эмес, мамлекеттик түзүлүштүн дагы эң негизги укуктук негиздери мына ушул биздин баш мыйзамдын негизинде болушу керек жана анын негизинде кабыл алынышы керек. Кыргыз республикасынын биринчи конституциясын кабыл алууда тунгуч президент Аскар Акаевдин жүргүзгөн ишин баалабай койсок болбойт. Конституциянын негизи кандай болуш керек, кандай багытта болуш керек, келечекте кыргыз мамлекети кайсыл коомго, кандай жол менен жана кандай тартипте барыш керек, мына ушунун бардыгын Акаевдин жетекчилиги менен конституциялык кеңеш иштеп чыккан. Албетте, Конституция ар бир доордун, ар кандай шарттарына жараша өзгөрүп, ар кандай кошумчалар, толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Ал эми Конституциянын негизги орду ошол бойдон калышы керек. Тилекке каршы, конституцияны оңдойбуз, конституциялык реформа жүргүзөбүз деп жатып, анын ойронун чыгарышты. Бүгүнкү күндөгү Конституция тоталитардык режимге алып бара турган Конституция. Демократиябыз болсо алдыга эмес, артка жылып баратат. Бул туурасында бизде эле эмес, дүйнө коомчулугунда да айтылып жатпайбы.

2. Токтогул ГЭСине суу толбой жатса Камбар-Ата ГЭСин куруунун кажети бар беле?

- ГЭСтердин курулушу мыйзамченемдүү нерсе. Ар бир мамлекет өзүнүн экономикалык маселелерин чечиши өзүнүн колунда. Ал эми менин каалоом менен гэстерди курасың деген Өзбекстандын талабы мыйзамга дагы, эл аралык келишимдерге дагы сыйбай турган маселе экендигин да белгилеп коюшубуз керек. Бирок, чын эле ошол гэстерди куруу азыркы мезгилдин негизги талабыбы же жокпу? Мына ошонун үстүндө жакшылап ойлонууга туура келет. Камбар-Ата ГЭСинин курулушу кийин эле эмес, 2000-жылы эле башталган. Ошондон бери акырындап курулуп келе жаткан. Ага шашылбай, аярлап мамиле кылып жаткандын эң негизги себеби - ошол курулган ГЭС экономикалык жактан өзүн-өзү актай алабы же жокпу, кептин баары мына ошондо болчу. Бүгүнкү күндө Камбар-Ата ГЭСин куруунун анча деле кажети жок. Себеби, аны курганыбыз менен суусун толтура албайбыз. Токтогул ГЭСине суу толтура албай жатсак, Камбар-Атага кайдагы суу. Электр энергиясы жетишпей турганда Камбар-Атаны курган акчага иштеп жаткан гэстердин кубаттуулугун жогорулатсак туура болмок. Биз, "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылы былтыр июнь, июль, август, сентябрь айларында айтып дагы, кат жүзүндө жазып дагы тиешелүү адамдарга сунуштарыбызды киргизгенбиз. Тилекке каршы, жооп ала алган эмеспис. Мына 2005-жылы 1-апрелге Токтогул 19, 5 миллиард кубметр суу болгон. Азыр ал кайда? Нарын суусу жеткиликтүү деңгээлде коңшуларды көздөй өтүп жатат. Алар суу сактагычтарды куруп, өздөрү талааларды сугарып, Аралды көздөй кое бербей коюп, анан кыргыздарды күнөөлөгөнү карөзгөйлүк болот. Кыргыз эли бекеринен "эл башы болгончо, суу башы бол" деп айткан эмес. Ошондуктан чогуу-чаран олтуруп, канчалык деңгээлде сууну сактап калыш керек, аны сөзсүз ошол мамлекеттердин жетекчилери биригип туруп чечиши зарыл.

3. "Кут" партиясынан президенттикке талапкер чыгабы?

- Президенттик шайлоого Кыргызстан кандай жол менен, кандай өңүттөө баратканын көрүп туруп кантип өзүбүздүн талапкерибизди алып чыгабыз. Бирок, президенттикке талапкер болгон жигиттердин бирөөнү колдоп чыгышка мүмкүнчүлүк бар. Албетте, арабызда жакшы турмуш тажрыйбасын алган, өлкөнүн келечегин камсыз кыла турган жигиттер бар. Бирок, алардын кооптонуп карап тургандыгынын себеби, биринчиден, ушул президенттик шайлоонун калпыс чечилип калышы, экинчиден, каражатты көп талап кылышы болду. Бул маселелер ар кимди ойлонтуп, чоң кабатырланууга алып келе турган маселелер. Президенттик шайлоо да болот, шайлоонун эртеси да болот. Эң негизгиси бүгүнкү күндөгү экономикабыздын, өлкөнүн ичиндеги элдин турмуш-абалынын күндөн-күнгө төмөндөп бараткандыгы жан кейитет. Адамдын турмушу коомдогу жүрүп жаткан процесстер менен тыгыз байланышта болот эмеспи. Бирок, биздин коомубуздун дүйнөлүк коомчулуктагы орду тайыздап баратат. Ушул көп кабатырланууну пайда кылууда. Биздин артыбызда келаткан балдарыбыздын, неберелерибиздин көргөн күнү, турмушу, келечеги кандай болот деген суроо ар бир жарандын башында бар. Биз кайда баратабыз? Ушул өңдүү өзөктүү суроолорго жооп издесек болмок.
Оппозициянын ичиндеги партия, кыймылдардын дагы өз көз карашы, өз позициясы бар. Бирок, негизги багыты оппозиция боюнча эл кала берет. Ал эми кайсыл бир маселелер боюнча ар бир партиянын тандап алган жолу болот. Кептин баары бийликти сынга алып, сын көз караш айтышта эмес. Кеп бийликтин жүргүзүп жаткан ишине конструктивдүү-альтернативдүү сунушуңду айтууда. ММКлар аркылуу таптакыр иштебей жатат деп сын айта бериш дагы чындыкка жатпайт.
Биздин негизги багытыбыз өлкөнүн келечеги үчүн иштөө. Партиянын негизги ураны бийлик үчүн эмес, өлкөнүн келечеги үчүн. Биз бийликтин саясатына өзүбүздүн обьективдүү көз карашыбызды билгизип турабыз. Туурасын туура, туура эмесин туура эмес деп, ал иш кандай жолду талап кылып жаткандыгын айтып турганга болот. Оппозиция болуш үчүн туруктуу позиция болуш керек да. Баарын тең эле туура эмес дегенге болбойт. Бирок, кемчиликтерди түз айтып турабыз.
А.Асанбекова













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!