Соңку...
Элмира айым эми үн салды
Кечээ эле бийликтин колтугунда жүрүп, бийликтин бийик тепкичтеринин биринде жүргөн Элмира айым бийликтин "Ак Жол" партиясынын төрагасынын орун басары болуп туруп эле, анан 180 градуска бурулгандай Президентке кайрылуу жолдоп, "мамлекеттик органдар Ак үйдөн башкарылбай, өлкөнүн улуттук таламдары үй-бүлөлүк бизнестин таламдары менен алмаштырылганын" айтып чыкты. Буга чейин эмнеге үн катпай жүргөнүнө таң калдык. Ушундай кемчиликтерди бүгүн эле байкап калгандыгыңызга жол болсун. Таттуу токочту бурдап сугунуп, тойуп алгандан соң калганын жерге ыргыткан баладай эле болуп калдыңыз. "Биз бийлик айкын демократияны, коррупциялык системаны жок кылууну, адеп-ахлактык жана руханий жактан жогорулоону, кадрларды тазалоону жана жаңылоону, камсыз кылууга тийиш деп ойлогонбуз. Биздин бардыгыбыз 2005-жылдын мартында алынган сабактан улам, бийлик оңолот деп ишенгенбиз. Бирок андай болбой калды. Бир жыл өтүп-өтпөй эле биз өлкөдөгү таптакыр башка абалга, таптакыр башка кырдаалга туш болдук, жана алар эл арасында белгилүү бир суроолорду пайда кыла баштады" деп бир катар суроолордун тизмегин тизгениңиз албетте, көп адамдардын көңүлүн табаар. Бирок, бийликте бир топтон бери келатып, ушул кемчиликтерди эми гана көрө калганыңызды кандай кабылдашаар экен?

"Акжолчулар" 1-майда чогулушат
Буга чейин ана-мына деп айрым атаандаш партиялардын лидерлерине табышмак каткан "Ак Жол" партиясы акыры өз курултайын өткөрө турган болду. 1-майда өтө турган бул курултайында акжолчулар азыркы президент Курманбек Бакиевдин талапкерлигин президенттикке көрсөтүү, партиянын уставына өзгөртүү киргизүү, жетекчиликтин отчетун угуу туурасындагы маселелерге токтолоорун билдиришүүдө.

Ошурахунова оппозицияга ыраазы эмес
"Биз оппозициядан көптөн бери эле кандайдыр бир жаңы нерсени күтүп келатканбыз. Бирок, эч нерсе болгон жок. Андан көрө бир аялзатын көргөзүшсө бул жүрүштөрү күчтүүрөөк болмок. Мен башка фамилиянын аталышын күткөм" деген Динара айым кийин деле оппозициядан эч нерсе күтө албасын, тескерисинче, ал сюрпризди БШКдан күтөөрүн белгиледи. Чындыгы бар бекен?

Санжар Кадыралиевдин ордуна иниси депутат болобу?
Ыраматылык Санжар Кадыралиевдин жердештери Санжар саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу өлтүрүлдү дешип, анын депутаттык мандатын иниси Орунбекке берүүнү өтүнгөн кайрылууну президентке жана Жогорку Кеңештин төрагасына жолдошту.

Өзбектер менен кыргыздар жайыт талашып…
20-апрель күнү Өзбекстандын Хушяр айылынын тургундары Баткен-Согмент жолун тосуп, жайыт талашып, автоунааларды өткөрүшпөй ээнбаштык кылышкан. Ээнбаштыкты териштирүүгө келген Кыштут жана Согмент айылынын айыл башчыларын үч саат райондун акимдери келгенче кармашкан. Акимдер жолуккандан кийин кырдаал жөнгө салынып, автоунаанын сынган терезелерин салдырып бере турган болушту. Ал эми жайыт маселеси мыйзамдын негизинде колдонулаары маалым болду.

Депутат айым кимди демитти?
Өкмөт башчы Чудиновдун парламентке берген отчетун угуп жатып, салыктын көбөйүүсүнөн улам жогорку окуу жайлары контракттык негизде окутуу акысын жогорулатып жаткандыгын белгилеген депутат айым Динара Молдошева "Ансыз да аз гана айлык менен жашап жаткан мугалимдер менен дарыгерлерди кыйнабай эле койбойсуңарбы? Алар биз менен катар эле сизге да кайрылып жатышса керек" деп өкмөт башчысын "демитип" алды. Чудинов болсо чубалтып олтурбай эле, кыска гана "Мындай салыктан түшкөн каражат тескерисинче аларга эмгек акы болуп берилип жатат. Салык менен окутуу акысынын көбөйүшүндө эч кандай деле байланыш жок, анткени ЖОЖдор өз алдынча келишим акысын көбөйтө албайт" деген жообун узатты.

50 миң жумушчу орунга кам көргөн премьер
Премьер-министр Игорь Чудинов сырт жактан кайтып келген мигранттардын эсебин миграция комитети бербесе дагы 50 миң жумуш ордун түзүүгө кам көрүп жатканын билдирди.

БШК эки арызды жокко чыгарды
Баары болуп, бүгүнкү күндө БШКга беш талапкер президенттикке ат салышам деп арыз берген. Бирок, алардын экөөсүнүн арызы талапка жооп бербегендиктен жокко чыгарылды. Алдынала айтылган маалыматтарга караганда талапкерлердин саны дагы өсө тургандай. Коммунисттер партиясы дагы курултай өткөрүп, президенттик шайлоого аттанаар, аттанбасын айтышат.

Кыргызпатент интернет мейкиндикти ооздуктап жатабы?
Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева Кыргызпатенттин "KG" доменин көзөмөлгө алуу демилгесин негизсиз деген маалыматын таркатты. Ал "Кыргызпатенттин эл аралык уюмдун интеллектуалдык менчигин ыйгарып алуунун артында Кыргызстандын интернет мейкиндигин ооздуктоо турат" дейт бейөкмөтчү айым.

ЭлТРге эмне болду?
Акыркы учурларда жетекчилигин улам-улам алмаштырганды адат кылып алган ЭлТР телеканалы дагы эле жетекчилигиндеги кадр алмаштырууларды токтото элек. Кандай себеп болгонун ким билсин, кечээ эле аталган телекомпаниянын жетекчисинин орун басары болуп Мамбетибрагим Жаныбеков дайындалды. Бул кызматта мурда иштеген Таштемир Жалиев болсо башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулган. Айтор…

Газга болгон дебитордук карызыбыз канча?
2009-2010-жылдын күз-кыш мезгилдерине даярдыктар боюнча өкмөттүн олтурумунда Кыргызстандын газга болгон дебитордук карызы 30 миллион сом болгондугун Бишкектин вице-мэри Замир Бекбоев белгиледи. Анын айтуусунда акыркы учурларда Кыргызстан Өзбекстандан газдын 1000 кубометрин 240 долларга сатып алат. Ошондой эле үстүбүздөгү жылда жылуулук сезону үчүн Бишкек шаарына 130 миң тонна көмүр, 90 миллион кубометр газ, 7 миң тонна мазут сатып алуу пландалып жаткандыгын да белгиледи. Вице-мэрдин айтуусунда мындай каражатты сатып алуу үчүн бюджетте жетишээрлик каражат бар экен. Ушундай эле болсо кана.

Бүгүндөн баштап, жаңы акчаларды колдонобуз
Кудай буюрса, бүгүндөн баштап, 20-50-100 сомдук номиналдагы акчалардын төртүнчү сериядагы түрү жарыяланып, колдоно баштайбыз. Капчыгыбызга жаңы акчаларды салып, кризисти деле байкабай калат көрүнөбүз.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!