Индия, Алтын храм, космоэнергетика
("Өзүмдү тапкан жол" китебинен)
Лариса Асанбекова, эниоинженер, академик, профессор,
"Шакирт даяр болсо, устат өзү келет" деген чыгыш акылмандарынын сөзү бар. Космоэнергетика илимине кызыгып, кандай кылып, Москвага жетсем экен деп жүргөн кезимде, биздин шаарга Космоэнергетика институтунун негиздөөчүсү, атактуу Эмил Багиров өзү келди. Менин кубанычым чексиз болуп, асмандан издегеним жерден табылгандай эле болду. Бир күнү посвещениеде бир аз башым айлангансып барып, аппак тумандын арасында калгандай болуп калдым. Туман тез эле тарай баштады да, чоң шаардын бир көчөсүндө машина менен баратканым көз алдыма тартылды. Шаар мага тааныш эместей, кооз имараттар, чоң көчөдөн агылган мен көрбөгөн маркадагы машиналар.
Көчөдөгү адамдарды көргөндө гана кийимдеринен жана келбеттеринен Индиянын шаарларынын бири экен деп түшүндүм. Алды жактан үстүндө кооз жабуусу бар пилге минген, кызгылт сары түстөгү индиялыктардын кийимчен, башында ушундай эле түстөгү чалмасы бар, чалмасынын ортосунда жашыл түстөгү кооз ташы көздү уялтып нур чачыраткан, жашы кырктар чамасындагы эркек киши көзүмө даана көрүндү. Баарынан кызыгы жакын келгенде ал адам мен экенмин. Мындай көрүнүш менде биринчи жолу болгондуктан чочуп кеттим окшойт, элес экран өчкөндөй жок болуп кетти. Бул көрүнүштү устатыма айтканда "Ал сенин мурунку жашоолоруңдун бири" деп түшүндүрдү. Демек буга чейин Индияга да жөн эле барган эмес турбаймынбы деген ойдо калдым. Космоэнергетика илимине да кызыгуум бекер жерден эмес окшойт, себеби, космоэнергетика илими Индия философиясынан келип чыккан.
Союз жергесинде космоэнергетиканы биринчи негиздөөчүсү Петров болгон. Анын окуучуларынын бири Эмил Багиров Космоэнергетика жана психология институтун түзгөн жана элге азыркы күнгө чейин кеңири жайылтып келатат.
Индия кинолорундагы жомоктогудай сүйүүгө, табиятынын кооздугуна, байларынын жашоосуна суктанып, ишенип, Индиянын бир да фильмдерин өткөрбөй көргөнгө аракеттенчүмүн. Индиянынын жашоосун өз көзүм менен көрүү бул менин асыл тилектеримдин бири эле.
Ошентип соода иши менен алекетенип жүрүп, мен эңсеген Индияга да бардым, бир эмес, бир нече жолу. Августун аягында биринчи жолу Дели шаарына учуп келгенде жомоктогудай эле болгон. Кинодогудай кооз имараттар, бай супермаркеттер менен катар, кир, жүдөгөн, ар кайсы жерде жаткан кедей, кайыр сураган адамдар. Алардын жашоо образдары мага ал кезде таптакыр түшүнүксүз эле.
Бир жолу кайыр сураган адамга тамак-аш сунсам, баарын албастан өзүнө ченеп алып кайра калганын ал дегениме карабай кайрып берсе таң калгам. Көрсө алардын түшүнүгү боюнча кудай мен аркылуу насип жиберсе, ал ач көздөнбөй өзүнө ошол маалда жете тургандай гана насипти алышы керек экен. Ошенткенде гана кудай ар дайым насип жиберип турат дейт. Дагы бир жолу кайыр сураган адамга бир аз акча берген жатсам, бизге котормочу болуп жүргөн Радж мени "бербе" деп токтотуп койду. Эмнеге деген суроомо "Это его карма" деп жооп берген. Ал кезде карма жөнүндө түшүнүгүм жок гана эмес, ушундай сөз бар экенин биринчи уккам. Радж канча түшүндүрсө да түшүнбөй койгондо, "ал ушундай төрөлгөнүнө өзү күнөөлүү, эми өзү жашоосун оңдошу керек" деген сөзүнө деле терең түшүнө албагандыктан кол шилтеп койгом. Ошол кезде бул карма деген сөздү түшүнмөк турсун, карманы изилдеп окуп, башкаларды да окутаарымды ал кезде, албетте, билген эмесмин. Адамга кудай тараптан ар кандай белгилер сөз аркылуу, окуялар аркылуу тынымсыз берилип тураарын анда билмек турсун, сезмек кайда. Үй-жайы жок, көчөдө жаткан кир кайрычылардын көбүнө карабай, Индия мени кандайдыр бир өзгөчө күч менен сыйкырлап алгандай болду.
Бул жактан да фабриканын кожоюндары менен бат эле тил табышып, эмнегедир мага сый-урмат менен мамиле жасашчу. Бирок Пакистан менен иштегендей болгон жок. Индиядан товарга төлөгөнгө даярдап койгон акчамды уурдатып жибердим, бирок бир фабриканын ээсинин жардамы менен товар алып келдим. Дагы бир жолу самолет 20 күн келбей, Индиянын кичинекей бир шаарында калып калдык.
Кийин ойлосом мен Индияга соода иши менен эмес башка нерсеге үйрөнүш үчүн барышым керек болчу окшойт. Ошол кезде адамдын ден соолугу да, иши да, тагдыры да адамдын көрүнбөгөн денесиндеги энергиянын сапатына жараша болоорун билмек кайда. Көз тийгенден, сөз тийгенден адамдын энергоденеси тешилип калаарын, энергиянын сапаты бузулса, баары бузулаарын билмек турсун, адам энергия менен жашаарын да билчү эмесмин. Пакистан менен жакшы иштеп жүргөнүмдө элдин көзү, сөзү тийгенин, ошондон иштерим жакшы болбой, биринчи белгилер берилип жатканынын ал кезде түшүнмөк турсун, айтса деле ишенмек эмесмин. Бирок жогорку күчтөр ар кандай белгилерди берип, же болбосо тийиштүү адамдарды жолуктуруп, ар дайым жардам берип турбаганда ким билет кандай болот эле.
Азыр ойлосом, Индияда жолуккан кайырчыдан баштап, бай фабрика кожоюндарына чейин мага белги катары, жардам катары жиберилген адамдар болсо керек. Мальхотра аттуу фабриканын кожоюну үй-бүлөсү менен мага башкаларга караганда жакшы мамиле жасап, коноктоп, сыйлап жүрдү. Эки татынакай кызы, аялы болуп бир күнү мени жана жанымдагы аялдарды касиеттүү храмга барып келүүбүздү суранышты. Мен дароо эле макул болдум.
Кийин бир топ жыл өткөндөн кийин "Оракул" гезитинен мен кандай атактуу, касиеттүү жерде болгонумду түшүндүм. Ал Индиянын Амритсар шаарында жайгашкан "Алтын Храм" деп аталган храм экен. Храм тегерете курулган кооз имараттан турат. Имаратка кирип баратканда билектей жылжыган булакка колу-бутуңду жууп, ошол жерден берилген косынканы башыңа салынып, жылаңайлак ичине кирет экенсиң.
Имарат аябай кооз салынган, ошол жерден сааттын жебеси жылган сыяктуу имаратты айланып чыгып, ортодогу көлдүн ортосуна салынган, төбөсүндө алтын жалатылган чатыры бар храмга киргенде эки лама (Гуру) кирген адамдардын оозуна таттуу бир нерсе салып, бизче айтканда батасын берип чыгарат экен. Сыртка чыккандан кийин индиялыктар белине чейин чечинип көлгө түшүп сыйынып жатышты. Көлдүн суусу киргилт, ичинде балыктар толтура экен. Биз менен баргандар (биздин челночниктер) жийиркенишип жакын жолобой коюшту, мен болсо бутумду сууга салып тизеге чейин, колумду чыканакка чейин жууп, эмнегедир курандын сүрөсүн окуп, жакшы тилектерди сурандым. Мальхотра үй-бүлөсү менен сууга чөмүлүп, ар кандай сыйынууларды жасап чыгышты. Көлмөнүн жээгинде бутактары оролуп, чырмалып өскөн жалгыз бак бар экен, "тилек аткаруучу бак" деп аталган бул бактын жанына келип, каалаган тилектериң айтсаң, тилегиң аткарылат деп айтышканынан тилектерибизди айткан болдук, жанымдагы аялдар күлкүгө айландырып, анча маани беришпегендиктен мен дагы алардан бөлүнө алган жокмун. Көрсө, ошондо энергиясы күчтүү, касиеттүү жерге барган экенбиз. Ошол кезде менин энергоденем тазаланууга муктаж болуп, жогорку күчтөр мени ошол жакка Мальхотранын үй-бүлөсү аркылуу алпарышкан окшойт.
Эмнегедир Индияда жүргөндө өзүмдү эркин сезип, ушул жерде өмүр бою жашап жүргөндөй сезим келе берчү. Фабрика ээлери мен келгенде сөзсүз конокко чакырышып, ар кандай үйлөнүү тойлорунун да бир нече жолу урматтуу коногу болгом. Индияда жолуккан бардык адамдар, билип-билбей силерди таарынтып алган болсом, баарыңардан кечирим сурайм. Менин өмүр жолумда жолуккан индиялыктарга чексиз ыраазычылык билдирем. Ошол кезде мага ким кандай жамандык кылган болсо (ууруну) чын дилимден кечирдим. Мага жасаган жакшылыгыңарды, сыйыңарды эч качан унутпайм жана ыраазымын. Кудай силерден бардык жакшылыгын аябасын.
Мен ошол кезде Индиянын көп эле касиеттүү жерлеринде болгонум менен, турист катары сыртынын гана кооздугуна суктанып, ал жерлердин касиетине, өзөгүнө түшүнбөгөнүм ушул күнгө чейин өкүндүрөт. Кудай буюрса, ошол жерлерге башка максатта барып келүү оюмда бар. Ой жеткен жерге кол жетет!












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!