Орусиядан салам

Ырчы Фатима Султанова Москвага эмнеге кеткен?
Россиянын борбору Москва шаарына самолеттон жерге түшөөрүм менен кыргыз жарандарын жолуктуруп, өз оокаттарын кылып жүргөн ар бир кыргызды көргөндө же сүйүнөөрүмдү же күйүнөөрүмдү билбедим. Сүйүнгөнүм, 15 миллионго жакын калкы бар Москва шаарынан кыргыздарды жолуктурганым болсо керек. Самолеттон түшкөндөн баштап жер шыпырган, таштандыларды жыйнаган, ашканаларда идиш чогултуп, идиш жууган, ажаатканаларды жууп-тазалаган, кайсы жерге барбагын кара жумуш кылып жүргөн кыргыздын кыз-уландарын көргөндө зээним кейиди. Албетте, кыргыздын баары эле жер шыпырып калыптыр дегенден алысмын, бирок, жалпысынан алганда кара жумуштарда кыргыздар иштээри чындык. Андан дагы 15-20 адам бир эки бөлмөлүк квартирада жашаарын угуп, "ушундай жашоого кыргыз эли кандайча келип калды?" - деп каңырыгың түтөбөй койбойт экен. Баарынан да кыргыздын кыз-келиндери төрөп, таштап кеткен 63 наристенин тагдыры ойлондурбай койбойт... Метродо болобу же Москванын кайсы райондорунда болбоюн бир күндө ондон ашык кыргыздарды көрүп, Кыргызстан бүт эле көчүп келип алгандай таасир калтырды. Москвадан башка Россиянын канча шаарларында кыргыздардын жүргөнүн элестете бериңиздер (базарга барбасам да ал жерде дээрлик кыргыздар экенин сезип турам). Бирок, ошого карабай бул жерде деле квартира сатып алып, балдарын жогорку окуу жайларда окутуп, өздөрү да жакшы жашап, жакшы бизнес кылып жаткандарды көрүп сыймыктандым. Кыргызстандын элчилигине барганымда Кыргызстанга аттары белгилүү Жылдыз Осмоналиева, Дамира Ниязбекова, Фатима Султанова аттуу ырчы кыздарыбыздын Москвада эмгектенип жүргөндөрүнө күбө болдум.
Урматтуу окурмандар, эгер Жылдыз Осмоналиевага жана Дамира Ниязбековага бере турган сурооңуздар болсо "Асман пресс" газетасына жөнөтүңүздөр. Биз аты аталган, алыста жүргөн жылдыздардан жооп алып берүүгө аракеттенебиз. Бул жолу ырчы Фатима Султанова менен жолуктук.
Учурунда "Ах, розалар", "Бадалдуу белестер", "Элегия" аттуу ырлары менен элге таанылган ырчы менен төмөндөгүдөй баарлаштык.

- Аздыр-көптүр кыргыз угармандарына ырчы катары таанылып, ал тургай ар кандай конкурстарга катышып жүрчү элең, кандайча Москвага келип калдың, качан келдиң?
- Россияга келгениме көп болуп калды, биринчиден, мен дагы башка элдин искусствосу менен кенен таанышып, тажрыйба топтоо үчүн, экинчиден, албетте өзүмдүн жашоо-шартымды оңдоп алыш үчүн эл катары мен да келгем. Эки жыл Екатеринбург шаарындагы областтык маданият үйүндө эмгектендим. Ал жерде иштеп жүрүп шаар аралык конкурстарга да катыштым. Екатеринбург шаарынын белгилүү театр актеру жана аткаруучусу, Россиянын эл артисти Михаил Прошиндин аткарып жүргөн чыгармаларына конкурс өткөрүлүп, эки гана күн даярданганыма карабай, "Подмосковные вечера" аттуу ырды аткарып, 3-орунду жана мэрдин атайын белегин алганга жетиштим. Азия улутундагы ырчылардан мен жалгыз катыштым деп мактансам да болот.
- Анан Екатеринбург жакпай калдыбы? Москвага кандайча келип калдың?
- Андай деле эмес, өзүмдүн деңгээлимди сезип, жакшы тажрыйба топтогондон кийин Москванын угармандарын "багындырганы" келдим. Бул жерде кафеде ырдап, ошондой эле жаңы чыгармачылыктын сересине кадам коюп жатам.
- Москвада кыргыздардын кафеси бар дейт, сен ошол кафелерде ырдайсыңбы? Дегеним, угармандар өзүбүздүн кыргыздарбы?
- Кыргыздардын кафелери бар экени чындык, бирок мен башка эле кафеде иштейм. Өзүм англисче, орусча, түркчө жана чыгыш элдеринин ырларын аткара берем, ошондуктан угармандарым да ар түрлүү улуттардан турат.
- Жеке турмушуң кандай болуп жатат, бул жакка үй-бүлөң менен келдиң беле?
- Азырынча өзүм эле бул жакта иштеп жатам. Үй-булөм, эки балам Кыргызстанда.
Мен азыр өзүмдү таануу, издөө жана тазалануу жолунда жүрүп жатам. Адам баласы көр оокат деп жүрүп, жан дүйнөсүнүн тазалыгын унутуп, жерге кандай миссия менен келгенин унутуп коюшат турбайбы. Үй-бүлөдөн алыс жүргөн убактымды өзүмдүн пайдама иштетип, "Теңирчиликти таанууга" жумшап жатам.
- Чыгармачылыгың кафеде ырдоо менен эле чектелип жатабы же кандайдыр бир музыкалык билим алып деңгээлиңди көтөрүп жатасыңбы?
- Менин музыкалык атайын билимим жок, кудайдын берген таланты менен эле келатам. Сөзү, обонун өзүм жараткан "Адам бол" аттуу чыгармамды уккандардын баары жакшы кабыл алып жатышат. Буюрса, дагы жакшы чыгармаларым алдыда деп ойлойм.
- Кыргызстанга качан барайын деп жатасың. Балким бул жакта биротоло калайын деген ойлор да бардыр..?
- Албетте, ар бир кыргыз өз жерине сөзсүз кайрылып барат болуш керек, учуру келгенде мен да кайрылып барам.
- Кыргызстанда ырчылар тойлордо ырдап каражат табышат эмеспи, бул жерде да той бергендер силерди чакырышса кандай төлөп беришет?
- Кыргыздар кайсы жерде жүрбөсүн кыргызбыз да, той бергендер деле бар болсо керек, бирок мен бул жакка келгени бир дагы тойго бара элекмин.
- Кафеде айлыкка иштейсиңби же келген адамдар ыр заказ кылып эле акча төлөшөбү? Сыр болбосо канча табасың? Тапкан айлыгыңа ыраазы элесиңби?
- Айлыгым да бар, заказ менен да ырдайм. Кудайга шүгүр, тапкан айлыгыма ыраазымын.
- Россиянын ырчыларынын жашоо-шарттары жакшы экени баарыбызга белгилүү эмеспи, бул жердеги биздин ырчылар алардын деңгээлине теңеле аласыңарбы?
- Жашоо-шартыбыз менен теңеле албасак да, чыгармачылык жактан, жан дүйнөбүздүн бийиктиги жагынан керек болсо ашып кетебиз.
- Элиңе айта турган каалооң...
- Мен бардык кыргыз элиме биримдик, тынччылык, жакшылык каалайм. Буюрса элиме жакшы жетишкендиктер менен, жакшы маанайда жолугушам.
Аяна Манасова




 ...Аз-аздан

"Любэ" бир кишисин жоготту
Атактуу "Любэ" тобунун музыканты, тагыраагы канча жылдан бери барабанда ойноп келаткан Анатолий Кулешов Москвада болгон автомобиль кырсыгынан каза тапты. Булл кырсык 21-апрель күнү кечки саат 7лерде 1-Фрезерной көчөсүндө болгон. Россиянын эмгек сиңирген артисти өзүнүн "Мерседес" автомашинасында айдоочусу менен бирге келаткан. Күтүлбөгөн кагылышуудан улам машина жол жээгиндеги ташка урунган машина кайрадан жол жээгинде токтоп турган "Вольво" фурасына урунат. Немис автомашинасынын ишенимдүү коопсуздук системасына карабастан Анатолий көз жумган. "Күйөөмдүн мобилдүү телефону жооп бербегендиктен мен анны издеп чыктым. Көрсө ал үйдөна лыс эмес жерде эле автокырсыкка учураптыр" деген жубайы, тележурналист Шахноз анын түнү менен уктабай чыккандыгын, эртең менен чиркөөгө барып ырдап келгендигин, үйгө келгенден соң мен эч качан мындай ажайып ырдаган эмесмин дегендигин ыйлап айтып берген. Ырчынын артында 9 жашар Аня аттуу кызы калган.




Аида Кулуева продюсерин таарынтып…
Ырчы кыз курбу кыздары Айжан Газиева, Айя Садыровалар менен бирдикте продюсери Назгүл Насиеванын уруксаты жок эле трио жаздыра коюп, продюсеринин каарына калган. Продюсери "буга чейинки сага кетирген чыгымдарды төлөп бересиң" деп чакырган имиш. Аида мындан аркы чыгармачылыгына керек боло турган каражатты табуу айласы менен өзү чуркап калат көрүнөт.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!