Дамира Ниязбекова, ырчы:
"Ырчылардын да күйөөсүн тартып кетишет…"
"Эх, Россия, Россия бир боор энем!" деп бир кезде акын Алыкул Осмонов жазгандай, Россия көп элге бир боор эне болуп, "жумушсуз биздей элге койну кенен"дегендей эле келгендердин баарын батырып жаткан сыяктуу. Кайда барбайын биздин элдин уул-кыздарын жолуктуруп жүрүп, мурда "Камбаркан", кийинчерээк "Ордо сахна" фольклордук ансамблинин солисткасы Дамира Ниязбекова менен жолугуп калдым. Дамира Ниязбекованын аткаруусунда Р.Абдыкадыровдун "Эсиндеби", Ж.Акималиевдин "Жалжалым", "Ак кептер", элдик ырлар "Бозойго", "Гүлжан", "Бекбекей", "Өмүр" радиодон, теледен байма-бай берилип турат, "Тогузак" реклама агенствосу тарткан роликтерде да Дамира Ниязбекованын аткаруусундагы ырлар менен коштолгон. Мындан 3-4 жыл мурун Бишкектен жолугушкан боюнча көрүшө элек болчубуз. Ал-жайды сурашып, сүйлөшүп олтурдук.


- Москвага "Ордо сахна" ансамбли стажировкага жиберген. Стажировка аяктагандан кийин бул жерден жакшы иш чыкканынан улам калып калдым. Ишим аябай кызыктуу, өзүмө жагат.
- Чыгармачылыкка байланыштуу ишпи?
- Жок, мен британдык мектепте балдарды "коштоп жүрүүчү" болуп иштеп жатам. Британиянын бизнесмендеринин жана Россиядагы кызматкерлеринин балдарына арналып ачылган атайын өздүк мектеби бар экен. Жети жаштан он эки жашка чейинки балдар билим алышат.Эми булардын жашоо-шарты, окуу тартиптери кыргыздардан эле эмес, орустардан да айрымаланып турат экен. Булардын жашоосун, балдарынын тарбиясын карап олтуруп, кээде ыза болуп "эмне үчүн биз ушулардай жашай албайбыз?" деп ыйлагым келет. Келечекте мен да балдарыма ушундай шарт түзүп берсем экен деп, алдыга чоң максат коюп жатам. Сабактар ызы-чуусуз, мугалимдердин кыйкырыгысыз, оюн катарында аябай кызыктуу өтөт. Ар бир класстын жасалгасы ар башка. Күндө сабактар да ар башкача өтүп, тажатма эмес. Балдар эркин, ошого карабай тартиптүү.Бардыгы окшош, жакшынакай форма кийишет. Тамактын түр-түрүн ичишет, сабакта ойношот, ырдашат.
Менин карамагымда алты бала бар, жаштары да ар кандай. Мага бөлүнгөн атайын машина менен балдардын жашаган үйлөрүнүн жанына эртең менен барганыбызда, баланын ата-энеси баласын бизге кошуп берет. Алты баланы мектепке жеткирем, сабактары бүткөнчө ошол жерде болуп, которунуп кийингендерине, тазалыктарына көз салып, каралашып турам. Ишим эртең менен саат 8де башталып, 15.30да бүтөт. Биз, балдар менен ошол жерден тамактанабыз. Тамактары да ар түрдүү. Мен ал жерден англис тилин үйрөнүп жатам, себеби, балдар менен да, ата-энелери менен да сүйлөшүүгө туура келет. Сабак бүткөндө кайра үйлөрүнө жеткиргенде, үй кызматчылар же жан сакчылары тосуп алышат. Алган айлыгым да, жашоо-шартым да жакшы, кыскасы жашоомо ыраазымын.
- Үй-бүлө кандай, балдарың, жолдошуң да Москвадабы?
- Балдарым Бишкекте, кызым Алина 12ге чыкты. Мектепте окуп жүрөт, уулум Искендер бешке чыкты, ал бала бакчага барат. Жолдошум да Бишкекте калган, Москвада өзүм элемин.
- Жолдошуң милиция кызматкери болсо керек эле, (тамашалап) Бишкекте калтырып, кыздарга тарттырып жибергенден коркпойсуңбу?
- Бишкекте жүрүп эле "тарттырып" жибергем, ошол үчүн да бул жакка келгем. "Ырчылар күйөөмдү тартып алат" деп корккондорго, ырчылардын деле күйөөсүн "тартып" кеткендер бар демекчимин. Азырынча мыйзамдуу түрдө ажыраша элекпиз, бирок турмуш бир бузулгандан кийин кайра оңдоо оңой болбойт окшойт. Сынган идишти жабыштырган менен, көпкө чыдабай кайра эле ошол жеринен сынаары анык эмеспи. Жан дүйнөнүн сынганы адам үчүн эң оор нерсе экен.
- Канча жыл чогуу жашадыңар?
- Он үч жыл чогуу жашап, эки балалуу болдук.Экөөбүз сүйүшүп, күйүшүп жүрүп эле үйлөнгөнбүз. Сүйүүнүн көзү сокур деп коет эмеспи, мен жолдошумду катуу сүйгөндүктөн, анын ар кыл жоруктарына көзүмдү жуумп, чыдап жашап келгем. Башкалар жолдошумдун оркойгон кемчиликтерин көзүмө сайып айтып жатышса деле ишенгим келбей, айтып келген адамдарды жаман көрүп, жолдошума чаң жугузгум келчү эмес. Кээде мага кылган запкысына чыдабай кетип калып, кайра кыялбай жарашып алып, тууган-уруктарыма, мага жан тартып болушкан жоро-жолдошторума жаман көрүнүп, жолдошум "жаңылдым, жаздым" десе ишенип, канчасын кечирдим. Жолдошуман ажырасам күнүм бүтүп, оокатым өтпөй калчуудай ойлочумун. Анткеним менен балдардын, үйдүн түйшүгү бары эле өз мойнумда болуп, ишиме да жетишип, өзүм эле кылчу экенмин. Ошентип жаманын жашырып, жакшысын ашырып мактап дегендей, жолдошума жакшы жар, балдарыма жакшы эне болдум десем аша чапкандык болбос. Артист болсо эле кээ бир адамдар жеңил ойлуу, ырдагандан башка колунан эч нерсе келбеген ак кол, эрке айымдай көрүшөт.
- Баса сенин апаң,эжең колунан көөрү төгүлгөн уз адамдар деп уккам, кайсы бир жылдары "Дасмияда" апаң жасаган боз үй көргөзмөгө коюлду беле?
- Ооба, ал эмес Москвага бир боз үй көргөзмөгө коюлуп, чет элдиктер жасалгасына аябай кызыгышып, жакшы баага сатып алып кетишкен.
- Энесин көрүп кызын ал демекчи, сенин деле колуңан көп нерсе келсе керек?
- Аял затына тийиштүү оокаттын баарын жасай алам, жолдошумду сөзгө калтырып, жер караткан жокмун.
- Ажырашууңарга эмне себеп болду деп ойлойсуң?
- Менин өтө ишенчээктигим, жумшактыгым себеп болду деп ойлойм. Башкаларга окшоп "кайда жүрдүң,ким менен жүрдүң" деп тескебей, "биздин жумуш ушундай" десе, "ии ушундай" экен деп жолдошумдун ар бир айткан сөзүнө ишенип жүрө бергенден болсо керек. Кыскасы, менин сыйымды көтөрө албай, сүйүүмдү тебелеп кетти. Алгачкы күндөрү аябай жаман болдум. Турмуш өз башыңдан өтмөйүнчө, ар бир нерсени өз жон териң менен сезмейинче бирөөгө акыл айтыш оңой экен. Өз башыма келгиче башкаларга "ажырашып кетпейсиңби" деген сөздү оңой эле айтып койчумун. Көрсө, ажырашуу да оңой эмес экен. Адам эмес чымчыктын да уясынын бузулушун каалабайм. Убакыт дарылайт деп коет эмеспи, эми-эми көнүп, көзүм ачылып, жашоого башкача көз менен карай баштадым. Мурда ырдап жүргөн ырларымдын деле сөзүнө терең маани бербей ырдачу экенмин. Көрсө, ар бир сөз жашоо, өмүр, тагдыр жан дүйнөнүн тереңинен жарып чыккан жаңырык экен.
- Сен таластын кызысың. Кайсы жерге келин болдуң эле?
- Ооба,мен таластыкмын, жолдошум Оштун Кара-Суусунан. Кайындарым улуусу, кичүүсү дебей мага мамилелери жакшы. Мен кайындарыма ыраазымын. Жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы жикке алардын кыпындай да күнөөсү жок. Менин кайын журтума болгон урмат-сыйым, жолдошумдан ажырашкан күндө да кала берет. Учурунда катуу кайгырып, санаа тартып, өңдөн азганым чын. Убакыт өткөн сайын, жан дүйнөмө тынчтык келип, кимдин ким экенин ажырата билгенге үйрөнүп, "мен киммин, адам болуп жаралгандан кийин аткара турган миссиям кайсы?" деген сыяктуу суроолорду өзүмө берип, четинен жооптуу да өзүм таап келатам. Адам биринчи өзүн тааныш керек экен, өзүңдү билбей туруп, өзгөнү кантип билмек элең. Өмүр жолумда ар кандай адамдар менен талапташ, табакташ, кесиптеш болдум. Ичи тар, көрө албас, басынткандар болду, тескерисинче, жөлөп-таяп, сый-урматка бөлөгөндөр болду. Өзүңдүн жан дүйнөң таза болуп, бирөөгө жамандык жасабаса, кудай өзү эле баарын таразалап, орду-ордуна коюп коет экен. Мага жакшылык жасагандарга чексиз ыраазымын, ал эми жамандык жасагандарга эки эсе ыраазымын. Себеби, мен ошолор аркылуу жаман менен жакшыны ажыратканды үйрөндүм. Жаманды көрбөсө жакшынын жакшы экенин баалай алмак эмесмин, ошол үчүн аларга да рахмат.
- Музыкалык билимиң барбы? Кайсы окуу жайын бүткөнсүң?
- 1990-1991-жылдары филармониянын алдындагы эки жылдык студияны бүтүп, иш жолум "Камбаркандан" башталган. Турмушка чыгып, 1996-жылы декретке кеткиче "Камбарканда" иштедим, кийин "Ордо сахнага" солистка болуп келип, азыркы күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип жатам. "Ордо сахнанын" жетекчилерине да, коллективге да аябай ыраазымын. Ушул коллектив менен чет өлкөлөрдүн көбүндө болдум. Эл тааныдым, жер тааныдым, сыйга бөлөнүп, "хандар" менен табакташ болдум дегендей, жашоомо, кесибиме ыраазымын.Үй-бүлөдөгү, турмуштагы өйдө-ылдыйларды кудайдын мага берген сыноосу катарында кабыл алдым. Жолдошума да "жанындагы аялзатынын кадырына жетип,бактылуу кыл" деп айттым. Балким, мындай сыноого, кыйынчылыкка туш болбогонумда жакшы менен жаманды ажырата албай жүрө бермек экенмин.
- Мындан аркы жашооңду, иш пландарыңды кандай түзүп жатасың?
- Жылдыз Осмоналиева экөөбүз июнь айынан баштап Россиянын шаарларын кыдырып, концерт өткөрөлү деген ойлорубуз бар. Август айында "Ордо сахнанын" төртүнчү дискинин ачылыш концерти болот. Буга чейин бул жерде (Москвада) Бишкекте өткөрбөгөн бир эмес, эки чай-концертти өткөрдүм.
- Концертте жалгыз өзүң ырдадыңбы?
- Менин жеке концертим болгондуктан негизинен өзүм ырдадым, конок катары ырчы Фатима Султанова менен "Тунгуч" театрынын мурунку актрисасы Махабат Апешова катышышты. Москвада болуп жаткан бардык концерттерге, жолугушууларга катышып жатам. 2-майда "Мы - таланты" аттуу Москвадагы кыргыз таланттары катышкан концертке катыштым. Кыскасы, чыгармачылыгым да, жашоо-шартым да эң жакшы. Кудай деген кур калбайт дегендей, кудай өзүмө жараша ырыскысын берип жатат. Өткөн өмүрүмө деле капачылыгым жок, мындан да көп нерсеге жетишсем болмок экен, бир топ жылым бошко өтүптүр деген гана бир аз өкүнүчүм бар. Бирок, ошол боштукту мындан ары толтурайын деген алдыда чоң максаттарым бар.
Турмуштан алган сабактарды өзүмдүн пайдама колдоноюн деп жатам. Алгачкы күндөрү көнбөй элди-жерди, балдарды сагынып ыйлаган күндөрүм болгон. Элдин, жердин баркын алыста жүргөн адамдар жакшы түшүнөт. Кыргыз болуп жаралганыма, Кыргызстанда төрөлгөнүмө сыймыктанам. Эли-журтума, мени сыйлаган угармандарыма, мени таланттуу кылып жараткан ата-энеме, бир туугандарыма, бардык мени тааныгандарга жана "Асман пресс" газетасынын жалпы жамаатына жетишкендиктерди каалап, жолугушканча аман-эсен болгула демекчимин.
Аяна Манасова













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!