102: Крим-кырдаал
Алишер Саиповго атылган "Макаров" табылды
Өлкөнүн баңги заттарын көзөмөлдөө агенттиги тарабынан февраль айында кармалган жарандын жанынан "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча табылган. Куралды баллистикалык экспертизадан өткөрүшкөндө, ал тапанча 2007-жылы Ошто журналист Алишер Саиповго атылгандыгы аныкталган. Мындай маалыматты ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 27-апрелде парламенттин Коргонуу, коопсуздук жана соттук-укук боюнча комитетинде билдирген. Анын айтымында, кармалган адам сурак учурунда ал тапанчаны Тажикстандын жаранынан алгандыгын айткан. М.Конгантиев учурда аты-жөнү такталган ал адам кылмыштуу топтун мүчөсү экендигин, тартип коргоо кызматкерлери бул боюнча Тажикстандык кесиптештери менен тиешелүү иш чара жүргүзүп жатканын белгиледи.

Карыганда каракчы болгон аял
Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кайгуул күзөт кызматкерлери тарабынан баш калаанын 51 жаштагы тургуну Г. Осмоналиева кармалды. Эр ортону элүү жаштан өтүп, токтолуп эле калган бул киши "Дордой" соода комплексинде күч колдонуп 40 жаштагы Ф. Назаралиеванын 2500 сомун сумкеси менен кошо тартып алган. Небере күтүү эрезесине жетип калган эжекенин кылмышка катышы бар экени учурда далилденип, тергөө иштери башталды.

Өз уулунан өлүм тапкан эне
Баш калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан өз энесин өлтүргөн деген айып менен 37 жаштагы бишкектик А. Агарков кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда 60 жаштагы О. Кочубей дайынсыз жоголгон. Оперативдик издөө иштеринин жыйынтыгында Бишкектеги Мурманская көчөсүндөгү А. Агарков жашаган үйдөгү сарайдагы жер төлөөгө көмүлгөн өз энеси О. Кочубей болуп чыкты. Уурулук үчүн эки жолу соттолгон кылмышкер энеси менен урушуп кетип, өз энесин март айынын башында сабап мерт кылып койгон.

Ким жазага тартылды?
Кыргызстандын жаранын өлтүргөнү үчүн Россиянын беш атуулу жазага тартылды. Санкт-Петербург шаардык соту 20,18, 16 жаштагы бул балдарды алдын ала макулдашып, кол салып тоноо, адам өлтүрүү кылмыштары боюнча эркинен ажыратты. 23 жаштагы Кыргызстандын жараны 2008-жылдын январь айында Пушкин районундагы Подбельск шоссесинде ичимдик ичип отурган бул балдарга кабылып, алардын колунан 7 жолу бычак жеп набыт болгон. Жаш кылмышкерлер жердешибиздин акчасын, уюлдук телефонун алып кетишкен.
Соттун чечими менен бычак урган кылмышкерге 5 жыл калгандарына 3 жыл жаза өтөө мөөнөтү берилди.

340 миң доллардан кур калган кылмышкер
68 килограмм апийим менен Казакстандын жараны Кыргызстанда колго түшүрүлдү. Бул маалыматты КРнын баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча агенствосунун басма сөз кызматы таратты. Агенттиктин "Афганистанда даярдалган баңги заттарды Россияга ташуу каналдарын жок кылуу боюнча" атайын операциянын жүрүшүндө 47 жаштагы адам Карабалта шаарында 12 килограмм апийим менен кармалды. Ал аз келгенсип анын убактылуу жашап турган батирин тинтүү учурунда дагы кошумча 11 килограмм апийим табылган. Эми болду экен десе бул адамдын Сокулуктагы туугандарынын үйүнөн да банги заттын калган бөлүгү табылып отурат. Наркотиктер айнек идиштерге салынып, Россияга жөнөтүлчүлөрү желим баштыктарга оролуп даярдалган.
Оперативдүү маалыматтарга караганда учурда апийимдин 1 килограммы 5 миң америка доллары турат. Эгерде укук коргоо кызматкерлери жолтоо болбогондо жалпы наркожүктүн баасы 340 миң долларга бааланмак. Ушул эле агенттиктин кызматкерлери тарабынан Ош шаарында 33 жаштагы Тажикистандын жараны 2 килограмм героин менен колго түшүрүлдү. Ал эми анын автомашинасын карап чыкканда кошумча 13 килограмм 877 грамм афган гашиши (каракуурай) табылган. Тергөөнүн алгачкы жыйынтыктарына караганда бул наркотиктер да Россияга жөнөтүлмөк.

Мектеп рэкети коомчулукка коркунуч жаратууда
2009-жылдын башынан бери жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан 236 кылмыш иши жасалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министрлигинен билдиришти. Мектеп окуучуларынын арасындагы топ-топ болуп жаатташуулар, мектеп класстарындагы уурулуктар боюнча алдын алуу иш чаралары өткөрүлүп, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында бейбаштык кылгандарды, кылмыш кылууга үндөгөндөрдү, коомдук тартипти бузгандарды табуу жана аларга карата жаза колдонуу аракеттери көрүлүп жатат.
Учурда ИИМ тарабынан "коркунучсуз мектеп" рейди уюштурулуп, ал май айынын аягына чейин улантылмакчы.

Авиакатастрофага күнөлүүлөр табылаарына аз калды
Кыргызстандын башкы прокуратурасы 2008-жылы 24-августта "Итек-Эйр" авиакомпаниясынын "Боинг-737" учагынын кыйрашына байланыштуу мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин авиациялык окуяларды иликтөө боюнча комиссиясынын акыркы жыйынтыктоочу отчетун алды. Андагы маалыматтарга караганда авиакатастрофанын себеби учкучтар КРнын жарандык авиациясынын учуулар боюнча талап кылынган эрежелерин одоно бузушкан.
Учурда бул отчеттун жыйынтыктары боюнча комплекстүү учуу - техникалык экспертиза Москванын Громов атындагы учуу сынак жана РФнын аэронавигация институттарынын эксперттери тарабынан жүргүзүлө турган болду. Мына ушул экспертизалардан кийин кырсыктын болушуна күнөөлүүлөр такталып, сотко кылмыш ишин кароого жөнөтүлөт.




"Таза суу" ичип байыгандар качып жүрөт
Эл аралык донорлордун Кыргызстандагы "Таза суу" программасынын каражаттарын коз боёмочулук кылды деп айыпталган 3 адам учурда чет өлкөдө качып жүрөт. Айыпталып жаткандардын экөө АКШда, бирөө Россияда укук коргоо органдарынан изин жашырууда. Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталгандан бери 14 кылмыш иши козголуп, бир нече адам соттолуп кетти. Мына ушундай финансылык мыйзам бузуулардан жана долбоордогу чала жасалган иштердин кесепетинен өлкөнүн калк жайгашкан жерлерин таза суу менен камсыздоо эки эсеге начарлап кеткен. Республика жетекчилери жогорудагы кемчиликтерди эске алып, катуу көзөмөл менен долбоордун экинчи этабын ишке ашырууга даярданып жатышат. Буга ылайык 600-700 миң калкы бар 300гө жакын айылдарга иче турган таза суу жеткирилет. Долбоордун экинчи этабын каржылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкы 30 миллион, кыргыз өкмөтү 7 миллион, дүйнөлүк банк 20 миллион АКШ долларын бөлүп бере турган болду. Эми кийинкилерди да качырып ийбесек болду.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!