Помним...

В память
о
коллеге
26 апреля исполняется 2 года, как ушел из жизни ведущий кыргызский физик, создатель научной школы в области низкотемпературной плазмы в Кыргызстане, организатор и бессменный председатель Физического общества Кыргызстана, академик Жеенбаев Жаныбек Жеенбаевич (14.09.1931 - 26.04.2006).
Академик Ж.Ж.Жеенбаев прошел в науке большой и славный путь. Его научная карьера включала в себя все ступеньки - от аспиранта МГУ им. М.В.Ломоносова, научного сотрудника Института физики Академии наук Киргизии, директора этого Института, до Вице-президента и Президента Национальной академии наук КР. На протяжении многих лет занимая руководящие посты в ведущем научном учреждении Кыргызстана, Жаныбек Жеенбаевич много сделал как для физической науки, так и для поддержки, сохранения и развития кыргызстанской науки в целом.
Имя академика Ж.Ж.Жеенбаева широко известно научной и творческой общественности Кыргызстана, стран дальнего и ближнего зарубежья. Он стоял у истоков развития в Кыргызстане этих перспективных направлений и зарекомендовал себя как крупного ученого и ведущего специалиста в области физики низкотемпературной плазмы и атомной спектроскопии. Вся его научная деятельность связана с решением актуальных для физической науки проблем теории, конструирования и использования генераторов низкотемпературной плазмы - плазматронов.
Внеся существенный вклад в современную физику, Ж.Ж.Жеенбаев передавал свои знания и опыт ученикам, подготовив 18 кандидатов и 2 доктора наук. Являясь автором более 300 фундаментальных научных работ, в числе которых 9 монографий, академик Ж.Ж.Жеенбаев уделял значительное внимание практическому приложению своих разработок. Им с коллегами зарегистрировано 30 авторских свидетельств на изобретения и получено 9 патентов. Разработанные под его научным руководством плазменные технологии были успешно внедрены на ряде предприятий Кыргызстана, Швейцарии, Франции и Малайзии.
Значимость его теоретических и практических разработок в области низкотемпературной плазмы подтверждена тем, что эти работы включены в перечень наиболее выдающихся достижений советских ученых и конструкторов, вошедших в историю мировой науки.
Академик Ж.Ж.Жеенбаев был не только крупным ученым, но и прекрасным организатором науки. Благодаря его усилиям был сохранен научный потенциал и статус Национальной академии наук, как ведущего научного учреждения страны. Сегодня, во многом благодаря его усилиям, НАН КР полноправный член многих международных научных сообществ и имеет научные и творческие контакты с ведущими научными учреждениями не только стран СНГ, но и Азии, Европы и Америки.
Гражданская активность академика Ж.Ж.Жеенбаева и его научные достижения отмечены многими государственными наградами, в числе которых орден Манаса II степени. За значительный вклад в развитие физической науки и большую организаторскую деятельность он стал лауреатом Государственной премии Кыргызской Республики в области науки и техники, удостоен звания Заслуженного деятеля науки Кыргызской Республики, избран членом ряда Международных академий.
Несмотря на свое высокое общественное положение, Жаныбек Жеенбаевич был очень доступен в общении, неизменно отзывчив и внимателен. Его отличали оригинальность мышления, нестандартность подхода к решению научных и прикладных проблем. Творческая энергия, научная активность и удивительная работоспособность снискали ему высокий авторитет и уважение.
Отдавая дань памяти академику Ж.Ж.Жеенбаеву, коллеги-физики, члены Физического общества Кыргызстана вспоминают этого незаурядного человека с большой теплотой. Светлая память о нем сохранится в наших сердцах.
Физическое общество Кыргызстана




Китеп - бул жазуу менен байланышкан маданият. Ал эми жазуу - ал цивилизациянын эң башкы факторлорунун бири. Ошондуктан цивилизацияны китепсиз элестетүүгө мүмкүн эмес.
Китеп - ой жыйылган казына. Анын дагы бир баалуулугу, бир китепте бир же бир нече автордун ойлору топтолуп жана сакталып турганында. Аны качан болсо да, сабаты ачылган адам колуна алып, окуп, өзүнүн акылына акыл, сезимине сезим, билимине билим кошо алат.
Китептин баасын-баркын көтөрөлү!
Китеп байыркы шумерлердин "чопо китептеринен" башталганы тарыхтан бизге жакшы белгилүү. Ошол чопо жазуулардагы маалыматтар аркылуу биз, б.з.ч. 3 миңинчи жылдарда азыркы Ирактын аймагында "шумер" аттуу эл болгонун билип отурабыз. Эгер ал жазуулар болбогондо, ошондой уникалдуу маданият түзгөн табышмактуу калк тууралуу кайдан билмекпиз? Эгер жазуу болбосо, "чопо китептер" кайдан болмок, атактуу "Гилгамеш" эпосу бизге жетет беле?
Эгер китеп болбосо, кытайдын атактуу "И-Цзин" чыгармасын кантип окумакпыз? Эгер китеп болбосо, "Ригведаны", "Авестаны" кантип окуп, "идеал коом" түзгөн арийлердин дүйнөтаанымы тууралуу кимден билмекпиз? Эгер китеп болбосо, Гомердин ысмын кимден укмакпыз, "Иллиада" жана "Одиссеяны" бизге ким айтып берет эле? Эгер китеп болбосо, Фирдоусинин атын ким бизге жеткирмек, анын "Шах намэсин" кантип окуйт элек? Эгер китеп болбосо, биз "Манасты" кантип сактап, кийинки урпактарга кантип мурас кылып калтырат элек? Деги эле, эгер китеп болбосо, азыркы цивилизация кайдан жаралат эле, кантип өнүгөт эле?
Китептин баасы-баркы ошончолук кымбат жана бийик болгону үчүн адамзаттын акылман ойчулдары, билимди кадырлап, кастарлаган адамдар аны чопо, таш, папириустун, кайыңдын кабыгы, буканын териси, эң акырында кытайдын кагазына жазып сактап жана өнүктүрүп келди.
Адегенде башка элдердин китептерин өрттөп, жок кылып баштаган арабдар, кийин китептин ролун түшүнгөн мезгилден баштап, улуу ойчул, атактуу аалымдардын китептерин, китептин салмагы менен барабар алтынга сатып алып окушкан. Көчүрүп жазып, атайын аны сактоочу китепканаларды курушкан. Душман басып киргенде, аалымдар китептерди куржунга салып, көтөрө качып, тоо-таштарга алып барып бекитишкен. Өзү окуганды билбесе да, ошондой китеп колуна тийген адам, аны мурас кылып, баласына жашыруун калтырган. Китепти колдон колго өткөрүп, адамзат ушинтип сактаган.

***
Азыр эми илим-техника өнүктү. Адам баласы китептен окуп билчү маалыматтарды азыр үйдө отуруп алып радиодон угат, же телевизордон көрөт, же компютерден окуп, билип алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Бирок, бир парадокс пайда болду. Мурун бир китепти окуп, бүтүндөй бир эл тарбия алса, же сабатын ачып, билимин көбөйтсө, же оюн өстүрсө, азыр бир адам "миң" жолу телевизор көрүп, акылына акыл кошулбаган, оюна ой кошулбаган көрүнүш пайда болууда. Батыш Европа окумуштуулары азыркы адамдын ой жүгүртүүсүнүн өнүгүүсүн изилдеп отуруп, анын өнүкпөй токтоп жатканын айтышууда. Бул факты, келечекте, адамзат цивилизациясынын өнүгүп-өсүшү эмес, кыйрап жок болору тууралуу кабар берген маалымат. Анткени адамзат бүгүнкү деңгээлге ой жүгүртүү аркылуу, аны өстүрүп, өнүктүрүп отуруп жеткен. Ой жүгүртүүнүн токтошу - өнүгүүнүн токтошу деген сөз. Ал эми өнүкпөй калуу деген сөз - ал артка кетүүнү, артка кетүү - эртеби-кечпи кыйрап жок болууну билдирет. Бүгүн дүйнөнүн алдыңкы илимпоздору "эмне кылуу керек" деген суроого жооп издешүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдө, айрыкча жаштардын ой жүгүртүүсүнүн өнүкпөй жатышына эмне себеп?
Бүгүн окумуштуулар анын башкы себебин таап, "адамзат кайрадан китеп окушу керек" деген жыйынтыкка келишти. Ошого жараша бүгүн өнүккөн өлкөлөр китептин ролун көтөрүп, мектептерде жана жогорку окуу жайларында сабак берүүнүн усулдарын өзгөртүп, аны көбүнчө китеп окуу, аңгемелешүү, талаш-тартыш формасына которушууда.
Көрсө, телевизор, компьютердин чыгышы менен адамдын китеп окуусу азайыптыр. Аны менен кошо, айрыкча өнүккөн өлкөлөрдө, адамдын ой жүгүртүүсү да токтоп, мурункудай өнүкпөй жатыптыр. Анткени, телевизор көрүп жаткан, же компьютерди пайдаланган адамда китеп окугандай, каалаган учурда эс алып, ой жүгүртүүгө убакыт болбойт. Адам көрүп жаткан, же угуп жаткан маалыматты китептен окуп жаткандагыдай ой токтотуп анализдей албайт. Көп нерсени адам механикалык формада гана кабыл алат. Тагыраак айтканда, телевизор көрүп жаткан адам бир кинону көрүп бүтөрү менен эле, ал тууралуу ой жүгүртпөй туруп, башка каналга которот да, дагы бир кинону көрө берет. Маалыматтын өтө көптүгү жана аны анализге албоо, адамдын унутчаак болушуна, ой жүгүртүүсүнүн токтошуна апкелет. Мына ушул жерде байыркы грек философу Гераклиттин: "Көп окугандан акылдуу болсо, Пифагор акылдуу болот эле" деген сөзү эске түшөт. Көрсө, кеп тез жана көп окуганда эмес, аз болсо да саз окуганда окшобойбу?
Негизи, китеп окуган адам аны кааласа жай, же тез, кааласа токтотуп, эртеси улантып окуй алат. Бир китепти адам бир күндө, же бир жумада, же бир айда окуп бүтүшү мүмкүн. Каалаган учурда, кызыктуу жерлерин кайталап окуса да болот. Аны чөнтөгүңө салып жүрүп, ойдо-тоодо, же көчөдө да окушу мүмкүн адам.
Дагы бир нерсе, китеп окуп жаткан адам автор менен кошулуп, анын ар бир каарманы менен кошо жашайт. Кубанганда кубанат, кайгырганда кайгырат. Бул адамдын акылын жана сезимин өстүрүүдө, аны тарбиялоодо чоң роль ойнойт.
Ошондуктан бүгүн биздин алдыбызда кайрадан китептин ролун көтөрүү, балдарды китеп окууга үйрөтүү маселеси турат. Бул албетте, келечек муундардын алдында адегенде жазуучулардын, анан илимпоздордун же жалпы айтканда илимий-чыгармачыл топтун жоопкерчилигин күчөтүү дегенди билдирет.
Байас Турал












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!